СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 5. Мектепте билим берүүнүн мазмуну

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жалпы билим берүүчү мектепте эмнени окутуу керек? — деген суроонун айланасында кылымдар бою айыгышкан курч теориялык  жана идеялык-саясий күрөш жүрүп келе жаткандыгы бекеринен эмес. Анткени, элдин жалпы маданий деңгээли, дүйнөгө болгон көз караштарынын мазмуну, жаштардын акыл жактан жетилүүсү, алардын турмушка, өндүрүмдүү эмгекке болгон даярдыгы жаш муундарга билим берүүнүн мазмунуна тикеден-тике көз каранды болот

Просмотр содержимого документа
«Лекция 5. Мектепте билим берүүнүн мазмуну»

Лекция № 5

Мектепте билим берүүнүн мазмуну. (4 саат)

Негизги суроолор.

  1. Билим берүүнүн мазмүну жана анын милдеттери.

  2. Мектепте билим берүүнүн мазмунун аныктаган жоболор.

  3. Билим берүүнүн үч өзөк мазмуну.

  4. Мектепте билим берүүнүн мазмунун аныктоочу документтер.


1. Билим берүүнүн мазмүну жана анын милдеттери

Жалпы билим берүүчү мектепте эмнени окутуу керек? — деген суроонун айланасында кылымдар бою айыгышкан курч теориялык жана идеялык-саясий күрөш жүрүп келе жаткандыгы бекеринен эмес. Анткени, элдин жалпы маданий деңгээли, дүйнөгө болгон көз караштарынын мазмуну, жаштардын акыл жактан жетилүүсү, алардын турмушка, өндүрүмдүү эмгекке болгон даярдыгы жаш муундарга билим берүүнүн мазмунуна тикеден-тике көз каранды болот.

Билим берүүнүн мазмуну жана милдеттери ар кыл тарыхый шартта жана доордо бирдей калыпта кала албайт. Мектепте билим берүүнүн мазмунуна коомдук өндүрүштүн талабы өтө чоң таасир тийгизет. Ошондой эле ага өлкөдөгү илимдин өсүү деңгээли да, өкмөттүн же үстөмдүк кылуучу таптын жүргүзгөн саясаты да өз таасирлерин тийгизет.

Билим берүү да тарбия сыяктуу эле адам коому пайда болгондон бери жашап жана өнүгүп келе жаткан процесс. Анын мазмуну коомдук өндүрүштүн талабына дайыма көз каранды болуп келген жана дайыма ага көз каранды болуп кала берет, анткени коомдун жашап туруусу жана өнүгүүсү үчүн материалдык жана рухий байлыктарды тынымсыз өндүрүп туруу зарыл. Ал эми өндүрүү үчүн адам белгилүү деңгээлде билим, ык, машыгууларга ээ болуусу керек. Коомдук өндүрүш, анын техникасы, технологиясы жана эмгекти уюштуруусу канчалык татаал болсо, өндүрүмдүү эмгекке катыша турган адамдын билим запасы ошончолук бай болуусу ылазым.

Алсак, алгачкы коомдо мындай билим жөнөкөй көлөмү өтө эле комсоо болгон. Бирок ошого карбастан ошол билимди жаш муундарга берүүдө айрым татаал эмгектик ыкмаларды аларга көрсөтүү, түшүндүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Коом өнүгүп, адамдар табийгаттын даяр жемиштерин пайдалануудан акырындык менен дыйканчылыкка, мал асыроого өтө баштаганда адамга керектүү билим, ык, машыгуулар татаалдашып, алардын көлөмү өсө баштайт. Кол өнөрчүлүктүн, устаканалардын, мануфактуралык ишканалардын, бара-бара татаал машиналык техника жабдылган ири фабрика, заводдордун пайда болуусу адамдардан жогорку билимдүү болууну, маданий жактан өсүүнү, машиналарды иштетүү принциптерин өздөштүрүүнү, башкара билүүнү талап кыла баштайт.

Коомдук өндүрүштүн мындай темпте өсүүсү жалпы эле билим берүүнүн гана эмес, мектептеги билим берүүнүн мазмунун да өзгөртүп жиберди.

Адам баласы жыйнаган билим казынасын толугу менен жаш жеткинчектерге бере ала турган бир да мектеп болбойт. Билимдин бай казынасынан жаштарга мектеп ченелүү гана өлчөмдө өтө зарыл, эң маанилүүсүн берүүгө тийиш. Мындай тандоо кантип жүргүзүлөт? Педагогика илиминин тарыхында бул маселени кантип ишке ашырып келгендигине азынолак саресеп салып көрөлү. Алсак, жалпы билим берүүчү мектептерде билим берүүнүн мазмунун аныктоо боюнча буржуазиялык педагогикада эки негизги багыт ачык аренага чыккан эле. Алардын бири классикалык (формалдуу), экинчиси реалдуу (материалдык) билим берүү деп аталган.

