СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нобель жана Нобель сыйлыгы

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Нобель сыйлыгы жөнүндө жалпы маалымат. Интернет булактарынан, китептерден алынды

Просмотр содержимого документа
«Нобель жана Нобель сыйлыгы»

Нобель жана Нобель сыйлыгы

Нобель сыйлыгы жөнүндө баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бирок ал жөнүндө көбүнчө адамдар так маалымат биле бербейт. Эмесе сөз башынан болсун.

Швециялык химик, инженер, ойлоп табуучу Алфред Бернард Нобель 1833-жылы 23-октябрда Стокгольмдо жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын үчүнчүсү болгон. Жаш чагынан эле техникага, анын ичинен жарылуучу заттарга болгон кызыгуусу курч болуп, алардын принциптерин изилдөөгө өтөт. Үй-бүлөлүк шартынан улам Санкт-Петербургда жашап жүрүшкөндө, орус окумуштуусу, химик Н.Н. Зининдин сунушу менен чет өлкөлөрдөн билим алууга жөнөйт. Ал Франциядан нитроглицеринди ойлоп тапкан Асканио Собрерого жолугат. Нитроглицерин өзү бир аз гана жылуулук менен басымдын таасиринен жарылып кетүүгө жөндөмдүү зат болгондуктан, Собреро аны менен иш алып барууга каршы болгон. Ал эми Нобель нитроглицеринди изилдөө менен аны коммерциялык максатта колдонууну ойлонгон. 1857-жылы Нобель «газ эсептегичи» боюнча алгачкы англис, ал эми 1863-жылы «дарыны (порох) жасоонун ыкмалары» боюнча 1-швед патентине ээ болгон. Ошол эле жылы талыкпаган эмгек жана аракет менен детонаторду ойлоп таап, кийинчерээк 1867-жылы динамитке патент алган. Нобель өзүнүн ар бир ачылышын элге алып чыгып, жарыяланган жана демонстрациялап турган. Натыйжада динамитке дүйнө жүзүндө талап кескин жогорулаган. Бул Нобелге дагы да жаңы нерселерди ойлоп табууга шык берген. Ошентип 1887-жылга чейин улам күчтүүлөрүн чыгарып, патентин алып келген.

1888-жылы журналисттердин жаңылыштыгынан улам, газетага Нобелдин өлгөндүгү тууралуу аңыз кептер жарыяланып кетет (Каннда каза болгон бир тууганы Людвиг менен алмаштырып алышкан). Маалымат тез тарап, түрдүү газеталарга журналдарга «кан ичкен миллионер», «өлүм сатуучу", «динамит падышасы» , сымал ыплас макалалар басылып чыгат. Муну окуган Нобель өзүнө абдан капа болуп, элдин эсинде, тарыхта жакшы адам болуп калуу үчүн «антидинамит» ойлоп табуу керектигин туят.

Альфред Нобель өзүнүн ысымына катталган 355 даана патенттин аркасы менен бир топ байлык жыйнап койгон. Артында калган мураскерлери болбогон соң, чогулткан байлыгын туура иштетүү максатында, 1895-жылы Париждеги Швед-норвегиялык клубда дүйнөлүк сыйлык уюштуруу боюнча өзүнүн керээзин жазат. Анын негизги мазмуну төмөнкүдөй болгон: «… Мен көз жумгандан кийин менин болгон акчалай мүлкүм адамзатынын жашоосуна пайда алып келүүчү фонд түзүлүп, ошол жакка которулсун… Менин негизги каалоом- сыйлык алуучулар улутуна, мамлекетине карабай тандалуусу шарт…».

Арадан бир жыл өтүп өтпөй 1896-жылы, Нобель башына кан куюлуп кеткендигине байланыштуу көз жумат.

Нобель каза болгондон кийин бир катар чыр-чатактар, соттук териштирүүлөр жаралып, төрт жылдан кийин гана, фонд түзүлүп, 1901-жылдын 10-декабрында Нобель сыйлыгынын алгачкы сыйлык ээлери аныкталган.

Нобель сыйлыгы- эл аралык эң абройлуу сыйлыктардын бири. Ал физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатында мыкты эмгек авторлоруна жана тынчтыкты чыңдоого салымы барларга берилет.

1968-жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300 жылдык маараке тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илим жаатында берилүүчү сыйлык бекиткен. Жыл сайын октябрда тандоо жүргүзүлүп, 10-декабрда сыйлык тапшыруу аземи болуп өтөт. Сыйлыкка ээ болгон адамдар Нобель Альфреддин сүрөтү түшүрүлгөн алтын медаль, диплом жана акчалай сыйлык алышат. Нобель сыйлыгынын бүгүнкү күндөгү бюджети 10млн швед кронунан турат. Башкача айтканда 1,5 млн долларга барабар.

Нобель сыйлыгы жөнүндө сөз болгондо эле, көпчүлүгүбүздө «Эмне үчүн «илимдердин төрөсү» аталган математика илиминин адистерине бул сыйлык берилбейт?» деген суроо туулат. Алгач Нобель тизмеге математиктерди киргизген, бирок кийинчирээк чийип салган. Анын себеби эч кимге белгисиз бойдон калды. Айрым булактарга таянсак, ошол доордун мыкты математиги Миттаг-Леффлерди сурана бергендиги үчүн жаман көргөн дешет. Ал эми кээ бир булактарда Альфредо Софья Ковалевская деген сулууга ашык болуп, бирок анын жүрөгүн Миттаг-Леффлерди багынтып кеткен дешет.

Мына ушундай маалыматтардан кийин Нобель сыйлыгы тууралуу кызыктуу фактыларга да токтоло кетели:

  1. Альфред өзүнүн керээзинде экономика илимине кошкон зор салымы үчүн алгачкылардан болуп швециялык банкты сыйлоону көрсөткөн. Бирок ал 1969-жылы гана ишке ашкан.

  2. Англиялык физик Поль Дирак 1933-жылы Нобель сыйлыгына көрсөтүлсө, ал жарнама болууну жаман көргөндүктөн баш тарткан. Бирок ал чечими сенсация жаратып, ого бетер жарнама болуп кеткен.

  3. Нобель сыйлыгын алгандардын арасында аял жолдоштор өтө аз. Бул сыйлыкка эки жолу татыктуу болгон Мария Кюри болгон.

  4. Илимдеги жетишкендиктери үчүн АКШ ар дайым биринчи орунда болуп келет. Экинчи орунда немистер, үчүнчү орунга англичандар, төртүнчү орунда француздар келе жатат.

  5. Айтылуу Сталин, Гитлер, Тераза эне, Рузвельттер бул сыйлыктын ээлери аталышкан.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!