Просмотр содержимого документа
«Мугалим мөмөлүү дарак»
Сабактын темасы: Билим башаты мугалим.
Сабактын максаты: Окуучулардагы мугалимге болгон сүйүүсүн ойготуу, анын ишмердүүлүгүн баалап, барктоого тарбиялоо.
Мугалим-адамды максаттуу пландуу жана системалуу түрдө тарбиялап, адам менен түздөн-түз иш алып барат.
1. Жарык дүйнөгө келип, али дүйнө таанымы калыптана элек кичинекейлердин андан аркы жашоосу, акыл эси, мүнөзү, эрки, чыгармачылыгы деги койчу, маңдайына жазылган бактысы менен ойноого барабар келген кесип-бул мугалимдик. Албетте, мугалимдик иштин тыянагы бүгун-эртең эле чыга койбойт. Ага көптөгөн жылдар талап кылынат.
2. Мугалимдин иши-дайыма, күн сайын өзгөрүлүп туруучу бала. Андыктан, мугалимдик кесипти-адам табиятын түзүүчү кесип же жаратманы деп айтууга да болот. Адамдын татаал дүйнөсүнө дайым сүңгүп кирип туруу менен алар баланы чоң киши кылып калыптанта турган сыяктуу. Бул кесип эң татаал кесип. Мугалим ар түркүн жан дүйнөнүн чебери жана искусство.
3. Кичинекей балдар көп жерден өз алсыздыгын көрсөтүп коюшат. Андыктан баланын жасаган ар кандай орунсуз иштерине чыдамдуулук менен көз салып, андан ары акыл-эстүүлүк менен жөнгө аракеттенүү башкы нерсе.
Мугалимдик кесипти аркалаган ар бир атуулдун жүрөгү менен акыл эси толук гармонияда болуп туруусу абзел. Мына ошондо гана ал балакайлардын ар биринин жан дүйнөсүнө терең сүңгүп,анын менен жашап жатканына,дүйнөгө болгон көз карашына ой тегеретип, айланасындагылар менен болгон байланышын терең баамдай алат.
Окуучулар мугалимге арналган ыр саптардан окушат.
Көрдүңөрбү балдар мугалимдин мээнети өтө зор экенине ынанып, мугалимдиин ар бир сөзүн угуп баалап,аны сыйлай билели.
Үйгө тапшырма: Мугалим жөнүндө эссе жазып келүү.