Классикалык билим берүү назариятынын көрүнүктүү өкүлдөрү Жан-Жак Руссо, Иоганн Генрих Пестолоцци, Адолөф Дистервегдер мектеп балдарга көп билим берүүгө көңүл бөлбөстөн, окуучулардын акыл күчтөрүн, ой жүгүртүү формаларын, кыялданууларын жана эсте сактоо жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө тийиш, илимий билимдердин негизин өздөштүрүү маанилүү эмес, адамдын акыл жөндөмдүүлүктөрүнүн өсүүсүнө билимдин тийгизген таасири баалуу деп эсептешкен. Ошондуктан мектептерде акыл гимнастикасын камсыз кыла турган латын, грек тилдери, классикалык адабият жана математика предметтери окутулуусу талап кылынган. Өз мезгили үчүн бултеория прогрессивдүү болуп эсептелген, анткени, ал мектепте окутуудагы догматизм менен курулай жаттоого каршы күрөшкөн.

Бирок машиналык өндүрүш дүркүрөп өсүп жаткан капитализмдин алдыга карай өнүгүү шартында формалдуу билим берүү принцибинде түзүлгөн мектеп коомдун чыныгы билими бар адамдарга болгон муктаждыгын канааттандыра албай калды. Ошондуктан, XVIII кылымдын аягында XIX кылымдын башында окуучуларга материалдык билим берүү назарияты өзүнө жол ача баштады.

Бул теориянын өкүлү англиялык ойчул, педагог Г.Спенсердин айтуусу боюнча окуу материалдарын тандоонун негизи болуп алардын адамдын турмушу үчүн зарылдыгы жана пайдалуулугу эсептелүүгө тийиш. Мектеп окуучуларды табийтаттын, коомдун, реалдуу турмуштун кубулуштары, процесстерди ж.б. көп конкреттүү фактылары менен куралдандыруусу зарыл. Бул билимдер практикалык мүнөзгө ээ болуп, сөзсүз аткаруунун ык, машыгууларына байланышта болуусу керек. Ал эми окуучулардын акыл жөндөмдүүлүктөрү атайын аракет кылбай эле «пайдалуу билимдерди» өздөштүрүү процессинде өзүнөн өзү өсө берет деген тыянакка келген.

Реалдуу билим берүүнүн негизи болуп ушул теория эсептелген. Буржуазиялык мектептин өсүүсүнүн азыркы этабындагы бул теориянын бир көрүнүшү прагматизм. Мектепте окуу предметтерин тандоонун бирден-бир чен өлчөмү анын пайдалуулугу деп карап, прагматизм мектептин бир эле катар класстарында окуган балдардын түрдүүчө билим алуусуна өбөлгө түзөт.

Билим бррүүнүн бул эки теориясы тең үстөмдүк кылуучу таптардын кызыкчылыгын жактаган. Бул теориялар ар биринде түзүк элементтер бар экендигине карабастан, экөө тең бир жактуу, чектелген теория болгон. Формалдуу билим берүү теориясын жактоочулар балдардын жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүдөгү илимий билимдин ролуна жете баа бере алышпаса, материалдык билим берүү теориясынын жактоочулар билим берүүнүн мазмунун билимдин акылды өстүрүүчү таасирине карама-каршы коюшкан.

К.Д. Ушинский бул эки теорияны тең катуу сынга алып: «Мурдагылар айткандай, акылды формалдуу түрдө өстүрүү курулай эле элес, анткени акыл чыныгы реалдуу билимдин негизинде гана өсө алат» деп жазган (71, 617).

Адамдардын акылын ар бир илим өз мазмуну менен өстүрөөрүн аңдап түшүнгөн Ушинский, илимди адамдын турмуш практикасында колго нак тие кала турган пайдасына карап гана үйрөнүү керек деген көз карашка каршы чыгып, аны илимге карата утилитардык мамиле деп айыптаган.

Формалдуу жана материалдык билим берүү теориясынын жактоочуларынын арасындагы талаш-тартыш бүгүнкү күнгө чейин тынчый элек. Билим казынасынын көлөмүнүн эбегейсиз кенейип байып кетиши айрым педагогдорун төмөндөгүдөй түркүн идеяларга дуушар кылууда. Алардын оюнча, мектеп дүркүрөп өсүп бара жаткан илимди кууп жете албайт, ошондуктан окуучулардын акыл күчтөрүн гана тарбиялоого негизги көңүл бурулууга тийиш. Окутуунун мааниси эмнени үйрөтүп жатканда эмес, кантип үйрөтүп жатканында экендигин аңдап түшүнө билүүдө.

Окутуунун азыркы көпцепциясы формалдуу, материалдык билим берүү теорияларынын жетишпеген жана бир жактуу кемчиликтерин четке кагып, аларды сын көз менен карап, экөөнү тең пайдалана берет.

