СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Мультиурок” менен иштоонун алгоритими

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«“Мультиурок” менен иштоонун алгоритими»

УДК:

Исмаилов Мойдинжан Музаффарович

ОшМУ, математика жана информациялык

технологиялар факультетинин, 3-курс Ик(б)1-17-тайпасы

Илимий жетекчиси: окутуучу Авазова Элнура Токтогуловна

Исмаилов Мойдинжан Музаффарович

ОшГУ, факультет математики и

информационных технологии, 3-курс, группа Ик(б)1-17

Научный руководитель: Авазова Элнура Токтогуловна

Ismailov Moidinjan Muzaffarovich

OshSU, Faculty of Mathematics and Information Technology, 3-year group IK(b)-1-17

Scientific director: Avazova Elnura Toktogulovna



Мультиурок” менен иштоонун алгоритими

Алгоритм работы с "Мультиурок"

Algorithm for working with "Multirouk"

Макалада азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан дистанттык билим беруудогу керектуу сайттардын бири болгон “мультиурок” сайтты менен кантип иштоо керектиги жана анын пайдалары тууралуу баяндайт.

В статье рассказывается, как работать с сайтом «Мультиурок», одним из самых актуальных сайтов дистанционного обучения, который актуален в настоящее время, и его преимуществами.

The article describes how to work with the Multi-Urek site, one of the most relevant distance learning sites, which is currently relevant, and its advantages..

Ачкыч сөздөр: мультиурок,илим, билим, интернет, техника, соцалдык тармак, сайт, дистанттык окуу

Ключевые слова: мульти-урок, наука, образование, интернет, технологии, социальные сети, веб-сайт, дистанционное обучени

Keywords:
multi-lesson, science, education, Internet, technology, social networks, website, distance learning

Заманбап глобалдуу аудиториянын жаны мүмкүнчүлүктөрүнө кирүүгө дүйнөлүк желе же интернет чоң жол ачууда. Интернет бул академиктер, илим изилдөөчүлөр, студенттер, үчүн лабораторияларда, офистерде, класстарда калаберсе жеке үйлөрдө да колдонууга мүмкүн болгон билимдин жана илимдин булагы болууда.

Азыркы учурда интернеттен ар тараптуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Илим, техника, экономика, медицина, билим берүү жана башка толуп жаткан тармактар боюнча маалыматтарды алууга болот. Булардын ичинен интернеттин билим берүү тармагында канчалык орду бар ошону карап көрөлү. Учурда интернеттен билим берүү тармгында көптөгөн интернет баракчаларды табууга болот. Алар негизинен электрондук почта менен же болбосо атайын шарты бар каттоодон өтүп андан кийин керектүү маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүндө. Мындай маалымат алмашуу да белгилүү бир өлчөмдө жакшы жыйынтыктарды берет. Ал эми экономикалык жактан жетишкен өлкөлөрдө билим берүүнүн бул түрү алда канча алдыда. Алар видео лекциялар, реалдуу убакытта (бир мезгилде) окутуучу менен окуучу бири бирин көрүп да, сүйлөшүп да маалымат алмаша алышат. Ал эми биздин жергебизге дистанттык окуу 2020-жылдын 8- апрелинен тартып толук кандуу кире баштап, бир нече билим берүүчү партолдар, сайттар ачылып, соц тармактардын жана сыналгыдан видео сабактар өтүлүп жатат. Дал ушул учурда ар бир мугалим үзүнүн сабагы боюнча ар түрдүү тапшырмаларды, маалыматтарды( лекцияларын), тесттерди ж.б.у.с. кайтарым байлаштардын топтомун бир сайтка жүктөп сабактарды мыкты өткүсү келет. Бирок, түшүнүксүз тапшырыктардын оголе көп чыгуусу жана сайт менен иштөөнү билбестиги ага тосколдук кылгансыт. А бирок, бул учурда мен сунуштап жаткан "Мульти-Урок" билим берүү платформасы сиздерге өзгөчө заманбап мугалимдерге мыкты шарт түзүп берет. Тагыраак айтканда, сиз ар бир жүктөгөн файлыңызга күбөлүк алып, ал эми бир сайтты түзгөн соң сертификатка ээ болосуз. Андан тышкары сиз мыкты кесиптештер менен байлашка чыга аласыз, алардын мыкты жасаган маалыматтарын көрүп тажрыйба да аласыз. Эң эле жакшысы, өз окуучуңузга сайттын шилтемесин жөнөтүп, тапшырмаларды карап текшерип, ар бир алган сертификаттарыңңыз сизди мындан арык ишиңизге дем күч берип турат.

1) Баузер ачып алабыз:

Ынгайлуулук учун төмөнкү шилтеме менен кириниз (көчүрүп алыныз жана дарек сапты коюңуз)

https://multiurok.ru/

2) /стүнкү оң бурчта Зарегистроваться /Создать сайт баскычын тандайбыз.

Бул уникалдуу билим берүү ресурстарын каттоодон өткөрүп, колдоно башташыңыз керек жана, албетте, эң жигердүү мугалимдер үчүн Multi-проект долбоорунан атайын сыйлыктарга ээ болушуңуз керек. "Мульти-Урок" билим берүү платформасы сизди кубандырат жана сиздер узак убакыт бою анын жигердүү колдонуучулары болуп калсаңыз .

Албетте, социалдык тармактар, эгер алар туура колдонулган болсо, мугалимге такыр жетишпеген убакытты үнөмдөйт. Акыр-аягы, сиз бир нече мүнөттүн ичинде керектүү адамды, уюмду жана материалды таба аласыз.



