СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен киммин деген суроо баарыбызда тен келсе керек.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалим

(эссе)

 

“Мугалим – мөмөлүү дарак” деп коёт элде. “Бардык кесип – ардактуу” деген да сөз бар. Мына ошол бардык ардактуу кесиптин башатында, биз төмөндө сөз кылмак болгон мугалим турары бештен белгилүү эмеспи!

Мугалим – окутуучу, мугалим – тарбиячы, мугалим – устат, мугалим – маяк, мугалим-кеңешчи... деги койчу, мугалимдин кызматын санап отурсаң, таң атат да, күн батат. Андыктан, улуу мугалим, Кыргыз Эл жазуучусу Ж. Мавляновдун “ Мектеп – ыйык жай, мугалим улуу адам болууга тийиш” деген учкул сөзүндө эле терең маани, орошон ой жатпайбы!

Анткен менен Мугалим деген улуу адистикке жеткен инсан, дайыма ушул улуу наамга татыктуу болуу милдетин моюнга алып, аны дайыма кир жугузбай сактоого милдеттүү. Ошондуктан, белгилүү жазуучу жана акын, ардактуу мугалим Айтмырза Абылкасымовдун “Жолдо” аттуу китебиндеги Майрамда окулган ыр" аңгемесинин баш жагынан жазылган : “Мугалим тегирмен сыяктуу. Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип, парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот. Демек, чанагынан чубуруган данды негизги азык – ун кылып чыгара албайт. Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу, анын бузулуп, талкалануусуна алып келет...  – дегенин эске алсак, анда ал (мугалим) өзүн дайыма жаңы билим менен, жаңы маалыматтар менен жаңылап, дайыма изденүү менен эмгектенүүсү шарт. Антпегенде ал мугалим болуу озуйпасынан кол жууйт, жөнөкөй гана бир жүргөн адамга айланат.

Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн дагы бир салаасы – ата-энелер жана коомчулук менен байланышы. Ар бир ата-эненин турмуштук көйгөйүн, үй-шартын, окуучу уул-кызына жасаган мамилесин толук билбесе, алар менен байланыша иш алып барбаса, 45 мүнөттүк предметтик сабак, же тарбиялык саат жемишсиз болору айдан ачык. Ошондуктан, ата-эне жана мугалим ортосундагы байланыш туруктуу жана үзүрлүү болууга тийиш. Ал эми коомчулук менен байланыш, коомубуздун күрөө тамырын кармап, азыркы учурдун талабына ылайык билим жана тарбия берүү – заманыбыздын талабы. Өз кесибин жана окуучуларын жан дили менен сүйгөн, жогорудагы биз санаган жана санай албай калган мугалимдик кесиптин татаал жана ардактуу сырларын менен кырларын өздөштүргөн адам гана Мугалим деген наамга татыктуу боло алат деп ойлойбуз.

Эмесе, ушул ыйык кесипти аркалаган мугалимдер туурасындагы чакан ой-толгоону (эссени) биз жогоруда сөз кылган акын жана жазуучу Айтмырза Абылкасымов агайыбыздын төмөнкү ыр-батасы менен аяктайын:

 

Мугалимдерге бата

 

Бактыңды бала окутканыңдан айтсын, Мээнетиң окуучуларыңдан кайтсын.

 

Добушуң булбулдан угумдуу болсун, Дарсың окуучуңа жугумдуу болсун.

 

Ажайып болсун ар бир өткөн сабагың, Асти бүркөлбөсүн ажарлуу кабагың.

 

Кем болбо бул дүйнөдө эч бир пендеден, «Устат!»- деп башын ийсин- МЕН!»- деген.

 

Көрбөй тургандарга көз болуп бер, ылайым, Кекеч менен дудукка сөз болуп бер, ылайым.

 

Дүлөй жанга угууга кулак болгун, ылайым, Дүйнө тааным билимге булак болгун, ылайым.

 

Окуучуңдун алдында жүзүң жарык болсун, Оомат башыңа өзү барып консун.

 

Айлыгың азыркыдан алда канча көп болсун, Алагды кыла турган көйгөйүң жок болсун.

 

Билсин сенин кадырыңды бийликтегилер, Болбогондугун сенсиз өзүндөгү ийгиликтер.

