СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мекен таануунун предметтик стандарты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мекен таануу сабагынан предметтик стандарт

Просмотр содержимого документа
«Мекен таануунун предметтик стандарты»



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ



КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ



Долбоор





Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мекемелери үчүн табигый билимдер боюнча предметтик стандарт

1-4 КЛАСС






















БИШКЕК – 2015






Иштеп чыккандар:


Ногаев М. А.


Знаменская Н. А.


Савочкина В. В.


Солошенко О. В.


Мурзаибраимова Б.Б.


































МАЗМУНУ



БӨЛҮК I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.

    1. Документтин статусу жана структурасы

    2. Жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн негизги нормативдик документтердин системасы

    3. Негизги түшүнүктөр жана терминдер



БӨЛҮК II. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ

2.1 Окутуунун максаты жана милдеттери.

2.2. Предметтин түзүлүшүнүн методологиясы.

2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр.

2.4. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы.

2.5. Мазмундук линиялар. Окуу материалдарынын мазмундук линиялар жана класстар боюнча бөлүнүшү.

2.6. Предмет аралык байланыш. Өтмө тематикалык линиялар



БӨЛҮК III. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАНА БААЛОО

3.1. Окуучулардын билим алуусунан күтүлгөн жыйынтыктар (тепкичтер жана класстар боюнча).

3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоодогу негизги стратегиялар.



БӨЛҮК IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУДАГЫ ТАЛАПТАР

4.1. Ресурсттук камсыздоо боюнча талаптар.

4.2.Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү.

БӨЛҮК I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

    1. Документтин статусу жана структурасы

Жалпы билим берүү мектептери үчүн Табият таануу боюнча предметтик стандарты КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 5-статьясына жана КР Өкмөтүнүн 2014-жылы 21-июлда чыккан “КР Мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартын бекитүү жөнүндөгү” №403 токтомуна ылайык иштелип чыккан.

Предметтик стандарт – бул документ окуучулардын билим берүү жыйынтыктарын, аларга жетүү жолдорун жана предметтин алкагында ага жетишүүнү жана өлчөөнү регламентке салат.

Стандарттын жоболору төмөнкү билим берүү мекемелеринде колдонулат жана сакталат:

- Тибине жана түрүнө карабастан Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринде;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лиценциялык жана аттестациялык мамлекеттик инспекциясында;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы улуттук тестирлөө борборунда;

- Эл аралык билим берген жана башка мамлекеттик жана өкмөттүк эмес мектеп билим берүү мекемелеринде;

- Билим берүү системасындагы кадрларды кайра даярдоо жана жогорулатуу институттарында (борборлор, курстар);

- Мамлекеттик билим берүүнүн аймактык башкаруу органдарында;

- Кыргыз билим берүү академиясында жана башка мамлекеттик илимий изилдөө институттарында;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде;

- Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында.



    1. Билим берүү мекемелери үчүн негизги нормативдик документтердин системасы

1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы.

2. КР Өкмөтүнүн 2014-жылы 21-июлда чыккан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартын бекитүү жөнүндөгү” №403 токтому.

3. 21.07.2014 ж. бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик орто жалпы билим берүү боюнча стандарты”.

4. Кыргыз Республикасында билимди 2012-2020 жж. өнүктүрүү стратегиясынын концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы.

5. Кыргыз Республикасындагы билим берүү мекемелерү үчүн Базистик окуу планы.

    1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

        • Табигий илимий сабаттуулук – табигый илимий билимдерди реалдуу кырдаалдарда колдоно алуу жөндөмдүүлүгү, ал байкоолорго жана эксперименттерге негизделген тыянактарды алуу үчүн илимий методдордун жардамы менен изилдениши жана чечилиши мүмкүн. Бул тыянактар курчап турган чөйрөнү түшүнүү жана адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан өзгөрүүлөрдү аңдоо жана зарыл чечимдерди кабыл алуу үчүн керек.

  • Табигый илимий ой жүгүртүү жаратылыш кубулуштарынын жалпыланган образы. Ал структуралык компоненттердин физикалык, химиялык жана биологиялык билимдерден диалектикалык байланышынын негизинде калыптанат жана өнүгөт. Ал предметтик реалдуулуктун ар кандай моделдерге (образдык, белгилик, логикалык ж. б) – өзгөрүп турушу менен түшүндүрүлөт.

  • Курчап турган чөйрөнүн картинасы бул курчап турган чөйрөнүн адамдын аң сезиминде жана/же коомдук аң сезимде чагылышы.

  • Табигый илимий билим берүүнүн сапаты – билим берүүнүн жыйынтыктарынын билим берүүнүн ар кыл субъектилеринин (окуучулар, педагогдор, ата-энелер, иш берүүчүлөр, жалпы коомчулук) күтүүлөрүнө же алар тарабынан белгиленген билим берүүнүн максаттарына жана милдеттерине дал келүү даражасы.

  • Объекттин модели – схема түрүндө көрсөтүлгөн, анын негизги айырмачылыктарын көргөзгөн натуралдык объектилердин сүрөтү.

  • Муляждар – Объектин натуралдык сүрөтүнө жакын болгон макети.
     

БӨЛҮК II. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ

2.1. Окутуунун максаты жана милдеттери.

Табигый илимий билим берүүнүн максаты – жандуу жана жансыз жаратылыштын көп кырдуу касиеттерин, организмде болуп жаткан мыйзам ченемдүүлүктөрдү, жаратылыш коомчулуктар, курчап турган чөйрөнү түшүнүү үчүн окуучуда дүйнөнүн картинасын аңдоосун калыптандыруу.

Бул стратегиялык максатты иш жүзүнө ашыруу үчүн билим берүүнүн мазмуну компетентүүлүккө багытталып, окутуу процессинин максат жана милдеттери аркылуу ишке ашырылат.

Окутуу максаттары

Окутуу милдеттери

1. Окуучуларда жаратылыш кубулуштарын түшүндүрүүдө жана тыянактарды чыгарууда компетентүүлүктөрдү калыптандыруу.

2. Окуучу курчап турган чөйрөдө өзүнүн ордун табуу жана аны менен эриш аркак жашоо үчүн табигий илимдерге болгон кызыгуусун өнүктүрүү.

Когнитивдик – окуучулар жаратылыш объектилерин, биологиялык кубулуштарды, курчап турган чөйрөдө болуп жаткан мыйзам ченемдүүлүктөрдү байкайт жана түшүндүрөт.

Жүрүм-турум – табигый илимдердин жетишкендиктеринин натыйжасында коркунучтуу экологиялык жана этикалык кесепеттери боюнча өзүнүн пикирин калыптандырат. Пикирин тастыктоо үчүн аргументерди келтирет.

Баалуулук – окуучулар жаратылыштын түзүлүшүнүн биримдик принциптерин билишет, туруктуу өнүгүү принциптерин жана коопсуз жашоо образын аңдайт. Алган билимдерин коопсуз жашоо ишмердүүлүктөрүн камсыздоодо, ден соолукту сактоодо, энергияны сарамжал пайдаланууда жана жаратылышты коргоодо колдонот.



2.2. Предметтин түзүлүш методологиясы.

Табият таануу предметинин методологиялык негизинде билим берүү процессине карата системалык-структуралык жана мазмундук-ишмердүүлүк мамилелер салынган.

Бул жолдордогу идеялардын негизинде – билим берүүнүн жыйынтыгы бул бөлөк-бөлөк билим, билгичтиктер жана көндүмдөр эмес окуучунун билимдердин жана билгичтиктердин системасын өздөштүрүшү жана окуучулардын ар кандай социалдык маанилүү жагдайларда эффективдүү жана майнаптуу ишмердүүлүктөргө даяр болушу.

“Табият таануу” предмети табигый илимий дисциплиналар топтомунда система түзүүчү болуп саналат, ал:


  • табигый илимий билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздайт;

  • предметтер аралык жана ички предметтик байланыштарды түзөт;

  • туруктуу өнүгүүнүн принциптерин карманууга, ресурстарды үнөмдүү колдонуу жүрүм-турумун ишке ашырууга, жаратылышты колдонууда терс натыйжалардын болуу тобокелчиликтерин билүү:

  • физика, химия, биология, география окуу предметтери үчүн пропедевтика болуп саналат.

  • Туруктуу өнүгүү принциптерин карманат, каражатты үнөмдөө жүрүм-турумун ишке ашырат, жаратылышты колдонуунун терс кесепеттерин аңдайт;

  • Физика, химия, биология география предметтери үчүн пропедевтика болуп саналат.



2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр.

Табигый илимий сабаттуулук жалпы предметтик (жалпы окуу) билгичтиктер, табигый илимий түшүнүктөр жана жагдайлар аркылуу ишке ашат. Андай шартта табигый-илимий билимдер колдонулат жана төмөнкү компоненттерди өз ичине камтыйт:

  1. Таанып билүү жана илимий суроолорду коюу

    • Изилдениши мүмкүн болгон көйгөйлөрдү көтөрүү;

    • Маалыматтарды издөө үчүн керек боло турган негизги сөздөрдү аныктоо;

    • Табигый илимий изилдөөлөрдүн негизги өзгөчөлүктөрүн (мүнөздөмөлөрүн) таба билүү.

