СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мидин Алыбаевдин сатиралык чыгармалары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мидин Алыбаевдин  сатирасы    жана   бүгүнкү күндөгү   атка   минерлердин  портреттерине штрихтер.

                Күлкүнүн чыгышына турмуштагы окуялар, көрүнүштөр таасир берет. Ошону менен бирге ар бир доордун, ар бир учурдун күлкүсү башка. Себеби элдин оозунан чыккан күлкү да, сатириктин күлкүсү да коомдун тарыхый эрежелеринен келип чыгат. Замандын өзгөрүшү менен анын каармандарынын мүнөздөрү да өзгөрөт. Жаңы талап, жаңы максаттарга умтулат. Күлкү кээде жеңил азилди, тамашаны билдирсе, кээде жек көрдүрүүчү сезим туудурат. Кыргыз элинин башынан өткөн тарыхы сыяктуу анын күлкүсүнүн да узак жана даңктуу жолу бар. «Эркин-Тоонун» газетасынын  бетинде алгач уюшулган «Чалкан» аттуу чакан бурч кулачын жайып олтуруп «Чалкан» аттуу сатиралык журналга айланды. Мына ошол жерде М.Алыбаев да журналдын коомчулугубуз алдында милдетин айтып, программалык ыр жазды:

                Элиң кубанат чыкканыңа,

                Кол чабышат ураалап.

                Калемиң курч,

                Калемпирлүү  тилиңди,

                Калдыктарды карып өт деп суранат.

                Дагы эле бар,

                Бир карын майдын арасында «кумалак»

                Мына ошолорду айдап чыгалы кубалап.1

Ыр журналдын келечектеги максатын ачык айткан, социалисттик турмушубуздун таза жана бай болуусуна кедерги болгон алдамчыларды, жалкоолорду, кошоматчыларды, моралдык жагынан туруксуздарды, аракечтерди дагы ушул сыяктуу илдеттерди арабыздан тазалап таштоолорун каалаган. 1957-жылы жарык көргөн акындын «Ак чүч» аттуу сатиралык, лирикалык ырлар жыйнагы өз учурунда адабий коомчулукка чоң окуя катары кабыл алынган жана азыр да маанисин жогото элек десек болот.

                Мидин Алыбаевдин талантында тубаса сатиралык, юмордук касиеттердин болгондугун анын замандаштары бир ооздон белгилешет. Мидиндин канында кайнап турган сатиралык көрөнгө анын «Чалкан» журналында иштеп жана чыгармаларын ошол журналга жарыялап турган жылдары аябай  өнүккөн.

 Журналга чыккан «Осмоналы лөкүй», «Дүжүр бука» кара сөз түрүндүгү фельетондору, «Ак чүч», «Бюрократ» өңдүү  сатиралык ырлары турмуш - тиричиликте көп колдонуучу тамаша сөздөргө айланып кеткен.

«Ак чүч» деген ырда акын эмгекчил, коомдук иштерге активдүү катышкан советтик аялдардын арасында кездеше калчу кээ бир терс  көрүнүштөрдү ашкерелеп, аябай катуу сынга алат. Ырынын башында акын аялдардын коомубузду гүлдөтүү ролун, чарбабыздын кайсы гана тармагын албайлы аялдар эркектер менен тең укукта кызмат кылып жатышкандыктарын айтып өтөт. Социалисттик түзүлүштө аялдар талантын, билимин ого бетер өткүндөтүп, коомго пайдалуу кишилерден болуп калганын көрсөтөт. Бирок ушундай бакытты пайдаланбай, жөнү жок эркелеп, эсирип кеткен аялдар бир экенин айтат.

«Рас,

                Аялдар – биздин коомдо чоң күч.

Бирок,

                Арасында (анда-санда) бар,

Ак кол,

                Ак чүч…

Аккол дейбиз,

                Ал анткени –

Колу тийбейт,

                Оор же кара жумушка.

