СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен жазган автордук ырлар. "Мугалим" жонундо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Оз ара усул алмашуу. Билбегенди уйронуу жана билгендерди жайылтуу 

Просмотр содержимого документа
«Мен жазган автордук ырлар. "Мугалим" жонундо»













АНА-КЫЗЫЛ 2019-ЖЫЛ



Каратаева Нургул Мухамадисаевна

МЕН ЖАЗГАН ЫРЛАР”

Өнөрлүүнүн аты өчпөйт эч качан...







Мен мугалим.

(Ана-Кызыл айылы 30.09.2020)

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Сабак берем окуучума жан дилден Келечекте туура жолду тандашын Мен мугалим окуучума ишенем!

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Мектепти көздөй жөнөйм таң эрте Жаңы нерсени үйрөтөйүн деп бүгүн Шашып барам,окуучума,мектепке

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Сабак берем окуучума жан дилден Алтыным деп өз баламдай эркелеп Кучагыма тосуп алам,келгин деп.

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Күнү-түнү бир нерсени изденген. Окуучум жакшы окуп, сулуу жазып, Сөздөрдү так сүйлөсө, Жашоодо өз ордуну табышына ишенем.

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Сабак берем окуучума жан дилден...



А.Өмүрзаков атындагы 57 орто мектебинин

сүйүктүү мугалимдерине арналган ыр десте (30.09.2016)

Ак мектепти башкарып таалыкпаныз эжеке

Сизге арнап ыр сунайын майрам менен эжеке

Сизден алат кеӊешти канчалаган мугалим

Менда алар катарында болуп турам мугалим

Ден соолукта болунуз сиз даайыма эжеке

Майрамыныз кут болсун

Шайыр-шаттуу Назира эжеке



Жүзүӊуздөн нур тарап кулуп турат даайыма

Билбегенди уйротуп тушундурос баарына

Талыкпастан эмгек кылып журо берин эжеке

Майрамыныз кут болсун

Нурлуу жуздуу Канзада эжеке



Уюштурат мектеп иштин баарысын

Тарбияга чакырат жаштын дагы карысын

Майрамыӊыз кут болсун Үүрүлбү эжеке

Кабыл алыӊ сизге арнаган жылуу сөздү эжеке

Балдардын ар бирине кызыгасыз чекеден

Кандай жашайт кандай турат кайгырасыз тенме тен

Жашоодогу баскан жолун туура жолго саласыз

Базаргүл эжеке кут болсун майрамыныз.



Ноталарды уйротуп музыканы жанырткан

Балдарды Конкурстарга ырлар менен тааныткан

Майрамыныз куттуу болсун Абдуваит агай

Күүлөрүнүз жаӊырсын мектебибизде агай



Мындай кылсам андай кыл деп каталыкты ондогон

Убакытка карабастан ар бир ишти корсоткон

Туура жолду ачып мага жардам берет дагы да

Башталгыч класс мугалимдери жалпынарга ырахмат

Куттуу болсун баарыӊырга бугунку майрамынар

Билимдердин падышасы математика сабагы

Билимдердин ханышасы кыргыз тил, адабият сабагы

Химик физик биологтор сабактардын татаалы

Сиздер менен бул сабактар билимдердин бутагы



Мен айтканды билемин What is the name?

Мен айтканды билемин WHO ARE YOUR?

Мен айтканды билемин My name is Nurgul

Калганын уйротосуз чет тил мугалим.

WINDOWSту үйрөтүп кызыктырас сабака

Компютердин маалыматын тереӊ берес баарына

Клавиштер эзилгенде бирин-кетин жазылып

Информатика мугалими үйрөтүп п барат жалпына

Тундук туштук чыгыш жана тээтиги батышты

Үйрөтөсүз карта менен кандай барышты.

Сиздерди куттуктаймын географик эжекелер

Майрамыныз кут болсун тырышчаак эжекелеp



Спорт балдарга абдан керек

Спорт менен достошсок ден соолук берет

Туз тургула туздонгуло Командасыны берип

Ишке да сабака да шай турат келип

Сизди да Куттуктаймын физрукчу агай



Как прекрасин и велик русский близкий нам язык

Я на нём как родном разговоривать привык

На учил этому мой родной учитель руссково языка

Не уставайте учитель учить русского языка

Вам желаю семейный счастя и здоровя

С праздником коллеги с днём учителя

Ар бир улут тарыхын

Баяндайсыз сиз тереӊ

Сен да улуу инсан бол деп

Салым кошос теӊме-теӊ

Тарыхты даӊазалап билим берес эжеке

Майрамыӊыз куттуу болсун тарыхчы эжекелер

Жылдын мыкты мугалими-2019” сынагына арналган

ӨЗҮН ТААНЫШТЫРУУ ЫРЫ (5.02.2019)

Ассалому алейкум.