 

Коомдо жаша, сенин татаал кесибиңди түшүнгөн, Кудай айрыбасын соолугуңдан, билимиңден, күчүңдөн,

 

ошондой-ак жандай көргөн мугалимдик ишиңден, өңүңдө эмес, кетпей жүрчү түндө көргөн түшүңдөн.

 

Айткан кебиң айыктырсын жараланган сезимди, Сыймык менен эстеп жүрүшсүн азыркы айткан сөзүңдү.

 

Колуңдан боруң менен калемсабың түшпөсүн, Мугалимдик ыйык жолуң бүтпөсүн.

 

Өлбө, мугалим, дайыма бар бол, Окуучуларыңа ордолуу шаар бол!

( "Жолдо" аттуу китептен)

 

Мугалимдин ат эмес, пил көтөргүс түйшүгүн аркалап, ушул жерде катышып отурган жана бул жерде катыша албаган кесиптештерим, баарыңыздарга албан-албан ийгиликтер болсун! Окуучуларыңыздар менен, үй-бүлөңүздөр менен, кесиптештериңиздер менен аман болуңуздар! Эл-журтубуздун, өлкөбүздүн келечегине пайдалуу, зор салымын кошо ала турган, билимдүү, тарбиялуу муунду калыптандырып, уядан учуруу – ар бирибизге буюруп, насип этсин!

 

Кыргыз Республикасынын Президенти “2017-жыл – Ыйман, адеп, маданият жылы” деп жарыялады. Президентибиз 2017-жылдын 5-январында кол койгон ал Жарлыктагы :

- ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу;” деген багыты дал мугалимдер үчүн жазылгандай.

Эмесе, бул жылы баарыбыз Ыймандары таза, Адеби бийик, Маданияты жогору инсандарды тарбиялоого өз салымдарыбызды кошуп, жылды берекелүү аяктайлы!

Просмотр содержимого документа
«Мен киммин деген суроо баарыбызда тен келсе керек.»

