СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Логикалык суроолор

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Логикалык суроолор»

«БЕКИТЕМИН» «МАКУЛДАШЫЛДЫ» Ош МУнун ректору, Ош МУнун социалдык жана

профессор тарбия департаментинин директору,

К.Г.Кожобеков Ж.Артыкова

________________ ______________

«_____» __________ 2023-ж. «_____» ____________ 2023-ж.


Ош МУнун факультет, колледждери арасында

өткөрүлүүчү финалдык акыл таймаштын жобосу


  1. Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети:

  • Студент жаштарды илим-билимге шыктандыруу;

  • Адамдык мамилелерди өркүндөтүү;

  • Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо;

  • Студенттерге улуттук дөөлөттөрдү таанытуу;

  • Жаштардын ынтымагын чыңдоо;

  • Жаштарды китеп окууга үндөө жана өркүндөтүү.


II. Сынакты өткөрүү убактысы жана жайы:

Таймаш 2023-жылдын 27-май күнү, Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залы (ЧАЗ).


III. Сынакты өткөрүү тартиби жана эрежеси:

  • Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

  • Сынак 3 турдан турат;

  • Сынак кыргыз тилинде өткөрүлөт;

  • Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

  • Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет;

  • Сынакка катышууну каалаган студенттер факультет, колледждердин жетекчилигинин сунушу менен катыша алат.


IV. Сынактын программасы:

Сынак жыл башынан бери ар бир айда өткөрүлгөн оюндарда жеңишке ээ болгон командалардын арасында өткөрүлөт. Бул оюнда команда мүчөлөрү уюштуруу тобу тарабынан даярдалган категориядагы суроолорго жооп берүү аркылуу упай топтоо мүмкүнчүлүгү жаралат.


I тур: Гиннес рекорттор китеби;

(15 суроо ар бир туура жоопко 2 упай берилет)


II тур: Факто - логика;

( 15 суроо ар бир туура жооп үчүн 2 упай берилет)


III тур: Кыргызстан;

(15 суроо ар бир туура жооп үчүн 2 упай берилет)






V. Ош МУнун факультет колледждеринин декан жана директорунун тарбия иштери боюнча орун басарларынын жана СКнын төрага - төрайымдарынын милдеттери:

  • Ар бир айда уюштурлуучу акыл таймаш боюнча студенттерге маалымат берүү жана таймаштын эрежеси менен тааныштыруу;

  • Факультеттин окурман студентин тандап алуу жана факультеттер аралык таймашка материалдык, моралдык жактан даярдоо, колдоо көрсөтүү.


VI. Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:

  • Иш-чараны сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;

  • Калыстар тобунун курамын бекитүү;

  • Сынактын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;

  • Сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;

  • Зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.


VII. Калыстар тобу:

  • Калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;

  • Калыстар тобунун мүчөлүгүнө окумуштуулар, адабиятчылар жана искусство тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;

  • Калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөрүлбөйт.


Эскертүү:

  • Буга чейинки оюндарда жеңишке ээ болгон командалар гана катыша алат жана команда мүчөлөрү өзгөрүлбөйт (орун алмашуу болбойт);

  • Ар бир катышуучу бештен көп эмес колдоочусу менен сынакка келе алат;

  • Катышуучулар классикалык формада болуусу абзел;


VIII. Ыйгарылуучу сыйлыктар

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат:

  • 1- орун 10000 сом акчалай сыйлык жана диплом, кызыктыруучу белектер ыйгарылат

  • 2- орун 7000 сом акчалай сыйлык жана диплом, кызыктыруучу белектер ыйгарылат

  • 3- орун 4000 сом акчалай сыйлык жана диплом, кызыктыруучу белектер ыйгарылат

  • Мыкты оюнчу наминациясы, акчалай сыйлык ыйгарылат

Уюштуруу тобу:

Ош МУнун студенттик кеңеши

Дареги:

Ош МУнун башкы имараты.

Тел.: +996700 - 04 – 53 - 53.


Ош МУнун студенттик

кеңешинин төрагасы: Н. Аскарбеков


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!