Арбаӊыздар.

Атаңдаштар,калыстар кандайсыңар?



Өзүмдү таныштырып мен өтөйүн

Төрөлгөнмүн Өзбекстан өлкөсүндө

Миң тогуз жүз сексен тогуз жылынын

Аяк оона айынын сегизинде

Бул дүйнөгө келгенмин жума күнү

Чоң энем ат коюуптур Нургул деген



Мугалим болуу бул улуу кесип,

Буйруду мага дагы насип этип.

Ата-энемдин ак батасы колдоп мени,

Мынаке жаныңарда турам келип.

Мен дагы мөмөлүү дарак сымал,

Мөмөлүү дарагым көктөсө дейм.

Көктөгөн дарагым гүлдөп турса,

Гүлдөрү көп мөмөнү алса экен дейм.

Ийилсе да,сынбастан мөмөлөрү

Жерге тийбей төгүлбөй бышса экен дейм.

Мугалим болуу бул улуу кесип

Буйруду мага дагы насип этип.



Мугалим болуу менен чектелбестен

Кез-кезде ырлар жазып,кийим тигем,

Күндөгү көрсөтмөлүү сабак үчүн

Ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келем

Мына мындай гүлдөрдү жасап алып

Азыр мен маанай ачып бийлеп берем

Мугалим болуу бул улуу кесип,

Буйруду мага дагы насип этип.

МЕКЕН (10.04.2017)

Мекенде торолуп,осуп чонойдук

Мекенди коргойлу биз да туболук

Ала Тоонун суусу таза,абасы таза

Ата журтка кызмат кылган перзент болойлу.

АЛИППЕ КИТЕБИНЕ (10.04.2017)

Суйуктуу Алиппебизди

Тосуп алалы жалпыбыз

Уйронгон ыр,макалдарды

Айталы биз баарыбыз.

АЛИППЕ КИТЕБИНИН СӨЗҮ (10.04.2017)

Мени менен биргелеп

Келди Адабий окуу

Анын дагы создорун

Угуп алгын жаш курбум.



Мектеп мугалимдерине 15.04.2020 03:15

Ак мектепти алга карай шилтеп келген,

Көптөгөн окуучуга билим берген.

Канчалаган мугалимге кеңеш айтып,

Өз мээримин күн сыяктуу чачып келген.

Менин сүйүктүү кесиптеш мугалимдер

Мектептин эрктүү, күчтүү, жүзү сиздер!

Талыкпастан изденип эмгек кылып,

Мектепти даңазалап жүрө бериңиздер!.

Улуу кесипти аркалаган издеңүүчү мугалим,

Акыл-насаат, өз билимин берип келген мугалим.

Ар бир окуучуга өзүнчө көңүл буруп,

Жүрөктөгү жылуулугун сунуп келген мугалим!.

Каратаева Нургул (өз калемиме таандык)

Сиздерди сагынып жаздым мени окуткан,мага билим берген эже-агайлар.Ден-соолукта болуп, талыкпастан, сабырдуулук менен иштей беришиңиздерге тилектешмин.

Турмушта колдонуп ар бир алган билимди

Эңсеп,эстеп, сагынабыз эже-агай сиздерди

Таалим тарбияны берип келди мугалим

Кенен жолду көрсөткөн сизсиз асыл мугалим

Таазим кылып алкыш айтам дайыма мен сиздерге

Келечекке жол ачкан мугалим агай-эжеке!

ЭГЕР СҮЙСӨҢ (14.05.2008)

КӨЗҮНӨ ТИК КАРАЙ АЛБАЙМ,

ДЕН СООЛУГУН СУРАЙ АЛБАЙМ

ЭГЕР ЖАНЫМ СҮЙӨМ ДЕСЕҢ,

СҮЙӨМҮН ДЕП АЙТА АЛБАЙМ

КАНТЕМ ЭМИ? (18.05.2008)

Бир жерде биз болсок да

Көргүм келет өзүңдү.

