СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучулардын билимин баалоо

Категория: Астрономия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баалоонун түрлөрү

Просмотр содержимого документа
«Окуучулардын билимин баалоо»

Окуучулардын жетишкендигин баалоо

Окуучулардын жетишкендигин баалоонун негизги максаты алдын ала пландаштырылган натыйжалар менен жетишилген окуу натыйжаларынын дал келуулорунун даражасын аныктоо болуп саналат. Окуучулардын жетишкендигин баалоо диагностикалык, формативдик жана суммативдик баалоо болуп болунот.

Диагностикалык балоо- бул окуучунун билим, билгичтик жана кондумдорунун жана компетентуулугун калыптанышынын баштапкы денгээлин аныктоо. Диагностикалык баалоо адатта окуу жылынын башында же тема, окуу болуму, бапты уйронуудогу биринчи сабакта откорулот. Баалоонун аталган туру мугалимге да, окуучуга да болуп жаткан кырдаал жана талаптар тууралуу, кийинчерээк таяна турган, туура тушунук алууга мумкундук берет.

Диагностикалык баалоонун максаты предмет боюнча программалык теманы же бапты, курсту оздоштуруунун башталышында окуучунун окутуунун максатына салыштырмалуу кайсы жерде тургандыгы тууралуу картинаны алуу болуп саналат. Диагностикалык баалоо мугалимге окуучулардын суроо-талаптарына жооп бере тургандай же окутуу жана окуудагы кутуло турган кыйынчылыктарды женип отуу жана алдын ала билип алууга жардам беруу учун окуу планына тузотуулорду киргизууго мумкундук берет.

Формативдик (калыптандыруучу) баалоо бул окуучунун окуусуна максаттуу, узгултуксуз байкоо жургузуу процесси. Формативдик баалоо формалдуу эмес критерийлерге ылайык баалоого негизделген жана кайтарым байланыш менен коштолгон баалоо болуп саналат.

Формативдик баалоонун максаты – мугалимдин жана окуучунун ишмердигине тузотуулор. Формативдик баалоо мугалимге баштапкы этаптардагы окуучунун материалды оздоштуруу денгээлине диагноз жасоого мумкундук берет жана мугалимге окуу процессине тузотуу киргизууго , окуучуга озунун билим алуусу учун озунун чон жоопкерчилигин андоого жардам берет. Формативдик баалоо кунумдук практикада колдонулат (сабак сайын, ар бир кун).

Формативдик баалоонун компоненттери

  1. Мугалимдердин окуучуларды натыйжалуу кайтарым байланыш менен камсыз кылуусу

  2. Окуучулардын озунун окуу процессине жигердуу катышуусу

  3. Баалоонун натыйжасын эсепке алуунун негизинде окутуу процессине тузотуу киргизуу

  4. Оз учурунда окууга маанилуу таасирин тийгизуучу окуучулардын мотивациясына жана озун озу урматтоосуна баалоонун тийгизген терен таасирин моюнга алуу

  5. Окуучулар оздорунун билимин оздору билуусу зарыл

Кайтарым байланыш – максатка жеткируучу так кыймыл – аракеттер, кырдаалдар, талаш суроолор тууралуу коментарийлерди алуу жана кабарлоо процесси.

Критерий – ушуга негизденип бир нерсени баалоо, аныктоо же классификациялоо жургузулуучу белги. Баанын олчогучу.

Суммативдик баалоо тема, болумду уйронууну аяктап жаткан учурда же белгилуу бир убакыт ичинде билим, окуу билгичтиктери жана кондумдордун калыптануусунун денгээлин аныктоого багытталган. Суммативдик баалоо текшеруу иштеринин ар кандай турлорун аткаруунун жыйынтыктары боюнча откорулот ( тест, текшеруу иши, лабароториялык, изилдоо иштери, дил баян, эссе долбоор, оозеки презентация ж.б.). Текшеруу иштерине коюлган белгилер жыйынтык бааны аныктоо учун негиз болуп саналат. Суммативдик баага аралык, чейректик , жарым жылдык , жылдык жана сынак баалары кирет.

Суммативдик баалоонун максаты – белгилуу бир убакыт ичинде окуучулардын билимди оздоштуруусунун денгээлин жана билгичтиктердин жана кондумдордун калыптануусун белгилейт жана алынган жыйынтыктардын стандарттын талаптарына ылайыктуулугун аныктайт.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!