ПЕДАГОГДОРДУН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ Кыргыз Республикасындагы саясий, социалдык жана экономикалык чөйрөлөрдө жүрүп жаткан реформалар билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясында да чагылдырылууда. Бүгүнкү күндө билим берүүнүн максаттары, милдеттери, мазмуну, түзүмү жана билим берүүнү башкаруу принциптери түп тамырынан өзгөрүүгө учуроодо. Билим берүү системасын жаңылоонун стратегиясы мектепти башкаруунун ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларын чыгармачылык менен кайрадан иштеп чыгуунун негизинде мектеп реформасын иш жүзүнө ашыруусу зарыл. Окуу процессин мазмундук жактан өзгөртүү менен анын натыйжасында билим берүүнүн сапатын жана деңгээлин жакшыртуу аркылуу тиешелүү натыйжаларды алуу үчүн мектептердин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилеринде менеджменттин принциптерине негизделгенбашкаруу маданиятын калыптандыруу учурдун талабы. Ошондой эле мектеп мугалимдеринин жана жогорку окуу жайларда эмгектенген окутуучуларарынын билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүп туруу билим берүү стратегиясында негизги маселелердин бири. Азыркы учурда коомдун талабына жараша, мектептин ар бир мугалиминин ийгилиги, келечектеги өсүп келе жаткан жаш муундарды заманбап татыктуу билимге, билгичтикке, көндүмгө үйрөтүү менен катар алдыдагы жашоо – тиричиликке мобилдүү тарбиялооболуп эсептелинет. Ал үчүн ар бир мугалим өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, билимин тереңдетүү максатында өз убагында билимин өркүндөтүп туруусу зарыл. (1) Бул максатта Кыргыз билим берүү академиясынын Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунун профессордук- окутуучулар жамааты окуу процессин уюштуруу менен, анын талабына жараша иштерди аткарууда. Кыргыз Республикасында мугалимдердин адистик чеберчилигин жогорулатуунун структурасы төмөндөгүдөй: 1. Кыргыз билим берүү академиясы ПК КЖ КД борбору. 2. Ош областтык билим берүү институту. 3. Ыссык-Көл билим берүү институту. 4. Нарын, Джалал-Абад, Баткен, Талас шаарларындагы методикалык борборлор. Жогоруда аталган борборлордо адистик чеберчиликти жогорулатуунун төмөндөгүдөй формалары уюштурулууда. Алдын ала план-график боюнча бекитилген. Стационардык негизде уюштурулуучу курстар Жержерлерге барып өткөрүлүүчү көчмө курстар Республиканын бардык район, шаарларындагы Август кеңешмелердин алкагындагы, уюштурулуучу методикалык окуулар жана семинарлар. Квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу процессинде мазмуну төмөндөгүлөргө басым жасоодо: - Мазмундук өзгөрүүгө, компетенттик жыйынтыкка. - Окуу жуктөмдөрүндөгү өзгөрүүлөргө жана интеграция болгон предметтердеги окутуунун методикасына. - Окуу процессинде активдуу жана интерактивдуу окутуу ыкмаларын кенири жайылтууга. - Окутуунун жыйынтыгын баалоодогу жаңы инструментарийди иштеп чыгууга жана аны окуу процессине киргизүүгө (2). Ал эми адистерди кайра даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу .. маселелери белгилүү деңгээлде иш жүзүнө ашырууда. Министрлик тарабынан алынган лицензиянын негизинде жаш мугалимдердердин окутуучулардын билимин өркүндөтүү бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлүүдө.Республикада өзгөчө адистерди кайра даярдоо, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу багытындагы иштер учурдун талабына жараша мындан ары өркүндөтүүнү талап кылууда. Себеби квалификациясын жогорулатууга келген мугалимдердин көпчүлүгү сурамжылоо учурунда жана жыйынтыктоочу тегерек столдордо педагогдук кесип боюнча төмөндөгүдөй пикирлерин билдиришкен. Бирок, аталган проблеманы иш жүзүнө ашыруу үчүн биздин пикирибизче бул проблема мамлекеттик деңгээлде каралып окуу жайга тапшырган студенттердин бир бөлүгүнө процентсиз кредиттер берилип, ал кредитти бүтүрүүчү адис, окууну аяктагандан кийин 5 жыл ичинде иштеп же айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөп берүүсү зарыл. Ошондо гана мамлекет ар бир бүтүрүүчүнү 5 жыл бою бөлүнгөн жеринде иштетип, максаттуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат. Мугалимдик кесиптин баалуулугунун төмөндөп кетишинин себептери курска келген угуучуларды сурамжылоодо негизинен төмөндөгүлөрдүбелгилөөгө болот: Педагогдук кызматтын кесипти тандап алган студеттердин начар контингенттеринин ЖОЖдорго топтолушу, алардын көпчүлүгүн кыздарды түзгөндүгү;

Педагогдордун карьералык, профессионалдык жактан өсүшүнүн перспективасынын жоктугу.

Келечектеги мугалимдерди даярдоочу факультеттердин, ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасынын начардыгы.

Иштеп жаткан мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн формалдуулугу, категориялардын алынып ташталышы.

Болочок мугалимдерди даярдоо боюнча мамлекеттик стандарттардын азыркы учурга дал келбестиги жана педагогдорду кесиптик жактан даярдоого тиешелүү болгон психологиялык, педагогикалык жана методикалык предметтерге бөлүнгөн окуу сааттарынын аздыгы. Региондордо эмгектенген мугалимдердин билиминө ркүндөтүүнүн, квалификациясын жогорулатуунун тиешелүү деңгээлде уюштурулбагандыгы.

