СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Низами Гянжави кыргыз адабияты 10-класс үчүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Низами Гянжави кыргыз адабияты 10-класс үчүн»

Мээримине ченем жок эмне бар? Бийиктик кайсы жерде? Ата-Журт бизге эмне берет? Ааламга тегиз нурун чачкан- ?

Мээримине ченем жок эмне бар?

Бийиктик кайсы жерде?

Ата-Журт бизге эмне берет?

Ааламга тегиз нурун чачкан- ?

 үй тапшырма    «Айлампа суроо» https://wordwall.net/ru/resource/52340425

үй тапшырма

«Айлампа суроо»

https://wordwall.net/ru/resource/52340425

«Сурөттөрдү дал келтир»

«Сурөттөрдү дал келтир»

Сабактын темасы: Гянжеви Низаминин өмүрү жана анын чыгармалары

Сабактын темасы:

Гянжеви Низаминин өмүрү жана анын чыгармалары

Бүгүнкү сабакта: Низами тууралуу маалымат алышат; Алган маалыматтардын негизинде дүйнө таанымдарын кеңейтишет; Чыгармалары менен таанышып,оң сапаттарга тарбияланышат;

Бүгүнкү сабакта:

Низами тууралуу маалымат алышат;

Алган маалыматтардын негизинде дүйнө таанымдарын кеңейтишет;

Чыгармалары менен таанышып,оң сапаттарга тарбияланышат;

 Мухаммад Ильяс ибн Юсуф–Низами Гянжави деген лакап ат менен таанымал болгон перс поэзиясынын классиги Гянжа шаарында болжол менен 1141-жылдарда жарык дүйнөгө келген. Низами өзүнүн чыгармалары менен Исламга чейинки доорду, Ислам доору менен Иранды бүткүл байыркы дүйнө менен бириктирген көпүрө түзгөн. Низаминин өмүрү жөнүндө маалымат жокко эсе, болгону анын жашоосу жөнүндө так маалыматтар жазылбаган гана чыгармалары калган. Анын өз аты –Ильяс, атасынын аты Юсуф, чоң атасынын аты Заки болгон. Ал төрөлгөндө эле ага Абу Мухаммад Ильяс ибн Юсуф ибн Заки Муайад деген толук ат ыйгарылган.

 Кийинчерээк адабий чыгармачыл адам өзүнө лакап ат катары “Низами” деген атты тандап алган. Анын үй-бүлөсү саймачы болушкан, бирок чыгармачыл Низами поэтикалык чыгармаларды жаратуу үчүн саймачы болуудан баш тарткан. Анын расмий аты Низами ад-Дин Абу Мухаммад Ильяс ибн Юсуф ибн Заки ибн Муайад болгон.

 Ильястын атасы каза болгондон кийин, аны апасы тарбиялаган, апасынын көзү өткөн соң, ал өзүнүн эң кичүү тайкеси Кожо Умардын тарбиясына өткөн. Низами эң мыкты тарбия-таалим алган, өз заманынын үлгүсү болгон. Өткөн заманда акындар билимдин бир нече тармактарын окуп-үйрөнүү абзел эле. Бирок, акындарга болгон катуу талаптарга карабай Низами өзүнүн акылмандыгы жана чечендиги менен өзгөчөлөнгөн.

 Анын поэмалары араб, фарсы тилдерин жана адабиятын гана эмес математика, астрономия, астрология, алхимия, медицина, ботаника, дин, Куранды чечмелөө, ислам укуктарын, христиан жана иудаизмди, рандын мифтерин жана жомокторун, тарых, этика, философия, эзотерика, музыка, көркөм чыгармаларды да жакшы билгендигин тастыктайт. Низамини көбүнчө Хаким (акылман) деп аташканы белгилүү.  Низамини чыгармачылыгына Ирандын Катран Табризи, Санаи, Фахраддин Гургани жана тарыхчы Ат-Табари сыяктуу чыгармачыл даанышмандар да таасирин тийгизген. Фирдоусинин чыгармалары Низами үчүн “Искендер наме” чыгармасын жазууда эргүү болгон жана “Искендер наме” чыгармасында дайым Шахнамэге шилтемелерди жасаган. Низами Фирдоусини “хаким” – даанышман жана искусствонун, чыгармачылыктын чечени деп атаган.