  1. Кубулуштарды илимий түшүндүрүү

    • Мындай жагдайларда билимди колдонуу;

    • Кубулуштарды түшүндүрүү, мүмкүн боло турган өзгөрүүлөрдү болжолдоо;

    • Түшүндүрүү, жаратылыш объектилерин жана кубулуштарын таанып билүү

  1. Илимий тыянактарды колдонуу

    • Фактыларды, маалыматтарды чогултуу жана тыянактарды чыгаруу;

    • Тыянактардын негизинде жаткан фактыларды, маалыматтарды таап чыгуу;

    • Коомдо технологияларды колдонуунун натыйжаларын баалоо.

(табигый илимий билим берүү багытынын компетентүүлүктү калыптандырууда табигый илимий дисциплиналар боюнча билим берүүнүн сапатын өлчөгөн PISA эл аралык баалоонун алкагында колдонулган модел сунуш кылынган).

Табигый-илимий билим берүүнүн жыйынтыгында окуучуда компетенттүүлүктөрдүн топтому калыптануусу зарыл. Компетенттүүлүктөр окуучулар менен ар кандай ишмердүүлүктөрдү (билим берүүчүлүк, социалдык) аткарууда окуу жайда окуу процессинде же андан тышкаркы жерлерде калыптанат.

2.4. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы.

“Табият таануу” предметин окуп үйрөнүүдө окуучуаларда негизги компетенттүүлүктөр калыптанат:

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк – жаратылыш кубулуштары жөнүндө маалыматтарды ар кандай булактардан алуу жөндөмдүүлүгү, жаратылыш кубулуштары, жаратылыш системасы жана адамдын өз-ара байланышы жөнүндөгү маалыматты чыгармачылык менен колдонуу.

  1. Өзүн уюштуруу жана проблеманы чечүү” компетенттүүлүгү - жаратылыш жөнүндөгү илимдин ар кандай негизги тармактарын бөлүп карайт, предметтерди жана кубулуштарды салыштырат, проблеманы талдоо жана баяндоо үчүн схема, таблица план түзөт ж.б.

Социалдык – коммуникативдик компетенттүүлүк – Эмгектенүүдө, күндөлүк ишмердүүлүктө жаратылышты коргоочу эрежелерди сактоо, жеке тажрыйбаны колдонуу, топто, класста алдыга коюлган максат милдеттерди чечүүдө кызматташуу.



Негизги компетенттүүлүктөрдүн негизинде табият таануу боюнча ар кандай татаалдыктарды эске алуу менен предметтик компетенттүүлүктөр аныкталган.

Негизги компетенттүүлүктөр

Табият таануу боюнча предметтик компетенттүүлүктөр

Окуучулардын компетенттүүлүгүн ачыктоо:

Маалыматтык


Кубулуштарды түшүндүрүү жана жыйынтыктарды чыгаруу үчүн курчап турган чөйрө тууралуу ар кандай ресурстарды жана маалыматтарды колдонот

1.1.Курчап турган чөйрө жөнүндө билимдерге ээ жана аларды практика жүзүндө колдонулат.

1.2. Колунда болгон маалыматтарды колдонуу менен курчап турган чөйрөдө болуп жаткан процесстерди жана өзгөрүүлөрдү таап чыгат;

1.3. курчап турган чөйрө жөнүндө маалыматтарды чогултат, талдайт. Окуу продуктыларын чыгарат. (бул окуучулар тарабынан окуу материалын аокуп үйрөнүүдө жасалган нерселер: анкеталар, курчап турган чөйрө жана жаратылыш жөнүндө материалдардын топтому, телолордун моделдери, буюмдар, приборлор жана башка)


«Өзүн уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү»


Коюлган көйгөйдү чечүүдө жандуу жана жансыз жаратылыштагы кубулуштарды жана процесстерди баяндоодо теоретикалык билимдерди жана көндүмдөрдү колдонот.

2.1. табият таануу боюнча окуган материалдардын негизинде обьектилерди жана жаратылыш кубулуштарын түшүндүрөт.

2.2. Курчап турган дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү түшүндүрө алат, фактылардын негизинде тыянактарды чыгарат.

2.3. Тема боюнча суроолорду коет, фактылардын жана теориянын негизинде тыянактарды чыгарат.

Социалдык – коммуникативдик

Кубулуштарды жана курчап турган реалдуулуктарды түшүндүрүүдө илимий тыянактарды жанан практикалык көндүмдөрдү колдонот.

3.1 Курчап турган дүйнөнү таанып билүү жолдорун тандайт.

3.2. Байкоо жүргүзөт, байкоонун жыйынтыктарын түшүндүрөт, приборлорду тандайт, ченөөлөрдү жүргүзөт, тыянактарды чыгарат;

3.3. Илимдин жетишкендиктеринин техникага жана коомго, жаратылыштын азыркы абалына тийгизген таасирин баалайт;


2.5. Мазмундук линиялар. Окуу материалдарын мазмундук линиялар жана класстар боюнча бөлүштүрүү.

Предметтин мазмундук линиясы – бул предметтин бардык окуу материалдары топтоштурулган негизги идеялар жана компетентүүлүктөрдү калыптандыруу боюнча технологиялык жолдор.

“Табият таануу” курсунун негизги мазмундук линиясы: “Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштары”, “Адам. Адам менен жаратылыштын өз ара байланыштары”, “Биз кантип курчап турган чөйрөнү тааныйбыз”, “Биз жер планетасында жашайбыз”.

Төрт мазмундук линиялар өз аталышынан эле окуу предметинин эмнеге басым жасай тургандыгына багыт берип турат. Мындай структура табият таануу боюнча илимий билимдердин дисциплинардык структурасына дал келет. Табият таануу илиминин өнүгүшүндө негизги багыттар катары сакталып калышы, бул линиялардын туруктуулугу алардын сакталгандыгында жатат: ички мазумдар өнүгөт, бирок линиялар сакталат.

Негизги мазмундук линияларга бөлүү, мектептеги (пропедевтикалык – базалык- профилдик этаптар) үзгүлтүксүз табият таануу курсунун мазмунун системалаштырууда абдан маанилүү. Линиялар өзүнүн бөтөнчөлүгү бар концентрлар сыяктуу ар бир жаңы этапта окуу жаңы деңгээлге чыгуу менен уюшурулуп турат.

Окуу материалдарынын жогоруда көрсөтүлгөн мазмундук линиялар менен бөлүнүшү окутуу методикасында жана материалды берүүдө өтмө мүнөзгө ээ. Окутуу методикасындагы жана материалды түшүндүрүүдөгү өтмө мамиле курчап турган дүйнөнүн табигый илимий картинасын толук калыптандырууну көздөйт, ар кандай масштабдагы жаратылыш системасын аңдай билүү: атомдордон планетага, клеткалардан биосистемага, жерден географиялык кыртышка чейин. Алар жердин жашоочусу катары адамдын ролун түшүнө башташат. Окуучулар жаратылыш объектилери менен таанышуу аркылуу дүйнөнү таануу методдору тууралуу түшүнүк алышат, жалпы окуу жана интеллектуалдык билгичтиктерин өнүктүрүшөт. Бул этапта табият таануу билимдерине болгон кызыгуулары артат, экологиялык маданияттын элементтери калыптанат, саламаттыкты сактоочу билимдерге ээ болот.



1-4 класстар үчүн Табият таануу предметинин жогоруда көрсөтүлгөн мазмундук линиялар боюнча окуу материалдарынын бөлүнүшү

Мазмундук линиялар

Окуу материал

1 класс

2 класс

3 класс

4 класс


Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштары


Бизди эмне курчап турат? Жандуу жана жансыз жаратылыш.

Жаратылыш кубулуштары. Аба-ырайы. Жыл мезгилдери. Кγз. Кыш. Жаз. Жай . жаратылыштагы жыл мезгилдеринин ѳсγмдγктѳргѳ жана айбанаттар жашоосуна тийгизген таасири. Ѳсγмдγктѳрдγн топтору. Айбанаттардын жашаган аймактары. Айбанаттар тиричилигинин шарттары жана алардын тиричилик аракети: айбанаттардын тамак ашы жана тγлѳѳсγ, кыш жана жазга даярдыктары. Айбанаттардын жазгы тиричилиги. айбанаттардын тѳлдѳшγ. Канаттуулардын тѳлдѳшγ.

Кγн менен тγн жана алардын адамзаттын, айбанаттын, ѳсγмдγктѳрдγн жашоосунда мааниси.


Ѳсγмдγк –жандуу организм. Ѳсγмдγктѳрдγн органдарынын мааниси. Тамыр. сабак. Жалбырактар жана алардын мааниси. Уруктар. Ѳсγмдγктѳрдγн чѳйрѳсγ . жана алардын кѳбѳйγγсγ.

Айбанаттардын ар тγрдγγлγгγ. Айбанаттар. куштар. балыктар. Жерде суда жашоочулар жана сойлоочулар, курт-кумурскалар, сγ эмγγчγлѳр. Алардын тγрлѳрγ. Жашоо тиричилиги, жашаган жерлери. Ѳсγмдγктѳрдγн жашоосуна алардын тийгизген пайдасы жана зыяны;


Адамдын тулкусу. Заттар. Тулку бой тууралуу маалымат берγγ. Табигый жана жасалма тулку бойлор. Зат жана анын ѳзгѳчѳлγктѳрγ, касиеттери.

Табигый жана жасалма тулку бойлордун айырмасын кѳзѳмѳлдѳѳ. Тулку бой менен затты салыштыруу жана алардын ѳз ара байланышын салыштыруу.

