СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен китеп жөнүндө сыймыктануу менен айтып берем.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен китеп жөнүндө сыймыктануу менен айтып берем.»


Дилбаян









Мен китеп жөнүндө сыймыктануу менен айтып берем


10/Г класс


Аткарган: Максатбек кызы Каныкей









Кажы-Сай - 2019

Мен китеп жөнүндө сыймыктануу менен айтып берем.

,,Китеп-билим булагы, билим-өмүр чырагы"-деп айтылгандай китеп бул адамзат ойлоп тапкан эң сонун табылгалардын бири.Китептен биз көптөгөн жакшы нерселерди ала алабыз.Алардын эң негизгиси илим жана билим. Ал эми илим, билим адамга кут алып келүүчү улуу мүлк. Адамдар жашоосунда билимге эзелтен маани берип келишкен. ,,Китеп билим булагы", "Китепсиз бардык тармактардагы илим-билимди билүү, таануу өтө кыйын" демекчи кайсыл өнүккөн өлкөнү албайлы,алардын жашы дагы, карысы дагы китепканага барып китеп окушат. Бул алар үчүн күнүмдүк көрүнүш болуп калган. Алар китеп окуп, өздөрүнүн билимине билим кошуп, эбегейсиз чоң жетишкендиктерге жетишишкен. Кыйынчылыктарды акылдуулук менен чечишип, өз өлкөсүнүн экономикасына салымын кошуп келишет. Гулдөп, өнүккөн өлкөлөрдү билим алуу менен, китепканалардан китеп окуу менен, түптөп жатышышат. Ушунун баарын окуп, уккандан кийин "китеп" - бул эмне, китептин сыйкыры барбы деген ойлор ойго келбей койбойт. Ал эми китепти карасак жөн эле бир нерселер жазылган барактардын жыйнагындай көрүнөт. Бирок ошол китепти окуу менен өзүңө сыйкырдуу дүйнөнү ачып алсаң болот. Биз китепти окуп жатып, бир өзгөчө, ажайып кооз дүйнөгө барабыз,ошол китептеги чыгарманын каармандары менен кошо жүргөнсүп, ак менен караны, жакшылыкты жамандыктан ажырата билип, алар менен бир окуяда жүргөндөй сезебиз, кубанычтуу окуя болсо кубанып, ал эми кайгылуу китеп же окуя болсо кошо кайгырып, ал түгүл ыйлап да жеберебиз. Кызыктуу саякаттка аттанабыз, эркиндиктерге шыктанабыз. Китеп биздин досубуз жана жардамчыбыз. Китеп өмүргө гүл азык, китеп биздин доорубуздун күзгүсү, ал кары-жаштын баардыгына бирдей кереги тийет.

Китеп досуң, китеп сенин сырдашың,

Китеп өмүр,китеп жаным кыйбасым.

Укмуш сырлар уюп калса элде деп,

Билем сенин сергек иште тынбасың.

Анда эмесе артык баалап китепти,

Акын жүрөк лирикасында ырдасын.

Ушул ыр саптарында айтылгандай китепти сүйөлү, баалайлы, барктайлы.Анткени бир китепти канча киши колдонот. Китеп муундан-муунга өтүп келген жана өтө берет. Ушунун бааран билсек да китепке биз аяр мамиле кылбайбыз, баркын билбейбиз.

"Китеп- адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багуунун, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп- адамдарды байланыштырат"-деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да эскерип кеткен.

Китептин чыгысуунун көптөгөн тарыхы бар. Алгачкы китептерди байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай такчага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин таякчаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай такчалардан китептер түзүлүп куралган. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып, өткөрүлгөн жука бамбук такчалар түрүндө болгон. Кийинчээрек кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүң жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырылып узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египед папирусту ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары байыркы Греция менен Римде да дээрлик эки миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышалыгы учурунда жаңы жазуу материалы катары айбанаттардын терисинен пергамент жасашкан. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгондуктан,Байыркы Греция менен Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган такчага учтуу таякча менен жазышкан, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми Орто кылымдарда Комитети пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен жазышкан. Бактарды бүктөлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме менен капташкан. Китеп даярдоо биздин заманга чейин 7-кылымда Египеттен Грецияга, андан Римге өткөн. 105- жылы кытай чебери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгачкы китеп 11- кылымда Кытайда пайда болгон. Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, 15-кылымдан баштап китеп басылып чыга баштаган. Орустун байыркы кол жазма китеби 11-кылымдарга таандык. Ойлоп табуучу Гутенберг эң жөнөкөй станок менен китеп чыгыргандан кийин китеп тарыхында жаңы доор башталган. Ал 12 саптуу Библияны полиграфиялык жол менен жазса, оюм-чийимдерди китепке П.Шеффер 1457-жылы биринчи болуп тушургон. 1461-жылы А.Пфистер сүрөт колдоону ойлоп тапкан. 15- кылымдын 80- жылдарында Э.Ратдольт китеп басууда түрдүү боек колдонгон. 15-16 кылымдарда ыңгайлуу арифтер изделе башган. Орусиядагы китеп басып чыгарууда Н.И.Новиковдун салымы чоң. ушул тарахты өзүнө камтып олтуруп, азыркы замандагы китептер чыккан.