Мугалимдердин эмгегин материалдык, моралдык жана кесиптик муктаждыктарын канааттандырууну мамлекеттик деңгээлде карап чыгуу жана анымындан ары жакшыртуу. Аларды мамлекеттик сыйлыктарга депутаттыкка ж.б. кызматтарга сунуштоону колго алуу. Ал эми иштеп жаткан педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын борбору республикада координациялык милдетти аткаруу менен регионалдык методикалык борборлор менен бирдикте тиешелүү иштерди алып барууда. Борбордо5 кафедра бар. Ал кафедраларда 6педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор, 15тен ашыкилимдинкандидаттары, доценттер, 6 магистр жана16 ага окутуучуэмгектенет. Алар ар бир окуу жылында 214 ашык 2 жумалыккурстар 60 адистиктер, аталыштар боюнча билим өркүндөтүү курстары өткөрүлүүдө. Бирок азыркы учурда республиканын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин 50%ы гана өздөрүнүн билимин өркүндөтүүдө. Курска келген педагогдордун арасында 20-30 жыл иштеп биринчи жолу билимин жорулатууга келгендери да бар. Жогорудагы проблемалар мындан ары да педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууга олуттуу көңүл бурууну талап кылат. Республиканын мектептеринде 72000 ашык мугалимдер эмгектенет, ал эми 52 мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайларында 18000 ашык профессор- окутуучулар эмгектенүүдө. Жогорку окуу жайларда эмгектенген окутуучулардын ичинде түз эле өндүрүштөн, педагогикалык эмес структуралардан келип окутуучу болгондор, педагогикалык эмес адистиктерди бүтүп окутуучу болгондор да кездешет. «Билимберүү» жөнүндөгү КР мыйзамынын 28-статьясына ылайык, педагогикалык иште иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогтук квалификациясы бар адамдар гана ээ болушат деп жазылган. Биздин мамлекет эгемендүү болгондон бери Республиканын жогорку окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамдын билимин өркүндөтүү маселеси токтоп калды. Акыркы жылдары түрдүү проекттерге, конкурсттарга, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын курстарына, тренингдерине, ж.б.у.с. ишчараларга «Сорос-Кыргызстан», USAID «Сапаттуу билим» фондуларынын колдоосу менен уюшулганжер-жерлердеги «Сынчыл ойлом», «Сапаттуу билим» ж.б. аталыштагы семинарларга ЖОЖдун окутуучулары, мектеп мугалимдери катышып, өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүүдө, бирок алар системалуу түрдө жүргүзүлгөн жок. Эл аралык проекттерге катышып, чет мамлекеттерден да билимин өркүндөткөн ЖОЖдун окутуучулары, мектептин мугалимдери да бар, бирок алар өтө аз санда. Педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар кайра даярдоодон өткөндөн кийин гана педагогтук кесипке иштөө укугуна ээ боло алышат. Мыйзамдын 28-статьясында белгилегендей, кесиптик жогорку окуу жайларында педагог болуп иштөө эреже катары магистрден төмөн эмес билими бар адамдарга гана уруксат деп көрсөтүлгөн. Ал эми мыйзамдын 29-статьясына ылайык «Педагогдордун укуктары менен милдеттеринин» ичинде «өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын кеминде 5 жылда бир жолу жогорулатууга милдеттүү деп баса белгиленген. Мындан сырткары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2012- 2020-жылга чейинки концепциясынын «Билим берүү секторундагы кадрларды өнүктүрүү» деген бөлүмүндө адистерди кайрадан даярдоо, кесипти өркүндөтүү мамлекеттик заказдын негизинде системалуу жана үзгүлтүксүз принциптердин негизинде ишке ашыруу жана бул маселеге тиешелүү инвестицияларды, гранттарды тартуу маселеси белгиленген. Бирок, тилекке каршы Республиканын бир дагы окуу жайы бюджеттик каржылоонун негизинде окутуучулардын билимдерин өркүндүү маселесин чече элек. Негизинен атайын даярдыктан өтпөгөн окутуучулар педагогикалык кесипке даярдоонун методологиясы менен тааныш эмес. Педагогикалык кесипке даярдоонун методологиясы педагогикалык теориянын негизги жоболору жөнүндөгү, педагогикалык ойлорду үйрөнүүгө карата жасалган мамилелердин принциптерин изилдөө методдорун үйрөнушү талап кылат. Анын негизги компоненти жалпы алган билимдерден жана ал билимдерди педагогикалык практикада колдоно билүүдөн турат. Жыйынтыктап айтканда педагогикалык кесип – бул адам таануу илими, адамдын татаал жан дүйнөсүнө тынымсыз кирүү болгондуктан жогорку