СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика сабагы»

https://kozubaeva.kg/

1-ВАРИАНТ

1 – тапшырмалар топтому. АДАМ

1. Текст

Биологиялык жактан алып караганда адам жер-жүзүндөгү бардык жан-жаныбарлар сыяктуу тирүү жандык. Бул адамдын табияттын бир бөлүгү экендигин билдирет. Бирок, адам жаныбарлар дүйнөсүнөн өзүнүн акыл-эси жана эмгеги менен бөлүнүп чыгып, ой-жүгүртүүнүн жана баарлашуунун негизинде коомду түзө алды.

Эң алгачкы эки буттап баскан адам сымал маймыл бул Чыгыш Африкада жашаган – австролопитек. Эки буттап басуу австролопитектин дене түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнө шарт түздү. Колдору кыскарып, денесиндеги түктөр азайган. Эки колу бир нерсе кармоо үчүн бош болгон. Алар таяк же таш менен коргонууну, өсүмдүктөрдүн тамырын казып жегенди билишчү. «Homo erectus» – түз баскан адамдын бою 150-160 см. жетип, түз баскандыгына байланыштуу сөөктөрү өзгөргөн. Кабагы калың болуп, баш сөөгү жалпак эле. Тиштери адамдыкындай эле болуп, ээги дээрлик жок болгон. Үңкүрлөрдө жашап, отту пайдаланышкан. Бирок, өздөрү от жагууну билишкен эмес

«Homo sapiens» – акыл-эстүү адам. Алар турак-жай курганды, сууктан сактануу үчүн жаныбарлардын терилерин кийгенди билишкен, карыяларга жана балдарга камкордук кылышып, өлгөндөрдү көмүшкөн. Акыл-эстүү адам жасаган эмгек куралдар кыйла ыңгайлуу жана колдонгонго жарактуу болгон. Кыймыл-аракет аркылуу жаңсашып, кыска-кыска үн чыгарып сүйлөшө алышкан.


1-сүрөт. Түз баскан адамдар


Адам биологиялык жандык катары төрөлүп, чоңойгон сайын социалдашып барат. Инсан катары адамдарга аралашып, коомдо өз ордун табууга аракеттенет. Бирок, адам адамдардын арасында жашап, адамдардан тарбия алганда гана адам катары калыптанат. Эгер, адам жаныбарларды арасында чоңойсо, анда ал ошол жаныбарга окшоп калыптанып калат, т.а. социалдашпайт.

Демек, адам биологиялык жактан бардык жаныбарлар сыяктуу тирүү жандык болуп эсептелет. Ал эми жаныбарлардан социалдашуусу менен өзгөчөлөнөт.


1-таблица. Адамдын биологиялык жана социалдык өзгөчөлүктөрү

Адамдын биологиялык өзгөчөлүгү

Адамдын социалдык өзгөчөлүгү

- Адам, жаратылыштын бир бөлүгү;

- Адамдын денеси жана мээси – эволюциянын натыйжасы;

- Тирүү жандык катары адамдын инстинкти жакшы өнүккөн;

- Биологиялык муктаждыктар

- Кеп, ой-жүгүртүү, акыл-эс;

- Эмгек куралын жасап, колдонуу;

- Социалдык жана руханий муктаждыктар;

- Чыгармачылык, ишмердүүлүк, жаратмандык



Тапшырмалар менен иштөөдө Адам жөнүндөгү маалыматтарды камтыган текст, таблица жана сүрөттү пайдалангыла.

__________________________________________________________________

1-суроо. Адам

Адам башка жаныбарлардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

А) Табияттын бир бөлүгү экендиги менен

Б) Биологиялык жандык катары төрөлгөндүгү менен

В) Адамдарга аралашып, социалдашуусу менен

Г) Жаныбарлар менен чогуу чоңойгондугу менен


Тапшырманы аткаргандыгын баалоо:

Ишмердүүлүк: маалыматты таап чыгуу

Тексттин форматы: толук эмес

Кырдаал: коомдук


Код 1: Жообу: В – “Адамдарга аралашып, социалдашуусу менен”

Код 0: Башка жооптор.

________________________________________________________________


2-суроо. Адам

Мындан канча миң жыл мурда «Homo sapiens» - Акыл-эстүү адамдын келбети калыптана баштаган?

Тапшырманы аткаргандыгын баалоо:

Ишмердүүлүк: маалыматты таап чыгуу

Тексттин форматы: толук эмес

Кырдаал: коомдук


Код 1: Мындан 500-300 миң жыл мурда.

