СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Олимпиада боюнча жобо

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Библии беруу министирлиги

Просмотр содержимого документа
«Олимпиада боюнча жобо»

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын “____”____________ №______ буйругу менен бекитилди


Мектеп окуучуларынын Республикалык

олимпиадасы жөнүндө

ЖОБО


  1. Жалпы жоболор


Бул Жобо жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын (мында ары - Олимпиада) максаттарын жана милдеттерин, өткөрүү тартибин жана каржылоону, жалпы билим берүүчү предметтердин тизмесин, ошондой эле Олимпиаданын катышуучуларын, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Олимпиаданын жыйынтыктарын бекитүүнүн тартибин жана Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин аныктоону белгилейт.

1.1. Олимпиаданын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү;

- Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдоочу жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана дем берүү;

- зээндүү балдарды тарбиялоого көмөк көрсөтүү.

1.2. Олимпиада жыл сайын сынак боюнча өткөн Көз карандысыз уюмду (мындан ары - Көз карандысыз уюм) тартуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик), ошондой эле анын территориалдык органдары жана жалпы билим берүүчү уюмдары тарабынан өткөрүлөт. Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн тартиби ушул Жобо менен аныкталат.

1.3. Олимпиаданы уюштурууну жана өткөрүүнү координациялоону, ошондой эле усулдук жетекчиликти Республикалык уюштуруучулук комитет ишке ашырат.

1.4. Олимпиаданы өткөрүүдөгү материалдык-техникалык камсыздоо жана финансылык-экономикалык колдоо уюштуруучулар тарабынан ишке ашырылат.

1.5. Олимпиаданын II, III жана IV этаптары кийинки жалпы билим берүүчү предметтер боюнча өткөрүлөт: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, анлис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Олимпиаданын I этабы үчүн кошумча жалпы билим берүүчү предметтердин тизмеси Олимпиаданын тиешелүү уюштуруучулары тарабынан бекитилет.

1.6. Олимпиаданын тапшырмаларын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ишке ашырылат.

1.7. Олимпиадынын тапшырмаларын түзүүнүн негизги критерийлери:

- тапшырмалар кызыгуусу жогорку деңгээлде болгон окуучулардын белгилүү бир илимий жааттагы окуу көндүмдөрүн, билимдерди жаңы шарттарда колдоно билүү, талдоо, тапшырмаларды же көйгөйлөрдү чечүүгө карата ар кандай мамилелерди баалай билүү, стандарттуу эмес чечимдерди табуу, жеке көз карашын далилдөө жөндөмдөрүн аныктоого багытталышы керек;

- татаалыраак тапшырмалар киргизилиши мүмкүн;

- тапшырмалар жооптордун кеңири диапазонуна, бир нече гипотезаларды түзүүгө, ар кандай аргументтерге жана окуучунун чыгармачылык мамилесин көрсөтүүнүн башка мүмкүнчүлүктөрүнө жол бериши мүмкүн;

- тапшырмалар ачык жана жабык түрдө болушу мүмкүн (жоопторду тандоо менен тапшырмалар);

- II, III жана IV этаптар үчүн ачык тапшырмалар 30%дан кем эмес жана баалоонун так критерийлери менен түзүлүшү керек (өз алдынчалуулук жана ой жүгүртүүнүн логикалуулугу, далилдерди түзүү үчүн маалыматка ээ болуу, далилдөөнүн жана аргументтөөнүн көндүмдөрү, чечимдин жаңылыгы бааланат);

- жабык түрдөгү суроолор жана тапшырмалар белгилүү бир процедураларды жана эрежелерди эске алуу менен (дистракторлорду камтышы керек, туура эмес жооптор жок болуш керек, бир маанилүү гана болушу керек) түзүлүшү керек;

- практикалык/лаборатордук/оозеки (мындар ары - практикалык) тапшырмалар окуучунун өүнүн билимдерин өз алдынча практикада колдоно билүүсүн, милдеттерди коюуга жана аларды жаңы шарттарда чечүүнү билүү жөндөмдөрүн баалоого багытталышы керек.

2. Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү

2.1. Олимпиада окуу жылынын ичинде төрт этап менен өткөрүлөт:

- I этап - меткептик (ноябрь);

- II этап - райондук (декабрь). Аталган этап областтардын райондорунун, Бишкек шаарынын райондорунун жана райондук маанидеги шаарлардын деңгээлинде өткөрүлөт;

- III этап - областтык (февраль). Аталган этап областтардын жана Бишкек, Ош шаарларынын деңгээлинде өткөрүлөт;

- IV этап - республикалык (март).

Олимпиаданын II, III жана IV этаптары Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө республика боюнча бир учурда өткөрүлөт.

2.2. Олимпиаданын этаптарын уюштуруучулар болуп төмөнкүлөр саналат:

- I этап - жалпы билим берүүчү уюмдар (мектептер, гимназиялар, лицейлер жана окуу-тарбиялоо комплекстери);

- II этап - Министрлик, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү;

- III этап - Министрлик, областтык усулдук билим берүү борборлору/институттары, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктары;

- IV этап - Министрлик, областтык усулдук билим берүү борборлору/институттары, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктары.

2.3. Олимпиаданын I, II, III, IV этаптарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик жалпы билим берүүчү уюмдардын администрациясына, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, областтык усулдук билим берүү борборлорунун/институттарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине, Көз карандысыз уюмдарга жүктөлөт.

2.4. Олимпиаданын этаптарын даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү үчүн төмөнкү органдар түзүлөт:

- I этап - мектептик уюштуруу комитети жана жалпы билим берүүчү уюмдун калыстар тобу;

- II этап - уюштуруу комитети, калыстар тобу, Көз карандысыз уюм;

- III этап - областтык усулдук билим берүү борборлорунун/институттарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын уюштуруу комитети, калыстар тобу, Көз карандысыз уюм;

- IV этап - Республикалык уюштуруу комитети, республикалык калыстар тобу, Көз карандысыз уюм.