Анын поэмалары араб, фарсы тилдерин жана адабиятын гана эмес математика, астрономия, астрология, алхимия, медицина, ботаника, дин, Куранды чечмелөө, ислам укуктарын, христиан жана иудаизмди, рандын мифтерин жана жомокторун, тарых, этика, философия, эзотерика, музыка, көркөм чыгармаларды да жакшы билгендигин тастыктайт. Низамини көбүнчө Хаким (акылман) деп аташканы белгилүү.

Низамини чыгармачылыгына Ирандын Катран Табризи, Санаи, Фахраддин Гургани жана тарыхчы Ат-Табари сыяктуу чыгармачыл даанышмандар да таасирин тийгизген. Фирдоусинин чыгармалары Низами үчүн “Искендер наме” чыгармасын жазууда эргүү болгон жана “Искендер наме” чыгармасында дайым Шахнамэге шилтемелерди жасаган. Низами Фирдоусини “хаким” – даанышман жана искусствонун, чыгармачылыктын чечени деп атаган.

 Чыгыш адабиятында Низами биринчи болуп,

Чыгыш адабиятында Низами биринчи болуп, "Хамсэ" же «Панж ганж» бешилтигин жазган. Ал бешилтик: “Сырдын кенчи”, “Лейли менен Межнун”, “Хосров менен Ширин”, “Жети сулуу” жана “Искендер-Намэ”.

Низами “Сырдын кенчин” жазып бүткөндө аны Дербент ханы Дара Музаффарр ад-Динге белек кылат. Дастан ханга ушундай таасир бериптир, акынды ыраазы кылууну ойлойт. Бирок ага тең келээр эч нерсе таппайт. Ошол маалда эсине жакында эле базардан сатып келген Афаг аттуу күң түшөт.

 Низаминин «Жети сулуу» дастанын кыргыз акыны Э.Эрматов кыргыз тилине которгон. Бул дастандын идеясын Назми фарсы акыны Фирдоусинин “Шах-Намэсинен” алган. Анда Бахрам деген хан бар. “Жети сулууда” ал жети аял алат. Алар үчүн жети сарай курдурат. Жети сарайга жети планета пир болот. Хан жети күндө бирден сарайга түнөйт. Ал барган сайын аялдары бирден жакшы жомок айтып берет. Бул дастандын өзгөчөлүгү эмнеде? Дүйнөлүк адабиятта “Жети сулуу” улуттар ынтымагын, акыйкаттыкты, гумандуулукту даңаза кылганы менен өзгөчө орунга ээ.Бул чыгармасын Хафт пейкар” (кыргызча котормосу “Жети чүрөк”) 1197-жылы жазылган жана Мараги Алладин Курп-Арсланга арналган.

“ Хосров жана Ширин” 1175/1176-жылдардан 1191-жылга чейин 16 жылдын ичинде жазылган жана сельжуктардын султаны Торгул III кө (1175-1194жж.), атабек Мухуммад ибн Элдигиз Жахан Пахлаванга (1175-1186жж.) жана анын иниси Кызыл Арсланга (1186-1191жж.) арналган.  Афак сүйгөн жарынан айрылганда күйүтүнөн «Лейли жана Мажнун” поэмасы 1188-жылы жазган жана чыгарманы ал-Малик ал-Муаззам Жалил ад-Даула ва-д-Дин Абу-л-Музаффар Ахситан ибн Минучехр Ширваншахка (1160-1196-жж.) арналган.

Хосров жана Ширин” 1175/1176-жылдардан 1191-жылга чейин 16 жылдын ичинде жазылган жана сельжуктардын султаны Торгул III кө (1175-1194жж.), атабек Мухуммад ибн Элдигиз Жахан Пахлаванга (1175-1186жж.) жана анын иниси Кызыл Арсланга (1186-1191жж.) арналган.

Афак сүйгөн жарынан айрылганда күйүтүнөн «Лейли жана Мажнун” поэмасы 1188-жылы жазган жана чыгарманы ал-Малик ал-Муаззам Жалил ад-Даула ва-д-Дин Абу-л-Музаффар Ахситан ибн Минучехр Ширваншахка (1160-1196-жж.) арналган.