Эзелтеден эби келбейт,

                Кечирээк жатып, эрте турушка.

Чоочунча коомай карашат,

                Коомдук жана үй - турмушка».1

Ырда айтылгандар жалпы эле аялдарга эмес, кээ бир гана «чоңдордун» аялдарынын кылык-жоруктарына мүнөздүү экенин эскертет. Өздөрү иштебесе да, күйөөлөрүнүн  акчасына санап, модалуу кийимдерди кийгендигин, алардын кайдан келип жаткандыгына көңүл бурушпагандыгын баяндайт.

                «Бийик така,

                               Жапыс така,

                                               Венский така,

                Жыйырмадай жыйылып жатат –

                               «Басоножка»,

                          «Танкетка».

                Кайырма жака,

                               Ачык жака,

                                               Туюк жака,

                Мөөнү

                               же  өзү,

                                               жарашпай калса,

                Анда портной ката.

                               Күзгү  да капа,

                                               Өзү да капа.

                Көңүлүнө  жаман көрүнөт,

                               Эки эле жума

                                               Мурда алган шляпа…

Ак чүч жеңе менен

                Аккол жеңе –

                               Жолугаар замат эле,

Сүйлөшкөнү соода,

                Же болбосо мода!

Бирөөнү ушактайт,

                Биринин сөзүн  бири мактайт,

«Ушундай», «ооба…»

  • Баланчанын аялы –

Алыптыр жибек килем.

  • Ооба кокуй,

Ошонун баркына жетип урунабы,

  • Баланча кечээ кызматтан түшүптүр…

-Түкүнчө,

                Түндө мас болуп, теректи сүзүптүр».1

Ырас, «ак чүчтөр» албетте, жалгыз эмес, анын жанында өзүнө окшогон билерман -жарым аялдар бар. Муну Мидин каармандардын сүйлөшкөндөрү аркылуу ашкерелейт.

                «Евгений Онегинди» жазыптыр,

                Чехов деген акын.

                Пьеса жазуу жагынан

                Лермонтов –

                Тургеневге жакын.

  • Сизге кайсы жагат? – деп сурасаң

Дароо жооп берет:

-Эң жакшы экен,

Маяковский жазган роман!

Мына «Ак чүчтөрдүн» билиминин деңгээли. 

«Ак чүчтүн» ушул сүйлөп олтурганын окуучуга баяндоо менен барып турган сабатсыз, ушактан колу бошобой, күндүн кандай өткөнүн билбей калган аялды мыскылдап отурат. Мидин булардын жанын ачытуу үчүн атайын апыртма ыкмасын да колдонот. Антпесе, куру сөз менен кылык-жоруктарын айтып койгон болсо, «дүйнөнү сел алса кызыл ашыгынан келбейт» деген «ак чүчтөргө» сөз өлөт беле! Так ушул атайын апыртманы орду менен колдонгону үчүн аялдар Мидинди көрсө жыландай жыйрылышты. Мидин өзүнүн  атынан, бүт окурмандын атынан, аны менен сырдаш болгон «күзгүгө» салыштыруу менен анын ким экендигин ашкерелейт:

                «Аай, – деп айтар эле - Айнек,

                Сен жатып ичер жан бакты.

                Жеке эле мени тиктебей,

                Карасаң боло элди, жерди.