2. Мектепте билим берүүнүн мазмунун аныктаган жаболор

Советтик мектептин биринчи жылдарында эле билим берүүнүн мазмуну жөнүндөгү маселе өтө курч коюлган. Толуп жаткан долбоорлор сунуш кылынган. Алардын ичинде эски мектептин тажрыйбасын биротоло танууну сунуш кылгандары да аз эмес эле. Тажрыйбаны негизсиз эле танууну айыптап, В.И. Ленин, эски мектепти тануу менен андан чыныгы коммунисттик билим берүүгө жетишүү үчүн керектүү жактарын алууну өзүбүздүн негизги милдетибиз деп эсептейбиз деген оюн төмөндөгүдөй баяндап: «...Эски мектеп — окуу мектеби, муштровка мектеби, жаттатуу мектеби деп айтышат. Бул туура, бирок ошондой болсо да, эски мектептин эмнеси бизге жаман жана эмнеси пайдалуу экендигин ажырата билүү керек, анын коммунизм үчүн зарыл болгон жерин таңдап ала билүү керек», - деп айткан (37, 364).

Ошол мезгилде чет өлкөлөрдүн, айрыкча Америка Кошмо Штаттарынан сын көз менен каралбастан, талдоосуз эле кабыл алынып, биздин мектептин практикасына кеңири жайылтылган педагогикалык идеялар жана тажрыйбалар күн санап көбөйө баштаган. Аларды жайылтуучулардын арасында прожектордук мүнөздөгү жаңычылдыкка азгыруулар өтө күчөгөн. Мындай удургуулардын бир көрүнүшү болуп башталгыч класстардын комплекстүү окуу программаларынын түзүлүшү эсептелет. Ал программа окутууну комплекстүү темалар боюнча жүргүзүүнү сунуш кылган. Элдин коомдук эмгек турмушуна байланыштуу кандайдыр бир теманын айланасында окуучуларга түрдүү тармактагы билимдерди берүү керек деген ойдо төмөндөгүдөй темалар сунуш кылынган: «Кыштактагы күзгү иштер», «Кыштын түшүшү», «Үй жаныбарлары кыш күнүндө», «Биздин фабрика» ж.б.

Илимий билимдердин негизин комплекстүү үйрөнүү принциптери кээде жогорку класстарга да өтө баштаган. Мектепте эмгек сабагына ченемсиз көп көңүл бөлүнүп кеткен. Ага окутуунун 33% убактысы бөлүнгөн. Окутууда негизги болуп проектилер усулу эсептелген (проект - грекче изилдөө жолу дегенди түшүндүрөт). Проектилер усулу улам татаалдаша берген практикалык тапшырмаларды, долбоорлорду пландоо жана аткаруу процессинде окуучуларды билим, ык, машыгууларга ээ кылуучу окутуу системасы. Бул усул да биздин мектептин практикасына АКШнын мектептеринен келген.

20-жылдардын акырында биздин мектептин практикасына киргизилген мындай жаңылыктардын алгылыктуу эмес экендигин турмуш далилдей баштады. Ошондуктан мектептердеги иш тажрыйбаларды терең изилдеп үйрөнүп 1931-жылы 25-августта ВКП (б) Борбордук Комитети «Башталгыч жана орто мектеп жөнүндө» токтом кабыл алган. Ал токтомдо жеңил баа усулдуктар мектеп практикасында текшерилбей туруп эле массалык мектептерге таркалып кетип жатат. Мисалга, мектептердин практикасында кеңири таралган «проектилер усулун» алсак болот деп баса белгилеген эле. Ошону менен бирге комплекстүү жана проектилик программаларды айыптап, илимий жана педагогикалык талапка жооп бере турган бирден бир программа бул предметтик программа болууга тийиш деп белгилеген. Мектепте окуучулар ушул принципте окутулууга тийиш деген талап коюлган. Ал программаларда системалуу илимий билимдердин негизинин так көлөмү көрсөтүлүүсү сунуш кылынган. Советтик мектепте билим берүүнүн мазмунун терең ойлонуп кайра карап чыгуу так ушундан башталган десек болот.

Мектепте окуучуларга билим берүүчү материалдарды таңдап алууну азыркы учурдагы билим казынасынын жомоктогудай тездик менен баюусу ого бетер татаалдаштырып жиберип жатат. Социологдордун изилдөөлөрүнүн статистикалык чамалама маалыматына караганда биздин эранын башталышына чейинки илим казынасынын көлөмү биринчи жолу эки эсе көбөйүүсү үчүн 1750 жыл талап кылып, ал 1750-жылы ишке ашкан болсо, экинчи жолу эки эселенүү 150 жылда (1900-жылы), үчүнчү жолу эки эсе чоңоюу 50 гана жылды талап кылып (1950-жылдары) ишке ашкан. Азыркы учурда илим казынасынын көлөмү ар бир 8-10 жылда эле эки эсеге көбөйүп турат. Адегендеги салыштырмалуу кичинерээк көлөмдүн эки эселениши миндеген жылдарды талап кылса, азыр илимдин казынасы 10 жылга жетип-жетпеген мезгилде эле эки эселенет. Бул азыркы дидактиканы эмнеге милдеттендирет? Адам баласына керектүү бүт фактыларды ага мектепте же окуу жайында эле үйрөтүп коюу мүмкүн эмес. Демек, окутуунун биринчи кадамынан баштап эле окуучунун өз алдынча окуп, өз билимии өзү толуктап билүүгө үйрөтүү өтө маанилүү.