Ѳсγмдγктѳрдγн тγрдγγлγгγ. Нымды сγйγγчγлѳр жана кургакчылыкка чыдамдуу ѳсγмдγктѳр. Ысыкты сγйгѳн жана суукка чыдамдуу ѳсγмдγктѳр. жарыкты сγйгѳн жана кѳлѳкѳгѳ чыдамдуу ѳсγмдγктѳр. Ѳсγмдγктѳрдγн жашоо чѳйрѳсγ.

Жапайы ѳсγγчγ жана маданий ѳсγмдγктѳр;.

Дары ѳсγмдγктѳр.

Куштар. Балыктар. Жерде суда жашоочулар. Сойлоочулар. Сγт эмγγчγлѳр. айбанаттардын жашаган чѳйрѳсγнѳ кѳндγмдѳрγ.

Ѳсγмдγктѳрдγн ѳсγп чоноюу жери жана айбанаттардын жашоо чѳйрѳсγ. Ѳсγмдγктѳр жана айбанаттар шалбаасы. Ѳсγмдγктѳр жана айбанаттар талаасы. Чѳл ѳсγмдγктѳрγ жана айбанаттары. Токой ѳсγмдγктѳрγ жана айбанаттары. Кѳлмѳ ѳсγмдγктѳрγ жана айбанаттары. Тоо ѳсγмдγктѳрγ жана айбанаттары.

Практикалык иш. «Картадан Кыргызстандын тойок жана тоолорун табуу».


Адам.

Адамдын жаратылыш менен байланышы

Адамдын ден-соолугу; Гигиена и коопсуздук. айылда жана шаарда адамдын жашоосу.

Адамдардын кγзгγ эмгеги. Кышкы эмгеги. Жазгы эмгеги. Жайкы эмгеги. Γй жаныбарлары жана канаттуулары.

Маданий ѳсγмдγктѳр. маданий ѳсγмдγктѳрдγн кѳбѳйγγсγ γчγн керектγγ шарттар.адамдын жашоосунда γй ѳсγмдγктѳрγнγн мааниси;

Адамдын турмуш тирчилиги γчγн керектγγ шарттар. Турмуш тиричиликтин коопсуздугунун негиздери. Адамдын айлана чѳйрѳсγ менен байланышы;

Адамдын жашоосунда эмгек жана анын мааниси. Адамдын таиятты коргоо иш аракеттери.

Адамдын жашоосунда ѳсγмдγктѳрдγн жарна айбанаттарлын ролу. жаратылышта жγрγм-турум эрежелери.

Адам-табияттын бир бѳлγгγ. Адамдын тулку бою жана алардын функциялары. Тери-ички органдарды коргоочу жана анын функциялары. Скелет. Булчундар. Таяныч жана кыймылдуу органдар. Кан жγгγрγγ органдары. Жγрѳк жана анын негизги функциясы. Дем алуу органдары. Тамак синирγγ органдары жана алардын функциялары. Нерв системасы жана анын функциялары. Сезγγ органдары. Кѳз, кулак, мурун, тил, тери. адамдын жашоосунда сезγγ органдарынын мааниси жана функциялары. Пайдалуу жана зыянкеч кѳндγмдѳр. Адамдын жашоосунда ѳсγмдγктѳрдγн мааниси. Кыргыз Республикасында «Кызыл китеп» ке кирген ѳсγмдγктѳр. «Кызыл китепке» ѳсγмдγктѳрдγн коллекциясы. айбанаттарды коргоо. «Кызыл китептке» кирген айбанаттар. Коруктар



Айбанаттардын жана ѳсγмдγктѳрдγн жашоосуна адамдардын иш чараларынын жана аба-ырайынын тийгизген таасири;

Биздин крайдын дыйканчылыгы жана мал чарбачылыгыа.



Айлана чѳйрѳбγздγ кантип тааныйбыз

Айлана чѳйрѳбγзгѳ кѳзѳмѳл жγргγзγγ. Экскурсиялар. «айбанаттар жана ѳсγмдγктѳр дγйнѳсγ», «куштарга жардам»,


Лабораториялык иш 1.

«Термометр. Температураны ѳлчѳѳ».

Практикалык иш. «ѳсγмдγктѳрдγн кѳбѳйγγсγнѳ байкоо жγргγзγγ».

«термометрди колдонуу аркылуу аба-ырайына кѳзѳмѳл жγргγзγγ». «абанын касиетин аныктоо (тγс, кѳлѳм, тат, жыт, жылуулукту ѳткѳрγγ». «сунун касиетин аныктоо (тγс, табит, кошулмалар, абал)». Лабораториялык иш 2. « топурактын курамын аныктоо (кум, ылай, чиринди)»;


Адам жаратылышты кантип γйрѳнѳт? жаратылышты γйрѳнγγ методдору. Байкоо жγргγзγγ. Тажрыйба жγргγзγγ. Тажрыйба тууралуу тγшγнγк. Тажрыйба менен байкоо жγргγзγγнγн айырмасы. Жаратылышты изилдѳѳдматематиканы колдонуу.

Календарь, тер­мометр, тараза, рулетка (узундукту ѳлчѳѳчγ тасма тγрγ), сызгыч жана башка. Чондукту ѳлчѳѳчγ инструмент тγрлѳрγ;

Практикалык иш «ѳлчѳѳ приборлору менен иштѳѳ»,

«компастын жардамы менен горизонтторду аныктоо», « компастын жардамы менен предметтерди жана обьекттердин ордун аныктоо», «кыймылдын багыттарын анныктоо «мектеп-γй», «γй-дγкѳн» жана башка, схеманы кагазга тγшγрγγ».


Жаратылышты γйрѳнγγнγн ар тγрдγγ жолдору жана ага байкоо жγргγзγγ;

Кыргызстандын географиялык жана физикалфк картасын колдонуу менен иштѳѳ: кыргызстандын ичинде кѳл, дарыялардагы пайдалуу кендердин жерин табуу жана кѳрсѳтγγ.


Биз жер планетасында жашайбыз

Айбанаттардын жашоосунда ѳсγмдγктѳрдγн ролу. Ѳсγмдγктѳрдγ коргоо. Жаратылыштын жγрγм-турум эрежелери

Аба. Абанын кыймылы. Аба-ырайы. Аба жана анын касиети. Практикалык иш. Аба-ырайы (элдик ырымдар боюнча маалымат берγγ), температуранын, шамалдын багытын аныктоо». Аба. Абанын адамдын , ѳсγмдγктѳрдγн, айбанаттардын жашоосундагы мааниси.

Суу. Адамзаттын, ѳсγмдγктѳрдγн, айбанаттардын жашоосунда суунун мааниси.

Жер кыртышы. Жер кыртышынын составы жана пайдасы тууралуу тγшγнγк. Жер кыртышынын мааниси.

Жаратылышта суу жана анын касиети. Асман жана туман. жаан-чачын. Суну коргоо. «жаратылышта суунун айлануусу» (плакат);

Пайдалуу кендер жана аларды коргоо. Тоо тектери тууралуу тγшγнγк. Тыгыз жана борпон тоо тектери. .пайдалуу кендер жана алардын тγрлѳрγ. Гранит. Кум. Ылай жана акиташ. Аш тузу. Нефть жана табигый газ. Адамдын жашоосунда пайдалуу кендердин мааниси.

Жер кыртышы. Жер кыртышынын тγрлѳрγ, ѳзгѳчѳлγктѳрγ, курамы жана жер кыртышын коргоо.

Практикалык иш. «пайдалуу кендердин каситеин аныктоо», «жер кыртышынын тγрлѳрγн изилдѳѳ».

Горизонт. Горизонттун багыттарын аныктоо. Компас. Сγрѳт жана схема. Жер планы;

Коргоо эрежелери жана табиятты коргоо;


Космос тууралуу баштапкы тγшγнγк. Жылдыз. планета. Галактика тууралуу маалымат. Космоско жол. Ю.Гагарин – биринчи космонавт. Шарипов – Кыргызстандын биринчи космонавты.

Космостон жердин кѳрγнγшγ;

Кγн. Жер. Глобус – жердин модели. Кγндγн айланасынджа жердин кыймылы. Кγндγн жердеги жашоодогу маниси. Жердин айлануусу. Кγн менен тγндγн алмашуусу жана анын себептери. Мезгилдердин алмашышы. Физикалык карта. Масштаб. Кургактыктын γстγ: тγздγк, тоолор. Адамдын таасири менен жер γстγнγн ѳзгѳрγγсγ. Кыргызстандын жеринин рельефи жана физикалык картада анын чагылдырылышы;

Кыргызстандын пайдалуу кендери. Пайдалуу кендердин рационалдуу колдонулушу ;

Суу. Суунун айлануусу. Жер асты суулары. минералдык суулар. дарыялар жана кѳлдѳр. Муздар. Анын адамдын жашоосундагы мааниси. Суну коргоо. Абанын составы, жердин аба катмары. Абаны бузган нерселер. Абаны тазалоо жана коргоо.