2.5. II, III, IV этаптарында Олимпиада эки тур менен өткөрүлөт.

Биринчи тур - практикалык. Ал физика, химия, биология, георафия, тарых боюнча өткөрүлөт жана жазуу түрүндө таризделет.

Экинчи тур - теориялык. Ал информатикадан тышкары бардык предметтер боюнча жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Информатика боюнча теориялык жана практикалык турлар жеке компьютерде жүргүзүлөт.

II этапта кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча практикалык тур жазуу түрүндө жүргүзүлөт.

Англис тили боюнча оозеки түрүндө жүргүзүлөт (окуучулардын жооптору диктофоного жана башка жазуучу каражаттарга жазылат).

Математика боюнча эки тур тең жазуу түрүндө жүргүзүлөт.

III жана IV этаптарда кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили боюнча практикалык тур оозеки түрүндө жүргүзүлөт(окуучулардын жооптору диктофоного жана башка жазуучу каражаттарга жазылат).

2.6. II, III жана IV этаптарды өткөрүү үчүн аныкталган жалпы билим берүүчү уюмдарда теориялык жана практикалык турларды өткөрүү үчүн өзүнчө жайлар (кабинеттер, лабораториялар) берилет.

2.7. Олимпиаданын ар бир этабын өткөрүү күнү, убактысы жана жери тиешелүү билим берүүнү башкаруу органынын буйругу менен аныкталат жана Олимпиада башталганга чейин 30 календарлык күн мурда жалпы билим берүүчү уюмдарга маалымдалат.

2.8. Бардык этаптада Олимпиада англис тили - предметинен тышкары мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

2.9. Окутуу кыргыз (орус) тилинде жүргүзүлгөн мектептердин (класстардын) окуучулары үчүн жана кыргыз (орус) тили экинчи тил болуп саналган мектептердин (класстардын) окуучулары үчүн Олимпиада өзүнчө өткөрүлөт.

2.10. Математика, физика, химия, биология жана англис тили боюнча Олимпиада базалык план боюнча предметтерди окуткан мектеп окуучулары жана айрым предметтерди тереңдетип окуткан мектептер үчүн өзүнчө өткөрүлөт. Айрым предметтерди базалык жана тереңдетип окутуу боюнча окуучуларды командаларга бөлүү мектептик, райондук, шаардык жана областтык билим берүү уюмдарынын өтүнмөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

Тереңдетилген деп айрым предметти базалык деңгээлден тышкары өздөштүрүү саналат. Олимпиаданын уюштуруу комитеттери тарабынан окутуу предметин базалык жана тереңдетип өздөштүргөн командалар өзүнчө түзүлөт.

Аталган мектепте тереңдетип өздөштүрүү жок болгон башка предметтер боюнча окуучулар предметти базалык өздөштүрүү менен командага киргизилет. Бир эле мектепте бир эле предмет боюнча ар кандай окуучулар предметти базалык өздөштүрүү менен командага жана предметти тереңдетип өздөштүрүү боюнча командага киргизүүгө жол берилбейт.

2.11. Тилди алып жүрүүчү өлкөгө келген жана ал документтерди тапшырган учурда 6 айдан кем эмес убакыт ал жакта жашап келген окуучулар Олимпиадага англис тили боюнча предметтерди тереңдетип окутуу программасы боюнча (мектептин статусуна карабастан) киргизилет.

2.12. Жалпы билим берүүчү предметтер боюнча Олимпиада окутуу классына карабастан, толук орто мектептин окуу программасы боюнча өткөрүлөт.

2.13. Олимпиаданын ар бир этабынын катышуучуларынын жеке натыйжалары алар алган баллдын азаюусу боюнча жайгаштырылган катышуучулардын ранжирленген тизмесин билдирүүчү натыйжалардын рейтингдик таблицасына (мындан ары - рейтинг) киргизилет. Бирдей балл алган катышуучулар алфавиттик тартипте жайгаштырылат.

2.14. Олимпиадага катышуу үчүн акы алууга жол берилбейт.

2.15. Олимпиаданы өткөрүү учурунда ар бир катышуучуга ар бир предмет боюнча өзүнчө жабдылган жумушчу орун берилет. Бардык жумушчу орундар катышуучуларга бирдей шарттарды камсыздап, Олимпиада жүргүзүү учурунда колдонуудагы санитардык-техникалык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келиши зарыл.

2.16. Олимпиаданын I-II этаптарын өткөрүүчү жерде уюштуруу комитеттеринин, калыстар тобунун өкүлдөрү, ошондой эле байкоочулар катышышы керек.

Олимпиаданын III жана V этаптарын өткөрүүчү жерде уюштуруу комитетинин, Көз карандысыз уюмдардын, калыстар тобунун, байкоочулар катышышы керек, ошондой эле волонтер жана администраторлор катары атайын даярдоодон өткөн жогорку окуу жайлардын студенттери тартылышы мүмкүн.

3. Олимпиаданын катышуучулары

3.1. Олимпиадага катыша алат:

- I этап - классына жана менчиктик формасына карабастан, жалпы билим берүүчү уюмдарынын бардык каалаган окуучулары.