Жооптордун мисалдары:

- 500

- 300

- 500 миң жыл мурда

- 300 миң жыл мурда

- 500 миң жылдан баштап

- 300 миң жылдан баштап


Код 0: Көрсөтүлгөн жооптон башка жооптор.

Жооптордун мисалдары:

- мындан 5 миллион жыл мурда

- мындан 3 миллион жыл мурда

- мындан 40 миң жыл мурда

- мындан 10 миң жыл мурда

________________________________________________________________


3-суроо. Адам.

Эмне үчүн автор бул мезгилде жашаган адам сымал маймылды «Homo sapiens» - Акыл-эстүү адам деп атады?


Тапшырманы аткаргандыгын баалоо:

Ишмердүүлүк: тексттин мазмунуна рефлекция жана баалоо

Тексттин форматы: толук эмес

Кырдаал: коомдук

Код 1: Алар турак-жай курганды, сууктан сактануу үчүн жаныбарлардын терилерин кийгенди билишкен, карыяларга жана балдарга камкордук кылышып, өлгөндөрдү көмүшкөн.

Жооптордун мисалдар:

- турак-жай курушкан

- сууктан сактануу үчүн жаныбарлардын терилерин кийген

- карыяларга жана балдарга камкордук кылышкан

- үңкүрдө эмес турак-жайда жашаган


Код 0: Башка жооптор

- түз баскан

- эки буттап баса баштаган

- эмгек куралдарды колдонгон

- кыска үн чыгарып сүйлөшө алышкан

- аңчылыкка жамаат болуп чыгышкан

- отту пайдаланганды билишкен

_______________________________________________________________

4-суроо. Адам

1-сүрөттү кара, эмне үчүн сүрөт Австролопитектен башталат?


Тапшырманы аткаргандыгын баалоо:

Ишмердүүлүк: интерпретациялоо

Тексттин форматы: толук эмес

Кырдаал: коомдук

А. Анткени, австролопитектен баштап адам сымал маймылдар түз баса баштаган

Б. Адам сымал маймылдар биринчи жолу Австралиядан табылгандыгы үчүн

В. Сүрөтчүлөргө австролопитектин сүрөтүн тартуу оңой жана ыңгайлуу болгон

Г. Окумуштуулар биринчи болуп австролопитектин калдыгын тапкан


Код 1: Анткени, австролопитектен баштап адам сымал маймылдар түз баса баштаган

Код 0: башка жооптор

________________________________________________________________


5-суроо. Адам

1-таблицаны карап, суроого жооп бер, Адам жаныбардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?


Тапшырманы аткаргандыгын баалоо:

Ишмердүүлүк: интерпретациялоо

Тексттин форматы: толук эмес

Кырдаал: коомдук


Код 1: Адам жаныбарлардан социалдашуусу менен өзгөчөлөнөт. Т.а. кеп, сүйлөшүү, ой-жүгүртүү, акыл-эси, эмгек куралын жасап, колдонуусу, социалдык жана руханий муктаждыктары, чыгармачылык, ишмердүүлүк, жаратмандык.

Башка жооптор:

- социалдашуусу

- кеп, ой-жүгүртүү, акыл-эс;

- эмгек куралын жасап, колдонуу;

- социалдык жана руханий муктаждыктар;

- чыгармачылык, ишмердүүлүк, жаратмандык


Код 0:

- биологиялык

- адам, жаратылыштын бир бөлүгү;

- адамдын денеси жана мээси – эволюциянын натыйжасы;

- адамдын инстинкти жакшы өнүккөн


















2-ВАРИАНТ

Тест менен иштөө

1. Адам менен жаныбарды байланыштырып турган жоопту таап көрсөткүлө.

А) фантазиясынын (ойлоосунун) өркүндөп өскөнү

Б) жумуштарын пландаштырып аткара билүүсү

В) өзүн-өзү таанып билүүсү

Г) өзүнө турак-жай кура билүүсү


2. Адам жаныбарлардан айырмаланып ……… жөндөмдүү.

А) өзүнө турак-жай курууга

Б) өзүнүн эмгегин пландаштырууга

В) үйүнө жол таап барууга

Г) балдарына кам көрүүгө


3. Төмөнкү ишмердүүлүктүн кайсысы адамга да, жаныбарга да тиешелүү болуп эсептелет?

А) чыгармачылык менен иштөө

Б) өзүн-өзү таанып-билүү

В) коргонуу жана тукум улоо

Г) ишмердүүлүгүн пландаштыруу


4. Адамдын биологиялык муктаждыгына ……… кирет.

