СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мултиурок тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мултиурок тарбиялык сабак»

Санариптештирүү-менин жашоомдо

Коомдогу санариптик өзгөрүүсүнүн жүрүшү. Ишкерликтеги санариптештирүү

ү

Бүгүн санарип дүйнө биздин жашообуздун ар-бир бөлүгүнө кирип жатат, аны убактыбызды кантип колдонгонубуздан баштап, тапкан акчаларыбызды коротконго чейин пайдалануудабыз. Санарип технологиясы биздин адаттагыдай байланыш, көңүл ачуу жана жаңы маалымат алуу ыкмасын өзгөрттү. Биз санариптик маалыматты алуучу адамга айландык, жашоого керектүү нерселерди кагаз гезиттерден издебей, интернеттен издей баштадык.

Жаңы заманда баардык маалыматтар миллиондогон сайттарда жайгашкан, алар акырындык менен  гезит-журналдарды жана телевизорду алмаштырганга бара жатат. Биз  сүйлөшүү жана маалыматтар менен бөлүшүү үчүн мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдоно баштадык. Азыркы учурда эң маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат – адаттагыдай оффлайн жашоодон, онлайн жашоону көздөй, же болбосо санариптештирүү коомуна карай өтүп жатабыз

Санариптештирүү деген эмне?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул текст, сүрөт, үн жана видеону жаңы технологияларды колдонуп санарипке өткөрүү. Ал аябагандай чоң маалыматтарды 0 жана 1 деген,  компьютер түшүнгөн тилге жаздыруу.

Ишкерлик санариптештирүү.

Бул өзгөрүү бизнестин баардык чөйрөлөрүнө кирди. Кантип жаңы керектөөчүлөрдү алып келүү жана аларды кармап калуу, ошо менен бирге ишти кантип башкаруу жана ал жөнүндө айтып берүү керек?

Мындан мурда дүкөндү жөн гана салып, ага азык-түлүктөрдү жүктөп турган болсок, эми керектөөчүлөр сатып алаардан мурда ал дүкөн жөнүндө билгиси келет. Ошондуктан эми санарип катышуусу жок иш жакшы жүрбөй калды. Интернет пайда болуудан мурда, биз жөн гана газета, телевизор же радиого жарнама берип койгон жетиштүү болсо, жаңы заманда биздин колдонуучулардын көбү санариптик маалыматтарды кабыл алууда.

Жаңы кардарларды табыш үчүн сиз күн сайын санарип жарнамасына муктаж болосуз. Колдонуучулар акырындык менен жеке жана кесиптик байланыштар үчүн онлайн-түзүлүшкө өтүп бара жатат. Санариптештирүүгө чейин маалыматтар «ооздон-оозго» айтылып келе жатса, ушу кезде колдонуучулар өздөрүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында ошол замат маалыматтарды жүздөгөн жана миңдеген кишилерге таратып жатат. Бул метаморфоза келечекте баардык бизнести 100 пайыз санарип формасына өтүүсүнө алып келет. Бул нерсе төмөндөгүдөй  артыкчылыктарга ээ:

  • атаандаштыкка туруштуулук берүү;

  • маалымат менен тез иштөө;

  • жакшы имиджин бекитүү;

  • керектөөчүлөрдүн кызыгуусу;

  • акча каражатын сактоо ж.б.у.с.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!