СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нарын облусу, Учкун айылы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нарын облусу, Учкун айылы»

Нарын облусу Учкун айылы «Учкун мультимедиа» борбору

Сатарова Гүлзада Жумабековна

26.11.2019

1. Элеттик айымдар.

Төмөнкү видео материалды көргөндө сиздерге кандай ой пикирлер келди?

Кенжебай ата: Ар ким аракет кылса эле болот. Азыркы убакта жумуш көп иштесе болот. Аялдар көпчүлүк учурда үй бүлө багуу үчүн ар кандай жумуштарды иштеп жатат. Айыл жергесинде да ишкер айымдар бар алар өздөрү гана иштеп акча таппастан бир нече аялдарга да жумуш менен камсыз кылууда.

Биздин айылда ишкер айымга кайрылсак. Элзат эже сиз канча айымды иштетесиз?

Элзат эже: Шырдак, кийиз жасоо боюнча он чактыдай келин иштешет. Кыздардын себине жасайбыз, фестивалдарга катышуу үчүн жасайбыз. Фестивалдарда дайыма алдыңкы орунду ээлеп келебиз. Бул айыл жергесинде үйдө отуруп алып эле келиндер иштей беришет. Ар бир айым иштесе жумуш көп эле. Эркектер эле эмес айымдар деле ишкерлик кылса болот.

Айымдардын иштешине сиздин көз карашыңыз кандай?

Рысбек байке: Чакан ишкерлик кылам десе мен макулмун. Шарт түзүп, иштөөсүнө жардам бермекмин. Мен каршы эмесмин. Эки киши иштесе абдан жакшы болот деп ойлойм. Азыркы убакта акчаң болбосо жашоо жок.



2. Алтынай.

Эмне себептен үйдө болгон зордук зомбулукту айымдар жашырып келебиз?

Мээрим эже: Үй бүлө курууда зордук зомбулуктун айынан айымдар эле жабыркашат. Көпчүлүк учурда жашырып жаап жатып үй бүлө сакталып калат.Балдарды жетим калтрбайын деп энелер баш ийип жашашат. Айыл жергесинде көп эле болот, бирок ошонун баары ачык айтылбайт. Чанда гана үй бүлөлөрдүкү гана билинет.Аягы барып ажырашуу менен бүтөт.

Алимент төлөтүүнү канадай ойлойсуз?

Замира Эже: Эми айыл жеринде көпчүлүк эркектер иштебейт үйдө мал багып отурат. Аларга деле алимент өндүрсө болот. Негизи аялга эле бала милдеттүү эмес да багып чоңойтконго ата да Чоңойгуча жардам бериш керек деп ойлойм. Иштеген эркектер сөзсүз төлөшөт.

Ажырашуунун башкы себеби кыз ала качуудан келип чыгат деп ойлойсуздарбы?

Жээренди апа: Ой сүйлөшүп деле тийгендер ажырашып жатышат азыркы убакта. Мурун ала качып эле үйлөнүшкөн да биздин убакта ажырашып кетти деген аябай уят нерсе болчу азыр ажырашып бүтө электе эле кайра турмуш куруп кеткендер көп. Негизи мен деле кошулбайм ала качууга. Бирок азыркылар жашоонун өйдө төмөнүнө чыдай албайт, акча тартыштыгынан, жаштардын ичкилик ичишинен уруш чыгат ошондон улам ажырашуу келип чыгып жатат.



3.Катчахан.

Бул видео материалга сиздин көз карашыңыз?

Сүйүнбүбү апа: Менин оюм боюнча үйдө чынында эле келиндин жасаган иши көп. Биз деле ушул видеодон көргөндөй үйгө барып бактылуулук дарагын чийип жумуштарды жазып баардык үйдө жашаган кишилерге бөлсөк болот экен деген жыйынтыкка келдим. Айыл жеринде чын эле жумуш көп. Мен ойлойм шаарда келиндер жумушка барып келет үй жыйнаган эле жумуш бар. Бул видео айыл жергесинде жашаган келиндерге тиешелүү го. Ойлонуп калдым чын эле эртеден кечке келиндерибиз бошобойт жардам берип жасашыбыз керек экен.

Буга чейин сиз билчү белеңиз келин үйдө баарынан көп жумуш аткараарын?

Карлыгач эже: Ооба биздин убакта көнүмүш эле адат болуп калган. Эми заман алдыга жылган сайын гендердик тенсиздик деп жатасынар бул дагы жакшы нерсе экен. Туура да баардык жумуштар аялдарга гана тиешелүү эмес да үй бүлөнүн баарына тиешелүү жардамдашып жасашып ийсе болот да мага абдан жакты бул видеодогу бактылуулук дарагы. Мен үйгө барып чийип баарына тең жумуштарын жеңилдетип берейин.

Кайнене менен көпчүлүк учурда келин тил табыша албайт сиздин оюңуз?

Нарынкүл эже: Ооба мен кошулам. Бирок мен ойлойм келинин кызындай көрсө келини деле апасындай көрүп сыйлайт. Өз башымда деле келин бар келген күндөн тартып эле мен келинимди аябай жакшы көрүп сыйлайм. Себеби ал да болсо бирөөнүн алтындай көргөн кызы. Колумдан келген баардык оокаттарына жардам берем. Келинди кайнене өз тарбиясына көндүрүп алса болот. Жаш эле болуп келет да баарына алар көнөт. Кайнененин камырынан деген кыргызда сөз бар. Мен ойлойм жаш кайненелер менен көпчүлүк учурда тил табыша албайт. Бизге ысык чай, тамагыбыз болсо эле болду.



Жалпы: 58 адам

Эркеги:9

Аялдар: 49

Түз эфир

29.11.2019

30 мүнөт

Алып барган: Сатарова Гүлзада

Зордук зомбулукту алдын ала боюнча Учкун айылында кандай иштер болуп жатат?

Зордук зомбулук болгон үй бүлөлөргө кандай жардам көрсөтөсүңөр, алар менен ким иштешет.

Гендердик теңсиздикке сиздин оюңуз?

Мектепте зордук зомбулукту алдын алуу боюнча эмне иштер жасалып жатат?



Акциянын жыйынтыгында жакшы маалыматтарды ала алдык. Зордук зомбулукту алдын алса болот экен. Гендердик теңсиздик эң жакшы экен деген ойго келишти айыл тургундары.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!