А) сууга болгон муктаждыгы

Б) ойлонуу жөндөмдүүлүгү

В) жаңылык жаратуу жөндөмдүүлүгү

Г) дүйнөнү таанып-билүүсү


5. Ата-энеден балага эмне мурасталып өтөт?

А) көзүнүн түсү жана мурдунун формасы

Б) курчап турган дүйнөнү таанып-билүүсү

В) ата-энеге мүнөздүү сапаттары, маданияттуулугу

Г) үйрөнгөн билими, акыл эси


6. Жаныбарлардагы кайсы инстинг инсанды коштоп жүрөт?

А) Балдарына кам көрүүсү

Б) Өзүнө үй куруусу

В) Коргонуу инстинги

Г) Айтылгандардын бардыгы


7. Инсандын биологиялык жандык экенин эмне далилдеп турат?

А) инстинкти

Б) акылы менен дүйнөнү таануусу

В) билим алуусу

Г) маданияттуулугу



Окуу жана түшүнүү

Англис жазуучусу Редьярд Киплингдин “Маугли” китебинен үзүндүнү окуп, тесттерге жооп бер

“Карышкыр ата Мауглиге {....} жуңглидеги бардык нерселер боюнча: чөптөр, кечиндеги шүүдүрүм жана жылуу жел, төбөсүндө учуп жүргөн каргалар жана үкүлөр, түн ичинде ойгонгон жарканаттар, суунун үстүндө секирип ойногон балыктар жана дарактар жөнүндө айтып берди. А бул болсо жаш бала үчүн өтө маанилүү эле {…..}

Ал сабакта эч нерсе кылбай отурган балдарга караганда күчтүү болуп чоңойду..... ал бала болчу, өзүн карышкыр деп эсептесе дагы. Адамдар сүйлөгөн бир тилде сүйлөй албайт да аттиң.....”


8. Карышкыр ата Мауглиге эмнелер жөнүндө айтты?

А) Жаратылыш кубулуштары жана жаныбарлар

Б) Адамдардын жашоосу жана тиричилиги

В) Карышкырлардын өзгөчөлүгү жана тили

Г) Табияттын кырсыктары жана өзгөчөлүгү


9. Карышкыр атанын айткандары эмне үчүн маанилүү эле? Анткени,

А) Маугли адамдарга кетүүсү керек болчу

Б) Маугли жунглиде аман калуусу керек эле

В) Маугли жан-жаныбарларды башкаруусу керек эле

Г) Маугли жунглиге от алып келүүсү керек болчу


10. Эмне үчүн Маугли сабак окуган балдарга караганда күчтүү болуп чоңойду? Анткени, ал

А) сабакты калтырбай жакшы окуду

Б) күчтүү, кайраттуу жана акылдуу эле

В) окуган балдардан жашы улуу болчу

Г) карышкырлардын мыйзамы менен жашады



Туура жооптору

1. Адам менен жаныбарды байланыштырып турган жоопту таап көрсөткүлө.

Г) өзүнө турак-жай кура билүүсү


2. Адам жаныбарлардан айырмаланып ……… жөндөмдүү.

Б) өзүнүн эмгегин пландаштырууга


3. Төмөнкү ишмердүүлүктүн кайсысы адамга да, жаныбарга да тиешелүү болуп эсептелет?

В) коргонуу жана тукум улоо


4. Адамдын биологиялык муктаждыгына ……… кирет.

А) сууга болгон муктаждыгы


5. Ата-энеден балага эмне мурасталып өтөт?

В) ата-энеге мүнөздүү сапаттары, маданияттуулугу


6. Жаныбарлардагы кайсы инстинг инсанды коштоп жүрөт?

Г) Айтылгандардын бардыгы


7. Инсандын биологиялык жандык экенин эмне далилдеп турат?

А) инстинкти


Окуу жана түшүнүү

Англис жазуучусу Редьярд Киплингдин “Маугли” китебинен үзүндүнү окуп, тесттерге жооп бер

8. Карышкыр ата Мауглиге эмнелер жөнүндө айтты?

А) Жаратылыш кубулуштары жана жаныбарлар


9. Карышкыр атанын айткандары эмне үчүн маанилүү эле? Анткени,

Б) Маугли жунглиде аман калуусу керек эле


10. Эмне үчүн Маугли сабак окуган балдарга караганда күчтүү болуп чоңойду? Анткени, ал

Г) карышкырлардын мыйзамы менен жашады




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!