2.6.Предмет аралык байланыш. Өтмө тематикалык линиялар

Предмет аралык байланыштар – бул бардык окуу процессин жана анын функцияларын жогорулатуунун дидактикалык шарты болуп саналат. Предмет аралык байланыштар окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүктөрүн жалпы илимий идеялардын жана методдордун негизинде курууга жардам берет. Алар окууга болгон жалпы жөндөмдүүлүктөрдү калыптандырып, предметтин түзүлүшүнүн жалпы принциптерин ачат. Предмет аралык байланыштын төмөндөгүдөй квалификациясын төмөндөгү негиздемелердин негизинде колдонуп келишкен:

Классификациянын негиздери

Предметтер аралык байланыштардын типтери

Байланыш тγрлѳрγ

Окуу материалдарын окуу убактысы

Хронологиялык

мурунку

улануучу

кийинки (перспективдγγ)

Окуу материалынын структурасы

Мазмундук-информациялык

Фактылардын деңгээлинде

Тγшγнγктγн деңгээлинде

Мыйзамдын деңгээлинде

Теориянын деңгээлинде

Прикладдык суроолордун деңгээлинде

Табигый илимдерди изилдѳѳ методикасын колдонуунун деңгээлинде

Билимди. Билгичтиктерди жана кѳндγмдѳрдγ ѳздѳштγрγγнγн жолдору

Ишмердүүлүк

Репродуктивдγγ

изилдѳѳ (продуктивдγγ)

чыгармачыл (креативдγγ)

Предмет аралык байланышка мазмундук-ишмердик өңүттөн караганда жакын окуу предметтердин материалдары дагы дыкат көзөмөлдүккө алынат; өздөштүрүлгөн материалдардын илимий жана прикладдык деңгээли жогорулайт; билмдердин дидактикалык бирдиктери чоңоет; окуучуларда бекем системалык билимдер, жалпыланган окуу билгичтиктери жана көндүмдөрү калыптанат, натыйжада окуучуда негизги жана предметтик компетентүүлүктөрдүн калыптанышына өз таасирин тийгизет. Ал предмет аралык байланыштын өтмө тематикалык линиясы аркылуу көрүнүшү мүмкүн. Бул жагдайды конкеттештирүү үчүн табигый илимий билим берүү тармагында байланыштын бар экендигин көрсөткөн төмөндөгүдөй матрица сунуш кылынган. (бир теманын мисалында).

Математика

Окуу предметтеринин бѳлγмдѳрγ жана темалары

Табият таануу

1-4 класс

Табият таануу

5 класс

Физикалык география

Биология

Физика

Химия

Мурунку байланыштар


Улана турган байланыштар

Кийинки байланыштар

Негизги арифметикалык аракеттерди башкаруу. Тело кѳлѳмγн аныктоо

Бизди эмне курчап турат?

Тоолордо, сууларда, абада жашаган организмдер жана жаратылыш кубулуштары

Жандуу жана жансыз телолор. Ѳсγмдγктѳр жана айбанаттар дγйнѳсγ. Дарыялар, кѳлдѳр, тоолор талаалар, тγздγктѳр жана башка.

Жандуу жана жансыз телолор. Ѳсγмдγктѳр жана айбанаттар алардын тγзγлγшγ жана аткаруу функциялары.

Жандуу жана жансыз телолор.

Атомдор, молекулалар заттар

Жандуу жана жансыз телолор. Органикалык жана органикалык эмес кγйγγчγ заттар




Табият таануу предметин окуу процессинде табигий илимий предметтерден тышкары төмөнкү предметтер аралык байланыштар жүрөт:

1) орус тили менен. Сүйлөм курууда жаңы сөздөрдү колдонуу, классификация, салыштыруу, сөз байлыгын кеңейтүү;

2) Адабий окуу менен. Жаратылыш, анын байлыктары жөнүндө аңгемелерди окуу. Макал-лакаптарды, жаратылыш жөнүндө ырларды жаттоо;

3) Математика менен. Практикалык иштердин мезгилинде ченей турган приборлорду колдонуу, алкак тууралуу түшүнүктөрдү кеңейтүү;

4) Музыка менен. Музыкаларды тандоо жана угуу. Жаратылыш жана адам жөнүндө ырлар;

5) Сүрөт өнөрү менен. Сүрөтчүлөрдүн жаратылыш, жаратылыш кубулуштары, жыл мезгилдери жөнүндө тарткан сүрөттөрүн колдонуу;

6) Эмгекке окутуу менен. Буюмдарды жасоодо жаратылыш материалдары тууралуу билимдерди колдонуу;

7) Дене тарбия менен. Сергек жашоо образы, күндөлүк режим, зыяндуу көндүмдөр, адамдын денесин чыңдоо тууралуу маалыматтарды байытуу.


Предметтер аралык байланышты ишке ашыруу табият таануунун өтмө тематикалык линияларын колдонуу аркылуу ишке ашат:

Жаратылыш — бул бирдиктүү өнүгө турган система.

Жаратылышта бардык компоненттер бири-бири менен байланышта болот жана бири-бирине таасир этет.

Жаратылыштын бардык компоненттери бирдей эле химиялык элементтерден турат, бирок алар жаратылыштагы көп түрдүүлүктү камсыз кылат.

Жаратылыштагы бардык нерселер жалпы физикалык жана математикалык мыйзам ченемдүүлүктөргө баш ийет.

Адам — жаратылыштын бөлүгү жана анын мыйзамдарына баш ийет.

Адамдын акылы жаратылыш мыйзамдарын таанып билет жана аларды илимий жактан негизделген жаратылышты колдонуу үчүн пайдаланат.

Жаратылыш жана адам жөнүндөгү илим — бул бирдиктүү илим.

Жаратылыш ресурстарын туруктуу колдонуу жана тең салмактуу колдонуу.

БӨЛҮК III. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАНА БААЛОО

3.1. 5–класстын окуучуларынын окуусунун күтүлгөн натыйжалары.

Билим берүү жыйынтыктары – билим берүү процессинин белгилүү этабында окуучулардын жетишкендиктеринин топтому, ал негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүү деңгээли менен өлчөнөт.


Табият таануу боюнча билим берүү жыйынтыктары:

1. Курчап турган чөйрө тууралуу маалыматтарга ээ жана аларды практикада колдоно алат.

2. Билген маалыматтарын колдонуу менен курчап турган чөйрөдө болуп жаткан процесстерди жана өзгөрүүлөрдү табат;

3. Курчап турган чөйрө тууралуу маалыматтарды чогултат, талдайт, окуу продуктыларын түзөт (бул окуучу тарабынан окуу материалын өздөштүрүүдө жасалган нерсе болуп саналат: анкеталар, курчап турган чөйрө жана жаратылыш, телолордун, буюмдардын, приборлордун моделдери ж.б.)

4. Табият таануу боюнча окуган материалдарынын негизинде объектилерди баяндайт жана курчап турган чөйрөнүн кубулуштарын түшүндүрө алат.

5. Курчап турган дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү түшүндүрө алат, фактылардын негизинде тыянактарды чыгарат.

6. Тема боюнча суроолорду берет, фактылардын жана теориялардын негизинде тыянактарды чыгарат.

7. Курчап турган чөйрөнү таануу жолдорун тандап алат.

8. Байкоо жүргүзөт, байкоонун жыйынтыктарын баяндайт, приборлорду тандайт, ченөөлөрдү жүргүзөт, тыянактарды чыгарат.

9. Илимдин, техниканын жана коомдун жетишкендиктеринин жаратылыштын азыркы абалын тийгизген таасирин баалайт.

Максаттар орто окуучулар үчүн жеткиликтүү болушу керек, андыктан күтүлгөн натыйжанын калыптанышынын үч деңгээли бар:

  • Репродуктивдүү - окуучу өрнөккө карап, бир нерсени жасай алышы менен түшүндүрүлөт (иш аракеттерди берилген алгоритмге карата аткаруу);

  • Түшүмдүү – составы боюнча жөнөкөй ишмердүүлүктүн түрүн аткара алуу жөндөмдүүлүгү, өздөштүрүлгөн ишмердүүлүк алгоритмин башка жагдайда колдонуу;

  • Конструктивдүү (чыгармачыл) – татаал ишмердүүлүктөрдү өз алдынча пландоо жана негиздөө менен аткара ала тургандыгын түшүндүрөт.


Мазмундук линиялар

Окуучулардын табият таанууну окуусундагы кγтγлгѳн жыйынтыктар

1 класс


1 класс


Жаратылыш жана жаратылыш кубулуштары

1.1.1.1.

Жандуу жана жансыз жаратылыштын объектилери тууралуу маалыматка ээ болуу

1.1.2. 4.


Кγн менен тγндγ айырмалайт жана адам, айбанат, ѳсγмдγктѳр жашоосундагы маанисин билет;

1.1.2. 4

Адамзаттын колунан жасалган предметтерди айырмалайт жана сγрѳттѳйт;

1.1.3.8.

Жаратылыш кубулуштарын γйрѳнѳт жана байкоо жγргγзѳт, ѳзγнγн байкоолорун сγрѳттѳп берет ;

1.1.2.5.

Жыл мезгилдеринин канаттулардын жана айбанаттардын жашоосуна таасирин талкуулайт, баяндайт;

1.1.1.6.

Жыл мезгилдеринин маанисин тγшγнѳт;

1.1.1.7

Жыл мезгилдерин билет жана ѳзгѳчѳлγктѳрγн билет, адамдын, ѳсγмдγктѳрдγн, айбанаттардын жашоосундагы ролун ачыктайт;

2.1.1.1.

Ѳсγмдγктѳрдγн кѳбѳйγγсγ γчγн керектγγ шарттар тууралуу билимге ээ болушат;

2.1.2.4.

Ѳсγмдγктѳр жашаган чѳйрѳнγ сγрѳттѳйт

2.1.2.4.

Жашаган жери боюнча γй айбанаттары менен жапайы айбанаттарды айырмалай алат ;

2.1.1.2.