Китеп окуунун жакшы жерлери көп.

Китеп окуу стрессти азайтат, сейилдөө, музыка угуу стресстен арылтат. Баштын чыңалып оруусун жоюу китеп окуу менен андан да жеңил болоорун Сассекс университетинин окумуштуулары аныкташан. Баш орууда китеп окуу,музыка угуу жана сейилдөөгө караганда 2-3 эсе тез арылтат. Китеп окуу стресстен чыгуунун эң натыйжалуу жолу.

Уйкусуздуктан арылтат. Китеп окуу- эс алуунун жана уйкуга камынуунун эң жакшы жолу. Телефон, телевизор көрүүгө караганда китеп окуу- мээни тынчтандырып,жакшы уктоо программасын түзөт, жакшы ойлорду ойлоп уктоого мүмкүндүк берет.

Акылыңа акыл кошот. Китеп окуу менен биз башкы каармандардын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, аларга айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланысындагыларды туура түүшүнүүгө калыптанат.

Мээнин иштөөсүн жакшыртат. Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллекти кыйла жогорулатаарын далилдешкен. Ал изилдөөлөр менен мээнин нерв байланыштарынын саны физиологиялык деңгээлде көбөйөрүн аныкташкан

Депрессияны айыктырат. Китеп окуу депрессияны айыктыруу үчүн жакшы ыкма экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Бул изилдөөлөр практикада көргөзүлгөн.

Китеп окуу менен сиз кызыктуу адамга айланасыз. Жогорку интеллектуалдык деңгээлиңиз сизди кызыктуу кылып көргөзөт. Андан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда,баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карата жакшы ойлордо калышат.

Китеп окуу жашоого максат коюга көмөктөшөт. Адам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каармандарга окшошууга аракет кылып, жашоосун кызыктуу кылып жашоого умтулат .Китеп окуган адам кыйынчылыктан оңой кутулуп, сүйүүгө бай келет.

Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болот. Китепкөй адамдар коомдук жана маданий органдардын жигердүү катышуучулара экендиги аныкталган.

Эс тутумду жана ой жугүртүүнү жакшыртат. Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктарган болот. Ал эми үндү сыртка чыгарып окуу андан да бетер бекемделет.Андыктан көп окугандан эч качан качпайлы.

Сөз байлыгыңызды кеңейтет. Китеп окуу убагында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Билип алган сөзү менен адам билимин да бекемдейт.

Китеп окуу, жазуу шыгыңызды арттырат . Үйрөнгөн жаңы сөздөр менен кат жазууда сөздөрдү эркин пайдаланып, өзүңүздүн сөз байлыгыңыздын кең экендигин көрсөтө аласыз.

Ачык айрым болууга жардам берет. Китеп окуган адам идеяга бай болот, жана кеңешчилерге анча муктаж болбойт.

Чет тилин тез өздөштурүүгө жардам берет. Азыркы жашоодо чет тилин билбей жашоого болбойт, ошон үчүн көп китеп окуш керек.

Альцгеймер-оорусун алдын алат. Альцгеймер-эс тутумдун жоголушуна алып кечүүчү коркунучтуу оору.

Каржылык абалды оңдойт. окубаган адамдар жакырчылыктан жапа чегишет, ал эми китеп окуган адамда каржы маселеси аз болот.

Китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге көп ээ болушат.

Китеп көп окуган адам жакшы маектеш боло алат

Чогуу китеп окуу бала менен ата-эненин мамилесин жакшыртат.

Китеп ааламдагы жакшы нерседелди көргөзөт.

"Билимсизге дүйнө караңгы"деген накыл сөз таамай,таасын айтылган. Элибиз,азыркы муун билимдүү-илимдүү болушу үчүн китептерди көп окушу керек. Ошондо гана караңгылыктан чыгып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз. Мамлекеттин келечеги биздин колубузда.Өзүбүздүн келечегибизди ойлоп китептин кенчин чогултуп, китепканаларды көп ачып, жаштарды китепканага барып, китеп окуганга үгүттөйлү. Китепти көп окуп мамлекетке салымыбызды кошуп, өлкөбүздүн экономикасын өстүрүп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу. Жаштар китеп окууну тандайт!





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!