Көрүшкөндө сени менен,

Карай албайм көзүңө мен.

Сүйүү сезими.

Бул кандай сезим экен?

Түшүнбөдүм бул сезимге

Турмушта да болор экен,

Балким бул сүйүү бекен?

КҮТҮП КАЛАМ (18.05.2008)

Билгим келет сенде болгон сезимди,

Көргүм келет сенин сырдуу көзүңдү.

Күтүп калам сенин бир белегиңди.

Сени сүйдүм деген бир ооз сөзүңдү.

МЕНИН ТИЛЕГИМ.(15.01.2010)

Мен тилеймин эч качан ичпешиңди,

Мен тилеймин эч качан чекпешиңди.

Мен тилеймин Айгулум деп келишиңди.

Кабыл алсын ушунда тилектерим.,



Мен тилекмин колуңдан гүл үзүлбөсүн,

Мен тилеймин жолуңдан нур үзүлбөсүн

Арзууларың кара жерге көмүлбөсүн

Кабыл алсын ушундай тилектерим

Мен тилеймин сени менен болгонду.

Мен тилеймин бактылуу өмүр сүргөндү,

Мен тилеймин сүйгөнүмө жеткинди,

Кабыл алсын ушундай тилектерим



Мен тилеймин ден соолукта болушуңду

Мен тилеймин узун өмүр сүрүшүңдү

Мен тилейминсүйгөн жарың болумду

Кабыл алсын ушундай тилектерим



Арзууларым тоо-таштардай тик турат

Арзууларым тоо-зоолордо бийик турат

Арзууларым алга карап кадам таштап

Арзууларым көчпөй турган дубал курат.



Арзууларым жолдон дагы чексиз-чексиз,

Арзууларым асмандан да чекси-чексиз

Кудайымдан сураймын мен ушуларды,

Кабыл алсын ушундай тилектерим.

МЕНИН ОЙЛОРУМ. (02.06.2010)

Жүрөктөгү сырларымды айткым келет,

Достук колун сага сунгум келет.

Сени дайым элесимде ойлогонумда,

Ушундай болор бекенби деп ойлор берем.

КАЧАН АЙТАМ? (16.06.2010)

Жүрөгүмдүн жүрөгүнүң түбүндө бир жүрөк бар

Ал жүрөктүн ичинде жашырган сырларым бар.

Жашырган сырларымды качан айтам

Айтаар бекенмин деп күтүп жашайм.

КЫЗГАНАМ (18.02.2010)

Кызганам мен минтип кызганам.

Көңүл буруп окуурсуң сага жазылган

Ушундай кызганам мен ушундай

Жазамын кызганып сени жашырбай.



Сен азыр жашоомдо жок болсоң дагы

Кыялымда элесимде дайым жашайсың

Ким экениңди билбесем дагы

Кызгана беремин сени жашырбай



Сени мен кызганам жалгыз өзүмдөн,

Сени мен кызганам эки көзүмдөк

Сен мен кызганам ширин сөзүмдөн,

Жашырбай кызганам дагы кызганам



Сени мен кызганам балдай тилимден

Кени мен кызганам аппак дилимден

Сени мен кызганам дагы кызганам

Жашырбай кызганам дайым кызганам.



Сени мен кызганам жансыз денемдем

Сени мен кызганам сансыз демимден.

Сени мен кызганам дагы кызганам

Жашырбай кызганам дайым кызганам.



Сени мен кызганам күлгөн жүзүмдөн,

Сени мен кызганам шаңдүү үнүмдөн.

Сени мен кызганам нурлуу жүзүмдөн

Сени мен кызганам сурдуу түнүмдөн



Сени ен кызганам айткан сырымдан

Сени мен кызганам жазган ырымдан.

Сени мен кызганамдагы кызганам,

Жашырбай кызганам дагы кызганам



Сени мен кызганам кыздарндан эмес

Сени мен кызганам элестен кетпес

Сени мен кызганам колум да жетпес

Жашырбай кызганм дагы кызганам



Кармап турган кызыл гүлүңдөн

Кызганамын сени

Сунаарсың ак көңүлдөн,

Сүйөмүн деп,- мен сени



Кызганычым жоголбойт изсиз,

Кызганамын мен аны чексиз

Суранамын бир гана жалгыз кудайдан

Мени ага,аны мага жеткиз.