Айбанат жана канаттуулардын жашоосу γчγн керектγγ шарттарды колдонуу менен маалыматтар бере алат;

2.1.2.5

Ѳсγмдγктѳр жана айбанаттардын ортосунда байланышын курат ;


3.1.1.2 жасалма жана табигый телолорду салыштыруу маалыматтарын колдоно алат;

3.1.2.4. тело менен заттарды айырмалап билет жана ачыктай алат

3.1.2.4.

Табигый катастрофалык абалдарда жаратылыш кубулуштарын сγрѳттѳп берет

3.1.2.6.

Ѳсγмдγктѳрдγн ѳсγγ чѳйрѳсγ тууралуу жыйынтыктар жасайт жана алардын адам менен айбанаттар γчγн маанисин билет 3.1.1.5.

Айбанаттарды классификациялайт. Алардын жашоо чѳйрѳсγн, тамак-ашын аныктайт;

3.1.2.6.

Пайдалуу кендерди айырмалайт жана сγрѳттѳйт (программанын чегинде);

4.1.1.1.

Табигый тγркγмдѳр тууралуу маалыматтарды топтойт жана анализдейт.

4.1.2.5.

Кыргызстандын рельефи тууралуу айтып берет жана анын жасалма, табигый формаларын айтып бере алат

4.1.2.4.

Кыргызстандын картасынан токой, тоо, кѳл, дарыяларды сγрѳттѳп берет;

4.1.1.3.

Кыргызстандын суу ресурстары тууралуу билимин жана маалыматын топтой жана анализдейт

4.1.1.1.

Кыргызстандагы пайдалуу кендер тууралуу жана аларды рационалдуу колдонуу боюнча билимге ээ болот ;


Адам. адамдын жаратылыш менен байланышы

1.2.1.1.

Адамдын ден соолугу анны коргоо жолдору тууралуу жѳнѳкѳй маалыматтарга, билимге ээ болот ;

1.2.2.5. ѳздγ гигиена эрежелерин сактоо керектигин тγшγндγрѳт;

1.2.2.6.


Илимий маалыматтарды колдонуу менен адамдын жыл мезгилдерине жараша иштери тууралуу жыйынтык чыгарат;

1.2.3.9. илим менен техниканын ѳнγгγγсγнγн жыйынтыгында коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин баалайт;

2.2.2.5.

Адамдын жашоосунда ѳсγмдγктѳрдγн жана айбанаттардын ролун негиздейт;

2.2.3.6.

Дадамдын курчап турган айлана-чѳйрѳсγ менен ѳз ара мамилеси боюнча жыйынтык чыгарат;

2.2.2.5.

Бѳлмѳ гγлдѳрγ жана γй айбанаттарына кам кѳрγγ керектигине таянат;

2.2.2.6.

Илимий маалыматтарды пайдалануу менен жаратылышта адамдын жγрγм-турум

эрежелери тууралуу жыйынтык чыгарат;


3.2.2.4.

Адамдын органдары тууралуу сγрѳттѳйт, алардын функциялары тууралуу айтып берет

3.2.2.5

Адамдын пайдалуу жана зыян кѳндγмдѳрγ тууралуу жыйынтыктарды чыгарат;

3.2.2. 6. Илимий маалыматтарды пайдалануу менен сергек жашоо эрежелерин сактоо керекиги боюнча жыйынтык чыгарат,;

3.2.3.9.

Илим жана техниканын жетишкендиктерин баалайт жана ѳсγмдγк, айбанат, пайдалуу кендер, аба, сууну коргоо боюнча адамдын иш чаралары боюнча ѳзγнγн сунуштарын киргизет;

3.2.3.7.

«Кызыл китепке» кирген ѳсγмдγк, айбанаттарды соргоо эрежелерин сактайт.

3.2.3.9.

Ѳзгѳчѳ кырдаалдарда коопсуз жγрγм-турумга ээ

4.2.1.3.

Сууну. Жер кыртышын жана абаны тазалоодогу адамзаттын иш аракети боюнча маалыматтарга ээ болот;

4.2.2.5.

Ѳзγнγн аймагынын мал чарбачылык жана дыйканчылык боюнча ѳзгѳчѳлγктѳрγн, ѳнγгγγсγн тγшγндγрѳт.

4.2.1.7.

Жаратылыш тγркγмγн коргоо боюнча адамдын иш чаралары тууралуу маалыматка ээ болот;

4.2.3.9.

Адамдын таасири менен жер кыртышындагы болгон ѳзгѳрγγлѳрдγ анализдейт

4.2.2.5. коомдук жайларда жγрγм-турум эрежелерин сактоо керектигин .


Курчап турган айлна-чѳйрѳнγ кантип тааныйбыз

1.3.3.8.

Курчап турган чѳйрѳнγ кѳзѳмѳлдѳѳ методдорун колдонот

2.3. 3.8.

Лабораториялык иштерди жана тажрыйбаларды жγргγзѳт.

2.3.3.7.

Аба-ырайын кѳзѳмѳлдѳѳ γчγн термомтер жана башка жабдууларды колдонот

2.3.3.8.

Лабораториялык жана практикалык иштерди аткарууда коопсуздук техникаларын сактайт

3.3.3.7. сγрѳттγ схемадан айырмалоо γчγн компас боюнча горизонттун багыттарына аныктоо жγргγзѳт


3.3.3.8.

Тело жана заттардын касиетин аныктоо боюнча тажрыйба жγргγзѳт;


4.3.3.8.

Анализирует состав воздуха, проводит другие эксперименты;

4.3.3.7.

Жер рельефин сγрѳттѳѳ γчγн глобус колдонот;

4.3. 3.7.

Географиялык картанын масштабын аныктайт;

Биз жер планетасында жашайбыз

1.4.1.1.

Адамдын жашоосундагы ѳсγмдγктѳрдγн жана айбанаттардын ролу тууралуу билимге ээ болот жана ачыктай алат

1.4.3.7.

Ѳсγмдγктѳр дγйнѳсγн коргоо идеясын сунуштайт

1.4.3.9.

Илим менен техниканын негизинде жаратылышты коргоонун эн жѳнѳкѳй эрежелерин аткарат.


2.4.2.6.

Суунун, абанын жана жердин касиети жана мааниси тууралуу жыйынтыктарды чыгарат;


3.4.3.8.

Жаратылыштагы суу айлануусунун схумасын тγзѳт.

3.4.3.8.

Булут, туман жана жаан-чачындын пайда болушу тууралуу сγрѳттѳйт жана мындай кубулуштарды моделдейт;

3.4.1.1.

Адамдын жашоосундагы пайдалуу кендердин ролун сγрѳттѳйт;


4.4.3.8.

Кыргызстандын чек араларын физикалык географиядан аныктайт

4.4.1.1.

Космос, космонавт тууралуу алгачкы маалыматтарга ээ болот.

4.4.2.5.

Ѳсγмдγктѳрдγн, айбанаттардын, адамдын жашоосундагы жердин кыртышынын маанисин тγшγндγрѳт;

4.4.1.3..

Жер планетасы тууралуу маалыматтарды колдонот жана алат;

4.4.2.5.

Кγн менен тγндγн жана мезгилдердин алмашуу себептерин аяыктайт;


- биринчи сан окуу классын түшүндүрөт;

- экинчи – мазмундук линиянын сандык номери;

- үчүнчү – компетенттүүлүктүн ирээттик номери;

- төртүнчү – билим берүү жыйынтыгынын ирээттик номери.


3.2. Окуучулардын жетишкендиктердин баалоонун негизги стратегиялары.

Баалоо системасы – окуу жетишкендиктерин өлчөө жана көйгөйлөрдү диагнастикалоонун негизги каражаты, кайтарым байланышты камсыз кылуу, окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук структураларга билим берүүнүн абалы, проблемалары жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды жеткирүү. Табият таануу сабактарында окутуунун жетишкендиктерин баалоо максат күтүлгөн натыйжалар), метод жана окутуу формасы менен тыгыз байланышта. Баалоонун максаты – реалдуу жыйынтыктар менен күтүлгөн жыйынтыктарынын дал келишин аныктоо. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим тандалып алган окутуу методдоруна жана формаларына ылайык баалоонун ар кандай ыкмаларын колдонот.


Баалоонун түрлөрү жана формалары

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин өлчөө үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, формативдик, жана суммативдик, алардын ар бири белгилүү бир формада ишке ашат.

Диагностикалык баалоо окуучунун окуу жылындагы жетишкендиктерин баалоо үчүн колдонулат, мугалим окуучунун баштапкы деңгээлдеги компетентүүлүктөрү менен жетишилген жыйынтыктар менен салыштырат. Диагностикалык баалоонун жыйынтыктары жазуу түрүндө катталат, ал өз кезегинде жалпыланып, корректировкаларды киргизүүгө жана мугалим жана окуучу үчүн окутуунун милдеттерин тактап, окутуу процессин жакшыртуу максатында колдонулат.

Формативдик баалоо материалды өздөштүрүүдө окуучунун индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү стили ж.б.) окуучунун өсүшүн аныктоо жана ийгиликке жетүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууда колдонулат. Мугалим формативдик баалоону окутууга өз убагында корректировкаларды киргизүү, пландоого өзгөртүүлөрдү кошуу үчүн колдонсо, окуучулар өздөрү тарабынан аткарылып жаткан иштердин сапатын жакшыртуу үчүн колдонушат. Окуучулардын прогресси ал тарабынан аткарылган конкреттүү иштин негизинде тигил же бул билим берүү областында билим берүү максатына ылайык аныкталат. Мугалим журналга белги коюу менен окуучунун индивидуалдык өнүгүүсүндөгү байкоолорун түшүрөт.