                Төмөн түшүрбө,

                «советтик аял» деген ардакты

- деп анын айыбын бетке такылдатып адилет кеңеш айтуу менен жакшы жолго  чакырат. «Ак чүч» жеңе эринин «жоргосун» минип алып Нарында коон сатып жатат десе, ошол жакка минип барган «Акчүчтөрдү» машинадан алып түшүп, катардагы мээнеткеч аялдардын катарына кошту. Адатта «ак чүч» аттуу сөз кыргызда чүкүргөндөнн кийин жооп кайтарып, же жакшы ниетин билдирүү үчүн айтылган сөз болуучу. Мына ушул сөздүн экинчи маанисин тапты. Мидиндин ак чүчүнөн кийин эле эл оозунда кадимки жүргөн бир маанилүү «ак чүч» сөз эмес, эми эмгектен качып, жатып ичер жалкоо, эрке, жөнү жок жан бакты деген түшүнүк пайда болду. Кыскасы, Мидиндин сатиралык чыгармалары жаман салт-санаалуу кошоматчыларга, дөөрүгөн бюрократтарга, жатып ичер жанбактыларга, өзү айткан «хамелеондорго» таамай тийген ок болду.

    Мидиндин  «Ак чүчтөрү»  бүгүн да  бар экендигин кимдер тана алат.Эрке талтаң   депутаттын   же, жогорку кызматтагы чиновниктин  «ак чүчтөрү» эри  же ойношу элдин эсебинен  тапкан арам акчаларына  тайраңдап  Нарын-Көлгө гана эмес Мальта, Гавайи,Туркия, Турцияга чейин  сайрандап «Волга»  эмес самолет менен  сайран куруп жүргөндөрүн көрүп, атиң Мидин атам тирүү болсо, тамаша-шылдыңын  таптакыр башка нукта  айтпат беле деп калам.  Ооба, ал кездеги  «ак чүчтөргө » салыштырмалуу  бүгүнкү күндүн «ак чүчтөрү» ак эмгек кылганга өтө эле чабал. Эмне десең, алар    (мурдагы «ак чүчтөр»)  Нарынга барып, эмекчил аяларга кошулууга  аракеттеништи,  ал эми азыркылар Мальтага барып, маймыл болуп келшип атышпайбы.

                Мидиндин сатириктик өзгөчөлүгү – ал жазган аңгеме, ыр, же кабарына тема койбосун, сөзсүз экинчи бир жаңы маани туйгузат.    Ошондой эле бүгүнкү күндөгү да жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүүдө зор мааниге ээ болгон, өзүнүн актуалдуулугун алигиче жоготпогон чыгармаларга «Бюрократ», «Саадат кандидат», «Кошоматчы» жана башкалар кирет. Сатиранын аты эле айтып тургандай, алардагы терс каармандар да ар түрдүү, бири-бирине окшобойт. Алардын ар кимисинин өзүнчө психологиясы, кебетеси, бар. Мына ушул типтердин ар бири акындын сөздөрүнөн  кынапталып өз  орундарына коюлуу, жаанын жебесиндей курчтугу жана бутагы дал тийиши менен көз алдыга даана тартыла түшөт. «Ак чүчтөн» башка мурдатан бери эле сатиранын кароолунан түшпөй келаткан бюрократтар менен кошоматчылардын, жалган илимпоздордун коомго жат кылык-жоруктарынын, максат-аракеттеринин бетин ачып, элди алар менен аеосуз күрөшкө чыгууга шыктандырган «Кошоматчы», «Бюрократ», «Саадат – кандидат» сатиралары жеке гана Мидиндин эмес, жалпы эле кыргыз сатирасынын айдыңында көрүнүктүү орунда турушат. Мидиндин өзүнө гана таандык ачуу калемпир менен кара мурчка чыланган жогорудагы сатиралары учурубузда да актуалдуу чыгармалардын сабында, анткени командалык-административдик, сенектик мезгилде өзүлөрүнүн бийик чегине жетип, айыкпас ооруга айланган кошоматчылар, бюрократтар, жалган илимпоздор бүгүнкү  күндө да кыргыз элинин гүлдөп  өзүшүнө  кедергисин  тийгизип, депутаттык креслону сатып алып,  коомдун алга жылышына бут тосуп жаткандыгын танууга болбойт. Ошондуктан алардын тамырын көркөм сөздүн – сатиранын күчү  менен жулуп салууда Мидиндин жогорудагы  аталган чыгармалары азыр да өтө  зарыл болуп турат.