Кызганычым түгөнбөс узун жолдордой

Кызганычымтик турат бийик тоолордой

Кызганычым жоголбос тунук сүйүүдөй

Кызганам жаным деп сени кызганам



Кызганычым туп-тунук агып турат суулардай

Кызганычым туп-тунук шылдыраган булактай

Кызганычым асмандагы ак булуттардай

Көктө жүрөт,кезип жүрөт,учуп жүрөт куштардай



Кызганычым шамалдардай шыбырап турат

Кызганычым кумурскадай гыбырап турат

Кызганычым жүрөгүмдүн түбүндө дагы

Бир сезимди сезгендей тыпырап турат.



Балким сен аны билбешиң мүмкүн

Балким сен аны сезбешиң мүмкүн

Балким сен аны көрбөшүң мүмкүн

Ошон үчүн дагы да сени кызганам.



Жазсам дагы,айтсам дагы сөз да көп

Кызгансам коздөрүмдөн жамгыр төгүлөт

Сездирбестен, билдирбестен,көрдүсбөстөн

Өмүр бою,түбөлүккө сени кызганам.



Турмуш шартка байланыштуу күйөөсүнөн ажырап 4 баланы багам деп иштегени келген бир мигрант эженин арманын уктум.САНАБАР ЭЖЕ ҮЙ-БҮЛӨСҮН САГЫНГАНДА МЕН АНЫ ЫРГА САЛЫП ЖАЗДЫМ

(Новосибирск 24.12.2008)

Күнү-түнү иштедим.

Сен кадырым билбедиң

Ыйласам да,сыздасам да

Кел десем да келбедиң.

Сенден алыс болсом да

Озүңдү мен эстедим



Түндө үйгө барамын

Жолуңа көз саламын

Келер бекенсиңби деп

Ойлонуп мен турамын



Ооруп калган кездерим

Мага карайт бир инсан

Ага рахмат айтамын

Насип этсин сүйүктүү жар



Балам деп аны эркелеп

Балдарымды эстеймин

Сен алыста болсоң да

Жанымда деп эңсеймин



Көңүлүмдү көтөрөт

Бирге турган туугандар

Эрте келип,кеч кетем

Билесиңерби адамдар?



Кадырыма жетпеген

Жалгыз бир адам бар

Жолдошумдун жанында

Бетаныш бир адам бар



Тилеймин мен кудайдан

Инсап берсин инсанга

Сак болоюн,бар болоюн

Перзенттерим бактыма

Турмуш шартка байланыштуу күйөөсүнөн ажырап 4 баланы багам деп иштегени келген бир мигрант эженин арманын угуп ушинтип ыр жаздым.Санабар эже уулунун туулган күнүнө ыр жазып бер деп суранган эле уулуна арналган ыр (28.12.2008)

Сезбей калыптырмын чоңойгонуңду

Мын бугүн уулум сен бой жетилипсин.

Кече эле тойпоңдоп жүрчү элең сен

Бугүн болсо көз салсам эр жетилипсин.



Туулган күнүң кут болсун уулум,

Он беш курагын кут болсун уулум.

Элиңди,жериңди,ата-энеңди,

Коргойтурган,азамат жигит бол уулум!



АЙЫЛДЫ САГЫНЫП (13.01.2009)

Мен бугүн сагындым ошол айылды,

Адырлуу,аскалуу,алма багымды,

Сенин жаныңда мен өсүп чоңойдум,

Сагынып жашаймын сенин жытыңды.



Күн чыгат жаркылдап мага жылмайып,

Сагындым тупрагың,тунук сууңду.

Эстеймин айылда өткөн күндөрдү,

Мени сагындыңбы “Тейит” айылым?.

Азыр мен алыста жүрөм сагынып,

Жакында барамын сенин жаныңа.

Күтүп аласыңбы кучагың жайып,

Мени сагындыңбы “Тейит” айылым?.

Тейит” дейт мен өскөн айылды

Өзбекистан Ханабад шаары (2015)



Тейит дейт мен өскөн айылды

Сыйлаймын жашыңды-карыңды

Сагынам алыстап кеткенде

Суу кечип ,ойногон сайымды



Айылым,айылым,айылым

Көркөмүң көңүлгө бир жакыным

Эзелтен сакталып келе жаткан

Салттары кыргыз эл калкымдын



Айылым,айылым,айылым

Көркөмүң жүрөккө бир жакыным

Койнуңда эркелеп чоңойгон

Кабыл ал ырларын кызыңдын.