“ Искендер наме” поэмасы 1194-1202 жылдар аралыгында жазылып Пишкинид династиясынан (1155-1231-жж.) чыккан Шеддадид Арран вассалы болгон грузин улутундагы малек Ахара Носрат-ал-Дин Бискин бин Мохаммадка арналган. Низами “Искендер-Намэ” поэмасын өмүрүнүн акыркы жылдары жазган. Александр Македонский тууралуу ал бүт ааламды басып жүрүп, төгөрөгү төп келген мамлекет издейт.Акыры өзү ойлогондой,жер, ал жерде жашаган эл бар экени жөнүндө айтылат.

Искендер наме” поэмасы 1194-1202 жылдар аралыгында жазылып Пишкинид династиясынан (1155-1231-жж.) чыккан Шеддадид Арран вассалы болгон грузин улутундагы малек Ахара Носрат-ал-Дин Бискин бин Мохаммадка арналган. Низами “Искендер-Намэ” поэмасын өмүрүнүн акыркы жылдары жазган. Александр Македонский тууралуу ал бүт ааламды басып жүрүп, төгөрөгү төп келген мамлекет издейт.Акыры өзү ойлогондой,жер, ал жерде жашаган эл бар экени жөнүндө айтылат.

  Акындын өлүмү тууралуу так маалымат жак. Орто кылымдардагы биографтар Низаминин өлгөн жылы тууралуу (575-613 жж./1180-1217 жж.) 37 жылдын аралыгын белгилешет. Болгону НизамиХIII кылымда көз жумганы белгилүү. Гянжидеги арабчажазууларга ылайык Низаминин өлгөн жылы хежри жылнамасы менен 605-жыл (1208-1209 жылдар) деп окумуштуу Бертельс белгилеген. ЮНЕСКО Низаминин төрөлгөн жылын 1141-жыл деп билип, акындын 850 жылдык урматына 1991-жылды “Низами жылы” деп белгилеген. 1991-жылы Низаминин урматына көптөгөн эл аралык конгресстер Вошингтондо, Лос-Анжелесте, Лондондо жана Табризде өткөрүлгөн.

 Низаминин ыр саптары Карымайын, ажалымыз келмейин Көр оокат деп, тырмалаңдап тынбайбыз. Жетиш үчүн көздөп койгон максатка Кандай гана аракетти кылбайбыз. Таптаза алтын экен сөздүн жаны, Эскирбейт, унутулбайт, күчтүү дагы. Биринчи, таразага тартып аны Андан сон, ишибизге жараталы

Низаминин ыр саптары

Карымайын, ажалымыз келмейин

Көр оокат деп, тырмалаңдап тынбайбыз.

Жетиш үчүн көздөп койгон максатка

Кандай гана аракетти кылбайбыз.

Таптаза алтын экен сөздүн жаны,

Эскирбейт, унутулбайт, күчтүү дагы.

Биринчи, таразага тартып аны

Андан сон, ишибизге жараталы

кроссворд https://learningapps.org/watch?v=pcazvs7yc23

кроссворд

https://learningapps.org/watch?v=pcazvs7yc23

https://learningapps.org/watch?v=pnoz86mra23

https://learningapps.org/watch?v=pnoz86mra23

«Чабандес» https://learningapps.org/watch?v=p0azdq9ec23

«Чабандес»

https://learningapps.org/watch?v=p0azdq9ec23

Кластер

Кластер

«Жети сулуу» «Искандер Наме» «Хосров жана Ширин» «Сырдын кенчи» «Лейла жана Мажнун»

«Жети сулуу»

«Искандер Наме»

«Хосров жана Ширин»

«Сырдын кенчи»

«Лейла жана Мажнун»

Жыйынтыктоо https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdZQ2QGSdzYIQUN9K8b4_I5myhBbl7_n5vcCSklTA9sq4c5pQ/viewform?usp=sf_link

Жыйынтыктоо

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdZQ2QGSdzYIQUN9K8b4_I5myhBbl7_n5vcCSklTA9sq4c5pQ/viewform?usp=sf_link

Үй тапшырма

Үй тапшырма

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!