Ал эми биз сиздер менен биргеликте кийнки баскычка карай дагы жыла берсек:





3) Регистрациялык форма ачылат, ал жакка электрондук почта жазылат (Мисалга: gmail.com). Андан кийин «Получить свой сайт» баскычын басабыз.



Биздин сайт даяр болду ! Эми кантип информация киргизууну үйрөнөбүз.

Аны үчүн биз файл баскычын басабыз.



Ал эми «Добавить авторскую разработку» баскычын басабыз.



Эми биз «Выберите файл для публикации» баскычын басып (doc, docx, ppt, pptx, rar, zip) турундогу файлыбызды жуктойбуз да

Заголовокко темабыздын атын жазабыз (15 символдон коп болуусу зарыл).

«Тип разработкиге» онугуунун турун белгилейбиз . «Предметке» кирип сабактын атын белгилейбиз . «Класстан» болсо канчанчы класс экенин белгилейбиз. «Ваша категорияга» биз категориябызды жазбаганбыз аны тим коңбуз. «Учебникте» китепти тандайбыз . «Темага» кирип кайсы теманы окутушубузду тандайбыз.



Файлыбыз даяр болуп калды «сохранит публикацию» баскычын басып файлыбызды сохранит этебиз

Деги эле «Multiurok» - заманбап мугалим үчүн - пайдалуу социалдык тармак. Кесипкөй колдор менен социалдык тармактар ​​заманбап мугалимдин ишинин ыңгайлуу жана натыйжалуу куралына айланган. Ошон үчүн мүмкүн болушунча мыкты сайттарды өздөштүрүп, окуучулар менен биргеликте иштешип, тажрыйбаңызды өз үйүңүздө эле олтуруп ары байытып, ары жогорку сертификаттарга ээ болсоңуздар да болот. Мисалы, сиз кесиптештериңиз менен байланышып, пайдалуу окуу материалдары менен бөлүшсөңүз болот, ал эми биздин өлкөнүн кайсы шаарында, ал тургай кайсы аймакта болбосун мааниге ээ эмес. Ошондой эле сиз өзүңүздүн классыңыздын тобун түзүп, ал жерде балдар менен баарлашып, мүмкүн болушунча жакыныраак таанышып, окуучулардын ата-энелери менен байланышып, жумуш маселелерин чечүү үчүн кесиптештериңиз менен маектешип же достук мамиледе боло аласыз.

Азыр болсо, биз сайтка маалыматтарды жүктөп болгон соң, баардык тапшырмаларды ыраатуулукта жана так, туура эң башкысы жөп-жөнөкөй жол менен эми сертификат алып, дистанттык билим берүүгө өз салымыбызды кошкон болобуз. Анда:

Эми биз Сертификат алышыбыз учун «блог» кошушубуз керек болот. Ал учун биз «Блог» баскычын басабыз.

Ал эми «Добавить заметку в блог» баскычын басабыз.



«Название» ге «блог» дун атын кийиребиз. (10 символдон аз болбошу зарыл).

«Содежение» ге болсо 300 символдон 1000 символго чейин болгон текст кийирсек болот.

Эгерде сиз кийирген текст бир предметке байланышы болсо сиз категориядан озунуздун предметинизи танданыз .

Андан сон сохранить баскычын басыныз.

2 Файл 1 Блог кошсонуз Сертификат берилет .Ал томонкудой корунушто болот.





Мугалимдер жана студенттер дүйнөлүк эң чоң архивдерге, космостук борборлорго, спутниктик метеостанцияларына жана башка миңдеген билим берүү жана илим изилдөө булактарына кирүүгө мүмкүндүк ала алышыт, Интернет - жогорку окуу жайлар, колледждер, мектептер керектөөчү инфраструктура, себеби компьютер ар кандай тексттерди, үндөрдү схемаларды, сүрөттөрдү камтыган тоталдык технологиялык машина болуп калды. Эми бир жактуу болгон телевизиондук системаларга же башка кымбат технологиялара жана студенттин атайын даярдалган окуу лабораториясына келип маалымат алуусунун зарылдыгы жок.
Интернет билим берүү тармагында: Дистанттык окуу интернеттин дагы бир кызматы, бул билим алуу жана үйрөнүүнүн инструменти десек болот. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, эки же андан көп жерден бири бири менен байланышы. Дистанттык окуу билим берүүнүн эффективдүү жана сапаттуу чөйрөсү. Интернет дистанттык окууда эң керек болгон абдан көлөмдүү болгон ресурс.

MULTIUROK проектиси - бул мугалимдердин заманбап социалдык тармагы. Бул жерде ар бир мугалим бир-эки баскычты басып, өз сайтын ала алат, уникалдуу тажрыйба менен бөлүшүп, кесиптештеринин кызыктуу басылмаларын байкай алат. Бул жерде досторуңузду же кесиптештериңизди табуу үчүн ыңгайлуу издөө уюштурулуп, минималдуу күч-аракет жана кымбат убактыңыз менен иштөө үчүн керектүү материалдарды табасыз. Долбоор буга чейин жүз миңдеген мугалимдерди каттоодон өткөрүп, миллиондон ашык эмгектерин жарыялаган. Мунун бардыгы эркин!

Дистанттык окуудагы негизги керектелүүчү нерсени айтсак ал компьютердик үйрөтүүчү программалар. Азыркы тез чабытта өнүгүп келе жаткан билим технологияларынын арасында компьютердик телекоммуникациалык түйүндөр келечектин талабына ылайыктуураак болууда.







Колдонулган адабияттар:



  1. Мультиурок сайты www…..

  2. Билим берүү жана илим минстрлигин расмий сайты www…

  3. Пайдалуу сайттар түрмөгү

  4. Дагы ушул сыяктуу болот...























4



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!