СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лексика жонундо тушунук

Категория: Логопедия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Лексика жонундо тушунук»

КЫРГЫЗ ТИЛИ БОЮНЧА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНА ДАЯРДЫК ТЕСТТЕРИ

ТЕСТ 7



Тема: Лексика. Лексикология


1. Лексика - бул ...

а) белгилүү бир элдин тилинин негизинде
калыптанып, белгилүү бир нормага
салынган, айтылышы, жазылышы,
колдонулушу такталган, айтылуучу ойду
даана бере ала турган, коомдун бардык
өкүлдөрүнө тиешелүү тил

б) белгилүү бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде
колдонулуучу сөз же сөз тизмеги

в) бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы

г) тил илиминин, тилдин сөздүк составынын азыркы абалын жана анын тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү бир бөлүмү


2.Лексикология - бул ……

а) бир тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип
келип, ошол тилдин сөздүк составьн
түзүшү
б) сөздүк составдын азыркы абалын, пайда
болушун жана өнүгүшүн изилдөөчү тил
илиминин бир бөлүгү

в) бир тилдеги сөздөрдү (же анын белгилүү
бир катмарын алфавит тартибине же
башка бир өзгөчөлүгүнө ылайык
системалаштырган, маанилерин ошол эле
тилде түшүндүргөн же башка тилге
которгон жыйнак

г) сөздүктөрдү түзүүнүн теориясын,

практикасын үйрөтүүчү тил илими


3. Сөздүк кор (фонд)…..
а) тилдеги бардык сөздөр

б) эне тилге гана мүнөздүү бардык уңту сөздөр

в) сырттан кирген сөздөр

г) неологизм сөздөр


4. Сөздүн негизги милдети ...

а) пикир алышуу

б) атоо

в) сөздүн маанисин билдирүү

г) тыбыштык жагынан түзүлүшү






5. Ички сезимди билдирген сөз маанилеринин түрү:

а) маани берүүчү, маани бербөөчү сөздөр

б) метафора, метонимия, синегдоха

в) бир маанилүү, көп маанилүү сөздөр

г) эмоционалдык мани


6. Сөздүн лексикалык мааниси:
а) ар бир сөздүн өз алдынча тургандагы

керт башына тиешелуу болгон, аны

башка сөздөрдөн айырмалап турган

негизги мааниси

б) сөздөрдүн грамматикалык өзгөчөлүк-

төрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берген маани

в) бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ

болушу

г) сөздөрдүн контексттин ичинде ар

башка түшүнүктө колдонулушу


7. Лексикалык маанин билдирбеген сөздөр:

а) үй, китеп, эмгек, кызыл
б) жана, гана, өтө, сайын

в) келди, иштеди, окуду, барат

г) окуучу, менен, космонавт, сымак


8. "Семантика" деген терминдин мааниси:

а) тил илими

б) сөздүн түпкү теги

в)сөздөрдүн мааниси

г) тил, адабий, жазма эстеликтерди изилдөөчү илим


9. Сөздүн өтмө маанисинин пайда болушу:

а)сөздүн тике мааниси сөздүн башка мааниге өтүүсүнөн келип чыгат

б) синоним сөздөрдөн келип чыгат

в) көп маанилүү сөздөрдөн келип чыгат

г) сөздөрдүн айкашынан келип чыгат


10. өтмө мааниде турган туюнтмалар:

а) коомдук мамиле, өзүн өзү башкаруу,

эл аралык кызматташтык, демократиялуу коом

б) түндүк көтөрүү, ак тинте, торко,

саадак, жүк көрүү

в) таеке, өзөк жалгоо, жалгыз аяк жол

г) алтын медаль, булактын көзү, булбул Током




11.Көп мааниге ээ болгон сөздөр:

а) үй, уч, кара, жай, тамак, ат

б) кебете, келбет, кешпир, бат, ылдам, тез
в) баш, тарт, ак, көз, борбор

г) балык, обон, көчө, буудай, абайла


12.Сөздүн полисемия жана моносемия деген маанилери:

а) карама-каршы маанилери

б) жеке жана көп маанилүүлүгү

в) тыбыштык түзүлүшү жана мааниси

г) өтмө жана көп маанилүүлүк


13."Арпа, буудай, коон, дарбыз" деген сөздөрдүн мааниси:

а) көп маанилүү сөздөр

б) синонимдер

в) бир маанилүү

г) жалпы маанилүү


14. Берешен. Сөздун синоними:

а) сараң б) ач көз

в)колу ачык г) тымпыгый


15. Омоним сөздөр:

а) жоомарт-берешен, жүз-бет-дидар

б) кой-кой, ат-ат, той-той

в) сорттоо-тандоо, өлчө-чене, эни-белгиси-тамгасы

г) тарт, түш,, күн


16. Кыргыз тилинин лексикасынын байышынын ички

булактары:

а) зат, сын, сан, этиш сөздөрү

б) морфографиялык, диалектилик, синтаксистик, семантикалык, которуу

в) омоним, синоним, антоним, сөздүн көп маанилүүлүгү

г) жаңы сөздөрдү кабыл алуу



17.Бир тилдеги сөздү, сөз тизмегин ошол үлгүдөгүдөй экинчи тилге сөз тизмектеринин жардамы менен которуу:

а) профессионализмдер б) стилистика

в) эркин котормо г) калька


18. «Кыргыз лексикологиясы" (1959), "Кыргыз диалектологиясы (1971) аттуу белгилүү эмгектердин автору:

а) X. К. Карасаев б) Б. М. Юнусалисв

в) С. К. Кудайбергенов г) Б.О.Орузбаева






19. Архаизм сөздөр:

а) күкүрт, тукум, жувалдыз, гөш

б) кандагай, ак олпок, үртүк, торко

в) челек, чылапчын, пийала, чачык

г) автобекет, аялдама, пайыз


20. Түрк тилдеринин алгачкы
сөздүгү «Түрк тилдери сөздөрүнүн
жыйнагынын» автору:
а) В. В. Радлов б) Жусуп Баласагын

в) Махмуд Кашгари г) Н. А. Баскаков



































Жооптору:

  1. в

  2. б

  3. б

  4. б

  5. б

  6. а

  7. б

  8. в

  9. а

  10. г

  11. в

  12. б

  13. в

  14. в

  15. б

  16. б

  17. г

  18. б

  19. б

  20. в



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!