окуу жайларда жаш муундардын калыптанышын жаңы формацияга карата өзгөртүү максатында жаңы муундун мугалимдерин даярдоого өзгөчө көңүл бурулуусу зарыл. Педагогикалык кызматкерлерди информациялык технологияларды пайдалануу боюнча квалификациясын жогорулатуу системасы, азыркы учурда ИКТны пайдалануу боюнча педагогикалык кызматкерлердин бардык категориясынын квалификациясын массалык түрдө жогорулатууну пландаштырган жок. Ал негизинен Кыргызстандагы 100 пилоттук мектепте ишке ашырылууда. Бул болсо республикада билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясына ылайык аны жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет. Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу системасында ар кандай педагогикалык технологиялар колдонулууда. Педагогикалык технология – бул, окутуунун техникалык каражаттарын же компьютерлерди жөн эле пайдалануу эмес, бул билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуучу факторлорду талдоо, ыкмаларды жана материалдарды түзүү жана .Вестник Иссык-Кульского университета, № 40, 2015. колдонуу жолу менен, ошондой эле колдонулуучу усулдарды баалоо аркылуу билим берүү процессин оптималдаштыруу принциптерин ачуу жана ыкмаларын иштеп чыгуу. Педагогикалык технология окуучунун өзүнүн окуу-таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүнүн түзүмүн жана мазмунун аныктоочу окуу-тарбия процессинин долбоорун сунуштайт; Педагогикалык технологияда максатка багыттуу билим берүү борбордук маселе, ал эки аспектиде каралат: биринчиси – диагностикалык максат түзүү жана окуучулардын окуу материалын өздөштүрүүсүнүн сапатын обөективдүү текшерүү, экинчиси – инсанды бүтүндөй өнүктүрүү. Квалификацияны жогорулатуу системасында кесиптик чеберчилигин жогорулатып жаткан педагогдун ишмердүүлүгүнө курстун жүрүшүндө шарттарында жүргүзүлгөн байкоолор мугалимдин кесиптик билимдери, билим берүүдөгү активдүүлүк деңгээлдеринин өнүгүүсү боюнча мүмкүндүк берди. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүдө билим берүүчүлүк активдүүлүгүнүн адаптациялык, презентациялык, интеграциялык деңгээлдери окуу процессинде аныкталууда. Долбоорлордун изилдөөчүлүк, чыгармачылык, оюндук, маалыматтык типтери жана иштиктү, ролдук оюндар технологиясы квалификацияны жогорулатуу процессинде колдонууда. Кесиптик билим берүү ишмердүүлүгүнүн өз алдынча тармагы катары информациялык жана коммуникациялык технологиялар (ИКТ) тармагында азыркы жетишилген ийгиликтерди Кыргыз билим берүү академиясы жана областтык билим берүү институттары жана методикалык борборлору билим берүү практикасына кеңири киргизүүнү өркүндөтүүдө. Квалификацияны жогорулатуу системасындагы кесиптик ишмердүүлүктө ИКТ каражаттарын пайдаланууда мектеп мугалимдерин даярдоо боюнча теориялык изилдөөлөр менен практикалык талдоолор көрсөткөндөй, бул даярдыктын стратегиялык максатына карата билим берүү процессинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн ИКТ каражаттарынын педагогдор тарабынан күндөлүк турмушта пайдалануу боюнча окумуштуулардын пикирлери окшош. Ошондуктан предметтик мугалимдердин курстук даярдоо тажрыйбасын талдоо көрсөткөндой «Информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүктү жалпы билим берүү максатындагы приоритеттердин бири катары калыптандыруу зарылдыгы келип чыгууда. Бул компетенттүүлүк өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: - бүтүндөй дүйнө таануу жана табият менен коомдогу негизги информациялык мыйзамдардын биримдигин, алардын формалдуу, математикалык сүрөттөп жазылуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө негизделүүчү дүйнө тааным; - информациялык обьектилер жана мунун ичинде информациялык технологиялардын, бул технологияларды ишке ашыруучу техникалык жана программалык каражаттардын жардамы аркылуу алардын адам баласынын практикасында кайра түзүлүшү жөнүндөгү түшүнүктөр; Жыйынтыктап айтканда педагогикалык кесип – бул адам таануу илими, адамдын татаал жан дүйнөсүнө тынымсыз кирүү. Ошондуктан жогорку окуу жайларда жана кесиптик даярдоо борборлорунда, жаш муундардын калыптанышын коомдун талабына жараша өзгөртүү максатында жаңы муундун мугалимдерин даярдоого өзгөчө көңүл бурулуусу зарыл.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!