Он алтылык эсептөө системасы- негизи 16 га барабар болгон, компьютерлештирилген электрондук түзүлүштөрдө татаал операцияларды аткарууда колдонулган позициялык эсептөө системасы. 0,1,2,3,4,5,6,7,8,9,А,В,С,D,E,F Негизи: 16 Он алтылык эсептөө системасында кошуу амалы Он Он алтылык эсептөө системасында көбөйтүү амалы Он алтылык эсептөө системасында кемитүү амалы Ондук системадагы сан маанисин он алтылык системага которуу үчүн ал сандын калдыгы 15 ке барабар же аз болгонго чейин 16 га бөлүү керектелет. Жыйынтыгында бөлгөндөн ашып калган калдыктарды аягынан башына карай жазып чыгабыз. Мисалы: 746710=1D2B16 Экилик эсептөө системасы менен он алтылык эсептөө системасындагы которуулар Эми экилик системадан он алтылык системага которуу үчүн, ал экилик системада жазылган маанини сол жагынан баштап төрт топко бөлүп алуу керек. Эгерже акырындагы топто төрткө жетпей калган болсо, анда 0 дөр менен толукап коюу керек. Андан соң дагы эле таблицанын жардамы менен эле оңой которуп алууга мүмкүн. 2- лик | 0000 | 0001 | 0010 | 0011 | 0100 | 0101 | 0110 | 0111 | 8-дык | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 2- лик | 1000 | 1001 | 1010 | 1011 | 1100 | 1101 | 1110 | 1111 | 16-лык | 8 | 9 | A | B | C | D | E | F | Мисалы катары 10111000112 санын он алтылык эсептөө системасына которуу үчүн ал санды 0010 1110 00112 = 2E316 Ал эми тескеринче он алтылык эсептөө системасынан экилик эсептөө системасына которуу үчүн ушул эле ыкманы колдонобуз Мисалы катары ЕЕ816= 1110 1110 10002 Он алтылык эсептөө система менен сегиздик эсептөө системасындагы которуулар Он алтылык менен сегиздик эсептөө системасында бири бирине которууда түздөн түз которууга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан он алтылыктан сегиздик системага которууда мисалы, биринчи он алтылык системадагы маанини экиликке андан соң сегиздикке которсоңуз болот, же болбосо он алтылык системадагы маанини ондук системага андан соң сегиздикке которсоңуз болот. Мисалы катары сегиздик системадагыны он алтылык эсептөө системасына которолу : 66358 = 1101100111012=1101 1001 11012=D9D16 FEA16=1111111010102=111 111 101 0102=77528 |