Азыркы дидактика илимдин бүгүнкүдөй өсүү тенденциясына ылайык бирден бир туура тыянак деп окутууда көңүлдүн борбору илимдин эң негизги идеяларын өздөштүрүүгө, теорияны үйрөнүүгө бурулуусу керек экендигин баса белгилейт.

Демек, биздин мектептин окуу программаларын жана окуу китептерин ашыкча сүрөттөмөлөрдөн толук куткарууга жетишүүбүз ылазым. Ошондой эле, ар бир предметти окутууда жогорку теориялык деңгээлди камсыз кылууга жетишүүбүз керек. Окуу материалдарын анын илимий идеяларын окуучулар окуп үйрөнүү жана таанып билүү маселелерин өз алдынча чечүү процессинде өздөштүрбөсө, алардагы чыгармачылык ой, айлана-чөйрөдөгү чындыкка, кубулушка карата чыгармачылык мамиле, турмуштук активдүү позиция түптөлбөй калат. Ошондуктан окутуу процессинде окуучулардын акылын өстүрүүгө бөтөнчө көңүл бурулат. Баланын акылын өстүрбөгөн окутуу анын билим алууну жек көрүүсүн калыптандырат. Биздин орто мектепти, окуу жайларын бүтүргөндөр окуусун токтотууга тийиш эмес, окууну бүткөндөн кийин ал билим алуунун башка ыгына өзүнчө өз билимин толуктоо ыгына өтө алгыдай болуусу керек. Азыркы жаштар окуу жайларын бүткөндөн кийинки жашоосунда өз билимин бир нече ирет жаңылоосун бүгүнкү турмуш алардан өтө катуу талап кылып жатат. Антпесе кечээ күнү эле илимдеги жаңы ачылыш болуп эсептелген жаңылык эртең эле эскирип, карып калып жатпайбы!

3. Билим берүүнүн үч өзөк мазмуну

Мектепте окутуу ишин мугалимдерибиздин баары окутуунун өз табиятына ылайык, туура уюштура билишсе гана билим берүүнүн мазмуну илим менен техниканын азыркы деңгээлине туура келет жана жаңы адамды тарбиялоонун максатына жана милдеттерине толук жооп берет. Биздин мектепте билим берүүнүн төмөнкү негизги үч өзөк мазмунуна кыскача мүнөздөмө беребиз.

1. Жалпы билим - табият, коом, адамдын ойлоосу жана көркөм өнөрдүн илимий негиздери жөнүндөгү билим, ык, машыгуулардын системасы. Бул системага бардык адам, кайсы кесипте иштегенине карабастан ээ болууга тийиш. Жалпы билим берүү акыл тарбиясын ишке ашыруунун негизги каражаты, илимий билимдердин негизин өздөштүрүү процессинде окуучулардын акыл күчтөрү өсүп, билимди өздөштүрүүгө болгон кызыгуусу калыптанып, акыл эмгегинин маданиятына ээ болууга тийиш. Илимий билим окуучуларга айлана-чөйрөдөгү чындыктын өсүүсүнүн обьективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө түшүнүк берип, буржуазиялык идеологиянын айыбын ашкерелейт. Капиталисттик түзүлүштүн туруктуулугу жана түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү ишенимди жоготот. Ошондуктан таптык коомдо үстөмдүк кылуучу тап элдин чыныгы билим алуусуна кызыкпайт. Алар эмгекчилерге өз кызыкчылыгына ылайык гана билим беришет. Адамды ар тараптан жетилтүү процессинде жалпы билим негизги орунду ээлейт. Жаш муундар ар тараптуу терең билимге ээ болуусу ылазым. Бирок, билимдин бүтүндөй баарын өздөштүрүү мүмкүн эмес, ошондуктан жаштар илимий билимдердин негизин гана өздөштүрүүгө тийиш. Илимий билимдердин негизи - мектеп окуучулары үчүн жеткиликтүү, бири-бири менен логикалык жактан тыгыз байланышкан илимдердин негиздери, ал илимдин негизги фактыларын, түшүнүктөрүн, закондорун да, илимге тиешелүү кубулуштарды изилдөөнүн элементардык усулдарын да, илимий ачылыштарды турмушта, амалиятта пайдалануу ыктарын да өзүнө камтыйт.

2. Политехникалык окуу - жаштарга азыркы өндүрүштүн негизги тармактары жана аларды уюштуруунун илимий приициптери жөнүндө билим берип, өндүрүмдүү эмгекке катышуусу үчүн зарыл болгон жалпы техникалык практикалык машыгууга аларды ээ кылат. Политехникалык окуу — ар тараптан жетилген адамды калыптандыруунун зарыл бөлүктөрүнүн бири жана ал жалпы билимдин негизине таянып берилет.

К. Маркс, Ф. Энгелөс жаштарга политехникалык билим берүүнүн зарылдыгын биринчи болуп баса белгилешип, политехникалык окуу жаш жеткинчекти өндүрүш процессинин бардык принциптеринин негизи менен тааныштырып, ошол эле учурда аны бардык өндүрүштүн эң жөнөкөй куралдарын пайдалана билүү ыгына ээ кыларын баса көрсөтүшкөн (39, 336).