Окуучулардын прогресси билим берүү тармактарынын алкагында коюлган максаттарга ылайык алар тарабынан конкреттүү ишти аткаргандан кийин гана белгилүү жыйынтыктарга жеткендиги аныкталат. Мугалим журналга баа коюу менен окуучунун индивидуалдык жетишкендигине болгон байкоолорун белгилейт.

Суммативдик баалоо окуучунун ар бир тепкичте пландалган жетишкендиктеринин деңгээлин баалоо үчүн кызмат кылат. Ал учурдагы, арадагы жана жыйынтыктоочу баалоолордон турат.

Күнүмдүк баалоо темаларды сабакта өтүү учурунда ишке ашат. Анын негизги милдети: теманы алгачкы түшүнүү деңгээлин, өздөштүрүүсүн аныктоо, анын айрым элементтери жана мурунку темалардын мазмуну менен байланыштарын аныктоо. Күнүмдүк баалоо предметтик стандарт

Күнүмдүк баалоо предметтик стандартта сунушталган критерийлерге жана баалоо нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Мына окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрү эске алынат. Күнүмдүк баа мугалим жана окуучу тарабынан коюлат: жуптук жана топтук иштердеги өз ара көзөмөл, өзүн-өзү көзөмөлдөө.

Аралык баалоо предметтик стандартта аныкталган шарттарга ылайык күтүлгөн натыйжаларга, мазмундук линияларга, карата жүргүзүлөт. Төмөнкү иштердин түрлөрү боюнча:

  • жаратылыш объектилерин же кубулуштарын байкоо жүргүзүү жана баяндоо;

  • лабораториялык – практикалык иштер;

  • жазуу иштери (графикалык диктанттар, өз алдынча иштер, тесттик тапшырмалар, конспект, схемаларды жана класстер түзүү ж.б.);

  • Оозеки жооп;

  • Тажрыйба, эксперимент жүргүзүү;

  • Долбоор, изилдөөчүлүк иштер;

  • портфолио (жетишкендиктер папкасы).

Бардык түрдөгү иштер баалоо нормалары жана критерийлеринин негизинде ишке ашат. Милдеттүү болуп саналат, мугалим тарабынан календардык-тематикалык планды иштеп чыгууда пландалат.

Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календары (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы), окуу-тематикалык планы (темалар боюнча баалоо) жана форма боюнча толтурулат:

Зачет, контролдук иш, тандалып алынган тема боюнча доклад даярдоо, презентация, слайддарды даярдоо;

  • баа коюу.

Баалоонун негизги принциптери:

  • Ишенимдүүлүкпедагогикалык өлчөөнүн тактыгынын деңгээли

  • Валиддүүлүк (аныктык) же баалоо методунун тактыгы, өлчөнө турган нерсе чындыгында эле өлчөнөбү же башка нерсеби.

  • Объективдүүлүк бирдей шартта бардык окуучулардын окшош сынактан өтүшүн талап кылат. Маалыматтарды талдоодогу объективдүүлүк мугалимге жана окуучуга белгилүү болгон так критерийлердин болушун талап кылат.

Объективдүүлүк принцибин камсыз кылган баалоо – бул критерийлердин негизинде баалоо болуп саналат.

«Критерий – белги, ага негизделүү менен баалоо жүргүзүлөт, бир нерсенин аныктамасы же класификациясы. Баалоонун өлчөмү”.

Критерийлер боюнча баалоо ар бир окуучунун ишмердүүлүгүн гана баалоого (бир окуучунун жообун башка окуучу менен салыштырбастан, бирөөнүн ишин экинчи менен салыштырбастан) мүмкүнчүлүк берет. Окуучунун окуу жыйынтыкка карата окумал деңгээлин аныктайт. Бул жерде ар бир окуучунун окуу материалдарды өздөштүрүүсү баалоо критерийлерге жана күтүлгөн натыйжаларга карата бааланат.

Окуучунун окуу жетишкендиктеринин баалоонун негизги критерийи окутуунун күтүлгөн жыйынтыктарынын түпкү максаты болуп саналат.

Окуу процессинин бардык катышуучулары үчүн мындай баалоо критерийлерин колдонгондо баалоо ачык жана түшүнүктүү болот. Мындай баалоодо мугалим окуучуларга баалоо критерийлерин алдын ала тааныштырат. Ушундай шартта гана окуучулар ар бир тапшырмага түшүнүү менен мамиле кылат, бул кийинки бийиктиктерди багындырууга мүмкүнчүлүк ачат.

Табият таануу боюнча баалоонун критерийлеринен өрнөктөр:

  • Практикалык ишти же экспериментти жасап жатканда иш-аракеттин ирээтин туура көрсөтүү;

  • Приборор жана каражаттар менен туура жана так иштейт;

  • Берилген тапшырманы жана ишти чечүү үчүн жол тандоо;

  • Табият таануу боюнча терминдерди жана символдорду туура колдонуу;

  • Тапшырманы толугу менен жана туура аткаруу;

  • Өткөн тема боюнча маалыматтык материалды өздөштүрүү;

  • Алдыга коюган милдеттерди жана көйгөлөрдү чечүү үчүн өтүлгөн материалды колдонуу.


Өзүн баалоо/өз ара баалашуу процедурасы төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Ар бир конкуреттүү жагдай үчүн мугалим тарабынан так критерийлердин иштелип чыгышы;

  • Билим алып аткандар үчүн өздөрүнүн жыйынтыктарын талдоо үчүн зарыл психологиялык шыктандыруу шартын түзүү;

  • Окуучуларга баалоо критерийлери белгилүү болгон жагдайларды түзүү, ушундай шартта алар өз жыйынтыктарын өз алдынча салыштырат. Эффективдүү иштөө боюнча өз тыянактарын чыгарышат;

  • Окуунун кийинки этабына алынган жыйынтыктардын негизинде окуучулар өз программасын түзүшөт.

Баалардын нормасы.

Окуучулардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын объективдүү баалоо үчүн баа коюунун төмөндөгүдөй градациясы колдонулат.

А) Окуучулардын оозеки жоопторун баалоо

«5» деген баа окуучунун төмөндөгүдөй оозеки жообуна коюлат:

  • Программада жана окуу китебинде каралган материалдын мазмунун толук ачып берсе;

  • Материалды, предметке байланышкан терминдерди түшүндүрүп бере алса;

  • Жоопторго байланышкан чиймелерди туура аткара алса;

  • Теорияны конкреттүү мисалдар менен сүрөттөп айтып бере алса жана практикалык иштерди аткарууда теорияны колдоно алса ;

  • Мурунку алган билимдерди өздөштүргөндүгүн көрсөтө алса, суроолорго жооп берүүдө зарыл билгичтиктерин жана көндүмдөрүн көрсөтө алса;

  • Жетелеме суроолорсуз өз алдынча жооп бере алса.


«4» деген баа окуучунун төмөндөгүдөй оозеки жообуна коюлат:

«4» деген баа негизинен «5» деген баанын талаптарына жооп бергенде коюлат, бирок төмөндөгүдөй жетишпестиктер болушу мүмкүн.

  • Түшүндүрүп жатканда мазмунду бузбаган айрым каталарды кетирсе;

  • Негизги мазмунду ачыктоодо мугалимдин талабы менен оңдолгон 1-2 кемчилик болсо;

  • Кошумча суроолорду бергенде ката болсо же 1-2 жетишпестик болсо, бирок мугалим айткан соң оңдолгон болсо.


«3» деген баа окуучу төмөндөгүдөй оозеки жооп бергенде коюлат:

  • Эгерде окуу материалы толук ачылбаган болсо (мазмун уламалуу берилбестен, бөлүк-бөлүк берилсе), программалык материалды мындан кийин өздөштүрүп кете ала тургандыгын көрсөтө алса, суроону жана билимди жалпы жонунан түшүнсө;

же


  • Эгерде практикалык тапшырмаларды кылууда теорияны колдоно албаса, бирок бул темада милдеттүү тапшырмаларды аткара алса;

же

  • Эгерде теориялык билим жеткиликтүү болуп туруп, толук калыптанбаган билгичтиктер жана көндүмдөр үчүн.


«2» деген баа окуучу төмөндөгүдөй оозеки жооп бергенде коюлат:


Эгерде окуу материалынын негизги мазмунун ача албаса;

же

  • Окуу материалдын негизги же маанилүү бөлүктөрүн түшүнбөсө жана билбесе;

же

  • Табият таануунун түшүнүктөрүн аныктоодо кыйынылыктарга кабылса же терминдерди колдонууда, чиймелерде каталарды кетирсе, мугалимдин жетелөөчү жана багыттоочу суроолорунан кийин дагы тууралай албаса;


Эгерде окуучу тарабынан окуу материалынын мазмунун таптакыр билбесе анда - «1» деген баа коюлат.

Б) Окуучулардын контролдук жазуу иштерин баалоо


«5» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу (өз алдынча) иштерине коюлат:

  • Эгерде иш толугу менен аткарылса;

  • Маселени чечүү кадамдарын негиздөөдө жана логикалык ой жүгүртүүсүндө каталар жана кемчиликтер болбосо;

  • Тапшырманы аткарууда ката жок болсо (бир так эместик же жазуу катасы болушу мүмкүн, бирок ал окуу материалын түшүнбөгөндүктөн же билбегендиктен кеткен болбосо);

  • Эгерде тапшырма рационалдуу жол менен аткарылган болсо.