- II этап - рейтинг боюнча I этапта 1, 2, 3-орундарды ээлеген окуучулар;

- III этап - II этапта 1, 2-орундарды ээлеген окуучулар;

- IV этап - Республикалык олимпиаданын III этабында рейтинг боюнча 1, 2 - орунга ээ болгон жана учурдагы жылдын Тандоо турунун (Министрликтин 2019-жылдын 11-ноябрында № 1310/1 буйругу менен бекититилген Математика, физика, биология, химия жана информатика боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командаларын түзүү жана даярдоо жөнүндө Убактылуу Жобого ылайык) III этабында жалпы рейтинг боюнча эң жогорку балл алган окуучулар математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча 20дан ашык эмес адам катышат.

Учурдагы жылдын Тандоо турунун III этабында жалпы рейтинг боюнча эң жогорку балл алган катышуучулар учурдагы жылдын Республикалык олимпиадасынын IV этабына саны 20дан ашык эмес адам байгелүү орунга укугу жок жеке зачетто катышат;

- Эл аралык олимпиадаларынын медалисттери (IMO, IBO, IOI, IPHO, ICHO) Тандоонун V этабына Тандоо турунун буга чейинки 3 этаптарынан жана учурдагы жылдын Республикалык олимпиадасынан өтпөстөн катыша алышат.

3.2. Республикалык баш ийүүдөгү жалпы билим берүүчү уюмдардын, жеке жана жеке-мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары Олимпиаданын II этабына жайгашкан жери боюнча тиешелүү билим берүүнү башкаруу органга берилген өтүнмөнүн негизинде катышышат. Олимпиаданын кийинки этаптарына алар жалпы негизде катышышышат.

3.3. Катышууга карата өтүнмөлөр тиешелүү уюштуруу комиеттерине жиберилет.

I этаптан тышкары бардык этаптарда тиешелүү документтерди берүүнүн негизинде окуучуларга Олимпиадага катышууга жол берилет.

3.4. Олимпиадынын I этабы аяктагандан кийин жана жыйынтыктар чыгарылган соң беш күндүк мөөнөттө райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, областтык усулдук билим берүү борборлорунун/институттарынын жетекчилери төмөнкү документтерди Республикалык уюштуруу комитетине беришет:

- окутуу тилин жана тереңдетилген же базалык окуу предметин (англис тили, математика, физика, химия, биология) көрсөтүү менен мурунку этаптагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен Олимпиаданын II (III, IV) этабына катышууга карата өтүнмө;

- окуган жеринен жалпы билим берүүчү уюмдун администрациясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкат (катышуучунун сүрөтү менен);

- тилди алып жүрүүчү-өлкөгө барган жана анда 6 айдан аз жашаган окуучулардын тастыктоочу документтеринин көчүрмөсү;

- катышуучунун инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөсү.

16 жашка жеткен окуучуларда паспорттун түп нускасы жанында болушу керек.

16 жашка чыга элек окуучулардын жанында туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы болушу керек (тиешелүү документтерди тапшыруусуз, окуучуларга Олимпиадага катышууга жол берилбейт).

3.5. Райондон/шаардан мектеп окуучуларынын командасын 8-10 окуучуга 1 коштоп жүрүүчү эсебинде билим берүүнү башкаруунун тиешелүү органы тарабынан дайындалган жетекчи коштоп жүрөт. Олимпиадага катышуу мезгилинде катышуучулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыз кылуу жетекчинин милдетине кирет.

Талаш-тартыш кырдаалдар пайда болгон учурда командалардын жетекчилери Олимпиаданын мурунку этаптарынын жыйынтыгы менен протоколдордун көчүрмөлөрүн жана отчетторду уюштуруу комитетине берүүгө милдеттүү:

- жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлору - райондук/шаардык Олимпиаданы өткөргөнгө чейин 10 күн мурда;

- II этаптын уюштуруу комитеттери тарабынан – областтык Олимпиаданы өткөргөнгө чейин 10 күн мурда;

- III этаптын уюштуруу комитеттери тарабынан – республикалык Олимпиаданы өткөргөнгө чейин 15 күн мурда.

4. Олимпиаданын жумушчу органдары

4.1. Олимпиаданын II, III жана IV этаптарында жумушчу органдар болуп уюштуруу комитети, тиешелүү деңгээлдеги калыстар тобу жана Көз карандысыз уюм саналат.

4.2. Республикалык уюштуруу комитетинин курамы учурдагы окуу жылынын 10-ноябрынан кечиктирилбестен, КР Билим берүү жана илим министринин буйругу менен бекитилет.

4.3. Предметтер боюнча калыстар тобунун, III жана IV этаптардын апелляциялык комиссияларынын курамдары КР Билим берүү жана илим министринин буйругу менен жыл сайын Олимпиада башталганга чейин 3 күн мурда бекитилет.

4.4. Уюштуруу комиеттеринин, Көз карандысыз уюмдардын жана Олимпиаданын бардык этаптарынын калыстар тобунун ишинин негизги принциптери болуп компетенттүүлүк, объективдүүлүк, ачыктык, айкындуулук, кесиптик этиканын ченемдерин сактоо саналат.

4.5. Уюштуруу комитеттеринин, калыстар тобунун мүчөлөрү, Көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү тапшырмалардын купуялуулугун сактабагандыгы жана Олимпиаданы өткөрүүнүн принциптерине карама-каршы келүүчү башка бузууларга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчиликке тартылат.

5. Уюуштуруу комитети

5.1. Олимпиаданын I, II, III жана IV этаптарын уюштуруу үчүн уюштуруу комитеттери түзүлөт. Олимпиаданын уюштуруу комитеттеринин курамына КР Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, Көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү кире алат.

Уюштуруу комитетинин түзүмү: төрага, орун басар, катчы жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү.

5.2. Олимпиаданын бардык этаптарынын уюштуруу комитететринин курамы тиешелүү уюштуруучу тарабынан түзүлөт жана бекитилет.