Тейит дейт мен өскөн айылды

Сыйлаймын жашыңды-карыңды

Сагынам балалыктын алтын күндөрүн

Сагынам балалыктын шаңдуу үндөрүн



Чоңойдум “Кызгалдак” бала бакчада

Бой жетип жетилдим Тейит айылымда

Окудум, билим алдым эң кооз шаарда

Төрөлүп өскөнмүн Ханабад шаарында



Экинчи Швецария аталып келсин

Көркөмүнө көрк кошуп жүрө берсин

Адамдары ынтымакта, биримдикте

Сыйлашып, урмат-сыйда жүрө берсин



Алтын балалыгым бала бакчада

Окуучулук күнөрүм ак мектепте

Шаңдуу жургөнүм музыка мектепте

Студенттик күндөрүм колледжимде

Кала берди эсимде жана көз ирмемде



Сагынам баарынан өз айылымды

Сагынам баарынан кооз шаарымды

Сагынып зарыгып барып калсам

Кучак жайып тососуңбу Тейит айылым?



Тейит дейт мен өскөн айылды

Сыйлаймын жашыңды-карыңды

Койнуңда эркелеп чоңойгон

Кабыл ал ырларын кызыңдын



БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ ТАЖИБАЕВА БАКТЫГУЛ ЭЖЕКЕМЕ

“А” тамгасын үйрөткөн

Биздин алтын мугалим

Колго ручка карматкан

Биздин алтын мугалим.



Шок болсок да эжеке

Тынбай билим берчүү эле.

Ооруп калган кездерин

Бизге билдирбөөчү эле.



Биз аны да билбестен,

Кыйкырып,ызылдаачу элек

Эжекебизди ооруткан,

Жалгыз гана биз элек



Бир күнү эжекебиз,

Катуу ооруп калдыптыр

Классташтар чогулуп,

Баарыбыз бир оңолуп,

Кичине болсо да чоңоюп.

Адам болуп баарыбыз,

Эжекени сагынып,

Өзүбуздөн тарынып,

Сабактарын сагынып,

Эжекеге талпынып,

Айыгып калышын каалап,

Эжекенин көргөнү

Үйүнө да барганбыз.

Ыраазыбыз сизден эжеке,

Бар болуң дайым эжеке.

ЖОГОРКУ КЛАССТАГЫ ЖЕТЕКЧИМ РАМАТЫЛЫК АБДУЛЛАЕВА СУРМА ЭЖЕКЕМЕ.

Эжекелер ичинен

Татынакайсыз эжекем,

Сулуулардын сулуусу

Мээримдүүсүз эжекем.

Өзүңдөгү билимди

Бизге бердиң талыкпай

Жүргүн сен ар дайым,

Кайгы-муңга кагылбай.

ЧОҢ ЭНЕМ БУЛ ДҮЙНӨӨДӨН КӨЗ ЖУМГАНДА

Нүрү кызым келиңби деп

Айта турган энем жок

О кудайым эмне кылдың?

Көздөй болгон караан жок



Үй төрүндө олтурган

Сүйүктүүгүм энем жок

Андай кылсак мындай кыл деп

Тергей турган энем жок



Тоюңарды көрөм

Айткан элең энем ой

Тоюбузду көрө албастан

Эрте кеттиң энем ой



Анардай болгон жүзүңдү

Көрө албадым энем ой

Жаздын ыссык кезинде

Кайда кеттиң энем ой



Балдарыңды арманда

Калтырдың го энем ой

Неберелериң бактысын

Тилейт элең энем ой

Кара жерге шашылып

Эрте кеттиң энем ой



Эгиндерди эгиште

Жардам берген энем ой

Огоротко от басса

Отоп кеткен энем ой



Тополоң жалгыз балаңды

Таштап кеттиң энем ой

Коштошо албай арманда

Калтырдың го энем ой

Сары май,нооваттарДЫ

Ким жейт эми энем ой

Пенсияңдан чотурду

Ким берет эми энем ой

Бекиткен конфеттерин

Бере турган энем жок

20 ЖАШКА ТОЛГОНУМДА ЖАЗЫЛГАН ЛИРИКАЛАР

Кубанычка толсун ар күнүң

Дайыма күлүп жүргүнүң

Айтылсын сага бир сөзүм

Ден-соолукта жүргүн сен өзүң



Досуң сени куттуктап

Келди бүгүн жаныңа

Эстеликке белекти

Сактап койгун дайыма

Дүйнөөгө келдим мен игсан болуп,

Колум-бутум,төрт мүчөлү үт оңолуп

Жаралып,айландым адам затка

Ааламдын жараткан бир кулу болуп.

