СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мезгилдик закондун мааниси. Д.И.Менделеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мезгилдик закон жана мезгилдик системанын философиялык чоң мааниси бар, ал баардык элементтерди бирдиктүү материя катары карайт.

Просмотр содержимого документа
«Мезгилдик закондун мааниси. Д.И.Менделеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Мезгилдик закондун мааниси. Д.И.Менделеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

Сабактын методу: мээ чабуулу, эки-экиден иштөө, топтордо иштөө

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Мезгилдик закондун мааниси, Д.И.Менделеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалымат алышат.

  • Мезгилдик закон, мезгилдик система боюнча айтып бере алышса;

  • Мезгил, кичине жана чоӊ мезгилди айтып бере алышса;

  • Топ, негизги жана кошумча топчолорду айырмалап биле алышса;

  • Химиялык элемент, химиялык элементтердин мезгилдик системада алган орду боюнча мүнөздөп айтып бере алышса;

  • Д.И.Менделеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Мезгилдик система, химиялык элемент, заттардын касиеттери, валенттүүлүк, химиянын өнүгүү тарыхы боюнча түшүнүгү өнүгөт. Бири-бириннин оюн уга билүүгө, бири-бири менен кызматташууга, толеранттуу болууга үйрөнүшөт.

  • Мезгилдик системанын практикалык маанисин айтып бере алышса;

  • Химиялык элементтердин бири-бирине окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айырмалап биле алса,

  • Химиялык элементтердин мезгилдик системасынын ачылышына салымын кошкон окумуштуулар тууралуу айтып бере алышса,

  • Бири-бирин уга билсе

  • Толеранттуу болушса

Күтүлүүчү натыйжа:

  • заттарды бири-биринен айырмалоонуу таба билет жана өз алдынча же башкалар менен биргеликте ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен аларды чечет, ошондой эле андан аркы иш- аракеттер жөнүндө чечим кабыл алат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): өз ишмердигин пландап, жүзөгө ашыруу, жүйөлүу тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты колдоно алат. Жетишпеген маалыматты максаттуу түрдө издөө, анын айрым бөлүктөрүн салыштыруу, бүтүндөй талдоо билгичтиктерине ээ болуу.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Химиялык элемент, салыштырмалуу атомдук масса, мезгилдик системадан алган катар номер, электрон, протон, нейтрондун санын аныктоону, химиялык элементтин окулушун, кыргызча, латынча аталышын, топ, мезгилди билишет.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү: “Сенсорик же интуитивист” тести.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.Төмөнкү элементтердин кайсынысында металл эместик касиет ачык байкалат: күкүрт (S), кычкылтек (O), селен (Se), теллур (Te). Далилдегиле.

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Мезгилдик закондун мааниси.

Мезгилдик закон жана мезгилдик системанын философиялык чоң мааниси бар, ал баардык элементтерди бирдиктүү материя катары карайт.

Д. И. Менделеев өзүнүн мезгилдик законун ачып, элементтердин мезгилдик системасын түзгөндө атомдун курамдык бөлүктөрү жөнүндө маалымат жок эле. Ошондой болсо дагы элементтердин бирдиктүүлүгү жөнүндөгү законченемдүүлүктү Д. И. Менделеев мезгилдик система тузүүдө негиз кылып алган. Ар бир химиялык элемент өзүнө таандык физика-химиялык константалар менен мүнөздөлөт. Элементтердин жана алардын бирикмелеринин көп түрдүүлүгүнө карбастан, Д. И. Менделеев окшош элементтерди өзүнчө топтоп, алардын ичинен касиеттери боюнча кескин айырмаланган элементтерди салыштырып көрүп, мезгилдик таблицанын биринчи үлгүсүн алган. Касиеттеринин айырмасы азыраак элементтерди алардын ортосуна жайгаштырган. Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасында касиеттери боюнча кескин айырмаланган оң жана терс электрлүү элементтердин орун алышы карама-каршылыктарын, окистенүү-калыбына келүү процесстеринин бирдиктүүлүгүн көрсөтөт.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

КОД менен иштѳѳ:

Эгерде окулуп жаткан маалымат туура болсо 1,туура эмес болсо 0 деген билгини коёбуз.

  • Химиялык элемент — ядро заряды жана электрондук катмарлары бирдей атомдор тобу.

  • Дмитрий Иванович Менделеев кыргыздын улуу окумуштуу химиги, илимпоз педогог жана коомдук ишмер.

  • Элементтер мезгилдик системасы —элементтер мезгилдик законун таблица түрүндө туюнткан химиялык элементтер табигый классификациясы.

  • Дмитрий Иванович Менделеев 1834-жылы 8-февралда Тобольск гимназиясынын директорунун үй-бүлөсүндө туулган.

  • Кыргызстанда Дмитрий Иванович Менделеев атындагы жогорку окуу жайы бар.

КОДдун жообу: 10110

Окуучулардын жообун угуу жана окуучулар менен бирдикте жыйынтыктоо.

Үйгѳ тапшырма:

Хлор, марганец, калийдин мезгилдик системада жайланышы боюнча мүнөздөмө берип жазып келгиле. Д.И.Менделеев бул инсан менин оюмча… деген темада эссе жазып келүү.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!