5.3. Уюштуруу комитетинин төрагасы Олимпиаданы өткөрүү мезгилине карата уюштуруу комитетинин мүчөлөрү тарабынан жалпы чогулушта шайланат.

Эгерде уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын жарымынан көбү добуш берсе, уюштуруу комитетинин төрагасы шайланды деп эсептелет.

Уюштуруу комитетинин төрагасына аны шайлаган учурдан тартып Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык жоопкерчилик өтөт, ал Олимпиаданын уюштуруучусунун кызыкчылыгын бардык мамлекеттик жана жергиликтүү органдарда, мамлекеттик эмес уюмдарда жана массалык-маалымат каражаттарында коргойт.

5.4. Уюштуруу комитеттеринин функциялары Олимпиаданын I, II, III жана IV этаптары үчүн жалпы:

- Олимпиаданын тиешелүү этабын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгат жана бекитет жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

- бул Жобого ылайык, ар бир предмет боюнча Олимпиаданын этабын уюштуруучу тарабынан бекитилген талаптарга ылайык Олимпиаданын этабын өткөрүүнүн уюштуруучулук-технологиялык ишмердүүлүгүн жүргүзөт:

- калыстар тобунун предметтер боюнча отчетторун угат, Олимпиаданын жыйынтыгын чыгарат, белгиленген формада Олимпиаданын тиешелүү деңгээлдеги уюштуруучусуна отчет жана жеңүүчүлөрдүн тизмесин берет.

- Олимпиаданын этабын өткөрүү учурунда катышуучуларды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылат;

- Олимпиаданын этабын өткөрүү учурунда катышуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик тартат.

5.5. Олимпиаданын I, II этаптарынын уюштуруу комитеттеринин функциялары:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилигине, окуучуларга жана алардын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) Олимпиаданын тийиштүү этаптарын өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана өткөрүү жерлери жөнүндө, ошондой эле бул Жобо жана Олимпиаданын этаптарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча бекитилген талаптар жөнүндө алдын ала маалымат берет;

- Олимпиаданын I этабынын методикалык комиссияларынын жана калыстар тобунун курамдарын ушул Жобого ылайык түзөт;

- Олимпиаданы даярдоо жана өткөрүү мезгилинде окуу материалдарын иштеп чыгууну (I этапта) жана купуялуулугун, аны өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылат;

- олимпиадалык тапшырмаларды сактоону камсыз кылат, алардын купуялуулугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат;

- катышуучулардын олимпиадалык иштерине код ыйгаруу (ээсиздендирүү) ишке ашырылат;

- ар бир катышуучуну тапшырмалардын тексти менен камсыз кылат.

5.6. Олимпиаданын II, III этаптарынын уюштуруу комитеттеринин функциялары:

- ушул Жобонун 5.4. пунктунда көрсөтүлгөн бардык милдеттерди аткарышат;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилигине, окуучуларга жана алардын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) Олимпиаданын тийиштүү этаптарын өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана өткөрүү жерлери жөнүндө, ошондой эле бул Жобо жана Олимпиаданын этаптарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча бекитилген талаптар жөнүндө алдын ала маалымат берет;

- калыстар тобунун курамдарын ушул Жобого ылайык түзөт;

- Олимпиаданы өткөрүү убагында Олимпиадалык материалдарды жашыруун сактоо үчүн орундарды камсыз кылат.

5.7. Республикалык уюштуруу комитети:

- ушул Жобонун 5.4. пунктунда көрсөтүлгөн бардык милдеттерди аткарат;

- Олимпиаданын бардык этаптарын өткөрүүнүн жалпы тартибин аныктайт;

- Олимпиаданын бардык этаптарын даярдоого жана өткөрүүгө түздөн-түз жетекчилик кылат;

- Олимпиаданын этаптарын өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана орду боюнча Министрликке сунуштарды киргизет, ар бир предмет боюнча Олимпиаданын III (IV) этаптарынын калыстар тобунун жана апелляциялык комиссиянын курамын бекитет;

- Олимпиаданы өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;

- Олимпиаданын республикалык этабынын жеңүүчүлөрүнүнүн квоталарын белгилейт;

- Олимпиаданын жыйынтыктарын чыгарат, аналитикалык маалымкаттарды жана отчетторду, байге алуучулардын тизмесин Министрликтин кароосуна берет;

- Олимпиада жөнүндө ММК, Интернет-сайтка презентацияларды жана маалыматтарды даярдайт жана илимий-педагогикалык коомчулуктун арасында маалыматты жайылтат.

6. Методикалык комиссия

6.1. Ар бир предмет боюнча Олимпиаданын I этабынын методикалык комиссиясы тиешелүү уюштуруу комитети тарабынан түзүлөт жана Олимпиаданы уюштуруучунун тиешелүү буйруктары менен бекитилет.

Методикалык комиссиянын курамына жогорку окуу жайлардын окутуучулары, илимий-педагогикалык институттардын кызматкерлери, мугалимдер, билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана предметтик тармактардагы башка адистер кирет.

6.2. Предметтер боюнча методикалык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:

- бирдей мазмундагы кыргыз жана орус тилдеринде теориялык жана практикалык тапшырмалардын тексттерин иштеп чыгат (кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча олимпиадалардан тышкары);

- олимпиадалык тапшырмаларга карата талаптарды эске алуу менен билим берүү программаларынын мазмунун негизинде олимпиадалык тапшырмаларды түзөт, олимпиадалык тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоонун сыпаттамасын, аткарылган олимпиадалык тапшырмаларды баалоонун критерийлерин жана методикасын түзөт;

- ар бир предмет боюнча олимпиадалык тапшырмаларды түзүүдө жана сактоодо жашырындуулукту камсыз кылат жана белгиленген мөөнөттө, аларды чапталган конверттерде Олимпиаданын I этабынын уюштуруу комитетине берет;

- предметтер боюнча Олимпиаданы өткөрүү тажрыйбасын жалпылайт;

- предметтер боюнча Олимпиаданы өткөрүү жөнүндө тиешелүү уюштуруу комитетине отчет берет.