ЭСКЕРҮҮ

Ойлонуп эстейбиз өткөн күндөрдү

Балалык ызычуу добуш үндөрдү

Бакырып-чакырып бирге эстцли

Кел курбум кубантып назик көңүлдү.

Бала кездерибиз кандай соонунда

Талашып-тартышып бир жарышканда

Кайрадан балалыктын көчөсүнд

Адашып калалычы биз карыганда.

ЭСТЕЛИКТИ ЖАЗАМ ДЕП ДОСТУРУМА КАЙРЫЛЫП

Көп аракет кылдым мен

Эстелик ырын жазам деп

Унутпаймын силерди

Досторум деп эсептеп.

Балким бул эстелик

Калаттыр бир күн эскирип

Эскирсе да этелик

Калбасын жерде тепселип.

Алыстап досум кетпейли

Бири-бирибизди эстейли



Кай жерде биз болсок дагы

Кабарлашып туралы

Биргелешип албетте

Достук үйүн куралы



Жүрсүн дайым өнүгүп

Достугубуз түбөлүк

Дос жөнүндө жазбасам

Калбайын кийин өкүнүп

ДОСТОРУМА

Менде калат би гана достук сагыныч

Кетпесин эч качан жүзүңөрдөн күлкү-кубаныч

Досторум арадан канча жыл өтсө дагы эстеликти

Эскирсе да,эстеликти,эстеп аны окуп койчу сураныч

АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮ (16.12.2009)

Жашоомдо биринчи алгачкы сүйүүм

Азыр се кайдасын жан сүйүктүгүм

Алыстабай келчи тезирээк келчи

Жаным деп эркелеп,сүйүңдү берчи

САГЫНЫЧ (11.01.2010)

Сагынычка толот менин жүрөгүм

Сагынсам да айла жок эстеп жүрөмүн

Сагындым деп айта албай эч качан сага

Бирок жаза берем сагынганымды



Эгер сен сагынсаң мен да сагынам

Сагынычтын багында күндө адашам

Адашып калганымда жаныма келип

Кызыл гүл сунушуңду кыялдап турам



Мен да сагынам алыста болсоң

Бирок айта албаймын сагынганымды

Жазамын олтуруп түркүн ырларды

Дагы жаза берем сагынганымды.

Жаным сени сагынам

Сагынычка багынам

Ыссык сезим жүрөкту

Ээлеп алса не кылам?



Жол да таппай калдым

Махабаттын айынан

Оролошуп чыгалбай

Сырдуу сүйүү дардынан



Мен сени дайыма эсте сагынам

Мен сени дайыма эңсеп сагынам

Сагынам бир гана жалгыз өзүңдү

Дагы жаза берем сагынганымды

АЛТЫН БАЛАЛЫГЫБЫЗ (19.12.2009)

Шайыр-шаттуу,ызычуу биздин балалык

Чуркашып ойношкон алтын балалык.

Кайрылып карачы,бизге карачы

Бактылуу балалык,алтын балалык.



Бактылуу балалык,алтын балалык

Сендей жаш болуп биз да калайлык

Арадан канча жыл күндөр өтсө да

Бактылуу балалыкты эстеп калайлык



Ушундай бактылуу,алтын балалык,

Эмне үчүн бизден сен алыстап кеттиң?

Кайра балалыкка биз кайрылабыз

Балалыкты эстегенде биз сагынабыз.

МЕН СЕНИ КИМ ДЕП АТАЙМЫН? (12.01.2010)

Жашоомдогу алгачкы менин сүйгөнүм

Сени сүйсөм ошол болот отто күйгөнүм

Жалында жансамда ,сүйүп калсам да

Жүрөгүмдө бир сезимди бекем түйгөнмүн



Жашоомдогу түбөлүктүү менин сүйгөнүм

Ким деп атаймын эми мен сени

Кантип чакырам эми мен сени

Атыңды да атай албайм эми кантемин?



