Просмотр содержимого документа
«Мен жазган автордук ырлар. "Тейит" айылыма арналат.»
“Тейит” дейт мен өскөн айылды
Өзбекистан Андижан облусуна караштуу Ханабад шаары Тейит айылы
(2015)
Тейит дейт мен өскөн айылды
Сыйлаймын жашыңды-карыңды
Сагынам алыстап кеткенде
Суу кечип ,ойногон сайымды
Айылым,айылым,айылым
Көркөмүң көңүлгө бир жакыным
Эзелтен сакталып келе жаткан
Салттары кыргыз эл калкымдын
Айылым,айылым,айылым
Көркөмүң жүрөккө бир жакыным
Койнуңда эркелеп чоңойгон
Кабыл ал ырларын кызыңдын.
Тейит дейт мен өскөн айылды
Сыйлаймын жашыңды-карыңды
Сагынам балалыктын алтын күндөрүн
Сагынам балалыктын шаңдуу үндөрүн
Чоңойдум “Кызгалдак” бала бакчада
Бой жетип жетилдим Тейит айылымда
Окудум, билим алдым эң кооз шаарда
Төрөлүп өскөнмүн Ханабад шаарында
Экинчи Швецария аталып келсин
Көркөмүнө көрк кошуп жүрө берсин
Адамдары ынтымакта, биримдикте
Сыйлашып, урмат-сыйда жүрө берсин
Алтын балалыгым бала бакчада
Окуучулук күнөрүм ак мектепте
Шаңдуу жургөнүм музыка мектепте
Студенттик күндөрүм колледжимде
Кала берди эсимде жана көз ирмемде
Сагынам баарынан өз айылымды
Сагынам баарынан кооз шаарымды
Сагынып зарыгып барып калсам
Кучак жайып тососуңбу Тейит айылым?
Тейит дейт мен өскөн айылды
Сыйлаймын жашыңды-карыңды
Койнуңда эркелеп чоңойгон
Кабыл ал ырларын кызыңдын