6.3. Олимпиаданын II, III жана IV этаптарындагы методикалык ишке Көз карандысыз уюм тартылат.

6.4. Олимпиаданын II этабында Олимпиаданын тапшырмаларын түзүү үчүн Көз карандысыз уюм тартылат жана төмөнкү функцияларды аткарат:

- бирдей мазмундагы кыргыз жана орус тилдеринде теориялык жана практикалык тапшырмалардын тексттерин иштеп чыгат (кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча олимпиадалардан тышкары);

- олимпиадалык тапшырмаларга карата талаптарды эске алуу менен билим берүү программаларынын мазмунун негизинде олимпиадалык тапшырмаларды түзөт, олимпиадалык тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоонун сыпаттамасын, аткарылган олимпиадалык тапшырмаларды баалоонун критерийлерин жана методикасын түзөт;

- ар бир предмет боюнча олимпиадалык тапшырмаларды түзүүдө жана сактоодо жашырындуулукту камсыз кылат;

- олимпиадалык тапшырмалардын электрондук версиясын Олимпиадалар өтүүчү күнү райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырат.

6.5. Олимпиаданын II этабынын уюштуруу комитети Олимпиаданын предметтери боюнча тапшырмаларды тур өтүүчү күнү алышат (практикалык же теориялык) жана алардын басылып чыгарылышын Олимпиаданын ар бир катышуучусу үчүн жашырындуулуктун бардык зарыл чараларын сактоо менен камсыз кылат.

6.6. Олимпиаданын III жана IV этаптарында Көз карандысыз уюм төмөнкү функцияларды аткарат:

- III жана IV этаптар үчүн олимпиадалык тапшырмаларга карата талаптарды эске алуу менен билим берүү программаларынын мазмунунун негизинде олимпиадалык тапшырмаларды түзөт;

- олимпиадалык тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык камсыздоонун сыпаттамасын, калыстар тобунун мүчөлөрү үчүн нускаманы, критерийлерди жана олимпиадалык тапшырмаларды баалоонун методикасын түзөт;

- Олимпиаданын катышуучулары үчүн тапшырмалардын чыгарылыштарын даярдайт жана аларды жазуу түрүндөгү этап аяктагандан кийин таанышуу үчүн берет;

- тапшырмалар конверттерге салынып чапталат жана Олимпиада башталганга чейин жашыруундукту сактоо менен сакталат;

- олимпиадалык тапшырмаларды нускалайт жана Олимпиаданын III жана IV этаптарын өткөрүүчү жерлерге жеткирет;

- Олимпиаданын III жана IV этаптарын администрациялоонун тартибин аныктайт;

- Олимпиада башталганга чейин администраторлор жана волонтерлор үчүн көрсөтмө берет;

- Олимпиаданы III жана IV этаптарда администрациялайт;

- предметтер жана катышуучулардын категориялары боюнча конверттерге чапталып даярдалган тапшырмалар администраторлорго таркатылат жана иш башталар алдында катышуучулардын катышуусунда аудиторияда ачылат;

- жазуу туру аяктагандан кийин Олимпиаданын предметтери боюнча тапшырмалардын чыгарылышын катышуучуларга таанышуу үчүн беришет;

- Республикалык уюштуруу комитети менен макулдашуу боюнча Олимпиаданын предметтери боюнча калыстар тобунун мүчөлөрүн аныктайт;

- Олимпиаданын III жана IV этаптарындагы жазуу түрүндөгү тур аяктагандан кийин конверттерге салынып чапталган тапшырмалардын жоопторун калыстар топторунун төрагаларына берет;

- Олимпиаданын III жана IV этаптарында баалоо куралдары боюнча калыстар тобунун мүчөлөрүнө кеңеш берет;

- Республикалык уюштуруу комитети тарабынан белгиленген мөөнөткө Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү боюнча усулдук сунуштарды даярдай жана Олимпиаданын III (областтык) этабынын уюштуруу комитеттерине жиберет;

- Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөткө чейин олимпиадных тапшырмалардын аткаруу үчүн керектүү материалдык-техникалык камсыздоонун сыпаттамасын камтыган Олимпиаданын III жана IV этаптарын ар бир предмет боюнча уюштурууга жана өткөрүүга карата талаптарды иштеп чыгат, бекитет жана Республикалык уюштуруу комитетине жиберет;

- олимпиадалык тапшырмалардын купуялуулугун сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат;

- жыл сайын Республикалык уюштуруу комитетине Олимпиаданын жыйынтыктары жөнүндө аналитикалык отчет берет;

- окуу жылынын ичинде предметтер боюнча Олимпиаданын тапшырмаларынын банкын түзөт жана жыл сайын толуктайт;

7. Калыстар тобу

7.1. Олимпиаданын бардык этаптары үчүн ар бир предмет боюнча калыстар тобунун курамын уюштуруучулар бекитет.

Бардык этаптардын калыстар топторунун курамдарына жогорку окуу жайлардын окутуучулары, усулчулар, мугалимдер, билим берүүнү башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү, предметтик методикалык комиссиялардын өкүлдөрү киргизилет.

Калыстар тобунун курамы: төрага, орун басар, катчы жана калыстар тобунун мүчөлөрү (ар бир предмет боюнча үчтөн кем эмес адам).