«4» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу (өз алдынча) иштерине коюлат:

  • Эгерде иш толугу менен аткарылган болсо, бирок жетишпеген жери бар (ой жүгүртүүнү негиздөө, текшерүүнүн максаты болбосо);


же

  • Сүрөттөрдө, чиймелерде, таблицаларда, графикаларда 2-3 кемчиликтер бар, же 1 ката кетирилген. (бул сыяктуу иштер текшерүүнүн максаты болбосо);

  • Эгерде тапшырма рационалдуу эмес жол менен аткарылган болсо.


«3» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу (өз алдынча) иштерине коюлат:

  • Эгерде сүрөттөрдө, чиймелерде, таблицаларда, графикаларда 2-3 кемчилик болсо же аталган тема боюнча 1 ката кетсе. Окуучунун билмдери жана билгичтиктери негизинен коюлган талаптарга жооп берсе.


«2» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу иштерине коюлат:

  • Эгерде кетирилген каталар окуучунун бул тема боюнча билимдерге, билгичтиктерге ээ болбогондугун көрсөтсө, талаптарга жооп бербесе.


«1» деген баа окуучулардын төмөндөгүдөй контролдук жазуу иштерине коюлат:


  • Эгерде окуучу берилген тема боюнча коюлган талаптарга ылайык

Эч кандай билимдерге жана билгичтиктерге ээ болбосо коюлат.


1-4 класстарда баалоо окууга болгон ички мотивацияны стимулдаштырууга, өзүн баалоо, талдоо жана өз-ара баалашуу, өзүнүн жана башкалардын ишмердүүлгүнө сынчыл баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Ушундай максатта баа коюу, сапаттык жана жазуу жолдору колдонулат.

БӨЛҮК IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ БОЮНЧА ТАЛАПТАР

4.1. Каражаттар менен камсыздоо боюнча талаптар

Табият таануу боюнча мамлекеттик стандарт окуучуларда элементардык изилдөө ишмердүүлүктөрүнүн, табигый илимий маалымат менен иштөө жолдорун, коммуникативдик көндүмдөрдүн жана табигий илимий компетентүүлүктөрдүн калыптанышын артыкчылыктуу багыттар катары карайт. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык камсыздоо жагынан зарыл шарттар түзүлүшү керек.

Окуучулардын байкоолору жана тажрыйбаларынын негизин коллекциялар, гербарийлер жана курстун ар бир темасы боюнча комплекттер түзөт. Ар бир комплект тиешелүү тема боюнча практикалык иштерди жүргүзүү үчүн зарыл каражаттар менен камсыз болот. Комплекттерге мугалимдер үчүн байкоолордун жана тажрыйбалардын так көрсөтмөлөрү жана окуучулар үчүн зарыл дидактикалык материалдар тиркелет. Коллекцияларды, гербарийлерди жана каражаттардын тематикалык комплектерди колдонуу менен жасалган практикалык иштердин номенклатурасы стандартта көрсөтүлгөн бардык ишмердүүлүктөрдү жасоого шарт түзүшү керек: жаратылыш кубулуштарын аныктоо (таануу), байкоо жүргүзүү, тажрыйбалар, өлчөө, байкоолорду жана тажрыйбаларды жүргүзүү үчүн моделдерди куруу, өзү жашаган аймактагы экологиялык көйгөйлөрдү талдоо. Табият таануу курсунун практикалык бөлүгүндөгү маанилүү аспект окуу процессине реалдуу жаратылыш обьектилерди кошуу болуп саналат. Ал бөлмөдөгү өсүмдүктөрдү өстүрүү жана байкоо жүргүзүү, (мүмкүнүчүлкккө жараша) жаныбарлар андан тышкары курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө эксурсия жана практикумдардын алкагында ишке ашышы мүмкүн.

Табият таануу сабактары өткөн кабинетте техникалык окуу каражаттардын болушу шарт ( телевизор, видеомагнитофон, кодоскоп ж.б.).

Азыркы учурда мугалимдин иш орду мультимедиялык компьютер жана проектор сыяктуу автоматташтырылган болушу артыкчылыктуу көрүнүш. Зарыл программалар менен камсыздалган учурда ар кандай информациялык объектерди колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт (видео, анимациялар, интерактивдик моделдер, статистикалык иллюстрациялар ж. б.)

Ар бир конкреттик жагдайда мүмкүнчүлүктөргө жараша техникалык каражаттардын оптималдуу набору жана аларды камсыздап турган программалык каражаттар менен толукталып туруу зарыл.


Материалдык техникалык камсыздоонун сандык

көрсөткүчтөрүн саноонун мүнөздөмөсү

Окуу каражаттарынын саны талаптарда бир окуу кабинетине орточо толгонун (25-30 окуучу) эске алуу менен көрсөтүлгөн. Сунуштарда сандык көрсөткүчтөрдү белгилөө үчүн төмүндөгүдөй символикалык белгилер колдонулат:

  • Д – демонстрациялык экземпляр (1 экз., атайын сүйлөшүлгөн шарттардан башка), анын ичинде мугалим тарабынан демонстарция үчүнт же кабинетте дайыма экспозиция катары колдонулат.

  • К – толук комплект (класстын реалдуу толушун эске алуу менен).

  • Ф – фронталдык иш үчүн комплект. (толук компмлектке караганда эки эсе кичине, демек эки окуучуга 1 экз. кем эмес), Бул каражат фронталдык окуу иштерин жүргүзүүдө колдонулат.

  • П – топтордо, бир канча окуучу болгон учурда (6-7 экз) практикалык иштер үчүн комплект.

Окуу кабинетинин мүнөздөмөсү

Окуу кабинетин уюштурууда, имарат тандоо жана аны рационалдуу пландоо Сан ПиНдин талаптарына ылайык аныкталат. Табият таануу сабактарын өткөрө турган кабинет окуу эмеректери, демонстрациялык жана лабораториялк каражаттарды сактай турган шкафтар, мугалим үчүн демонстрациялык стол, ага электр тогунун жана муздак суунун уланышы, андан тышкары окуучунун коопсуз эмгегин камсыз кыла турган бардык шарттар менен камсыз болууга тийиш. Кабинеттин аз колдонгондугун эске алып ал биология жана физика кабинети катары да колдонулушу мүмкүн. Табият таануу боюнча бүтүрүүчүнү даярдоо талаптарына жооп бере тургандай каражаттардын тизмеси сакталышы керек.


Табият таануу курсун окутууда сунушталган материалдык-техникалык камсыздоолордун тизмеси

Материалдык-техникалык жабдуу каражаттары жана обьекттердин аталыштары

Керектелγγчγ саны


Библиотекалык фонд (китеп катары басылгандар)

Табият таануу боюнча мамлекеттик предметтик стандарт

Д

Табият таануу боюнча билим берγγ программасы

Д

Билим берγγ боюнча методикалык сунуштар

Д

Табият таануу боюнча окуу-методикалык комплект


Маалымат берγγчγ басылма табият таануу терминдеринин сѳздγгγ

К

Табият таануу боюнча контролдук-ѳлчѳѳчγ материалдар (окуучуларды денгээлин жогорулатууда камсыз кылынган талаптардын шарттары жана диагностикасын камтыган тест тапшырмаларынын жыйнагы

Ф

Табият таануу боюнча энциклопедия. Маалымат берγγчγ китепче

П

Атлас–ѳсγмдγктѳрдγ жана айбанаттарды аныктайт

Ф

Ѳспγрγмдѳр γчγн табият таануу мазмунун камтыган илимий-популярдуу булактар

П

Табият таануу боюнча дидактикалык материалдар (3 баскычтагы предметтик компетенцияларды камтыган ар тγрдγγ денгээлдеги тапшырмалардын жыйнагы)

Ф


Печаттык колдонмолор

Табият таануу тармагындагы улуу окумуштуулардын портреттери

Д

Жылдыздуу асмандын картасы

Д

Табият таануунун негизги темалары боюнча таблицалар. (кабинетти маалыматтык басылмалар менен камсыздоо сунуш кылынат, полиграфиялык жана электрондук фоматта болгону дурус)

Д

Кыргызстандын физикалык картасы

Д

Дγйнѳнγн физикалык картасы

Д


Маалыматтык-коммуникативдик каражаттар

Табият таануу жана жаратылышка киришүү боюнча маалымат ресуртары (электрондук энциклопедия, карталардын атластары, ѳсγмдγктѳрдγ жана айбанаттарды аныктагычтар, Интернет–ресурстары маалымат берγγчγ булактар)

Д

Тематикалык, жана ар кандай деңгээлдеги машыгуучу жана текшерүүчү материалдары менен Фронталдык жана ѳз алдынча иштөөнү уюштурууу үчүн компакт дисктер

(Табият таануу боюнча тапшырмалардын базасын камтыган программалык товарлар, андан тышкары окуучулардын индивудуалдык билим алуу траекториясын эске алуу менен тематикалык жана жыйынтыктоочу иштердин системасынын комплектациясы)

Д

Жаратылышка киришүү жана табият таануу боюнча кѳрсѳтмѳ куралдардын электрондук китепканасы.