К. Маркс, Ф. Энгелөс ири өндүрүштүн табиятын изилдеп үйрөнүүнүн негизинде жаштарга политехникалык билим берүүнүн зарыл экендигин илимий негизде далилдешкен. Бүткүл коомдун кызыкчылыгы үчүн ишке ашкан өндүрүш ар тараптуу билими, кеңири политехникалык түшүнүгү бар адамдарга муктаж болот. Өндүрүштүн бүт системасын өз практикасында жаштардын тез эле өздөштүрүп алуусун камсыз кылып, алар өндүрүштүн бир тармагынан экинчи тармагына коомдун талабына ылайык же кээ бирөөлөрдүн жеке жөндөмүндөгү өзгөчөлүгүнө карай ирети менен өтүп туруусуна тарбия өбөлгө түзөрүн Ф. Энгелөс баса белгилеген.

В. Лениндин демилгеси менен Комунисттик партиянын программасына жаш муундарды өндүрүштүн бардык негизги тармактарынын теориялык жана практикалык маселелери менен тааныштыра турган политехникалык билим берүү милдети киргизилген.

Ар бир жумушчу улам жаңы алмашкан станок же машинанын түзүлүшүнүн алардын иштөө принциптерин, технологиялык жараяндын илимий негизин жакшы билип, механизмдердин ишиндеги кемчиликтерди өз убагында байкап, аларды оңдоо жана башкара билүү ыгына ээ болууга тийиш. Анткени, азыр жумушчулардын квалификациясы жогорулап, алардын ишиндеги акыл эмгегинин үлүшү көбөйүп жатат. Жумушчунун эмгеги инженердик-техникалык кызматкерлердин эмгегине улам жакындап бара жатат. Ошону менен бирге ал кездеги мектептин өсүү жолунда көп баалуу нерселер да болгон. Баарыдан мурда мектеп окутуунун турмуш менен байланышын бекем чындаган. Ошол кездеги ФЗС (фабрично-заводская самилетка), ШКМ (школа коммунистической молодежи) окуу жайларында эмгектик жана политехникалык окуу боюнча баалуу тажрыйбалар жыйнала баштаган. 30-жылдардын башталышында социалисттик курулуштун практикасынын талаптары менен мектептеги окутуу системасынын ортосундагы карама-каршылык күчөй баштады. Жаштар терең системалуу билимге, жалпы жана политехникалык билимдердин негизине ээ болуулары тийиш

Партиянын XIX курултайынын көрсөтмөсү боюнча 1952-жылы мектептин окуу планы өзгөртүлүп, I-IV класстарда эмгек сабагы, V-VII класстарда устаканадагы жана тажрыйба аянтчасындагы амалияттык сабак, VIII-Х класстарда машина айдоону үйрөтүү, айыл чарбасы жана электроника боюнча практикумдар киргизилген. XX курултайдан кийин мектепте политехникалык билим берүүнү кеңейтүү багытында бир топ иш жүргүзүлдү: I-VII класстардагы эмгек сабагына көбүрөөк саат берилди, VIII-Х класстарда «Өндүрүштүн негиздери» деген жаңы предмет киргизилди, V-ХI класстардын өндүрүштүк окуу амалияты өткөрүүгө атайын убакыт бөлүндү.

Шаар мектептеринде өндүрүштүн негиздери деген курсту өтүүдө конкреттүү мекеменин үлгүсүндө машине айдоону үйрөнүүнүн, электротехниканын, индустриянын, өндүрүштүн негиздерин окутуу, ал эми айыл-кыштак мектептеринде дыйканчылык, мал чарбалык жана айыл чарбасын механизациялаштыруу жана электирлештирүүнүн негиздерин окутуу ишке аша баштады.

Бирок, окуучулар өндүрүштөгү эмгекке өндүрүштүк окуу практикасынын формасында гана катышымыш болуп, чыныгы өндүрүмдүү эмгектен али оолак болушкан.

Ошондуктан КПССтин чукул чакырылган XXI курултайынын директиваларынын көрсөтмөсү боюнча 1958-жылдын 24-декабрында «Мектептин турмуш менен байланышын чыңдоо жана СССРде элге билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, анда мектептин турмуштан ажырашын жоюу маселеси өтө кескин коюлган. Орто мектептин биринчи баскычы 8 жылдык, экинчиси — 11 жылдык болгон. Анын ичинен бир жыл өндүрүштүк практикага бөлүнгөн. Орто мектепти бүтүргөндөр бир адистиктин негизине ээ болуп чыгуусу тийиш болгон.

КПСС Борбордук Комитенинин жана СССР Министрлер Советинин 1964-жылдын 10-августундагы толук орто билимди 8 жылдык мектептин базасындагы 2 жылдын ичинде алуу мөөнөтүн белгилеп, орто билим берүү 10 жылдык болуп калды. Бирок, бул баштагы 10 жылдыкка кайра кайтуу эмес эле. 1958-жылы кабыл алынган мыйзамдын талабын орто мектеп толук аткарууга милдеттүү болгон. Бирок орто мектепти бүтүргөндөрдүн бир кесипке ээ болуп чыгуусу реалдуу эмес экендигин турмуш бат эле көрсөткөн.