                Кошоматчылар алмустактан бери эле бюрократ начальниктердин көзүнүн  агы менен тең  айланып, акты кара, караны ак дешип, көпчүлүктүн ишин бүлүндүрүлп келишкен. Эгемендүүлүк  жылдарда   алар бир караганда элдин күйөрмандары сыяктанып, тоскоол кылгандарды  пикет, чогулуш, аркылуу сындагандай болуп, ал эми иш жүзүндө өз  көмөчүнө күл  тартышып, байлыкты тээ  небере, кыбырасына  чейин топтоп,  калп эле элдик киши болуп көрүнө  калып жаткандарын  байкоо кыйын эмес эле. Булар бүгүнкү күндүн кошоматчылары. Мидиндин «Кошоматчысын» окуган адамга мындан бир канча   жыл мурун Мидин күрөш жүргүзгөн кошоматчы өзүнүн эстафетасын азыркы кошоматчыларга өткөрүп бергендей сезилет. Анан аларга каршы күрөштүн сабында акын өзүнүн сатирасы аркылуу биз менен бирге келе жатканын дапдаана баамдайбыз. Мына, Мидиндин кошоматчысы:

                Жыйналышта,

                               Эчак

                                               Жазылат жарышка.

                Сөз алат,

                               Трибунага барат.

                                               Адегенде,

                Астыртадан мактай турганын карап,

                               Анан

                                               Элге сөз салат.

                Колунда кагазы,

                               Барак-барак.

                                               «Аксакалдын» ишин,

                Сынга алган болот азыраак.

                               Фактыларды,

                                               Процентти

                Бармак менен санап.

                               Кээ бирөөнү  мойнуна алат,

                                               Кээ бирөөнү  кашкая эле танат.

                Суудан жутат,

                               Таңдайын тактап,

                                               Баштай «Аксакалын» мактап».

                Албетте, мындай кошоматчылар дагы эле арабызда бар. Акын буларды ушинтип сындап, бет пардасын сыйырып эле тим болбостон, акырында аларга кайрылып:

                Биздин заманда

                               Сага

                                               Эмне жетпейт,

                Кошоматың  койбосоң,

                               Коом сени жектейт…

- деп эскертип, калыс бүтүм чыгарат.

                Мидин «Бюрократ» аттуу сатирасы учурубуз үчүн бардык жагынан актуалдуу. Ырда бүгүнкү  күндүн  атка минерлеринин салам айтсаң араң башын ийкеп, сөзүңө көңүл бөлбөгөндүгү, иш менен барсаң үч-төрт күн убара кылып жатып араң кабыл алгандыгы, бир жумушту бир ай сүйрөп, аны чечүүнүн ордуна сүрсүтүп сейфине салып салгандыгы сыяктуу дагы башка ар кандай жийиркеничтүү табияты Мидиндин куйкум сөздөрү аркылуу берилип төрөпейилдерге карата кимдин болбосун жек көрүү сезимин пайда кылат:

Бюрократ

                Мына ушундай чунак,

                               Бир жумушту

Бир ай сөйрөйт эң   кеми.

                Бирок

                               Чыдайсың,

Улам тырмайсың желкеңди.

                Ал үчүн

                               Суук да эмес,

Ысык да эмес.

                Ошондуктан түгөнбөйт –

                               Бюрократтын эртеңи.

- деп акын анын ким экендигин ашкерелөө  менен чектелип калбайт, андан ары:

Булардын мүнөзү

Эскиден калган.

               Мындайды

Жек көрөт биздин заман.

                Таза денеде

                               Болсун таза кан.

Ал учураса да,

                Жоюлсун,

                               Коомубузга кереги жок!

Бюрократ адам!

- деп аларга биздин коомубуздан орун жок экендигин айтып, бизди андайлар менен түбөлүккө  кош айтышууга чакырат.

