СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен Мугалиммин эссе

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мн мугалим болгум келет деген темада ой жүгүртүү жана ыр саптары

Просмотр содержимого документа
«Мен Мугалиммин эссе»

Мугалим

(эссе)


“Мугалим – мөмөлүү дарак” деп коёт элде. “Бардык кесип – ардактуу” деген да сөз бар. Мына ошол бардык ардактуу кесиптин башатында, биз төмөндө сөз кылмак болгон мугалим турары бештен белгилүү эмеспи!

Мугалим – окутуучу, мугалим – тарбиячы, мугалим – устат, мугалим – маяк, мугалим-кеңешчи... деги койчу, мугалимдин кызматын санап отурсаң, таң атат да, күн батат. Андыктан, улуу мугалим, Кыргыз Эл жазуучусу Ж. Мавляновдун “ Мектеп – ыйык жай, мугалим улуу адам болууга тийиш” деген учкул сөзүндө эле терең маани, орошон ой жатпайбы!

Анткен менен Мугалим деген улуу адистикке жеткен инсан, дайыма ушул улуу наамга татыктуу болуу милдетин моюнга алып, аны дайыма кир жугузбай сактоого милдеттүү. Ошондуктан, белгилүү жазуучу жана акын, ардактуу мугалим Айтмырза Абылкасымовдун “Жолдо” аттуу китебиндеги Майрамда окулган ыр" аңгемесинин баш жагынан жазылган :Мугалим тегирмен сыяктуу. Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип, парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот. Демек, чанагынан чубуруган данды негизги азыкун кылып чыгара албайт. Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу, анын бузулуп, талкалануусуна алып келет...  – дегенин эске алсак, анда ал (мугалим) өзүн дайыма жаңы билим менен, жаңы маалыматтар менен жаңылап, дайыма изденүү менен эмгектенүүсү шарт. Антпегенде ал мугалим болуу озуйпасынан кол жууйт, жөнөкөй гана бир жүргөн адамга айланат.

Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн дагы бир салаасы – ата-энелер жана коомчулук менен байланышы. Ар бир ата-эненин турмуштук көйгөйүн, үй-шартын, окуучу уул-кызына жасаган мамилесин толук билбесе, алар менен байланыша иш алып барбаса, 45 мүнөттүк предметтик сабак, же тарбиялык саат жемишсиз болору айдан ачык. Ошондуктан, ата-эне жана мугалим ортосундагы байланыш туруктуу жана үзүрлүү болууга тийиш. Ал эми коомчулук менен байланыш, коомубуздун күрөө тамырын кармап, азыркы учурдун талабына ылайык билим жана тарбия берүү – заманыбыздын талабы. Өз кесибин жана окуучуларын жан дили менен сүйгөн, жогорудагы биз санаган жана санай албай калган мугалимдик кесиптин татаал жана ардактуу сырларын менен кырларын өздөштүргөн адам гана Мугалим деген наамга татыктуу боло алат деп ойлойбуз.

Эмесе, ушул ыйык кесипти аркалаган мугалимдер туурасындагы чакан ой-толгоону (эссени) биз жогоруда сөз кылган акын жана жазуучу Айтмырза Абылкасымов агайыбыздын төмөнкү ыр-батасы менен аяктайын:


Мугалимдерге бата


Бактыңды бала окутканыңдан айтсын,
Мээнетиң окуучуларыңдан кайтсын.


Добушуң булбулдан угумдуу болсун,
Дарсың окуучуңа жугумдуу болсун.


Ажайып болсун ар бир өткөн сабагың,
Асти бүркөлбөсүн ажарлуу кабагың.


Кем болбо бул дүйнөдө эч бир пендеден,
«Устат!»- деп башын ийсин- МЕН!»- деген.


Көрбөй тургандарга көз болуп бер, ылайым,
Кекеч менен дудукка сөз болуп бер, ылайым.


Дүлөй жанга угууга кулак болгун, ылайым,
Дүйнө тааным билимге булак болгун, ылайым.


Окуучуңдун алдында жүзүң жарык болсун,
Оомат башыңа өзү барып консун.


Айлыгың азыркыдан алда канча көп болсун,
Алагды кыла турган көйгөйүң жок болсун.


Билсин сенин кадырыңды бийликтегилер,
Болбогондугун сенсиз өзүндөгү ийгиликтер.


Коомдо жаша, сенин татаал кесибиңди түшүнгөн,
Кудай айрыбасын соолугуңдан, билимиңден, күчүңдөн,


ошондой-ак жандай көргөн мугалимдик ишиңден,
өңүңдө эмес, кетпей жүрчү түндө көргөн түшүңдөн.


Айткан кебиң айыктырсын жараланган сезимди,
Сыймык менен эстеп жүрүшсүн азыркы айткан сөзүңдү.


Колуңдан боруң менен калемсабың түшпөсүн,
Мугалимдик ыйык жолуң бүтпөсүн.


Өлбө, мугалим, дайыма бар бол,
Окуучуларыңа ордолуу шаар бол!

( "Жолдо" аттуу китептен)


Мугалимдин ат эмес, пил көтөргүс түйшүгүн аркалап, ушул жерде катышып отурган жана бул жерде катыша албаган кесиптештерим, баарыңыздарга албан-албан ийгиликтер болсун! Окуучуларыңыздар менен, үй-бүлөңүздөр менен, кесиптештериңиздер менен аман болуңуздар! Эл-журтубуздун, өлкөбүздүн келечегине пайдалуу, зор салымын кошо ала турган, билимдүү, тарбиялуу муунду калыптандырып, уядан учуруу – ар бирибизге буюруп, насип этсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти “2017-жыл – Ыйман, адеп, маданият жылы” деп жарыялады. Президентибиз 2017-жылдын 5-январында кол койгон ал Жарлыктагы :

- ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу;” деген багыты дал мугалимдер үчүн жазылгандай.

Эмесе, бул жылы баарыбыз Ыймандары таза, Адеби бийик, Маданияты жогору инсандарды тарбиялоого өз салымдарыбызды кошуп, жылды берекелүү аяктайлы!


Сиздерди урматтап,

Кара-Көл шаарынын М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү №3 орто мектептин кыргыз тили мугалими _____________________________________


__ – ____________ 2017-жыл.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!