Ошондуктан 10 жылдык мектеп жалпы орто билим гана берүүчү мектеп болуп калган.

Кесиптик окуу - жаштарга эмгектин белгилүү тармагы боюнча билим, практикалык ык, машыгуулардын системасын берет. Даярдалган адистердин квалификациялык деңгээлине карай кесиптик билим башталгыч, орто, жогорку болуп бөлүнөт.

Өндүрүштүн бүт эле тармагынын негизин кол эмгеги түзгөн. Кол эмгегинде өтө эле жөнөкөй эмгек куралдары пайдаланылган, аларды иштетүү ыктары муундан-муунга эч кандай өркүндөтүп өзгөрүүсүз эле берилип келген.

Кесиптик окуу, анын эң маанилүү курама бөлүгү болгон техникалык билим берүүнүн пайда болуусу менен гана агартуунун өз алдынча тармагына айланды. Техникалык билим берүүнү ири индустриялык өндүрүш жана технологиянын жаралышы өнүктүргөн.

Биринчи техникалык окуу жайлары XVIII кылымда пайда боло баштаган. Россияда заводдор үчүн квалификациялуу жумушчуларды даярдай турган Уралдын тоо мектептери XVIII кылымдын 20-жылдарында эле уюшулган. Россия кесиптик окуу жайлары пайда болгон дүйнөдөгү биринчи өлкөлөрдөн болгонУлуу Октябрө революциясы эмгекчи элдин маданият, жалпы жана атайын билим берүүчүлөрдүн бийик сересине жетүүдөгү бүт тоскоол, бөгөттөрдү жоготкону баарыбызга белгилүү. Коммунисттик партиянын биринчи программасында 17 жаштан баштап жалпы жана политехникалык билимге таянып кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жараяланган. СССРден кесиптик орто билим 8 жылдык билимдин базасында, айрым учурда толук орто билимдин базасында атайын орто окуу жайларында берилет. Акыркы учурда орто билимдүү адисти өндүрүштөн ажыратпай (сырттан окуу) даярдоо оожалууда. Баштапкы кесипчилик билим берүү азыр тармагы кенейип бара жаткан кесипчилик ортоокуу жайларында (КТООЖ) берилет. Ал окуу жайлар техникалык жактан сабаттуу, маданияты жогору, квалификациялуу эл чарбасы жана өндүрүш үчүн жумушчуларды, айыл чарба эмгекчилерин даярдайт жана жалпы орто билим берет.

Ал эми жогорку квалификациялуу адистерди түрдүү тармактагы институттар жана университеттер даярдайт. Мындай окуу жайларынын саны жылдан-жылга тынымсыз арбып бара жатканына баарыбыз күбө болуп отурабыз. Бирок, даярдалып жаткан жогорку билимдүү адистердин сапатын жакшыртуу жөнүндө кам көрүүгө али буямабыз келбей жатат. Бул багытта иш жүргүзүүгө тийиштүү көңүл бурулбагандыктан жогорку окуу жайларын бүтүргөн адистерибиздин көбүндө диплом бар, бирок колунан алгылыктуу иш келбейт. Бул абал элди ойго салып жатат.

4. Мектепте билим берүүнүн мазмүнун аныктоочу документтер

Мектепте билим берүүнүн мазмуну окуу пландарында, окуу программаларында жана окуу китептеринде чагылдырылат. Аларга кыскача мүнөздөмө беребиз.

1. Окуу планы - мектепте окула турган предметтердин составын, алардын кайсынысы кайсы класста окутулуш ыраатын, аларды окутууга берилген жумалык сабактын санын, окуу жылынын структурасын аныктоочу мамлекеттик документ. Биздин мектептердин окуу планы КРдин илим жанан билим берүү министрилиги тарабынан түзүлүп, бүт өлкөнүн мектептери үчүн милдеттүү түрдө аткарылган. Ар бир республиканын элге билим берүү министрилиги өз мектептеринин окуу планына тиешелүү өзгөртүүнү киргизүүгө акылуу болгон. Кайра куруунун шарапаты менен советтик ар бир эл өзүнүн рухий дүйнөсүн, тарыхын иликтеп үйрөнүүгө көбүрөөк мүмкүндүккө эгедер боло баштаган эле.

Окуу планы, баарыдан мурда, мектепке коом койгон максат жана милдеттерге ылайык түзүлүүсү ылазим. Экинчиден, окуу планы КРдинС билим берүү системасынын биримдүүлүк принцибине ылайык түзүлүүгө тийиш болгон. Башталгыч, 9 жылдык, орто, кечки мектептердин, КТООЖдордун окуу пландары бир баскычтан экинчи баскычка тоскоолдуксуз өтүп кете берүүгө ыңгайлаштырылган. Түрдүү типтеги мектептердин окуу планын түзүүдөгү мындай удаалаштык принциби биздин өлкөдө орто, жогорку билимди алуу үчүн бардык адамдарга бирдей укукту камсыз кылган эле. 9 жылдыктын окуу планы башталгыч мектептикине таянса, орто мектептин окуу планы 9 жылдыктын окуу планына таянып түзүлгөн. үчүнчүдөн, окуу планы окутуунун предметтик системасына ылайык түзүлгөн. Илимдин толуп жаткан тармакары боюнча системалаштырылган бүт адам баласы жыйнаган илимдин суммасы менен эч кандай мектеп окуучуларын толук куралдандыра албайт. Ошондуктан окуу планына илим казынасынын негизги, коомдук өндүрүшкө активдүү катышууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга. Зарыл гана бөлүгү чагылдырылууга тийиш.