                Илимди элдин пайдасына иштетүү үчүн эмгектенбестен, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, баюунун булагы катары санап, эптеп илимий наам үчүн далбастаган жалган илимпоздордун жүзүн Мидин «Саадат – кандидат» аттуу сатирасында төмөндөгүдөй ашкерелейт:

Кээ бирөөнүн алган темасы:

                «Чегирткенин үнү»,

                               же «Жарганаттын тили».

Ушуларды

                Изилдеген имиш күнү-түнү.

                               Кээ бирөөнүкү

Жөн эле эчак белгилүү

                Иштердин бир түрү.

                               Андайлардын максаты:

Эптеп эле кандидаттыкка илинсе,

                Темасынын байланышы

                               Болсо дагы, болбосо да илимге.

                Илимдеги дал мына ушундай «илимпоздордун» тамырына балта чаап, илимдин интенсивдүү өнүгүүсүнө, маданиятыбыздын гүлдөп өсүшүнө багыт алдыруу деп белгилеп жаткан учурда, «Саадат-кандидат» да бул учурда тике өз үлүшүн кошот.

                Ал эми М.Алыбаевдин «Сизге айтам» деген сатирасында өткөн мезгилдеги эмес, бүгүнкү күндө дагы деле болсо калбай, адатка айланып калган кемчиликтердин бири «тууганчылык», «жердешчиликти» ашкере мына мындай деп сөрөттөп бере алган:

                Жакыныңызды берирээк,

                               Башкаларды нарыраак

                                               Деги кетпейт.

                Жакындарыңыз жакыныңыздан тарап,

                               Тим эле «кукулуктайсыз»,

                                               Балапан баскан тоокчо карап.

                Алар үчүн эң эле жылуу,

                               Сиздин колтук – эки канат.

                                               Өзүм дегенде,

                Өбөктөп өлөсүз,

                               Өзгөнү өгөй баладай көрөсүз.

                Жогоруда айтылгандай М.Алыбаев чоң кызматтагы адамдын өзүнүн тегерегине өз тууган-уруктарын, бала-бакырасын топтоп, алар үчүн «баскан тоокчо» мамиле жасагандыгын ачык, таамай, курч сөздөрү менен ачып берген. «Өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар» дегендей, тээ атам-замандан бери эле келе жаткан «тууганчылык» мына ушул күнгө чейин кала элек.

                Жыйынтыктап айтканда, М.Алыбаев кыргыз  адабиятында өзүнүн сыйкырдуу тили бар, сөзүндө калемпир мурчу бар, өткүр калем саптуу акын. Мидин - тубаса «суу кошулбаган» сатирик.  Мидиндин   жазган сатиралары бүгүн да  маанисин жогото элек.  Анын   ырларын   бүгүнкү  күндүн атка минерээлери,  депутат, чиновниктери   окуса,  акыл калчап  ой жүгүртүшсө, жеп-ичкенди, жең ичинен   майлуу орундарды бөлүшкөндөрүн  токтотушса  деген тилек менен  макаламды аяктасам.

- деп анын айыбын бетке такылдатып адилет кеңеш айтуу менен жакшы жолго  чакырат. «Ак чүч» жеңе эринин «жоргосун» минип алып Нарында коон сатып жатат десе, ошол жакка минип барган «Акчүчтөрдү» машинадан алып түшүп, катардагы мээнеткеч аялдардын катарына кошту. Адатта «ак чүч» аттуу сөз кыргызда чүкүргөндөнн кийин жооп кайтарып, же жакшы ниетин билдирүү үчүн айтылган сөз болуучу. Мына ушул сөздүн экинчи маанисин тапты. Мидиндин ак чүчүнөн кийин эле эл оозунда кадимки жүргөн бир маанилүү «ак чүч» сөз эмес, эми эмгектен качып, жаты

Просмотр содержимого документа
«Мидин Алыбаевдин сатиралык чыгармалары»

1

1

1

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!