(ар тγрдγγ типтеги маалымат обьектилерин камтыган компакт–диск: видеофрагменттер, анимациялар, интерактивдγγ моделдер, сүрөттөр жана статистикалык иллюстрациялар; презентация жасоо жана сактоо боюнча каражаттар)

Д


Окутуунун техникалык каражаттары (ОТК)

Мультимедиялык компьютер (интернетке туташтырылган аудио–видеолуу компьютер, телекоммуникация каражаттары, прикладдык программалардын пакеттери (тексттик, презентациялык жана башка)

Д

Принтер

Д

Цифралык фотоаппарат

Д

Видеокамера

Д

Мультимедиялык проектор

Д

Проекциялык экран

Д

72 см ден диагоналы кичине болбогон телевизор

Д

Видеомагнитофон (видеоплеер)

Д

Графопроектор

Д

Диапроектор

Д


Окуу-практикалык жана окуу-лабораториялык каражаттар

Жѳнѳкѳй ѳлчѳгүч приборлорду конструкциялоо комплекти (оордукту, убакытты ѳлчѳѳ жана башка)

Ф

Аба ырайына байкоо жүргүзө турган комплект - термометр, жаандын суусун өлчөй турган мензурка, анемометр, флюгер

Ф

«Зат кубулушун айландыруу” комплекти (Комплект курчап турган айлана-чѳйрѳдѳгγ заттардын алмашуу ѳрнѳктѳрγн, химиялык реакциялардын ѳзгѳчѳлγктѳрγн окуучуларга тааныштыруу γчγн керектγγ реактивдерден турат).

Ф

Лабораториялык каражаттар комплекти (лабораториялык штатив, стакандар, чашкалар. Петри, ѳлчѳѳчγ стакандар, тγтγкчѳлѳр, колбалар, айнек таякчалар жана башка

Ф

Кγн системасынын модели

Д

Жердин физикалык глобусу

Д

Компас

Ф

Лабораториялык таразалар

Ф

«Биринчи жардам кѳрсѳтγγ» комплекти

(оор болбогон травмалар жана каноолорго биринчи жардамды кѳрсѳтγγ жолдорун окуучуларга окутууну камсыз кылат)

Ф

Микроскоп

Ф

Демонстрациялык буюмдары менен посуданын комплекти

Д

Демонстрация штативи

5 шт.


Натуралдык обеъктилер

«Пайдалуу кендер» коллекциясы, «Тоо тектери жана минералдары»

Ф

Жапайы ѳсγмдγктѳрдөн, маданий ѳсγмдγктѳрдөн, дары ѳсγмдγктѳрдөн гербарийлер.

Ф

Азык түлүктөрдүн, мөмөлөрдүн түрлөрүнүн копиялары, «Желе турган жана желбей турган козу карындар»

Д

«Адамдын кѳѳдѳнγ» кѳлѳмдγγ модел

Д



4.2. Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү.

Шыктандыруу адам ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун негизги факторлорунан болуп саналат – алардын максат коюшу, аларга жетүү каражаттарын тандоосу, пландоо, рефлекция. Ишмердүүлүктү эрктик жактан башкаруу да чоң мааниге ээ.

Шыктангандыкты өнүктүрүүгө таасирин тийгизе турган факторлор. Билим берүү процессинин катышуучуларынын муктаждыктары ар бир окуучунун инсандык өзгөчөлүктөрүнө (жөндөмдүүлүк деңгээли, тигил же бул ишмердүүлүккө шыктуулугу, темпераменти ж. б.), жана социалдык факторлорго (үй бүлөлүк салты, мектептин ички чөйрөсүнүн багыттуулугу, курдаштардын ортосундагы байланыштар ж.б.) карата аныкталат.

Бул муктаждыктар мектептерде салттуу түрдө улантылып келген төмөнкү ишмердүүлүктүн жана багыттардын формаларынын негизинде канааттандырылат:

  • Сабактагы окуу ишмердүүлүгү;

  • Чоңдор тарабынан уюштурулган сабактан тышкаркы ишмердүүлүктөр;

  • Балдардын арасында пайда болгон субмаданияттык топтордун алкагында социализация;

  • Мектептеги ар кандай өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын түрлөрү.


Билим берүү чөйрөсүнө коюлуучу талаптар.

Мектептин билим берүү чөйрөсү баалуулук-маанилүүлүк аянтча болуу менен социалдык-позитивдүү ишмердүүлүктөр окуучулардын татаал социо-маданий муктаждыктарын реализациялоого багытталууга тийиш. Эң негизгиси өзүнүн актуалдашышы жана өзүн релизациялоосу.

Ушундан улам мектептеги билим берүү чөйрөсүнө карата талаптардын ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • Кайсы бир ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда окуучулар менен чоңдордун ортосунда инсандык байланышты камсыз кыла турган иштердин болушу;

  • Сунуш кылынган ишмердүүлүк формасында максималдуу кеңири предметтик-тематикалык состав;

  • Окуучулар тарабынан уюштурулган органдарга мектептин жашоо сферасын аныктай турган укуктарды жана жоопкерчиликтерди берүү;

  • Мектептин позитивдүү ишмердүүлүк сферасына окуучулардын субмаданияттык, өздөрү тарабынан уюшулган топторун аралаштыруу механизмдеринин болушу;

  • Чөйрөнүн “ачыктыгы” окуучулардын сырткы агенттер (башка билим берүү мекемелери, адистик мекемелер, аймактык субъектер, башка өлкөлөрдөгү коомчулуктар ж.б) менен байланышта болуусуна шарт түзүү;

  • Презентация системасынын болушу жана чыгармачылык жетишкендиктерди мектептин жана жогорку деңгээлдерде таанылышы.


Мектепте шыктандыруучу билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн негизги механизми катары үч нерсеге басым жасалат:

  • Билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелешүү системасы жаңы уюмдардын, кызматташуулардын, клубдардын, лабораториялардын ж.б. негизинде өзгөрөт;

  • Билим берүүдө инновациялык инфраструктуралык чөйрө түзүү;

  • Гуманитардык жана информациялык технологиялардын негизинде конкреттүү билим берүү программалардын деңгээлинде жаңы билим берүү практикаларын киргизүү.


Шыктандыруучу чөйрө түзүүдө негизги иш-чаралар катары төмөнкүлөр каралат:


  • Мектептеги психологиялык чөйрөнү байытуу, окуучулардын курактык жана инсандык өзгөчөлүгүн, ар бир тепкичтеги муктаждыктарын эске алуу менен аны эмоционалдык жактан толтуруу.

  • Долбоорлор жана окуу ишмердүүлүктөрү менен мектептин китепканасын колдонуу менен иштей турган обочо, тынч, индивидуалдуу иштөөгө мүмкүн болгон жай түзүү.

  • Мектептин маалыматтык жана технологиялык чөйрөсүн сапаттык жогорку деңгээге көтөрүү: интерактивдүү доскалар, компьютерлер жана проекторлор ж.б.


Шыктандыруучу билим берүү чөйрөсүн түзүү төмөндөгүлөрдүн муктаждыктарын канааттандырууга багытталган:

  • окуучулардын – окуу программалары сапаттык билим берүүгө, жашоонун ар кыл тармактарында жана адистик ишмердүүлүктө проблемаларды өз алдынча чече ала турган практикалык көндүмдөргө ээ болууга, атаандаштыкка туруктуу болушун көздөйт;

  • ата-энелер – мектеп окуучуларынын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүнө, алардын жашоодо ийгиликтүү болушуна жана адис катары калыптанышы үчүн максималдуу өнүгүшүнө шарт түзүүсү;

  • педагогдорго – билим берүү процессинде профессионалдык компетенттүүлүгүн жогорулатууну камсыздоо, чыгармачылык жактан өзүн реализациялоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүү;

  • мекемелерге - мектептин өнүгүшүн камсыздаган, билим берүү кызматын көрсөтүү рыногунда конкуренцияга туруктуу кыла турган индивидуалдык билим берүү моделин түзүүсүнө;

  • коом жана мамлекетке - окуучуларды өнүктүрүү программасын реализациялоо жаңы типтеги маданий инсандын калыпанышына багытталган, ал илим, маданият, коомдук мамилелерде чыгармачыл түшүмдүү эмгектенүүгө


Шыктандыруучу чөйрө түзүүнү уюштуруудагы негизги шарт: өз ара түшүнүшүү, өз ара кызматташуу, идеялардын консолидациясы жана ишмердүүлүктөрдүн интеграциясы болуп саналат.


Адабияттар

  1. Мамбетакунов Э.М. «Стандарт по естествознанию для 5 класса», 1998 г.

  2. Государственный образовательный стандарт среднего общего образования Кыргызской Республики. 2014 г.

  3. Методическое пособие «Реализация новых образовательных стандартов в средней школе средствами УМК «Перспектива» ( в помощь учителю).

ОАО «Издательство «Просвещение», 2010

4. Игнатова В.А., Голубцова В. И. Анализ содержания естественно-научного образования школьника в разных системах обучения // Психологическая наука и образование. — 2000. — № 4.

5.Райков Б.Е. Общая методика естествознания. - М.; Л., 1947.

6. Ягодовский К. П. Вопросы общей методики естествознания. — М.: Уч-педгиз, 1951, 1954.

7. Райков Б. Е. Пути и методы натуралистического просвещения. – М., 1960. – С. 46.


8. Дювуар А. О. О значении естественных наук и преподавания оных // Русский пед. вестник. – 1860. – № 11.

29



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!