Бул маселени чечүүдө, албетте, илимдин методологиялык жактан туура негизде классификацияланган жетекчилигин камсыз кылуу зарыл.

Илим, техниканын өсүүсүнүн азыркы деңгээлин ошондой эле, инсанды ар тараптан жетилдирүү милдеттерин эсепке алып, орто мектепте билим берүүнүн мазмунун аныктоочу окуу планында окуу предметтерин төмөндөгүдөй төрт негизги циклге бөлүүнү максатка ылайыктуу деп эсептеген болучу.

1. Гуманитардык илимдердин негизи (эне, орус , чет тилдери, адабият, тарых, коом таануу, экономикалык география);

  1. Табият таануу - математикалык илимдердин негизи (математика, чийүү, физика, астрономия, химия, биология, физикалдык география);

  2. Эмгектин - политехникалык окуу (эмгек, техника);

4. Эстетикалык жана дене тарбиясы (сүрөт, музыкалык көркөм өнөр, физкулөтура).

Окуу предметтерин окуу жылы боюнча жайгаштыруунун оптималдуу системасын тандоо маселеси да көңүл бурууну талап кылат.. Окуу планын коомчулук, ата-эне жана мугалимдер өтө кызыгышат .Окуу планынын долбоорунда окуу убактысынын 25 процентин балдарга ар тараптуу шык, жөндөмдүүлүктү өркүндөтүү максатында ата-энелери менен бирге таңдап алган предметтерди, факулөтативдерди окутууга ыйгаруу укугун мугалимдер коллективине берүү маселеси өтө курч коюлуп жатат. Ошону менен бирге окутуу жана билим берүүнү гумандаштыруу зарылдыгы пайда болду. Бул өз кезегинде, окуу планынын мазмунун өзгөртүүнү талап кылат.

2. Окуу программалары — окуу предметтер боюнча билим, ык, машыгуулардын көлөмү, ал предметтердин кайсы темалары кайсы класста окутулушун аныктаган мамлекеттик документ. Программалар ар бир предмет боюнча түзүлүп, мугалимдин ишинде түздөн-түз жетекчиликке алынат. Программаларды КРдин билим берүү министрлиги бекитип, өлкөнүн бардык мектептеринде кыйшаюусуз ишке ашырылган. Мектептин тарыхында анын өсүү этаптарынын түрдүү учурунда окуу программаларынын типтери ар түрдүү болгон.

Жаңы окуу программасын түзүүдөгү негизги милдет илимдеги классикалык жана азыркы жетишкендиктердин туура катнашын камсыз кылуу, мектепте окулуучу курстардын деңгээлин азыркы илимий билимдердин жеткен деңгээлине чейин көтөрүү жөнүндө болгон. Ар бир предметтин мазмунун азыркы илимдеш багыттардын тенденциясын чагылдыруучу башкы илимий идеяларга негиздөө керек болучу.

Окуу программаларын түзүүдө кыйшаюусуз жетекчиликке ала турган дидактикалык принциптер төмөнкүлөр:

  1. Окуу программасынын идеялуулугу жана максатка умтулгандыгы. Бул принцип билим берүүнүн мазмунун диалектикалык материализмдин позициясынан багыттап, окуучулардын изилдеп тапкан, кабыл алган, өздөштүргөн илимий чындыкка карата активдүү инсандык мамилесин камсыз кылып, фактыларды, окуяларды, назарияттарды диалектикалык көз караштын позициясынан баалоону, буржуазиялык саясаттын, илимдин, маданияттын жана адептүүлүктүн реакциячыл маңызынын бетин ача билүүнү окуучуга үйрөтүү болуп эсептелет. Окуучу эркин коомдун жана мамлекеттик түзүлүштүн артыкчылыгын аң-сезимдүү түшүнүп, патриотизм, интернационализм духунда тарбияланууга, өкмөттүн саясатын туура түшүнүүгө, социалдык адилеттүүлүккө жан дили менен берилүүгө тийиш. Билим берүүнүн жалпы максаты - акыл эмгеги менен күч эмгегинин айырмасын акырындык менен жоюуга көмөк көрсөтүп, ар тараптан жетилген адамды калыптандырууга өбөлгө түзүү.