7.2. Калыстар тобунун мүчөсү, ошондой эле методикалык комиссиянын мүчөлөрү сабак берүүчү предмет боюнча Олимпиаданын катышуучулары окуган жалпы билим берүүчү же башка билим берүүчү уюмдарда иштеген адамдарга предметтик жюринин курамында иш алып барууга жол берилбейт.

7.3. Калыстар тобунун мүчөлөрү ар бир тапшырма үчүн баллдын санын көрсөтүп, протоколдо өзүнүн колу жана аты-жөнү менен аны тастыктайт, анда катышуучулар жеке коддор менен көрсөтүлөт.

7.4. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү катышуучунун ишин толугу менен текшерүүгө укугу жок. Төрага калыстар тобунун ар бир мүчөсү иштин кайсы бөлүгүн текшерүүгө тийиш экенин бөлүштүрөт.

7.5. Катышуучунун иши үчүн жыйынтыктоочу балл, калыстар тобунун мүчөлөрү койгон ар бир тапшырма боюнча баллдардын суммасы менен аныкталат. Талаш-тартыштар болгон учурда акыркы чечимди калыстар тобунун төрагасы кабыл алат.

7.6. Катышуучулардын жыйынтыктоочу баллдары калыстар тобунун протоколуна киргизилет, ага калыстар тобунун төрагасы, мүчөлөрү жана катчы кол коёт.

7.7. Олимпиаданын бардык этаптарынын калыстар тобу:

- катышуучулардын код ыйгарылган (ээсиздендирилген) олимпиадалык иштерин баалоо үчүн кабыл алат;

- аткарылган тапшырмаларды бекитилген критерийлерге жана баалоонун методикаларына ылайык, катышуучулардын жазуу түрүндөгү иштерин, оозеки жана практикалык турлардын натыйжаларын текшерет жана баалайт;

- жыйынтыктоочу протоколду уюштуруу комитетине берет жана ал аны маалыматтык стендге жайгаштырат;

- видеофиксацияны колдонуу менен апелляцияга катышат;

- ар бир предмет боюнча рейтингдин негизинде жана Олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан белгиленген квотага ылайык Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин аныктайт;

- Олимпиаданын жыйынтыктарын тиешелүү уюштуруу комитетине белгиленген форма боюнча жазуу түрүндө аларды бекитүү үчүн берет;

- Олимпиаданын этабын уюштуруучуга ар бир предмет боюнча аткарылган тапшырмалардын жыйынтыктары жөнүндө аналитикалык отчетту түзөт жана берет;

- Олимпиаданын кайсы болбосун этабын өткөрүүнүн жол-жоболорунун бузулушу аныкталган учурда катышуучуну же жалпы команданы дисквалификациялоо жөнүндө, Олимпиаданын жумушчу органдарынын катарынан бузуучуларды чыгаруу жана билим берүүнүн тийиштүү органына аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды уюштуруу комитетке киргизет.

8. Администраторлор

8.1. Олимпиаданын ар бир туруна, ар бир аудиторияга, I жана II этаптарда уюштуруу комитет тарабынан, III жана V этаптарда - Олимпиаданын Көз карандысыз уюму тарабынан администраторлор дайындалат (бул предмет боюнча же ага жакын предметтер боюнча адис эместер, мисалы, жождордун студенттери). Практикалык турга, эгерде зарылчылык болсо, техникалык адистер, жабдууларга жооптуу адамдар дайындалат.

8.2. Администраторлордун милдеттери:

- Олимпиаданын башталышына карата аудиторияларды даярдоо;

- катышуучуларда документтердин болушун текшерүү: фотосүрөтү, билим берүүчү уюмудун мөөрү, жетекчисинин колу менен мектептин маалымкаты, паспорту же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жана каттоо барагы;

- катышуучуларды аудиторияларга отургузуу;

- катышуучуларга ишинин титулдук баракчасын толтуруу боюнча көрсөтмө берүү;

- катышуучуларга керектүү материалды берүү;

- катышуучулардан аткарылган иштерди чогултуп алуу;

- катышуучулар тарабынан ишти аткаруу мөөнөтүн так сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүү;

- аудиторияларда тартипти жана эрежелерди так сактоону камсыздоо, бузуулар аныкталган учурда бул Жобого ылайык аракет көрүү;

- зарыл учурларда медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү.

9. Код ыйгаруучулар

9.1. Олимпиаданын I жана II этаптарында уюштуруу комитети тарабынан код ыйгаруучулар (бул предмет боюнча же ага жакын предметтер боюнча адис эместер) дайындалат. III жана IV этаптарда код ыйгаруучуларды Көз карандысыз уюм сунуштайт.

9.2. Код ыйгаруучулардын милдеттерине жазуу турунун иштерине код ыйгаруу жана дешифровкалоо, практикалык жана оозеки турлардын катышуучуларына катышуучунун код номерин көрсөтүү менен бейдждерди берүү кирет. Код ыйгаруучу код ыйгаруунун сапаты жана код ыйгаруу жөнүндө маалыматтын купуялуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

10. Байкоочулар

10.1. Олимпиаданын ар бир этабында Олимпиаданын уюштуруу комитети тарабынан тартылган педагогикалык коомчулуктун, коомдук жана көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен байкоочулар катышышы керек, алар катышуучулар окуган жалпы билим берүүчү уюмдардын өкүлдөрү болбошу зарыл.

10.2. Байкоочулар Олимпиаданы өткөрүүнүн бардык этаптарында аны уюштуруунун жана өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт. Байкоочулар Олимпиаданы өткөрүүнүн жүрүшүнө кийлигишүү укугу жок. Бекитилген талаптарды бузуу фактылары аныкталган учурда, байкоочулар Олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасына арыз менен кайрылууга укуктуу.