Эгерде атасам сени жолдошум

Ал сөздү айтканымда кудай колдосун

Титиреп сүрдөнүп менин жүрөгүм,

Атыңды да айта албайм эми кантемин?



Менин сени атасам жакын инсаным

Колдойт мени ошол кез жалгыз кудайым

Ошондо да колдобосо мени кудайым

Анда эмесе мен сени ким атаймын?



Атайын ар дайым сени Бегим деп

Дайыма жаныма тезирээк келиң деп

Ал сөдү айтамын эми мен кантип

Бирок атагым келди сени ошентип



Бегим деп атасам эгер мен сени

Ким атайсың анда сен мени?

БИР ҮМҮТ (21.01.2010)

Менин алтыным ал дүйнө жүзүндө

Менин жакынынм ал жердин төрүндө

Асманда да калкыйт шамал сыяктуу

Бирок ал алыста жүрөт көрүнбөй



Ишенем ал мага бир күн көрүнөт

Көрүнөт ал мага тулпар жигиттей

Жүгүрүп барайын кучагын ачса

Кучактайт ал мени шумкар жигиттей



Жылмайып карайбыз бири-бирибизге

Сагынычтан сөз да келбейт ширин тилибизге

Тиктешип калабыз биз кайра-кайра

Бир үмүттү түйгөндөй ак дилибизге.

СҮЙҮҮ ЭЛЕСТЕРИ (21.01.2010)

Сүйүүбуз токуса чоң деңиздердей

Сүйүүбуз бүчүр алса жаз мезгилиндей

Сүйүүбуз жүрөктөрду элжиретпей

Түбөлүккө жүрсүн дайым бизден алыс кетпей.

Сүйүүбуз жашарат жаш балатыдай

Сүйүүбүз мөмө алат алма сыяктай

Сүйүүбуз солубайт үзүлгөн гүлдөй

Түбөлүккө жашасын узун-өмүрдөй



Сүйүүбуз асманда куштардай учат

Сүйүүбүз тунук сууда балыктай сызат

Сүйүүбуз түбөлүккө дайым биз менен

Ширин турмушта да бизге талпынат



Сүйүүбүз көңүлдөрдү кубантса экен

Сүйүүбүз өмүрлөрдү узартса экен

Сүйүүбүз түбөлүккө дайым биз менен

Татынакай жашоону бизге берсе экен.

АРЗУУМДАГЫ ИНСАНЫМ (21.01.2010)

Арзуумдагы инсаным

Дем бересин сен мага

Элестетип өзүңдү

Эстейм сени күн сайын



Ар убакыт эстеймин

Ар демимде эңсеймин

Кыялымда мен сага

Жарың болоюн деймин

Эркелетчи гүлүм деп

Нурлуу-нурлуу күнүм деп

Эркелетчи дагы сен

Сырдуу-сырдуу түнүм деп



ӨЗҮМ ӨЗҮМӨ АРНАГАН ЫР (21.01.2010)

Периштедей Нургүлүм

Каткырып сен күлгүнүң

Ыйлабагын эч качан

Жаңырып турсун бир үнүң



Кубанычтуу болсун ар күнүң

Ар убак күлүп жүргүнүң

Ден-соолукта болушуңду

Дайым тилейт Нургүлүң



Күнүгө каткырып күлгүн сен

Бактылуу өмүр сүргүн сен

Кол кармашып жарың менен

Бирге басып жүргүн сен.



Арзууңдагы инсаның

Келет,аны күт дайым

Алып кетет алыска

Сен ойлогон жактарга

Жүрөгүнө жашырбай

Жаза бергин ырларды

Көптөгөн ак баракка

Таза калтыр сырларды

Кайнэнеме арналат

Билбегенди үйрөткөн менин кайнэнем

Билбегенди сүйлөткөн менин кайнэнем

Апа ордуна апа болуп келе жаткан

Апамдай мээрим төккөн менин кайнэнем

Үй төрүндө насаат айтып олтура бериң

Күлкү-шаңга улай берсин неберелериң

Балпайган байбиче болуп ар дайым

Мен да болсом экен сиздей кайнэне

Ата-энеме 14.02.2015

Ава сенин ак батаңды алалсам дейм

Апа сенин ак сүтүңдү актасам дейм

Ушундай апапакай тилектериме

Жараткан мени дагы жеткирсе дейм



22.02.2015

Алпештеп нур заманда апам бизди төрөгөн

Алпештеп ак бешикке апам бизди бөлөгөн

Авам болсо баш-каш болуп, эч нерседен кем кылбай.