  2. Илимийлүүлүк принциби — табияттын, коомдун жана адамдын ойлоосунун кубулуштарынын реалдуу байланыштарын ачык көрсөтөт. Ал кубулуштар жөнөкөй - ыраат менен кубалашып эле өтө бербестен, бири экинчисинин пайда болуусуна өбөлгө түзүп, себеп байланышын көрсөтсө, бөлөк кубулуш башка дагы биринин натыйжа байланышын түзөт. Окулган кубулуштарды жана предметтерди алардын келип чыгуусу, өзгөрүүсү, өсүүсү аркылуу кабыл алуу илимий кабыл алуунун негизги шарты болуп эсептелет.

  3. Турмуш менен, социалдык курулуш практикасы менен байланышта болуу принциби. Билим дүйнөнү кайра куруунун активдүү жана иштиктүү күчү. Андай болуу үчүн андагы назарият менен амалияттын органикалык байланышы камсыз болууга тийиш. Билим берүү турмуш менен, өндүрүмдүү эмгек менен байланышта болуусу зарыл.

  4. Билим берүүнүн системалуулугу. Билим берүүнүн мазмуну окуу предметтеринде чагылдырылат. Ар бир предмет белгилүү илимдин тийиштүү негизин системалуу баяндайт. Илимдин системасы гана материалдык чындыктын өсүүсүнүн тарыхын реалдуу түрдө чагылдырат. Окуу предметтеринин дидактикалык системасы илимий түшүнүктөрдүн окуучулардын аң-сезиминде өсүүсүн чагылдырууга тийиш.

  5. Жеткиликтүүлүк принциби. Окуу программаларына киргизилген билимдин мазмуну окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап, алар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Окуу программасын түзүүдө мындан башка историзм, жаңылык теорияларды сынга алуу ж.б. принциптерди да толук жетекчиликке алышат.

3. Окуу китептери. Окуу планы жана окуу программалары чектеген билим берүүнүн мазмуну окуу китептеринде толук баяндалат. Ошондуктан, окуу китептери эң маанилүү дидактикалык каражат катары эсептелет. Окуу китептеринин дидактикалык функцияны аткаруу сапаты алардын илимий деңгээлине, информацияны берүү ыгына, көнүгүүлөрдүн окуучуларды өз алдынчалыкка умтулдуруучу мүнөзүнө жараша болот. Окуу китебинин материалы анын мазмунуна ылайык идеялык деңгээлде, илимий жактан ырааттуу баяндалууга тийиш. Окуу китептерине кошумча айрым предметтер боюнча түрдүү предметтик окуу куралдары: хрестоматиялар, көнүгүүлөр жыйнагы, маселелер жыйнагы ж.б. түзүлөт. Окуу китептери окуучулар үчүн жазылат, ошондуктан окуучулар андан өз билимдерин өз алдынча толуктай билүүгө жана акыл эмгегинин маданиятын үйрөнүүгө окуу китептери толук мүмкүндүк түзө ала турган болуусу ылазим.

Окуу китептери ар бир предметтер боюнча мектепте окула турган билимдин чегин жана көлөмүн аныктайт. Окуу китептери мугалимдин ишине жетекчилик кылууга тийиш, бирок окуучунун билими предмет боюнча окуу китеби менен гана чектелүүгө тийиш эмес. Мугалим уюштурган «жандуу окууга» окуу китеби жана окуу куралдары дидактикалык каражаттардын бири катары гана пайдаланылууга тийиш. Демек, окуу китебинин сапаты окуучулардын билимине тике таасир тийгизет.

Окуу китебине төмөнкү дидактикалык тапаптар коюлат:

1. Окуу китебинин мазмуну идеялуу, методологиялык жактан негизделген болууга тийиш.

2. Окуу китебинин мазмуну программанын талабына толук жооп берип, илимий жогорку деңгээлде болуусу ылазым.

3. Окуу китебинин тили жандуу жана окуучуларга жеткиликтүү болуп, анын материалы илимдин логикасына ылайык ырааттуу баяндалып, назарият менен амалияттын биримдиги камсыз болуусу зарыл.

4. Окуу китебинин форматы, жасалгасы эстетикалык талапка жооп берип, окуучуга маалымат берүүчү, алардын билимин системалаштыруучу жана окуучуну өз алдынча окуунун ык, машыгууларына ээ кылуучу мүнөздө болуусу керек. Окуу китебине ж.б. талаптар коюлат.

Жогоруда айтылган ойлорду тыянактап, кандай жыйынтык чыгарууга болот? Орто мектепте билим берүүнүн мазмунун так аныктап, учурдун талабына толук жооп бере турган окуу планын, окуу программаларын жана окуу китептерин түзүү өтө татаал процесс .экендигине көзүбүз жетти.

Пайдаланылган адабияттар

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагокиа. М., Академия 2006

  1. Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002


  1. Занков Л. В. Дидиктика и жизинө. М., 1968

6. Дидактика средней школу. Под ред. М. И. Скаткина.М., 1982.

7.Марев М.- Методологические основы дидактике.Пер с болг. М., 1987.

8.Теоретические основа содержание обшеего образование. Под ред В.В. Краевского, И. Я. М., 1983

9.Выбор методов обучение. Под ред Ю.К. Бабанского. М., 1981

10.Лордкипанидзе.-Дидактика. Тибилиси 1985







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!