11. Олимпиаданын этаптарын өткөрүү

11.1. Олимпиаданын I этабы үчүн олимпиадалык тапшырмаларга коюлуучу талаптарды, ошондой эле мектептин билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен (базалык, предметтерди тереңдетип окутуу менен) билим берүү программаларынын мазмунуна негизделген тапшырмалар мектептик усулдук бирикмелер тарабынан иштелип чыгат.

11.2. Олимпиаданын II этабы үчүн тиешелүү багыттагы (профильдеги) олимпиадалык тапшырмалардын талаптарын эске алуу менен толук орто мектептин курсу үчүн билим берүү программаларынын мазмунуна негизделген тапшырмалар Көз карандысыз уюм тарабынан иштелип чыгат.

11.3. Олимпиаданын айкын мөөнөттөрү жана өткөрүүчү жер төмөнкүдөй бекитилет:

- I этап - тиешелүү райондук/шаардык билим берүү бөлүмү жана мектеп;

- II этап - Министрлик жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмү.

- III этап - Министрлик жана тиешелүү областтык методикалык билим берүү борборлору/институттар.

- IV этап - Министрлик.

11.4. Этаптарды өткөрүү мөөнөттөрү окуу жылы ичинде Министрлик тарабынан бекитилет:

- I этап - учурдагы жылдын 25-ноябрынан кечиктирбестен;

- II этап - учурдагы жылдын 20-декабрынан кечиктирбестен;

- III этап - кийинки жылдын 28-февралынан кечиктирбестен;

- IV этапа - кийинки жылдын 30-мартынан кечиктирбестен.

11.4. Олимпиаданын бардык этаптарын уюштуруучулар:

- уюштуруу комитетинин курамын түзөт жана бекитет;

- ар бир предмет боюнча калыстар тобунун курамын бекитет;

- ар бир предмет боюнча Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин квотасын аныктайт;

- ар бир предмет боюнча Олимпиаданын этаптарын өткөрүүгө карата тиешелүү методикалык комиссиялар тарабынан бекитилген талаптарды, Олимпиаданын этаптарынын жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин олимпиадалык иштерин өзүнүн расмий сайтына жарыялайт;

- ар бир предмет боюнча Олимпиаданын этаптарынын натыйжаларын (жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин рейтингдерин) бекитишет жана өзүнүн расмий сайтында жарыялайт;

- белгиленген формада жана мөөнөттө Олимпиаданын этаптарынын жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин тизмесин жана отчетун Олимпиаданын жогору турган уюштуруу комитетине берет;

- I этаптын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин грамоталар менен сыйлайт;

- Олимпиадага өзүнүн катышуусун билдирген окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ушул Жобо менен таанышуу жана окуучулардын жеке маалыматтарын чогултууга, сактоого жана пайдаланууга макулдугу жөнүндө арыздарын, ошондой эле алардын олимпиадалык иштерин, анын ичинде маалыматтык-телекоммуникациялык тармактагы иштерин чогултууну жана сактоону камсыз кылышат;

- Олимпиаданын III этабында I, II орунга, IV этапка катышуу укугуна ээ болгон жеңүүчүлөрдү, ошондой эле аларды коштоп жүргөн адамдарды (Олимпиаданын IV этабынын катышуучуларынын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, Олимпиаданын IV этабын өткөрүүчү жерге катышуучулардын жана аларды коштоп жүрүүчү адамдардын баруусун жана кайрадан кайтуусун камсыз кылат) (III этабын уюштуруучулар үчүн) уюштуруучулук жана финансылык колдоону жергиликтүү бюджеттин жен демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырат;

- Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин I-II-III даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлайт.

11.5. Бардык предмет боюнча Олимпиада 2 турдан турат, эки күндүн ичинде өткөрүлөт.

11.6. Олимпиаданын II жана III этаптары өлкө боюнча бир убакта башталууга тийиш.

13. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо

13.1. Катышуучулардын жазуу түрүндөгү иштери калыстар тобунун мүчөлөрүнө код ыйгарылган түрдө берилет, байкоочунун катышуусу менен текшерилет (катышуучунун ишиндеги бардык жазууларды калыстар тобунун мүчөлөрү кызыл түстөгү сыя менен аткарышат). I жана II этаптарда текшерилген жазуу иштери уюштуруучу комитеттин мүчөлөрүнө берилет, катышуучу апелляциялык арыз берген учурда алынышы мүмкүн болгондой кылып, аларды атайын бөлүнгөн бөлмөдө сакташат. III жана IV этаптарда текшерилген иштер Көз карандысыз уюмдун өкүлдөрүнө сактоого берилет.

13.2. Аткарылган тапшырмаларга карата баалоо белгиленген критерийлерге ылайык баллдар боюнча өлчөнөт. Калыстар тобунун төрагасы жана калыстар тобунун мүчөлөрү текшерилген иштердин акыркы жыйынтыктарын (баллдарды) байкоочулардын көзүнчө протоколго өз кол тамгасын коюу менен тастыктайт, андан кийин код ыйгаруучу тарабынан иштерди декоддоо жүргүзүлөт.

13.3. Ар бир предмет боюнча жыйынтыктар Олимпиаданын ар бир туру өткөн күнү катышуучуларга маалымат берүү үчүн маалыматтык стенддерге илинет.

Олимпиаданын ар бир туру аяктагандан кийин, балл коюлганга чейин катышуучулар тапшырмалардын ар биринин бир жана андан ашык мүмкүн болгон чыгарылыштары жана аларды баалоонун критерийлери менен таанышуусу керек.

13.4. Практикалык/жазуу/оозеки турлар критерийлердин негизинде бааланат жана катышуучунун коду менен катталат.