Мээнет кыл деп,адам бол деп туура жолду көрсөткөн.

Күнү-түнү уктабастан авам-апам,

Эки уул ,эки кызды чоңойткон.

Ыраазымын дайыма аво-апо мен сизден.

Мен да болсом экен ата-эне сиздей.

Ата-эне сен бар үчүн жарык дүйнөм

Сен бар үчүн арманым жок жашап жүрөм

Үй төрүндө олтурсаң жаратканга шүгүр дейм

Перзент-неберелерин бактына аман болгун ата-энем.

Сыйласак деп жетишинче алыбыз

Жандай сүйүп алпештейбиз барыбыз

Нурлуу жүзүн күлүп жүрсүн ар убак.

Жаз майрамың куттуу болсун “Аял зат”





Мектеп мугалимдерине 15.04.2020 03:15

Ак мектепти алга карай шилтеп келген,

Көптөгөн окуучуга билим берген.

Канчалаган мугалимге кеңеш айтып,

Өз мээримин күн сыяктуу чачып келген.

Менин сүйүктүү кесиптеш мугалимдер

Мектептин эрктүү, күчтүү, жүзү сиздер!

Талыкпастан изденип эмгек кылып,

Мектепти даңазалап жүрө бериңиздер!.

Улуу кесипти аркалаган издеңүүчү мугалим,

Акыл-насаат, өз билимин берип келген мугалим.

Ар бир окуучуга өзүнчө көңүл буруп,

Жүрөктөгү жылуулугун сунуп келген мугалим!.

Турмушта колдонуп ар бир алган билимди

Эңсеп,эстеп, сагынабыз эже-агай сиздерди

Таалим тарбияны берип келди мугалим

Кенен жолду көрсөткөн сизсиз асыл мугалим

Таазим кылып алкыш айтам дайыма мен сиздерге

Келечекке жол ачкан мугалим агай-эжеке!

Каратаева Нургул (өз калемиме таандык)

Сиздерди сагынып жаздым.Ден-соолукта болуп, талыкпастан, сабырдуулук менен иштей беришиңиздерди каалайм.

















А.Өмүрзаков атындагы №57 орто мектебинин жалпы мугалимдерине арналат

Автор:Каратаева Н.М.

Биздин сүйүктүү мугалимдерибиз Мектептин эрктүү, күчтүү, жүзү сиздерсиз! Талыкпастан изденип эмгек кылып, Мектепти даңазалап жүрө бериңиз.

Улуу кесипти аркалаган издеңүүчү мугалим, Акыл-насаат,өз билимин берип келген мугалим. Ар бир окуучуга өзүнчө көңүл буруп, Жүрөктөгү жылуулугун сунуп келген мугалим!

Турмушта колдонуп ар бир алган билимди Эңсеп,эстеп, сагынабыз эже-агай сиздерди Таалим тарбияны берип келет мугалим Кенен жолду көрсөткөн сизсиз асыл мугалим Таазим кылып алкыш айтам дайыма мен сиздерге Келечекке жол ачкан мугалим агай-эжеке!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын. Каратаева Нургул Мухамадисаевна.

1-октябрь 2020-ж

Мен мугалим.

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Сабак берем окуучума жан дилден Келечекте туура жолду тандашын Мен мугалим окуучума ишенем!

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Мектепти көздөй жөнөйм таң эрте Жаңы нерсени үйрөтөйүн деп бүгүн Шашып барам,окуучума,мектепке

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Сабак берем окуучума жан дилден Алтыным деп өз баламдай эркелеп Кучагыма тосуп алам,келгин деп.

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Күнү-түнү бир нерсени изденген. Окуучум жакшы окуп, сулуу жазып, Сөздөрдү так сүйлөсө, Жашоодо өз ордуну табышына ишенем.

Мен мугалим эрте-кечти билбеген, Сабак берем окуучума жан дилден...




















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!