СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Нооруз майрамы"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүшөт. 

Просмотр содержимого документа
«"Нооруз майрамы"»

Тема: Нооруз майрамы

Сабактын максаты: Жаңы теманы түшүндүрүү, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берүү.

Сабактын жабдылышы: Китеп, дептер, буклеттер.

Сабактын жүрүшү: Мугалим окуучуларга Нооруз майрамы жөнүндө кеңири маалымат берет, улуттук баалуулуктарды билишип, класста талкуулашат.

Сабактын баскычтары

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

НК

ПК

1

Уюштуруу, мотивация

3 мүн

Окуучулар менен саламдашуу. Жагымдуу маанай тартулоо. Алтын эреже түзүү. Окуучуларды жоктоп алуу.

Окуучулар мугалим менен саламдашышат. Сабакка даярданышат.

НК3

ПК3

2

Кайталоо, үй тапшырмасы.

5 мүн

Окуучуларга өтүлгөн тема боюнча суроолор узатылат:

  • Өнөрлүү-өлбөйт дегенди кандай түшүнөсүңөр?

  • Өнөр дегенди кандай түшүнөсүн?

  • Өнөрдү кесип деп айтууга болобу?

Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет:

  • Өнөрлүү адам өмүрү өтсө да кылган иши, жакшылыгы менен дайыма инсандардын эсинде калат.

  • Өнөр деген бул шык, жөндөм же талант деп да айтууга болот.

  • Өнөрдү көп учурда талант деп айтууга туура эмес болуп калат. Өнөрдү хобби деп да айтсак болот.

НК2

ПК3

3

Жаңы теманы түшүндүрүү

20 мүн

Балдар биздин бүгүнкү жаңы темабыз “Нооруз майрамы”. Нооруз Борбордук Азия, жакынкы чыгыш элдеринде илгертеден бери жаз мезгилинде жаңы күн катары майрамдалып келе жатат. Анткени 21-март күнү күн менен түн теңелип, жер жылып, көктөм келет. Жаратылыштын мына ушул мезгилде жаңыланып баштаган жашоосун “Нооруз – жаңы күн”-деп белгилеп, улуу майрам катары эсептешкен. Бул күнү арча, адырашман, чекенди күйгүзүп үй ичин жана мал короо-жайын “Алас, алас! Ар балээден калас!” деп аласташкан.

Окуучулар жаңы тема жана сабактын максаты менен таанышышат. Берилген маалыматтарды кабыл алышат. Суроолор, кошумчалар болсо айтышат.

НК1

ПК1

4

Бышыктоо

10 мүн.

Нооруз майрамы Азия жакынкы чыгыш элдеринде майрамдалаарын биле алдык. Кыргыз элинде бул майрам жаңы жыл, жаңы күн катары майрамдалып келээрин билдик. Дасторконго сүмөлөк, көжө жана башка ушул сыяктуу улуттук тамактарды жайнатып, улуттук кийимдерди кийип, бири-бирине жакшы каалоо тилектерди айтышат.

Окуучулар өз ара суроолорду беришет. Керектүү маалыматтарды дептерлерине жазышат.

НК2

ПК2

5

Сабакты жыйынтыктоо. Кайтарым байланыш.

3мүн.

  • Бүгүнкү темада силер менен өтүлгөн “Нооруз майрамы” темасында эмнелерди биле алдык?

  • Бул майрам кайсы өлкөлөрдө майрамдалат экен?

  • Кайсы тамак-аштар жасалат экен?

Окуучулар суроолорго жооп беришет, кошумча маалыматтарды алууга окуу китептери сунушталат.

НК2

ПК2

6.

Баалоо

2мүн.

Окуучулар активдүүлүгүнө жараша бааланат.

Алган баалары менен таанышышат.



7

Үй тапшырма 2мүн.

Чыгармачылык менен “Кел Ноорузум” темасында сүрөт тартышат жана сүмөлөктүн жасалуу тартиби менен таанышып келишет.

Үй тапшырмасын алышат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!