13.5. Олимпиаданын жыйынтыгы катышуучулардын эки турда алган баллынын суммасы аркылуу апелляциялык комиссиянын ишинен кийин чыгарылат. Олимпиаданын бардык этаптарынын жыйынтык ведомостторуна төмөнкү маалыматтар киргизилет: катышуучунун фамилиясы жана аты, классы, мектеп, предмет, ишти жазган тили, баллдар жана Олимпиадада ээлеген орду.

13.6. Олимпиадада катышуучу ээлеген орунду аныктоо катышуучу алган баллдын рейтингинин негизинде жүргүзүлөт.

13.7. Бардык этаптарда Олимпиада боюнча командалык биринчиликти аныктоо мүмкүн. Олимпиада боюнча командалык биринчиликти аныктоо критерийлерин уюштуруу комитети иштеп чыгат.

13.8. Жеңүүчүлөр (1-орун) жана байге ээлери (2-3-орун) Олимпиаданын тиешелүү этабын уюштуруучулардын дипломдору менен сыйланат.

13.9. Жеңүүчүлөр базалык план жана айрым сабактарды тереңдетип окуткан мектептердин арасында өзүнчө сыйланат.

13.10. Үстүбүздөгү жылдын Тандоо турунда III этабында жалпы рейтинг боюнча эң жогорку балл алган катышуучулар, ар бир 5 предметтер (математика, физика, химия, биология и информатика) боюнча саны 20дан ашык эмес адам учурдагы жылдын меткеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын IV этабына байгелүү орунга укугу жок жеке зачетто катышат.

13.11. Жеңүүчүлөргө, байге алуучуларга жана катышуучуларга байге берүү жана сыйлыктарды тапшыруу аземи жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, демөөрчүлөр ж.б. тарабынан Олимпиаданын бардык этаптарында жүргүзүлүшү мүмкүн.

13.12. Жогорку окуу жайларга сынактан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:

- үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында I даражадагы диплом алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Олимпиаданын предмети дал келүүчү табигый илимдер, гуманитардык, социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алардын жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусу шартында;

- үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында II же III даражадагы дипломдорду алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан учурда Олимпиаданын предмети профилдүү болгон педагогикалык адистиктерге.

13.13. Билим берүүнү башкаруу органдары калыстар тобунун, уюштуруу комитетинин эң активдүү мүчөлөрүн, ошондой эле окуучулары (насаатчыларды), Олимпиаданын III жана IV этаптарында байгелүү орундарды ээлеген мугалимдерди ведомстволук сыйлыкка сунушташат.

14. Апелляцияны өткөрүүнүн жол-жоболору

14.1. Олимпиаданын ар бир этабында уюштуруучу тарабынан апелляциялык комиссиянын курамы түзүлөт жана бекитилет. Апелляциялык комиссиянын курамына коомдук жана көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү кирет.

14.2. Ар бир катышуучу жыйынтыктар жарыялангандан кийин бир сааттын ичинде апелляциялык комиссиянын төрагасынын атына аткарылган ишке карата берилген балл менен макул эместиги жөнүндө апелляциялык комиссияга арыз менен кайрылууга укуктуу. Арызда катышуучулар бааны кайра кароону талап кылган тапшырмалардын номерлерин жана апелляциянын конкреттүү себебин көрсөтөт. Катышуучу комиссияга өзүнүн иши боюнча гана апелляциялоого укуктуу.

14.3. Апелляция жөнүндө арызды берердин алдында, катышуучу анын иши аткарылган олимпиадалык тапшырмаларды баалоонун критерийлерине жана методикасына ылайык текшерилгендигине жана баалангандыгына ынанууга укуктуу.

14.4. Апелляцияны кароо катышуучунун өзүнүн жана тиешелүү предметтин мугалиминин катышуусу менен жүргүзүлөт. Эгерде андай адам команданын курамында жок болсо, Олимпиадага катышкан көз карандысыз предметтик- окутуучулардын ичинен тартылышы мүмкүн. Апелляциялык комиссиянын чечими боюнча катышуучуга апелляцияда коштоп жүрүүчү, команданын жетекчиси катары катышууга уруксат берилиши мүмкүн.

14.5. Коштоочу адам апелляциялык комиссиянын ишине кийлигишүүгө укугу жок.

14.6. Апелляция Олимпиаданын жазуу жүзүндөгү турунун жыйынтыктары боюнча гана каралат. Апелляциялык арыз апелляциялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан калыстар тобунун экиден кем эмес мүчөсүн жана предмет боюнча калыстар тобунун төрагасын тартуу менен каралат.

14.7. Калыстар тобу коллегиялдык чечим боюнча жыйынтыктоочу баллдардын санын жогорку да, төмөнкү жакка да өзгөртүүгө укуктуу. Бул учурда апелляцияны карап чыгуу протоколу түзүлөт, анда баллдардын өзгөрүлүшүнүн себеби көрсөтүлөт. Протоколго апелляциялык комиссиянын мүчөлөрү жана катышуучу кол коёт. Өзгөртүүлөр Олимпиаданын жыйынтыгынын жалпы протоколуна киргизилет.

14.8. Катышуучунун же анын өкүлүнүн (предметтик-мугалимдердин, команданын жетекчисинин) жүрүм-туруму сыпайы эмес болгон учурда катышуучу уюштуруу комитети тарабынан дисквалификацияланышы мүмкүн.

15. Олимпиаданы каржылоо

15.1. Олимпиаданын бардык этаптарын каржылоо тиешелүү жылга карата билим берүү уюмунун жана Министрликтин тиешелүү территориалдык жана ведомствого караштуу уюмдарынын сметасы боюнча ишке ашырылат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!