СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен келечекти кантип элестетем

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мен келечекти кантип элестетем»

Сабактын темасы:”Мен Мекен үчүн эмне кыла алам?”

Сабактын максаты:А) Мекен жөнүндө тушүнүк алышат,жана мекен үчүн кызмат кылууну,элинжерин сүйүүнү билишет.

Б)Мекен жөнүндө ырларды,макал лакаптарды айтышат.

В)Мекенди коргоого,элин жерин Сүйүүгө тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжа:

А) мекен жөнүндө түшүнүк алса,Мекен жөнүндө эмне кыла алам деп ойлонсо

Б)ырларды макал лакаптарды айтып бере алса

В)Мекенди коргой алса

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү

Сабактын усулу: Синвейн тузүү

Сабактын жүрүшү:уюштуруу

Менин өлкөм Кыргызстан. Ал дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири. Евразиянын кичинекей гана жеринен орун алса дагы, көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, тарыхы тугөнгүс кооз жер. Эс алып кеткен, ар бир туристтин эсинде калат деп ишенем.

Кыргызстан – менин кооз мекеним. Киндик кан тамган жеримдин таза абасынан дем алып, жаратылышына суктануу менен мамиле жасап, балалыгымды Кароол айылынын кучагында өткөрдүм. Ай алмашып жыл сүрүп 11-класска келдим. Мына-мына окууну бүтөргө да аз калды. А мен болсо келечегим тууралуу көп кыялдана баштадым. Менин келечегим Кыргызстандын келечегине байланыштуу.Жакшы окуп, үлгүлүү болуу,жаратылышка аяр мамиле жасоо,адамдарга жардам берүү менен мен мекенибизге салым кошо алам. Биз, Кыргызстандын жаштары мекенибиздин өсүп өнүгүүсүн каалайбыз.Мамлекетибизден чыккан кен байлыктарды, айыл чарба продукцияларды, мал чарбачылыгын өстүрүп, иштетип экспортко чыгарсак андан түшкөн каражат экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Биздин жерибизде көп-көп завод-фабрикалар курулуп, элдердин жумуш менен камсыз болуусуна кыялданам. Ар бирибиз чет өлкөдө эмес, мекенибизде иштеп , бекем мам

лекет курсак кандай керемет!

Келечек жаштардын колунда демекчи, мамлекетти биз алдыга жылдырышыбыз керек. Кыргызстандын келечеги, өнүгүшү билимдүү жаштардын колунда. Билим баардык нерсенин башаты болот. Күчтүү билим менен гана биз чоң ийгиликтерге жетишип, көп өзгөрүүлөргө жетишебиз. Айыл жериндеги мектептерге көп-көп китеп берип, балдарды окууга кызыктыруу керек. Өнүккөн мамилекет болуу үчүн туура багыт керек.

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат”- дегенге таянып, биз келечектеги Кыргызстанннды өнүккөн мамлекеттин катарында элестете алуу менен бирге, айылды көрктөндүрүүдөн баштообуз керек. Мисалы: ар кандай таштандыларды ар жерге таштабай, аларды чогултуп, айланабызды таза кармоо биздин атуулдук милдетибиз. Асман тиреген имараттарыбыз болбосо да, көк тиреген тоолорубуз ажайып сулуулукту берет. Ошондуктан биз биринчи кезекте айылыбызды карообуз керек.

Дүйнөнү өзгөртөм десең, өзүндү өзгөртүүдөн башта. Демек, биз дайыма мамлекеттен эле жардам күтүп олтура бербестен, ар бирибиз аз-аздан болсо да аракет кылалы.

Менин келечеги кандай?

Мен дагы Кыргызстан сыймыктана турган инсан болууга жана өз милдети так аткарууга аракеттенем. Өз эмгегимден тапкан пайдама, эл үчүн кызмат кыла турган мекеме же ишкана ачам. Кыргыз жеримдин бир кооз жерине курулуш түшүрүп, туристтер, чет элдик меймандар, өзүбүздүн элибиз эс ала турган эс алуучу жайларды курам.

Мен Кыргызстандын намысын коргогон атуул болом!

Биздин келечектеги жаркын келечегибизге ар кимибиз салым кошо алабыз. Биз келечекте өсүп-өнүккөн мамлекетте жашайбыз. Өркүндөп өсө бер эгемендүү Кыргызстан!




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!