СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызамык оорусу.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кызамык оорусу.»



Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеби



Тарбиялык саат



Тема: Кызамык  оорусу





Мугалим:_________________________________









Сабактын темасы: Кызамык  оорусу

Сабактын максаты: Кызамык  оорусунун белгилери, дарылоонун жолдору жөнүндө

билишет.

1.Сабактын тиби: алган билимдерин андан ары өркүндөтүү сабагы

2. Сабактын методу: Кластер түзүү

3.Сабактын формасы: өз алдынча иштөө

4.Сабактын жабдылышы: слайд,сүрөттөр

5. Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу: Саламдашуу. Жагымдуу маан

4.Жаңы тема:

Кызамык  оорусу— вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн.

Оорунун белгилери.

Оору көбүнчө билинбей башталат. Мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде эти бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. 1 — 2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38—39°ка чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин так калбай жоголот.

Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.

Дарылоонун жолдору

Дарылоону үйдө дарыгер жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.

Кызамыктын тарыхы

Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан тайпылуусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан тайпылуусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому" деген атка бириктирилишкен. 

Кызамык  ооруга балдар күз-кыш мезгилинде көп чалдыгышат. Буга суукта бөлмөлөрдүн көп желдетилбей, жылуу бойдон туруусу себепкер. Анткени, мындай абал вирустун пайда болуусуна ыӊгайлуу шарт түзөт. Кээ бир ата-энелердин кызамыкты жеӊил оору катары кабыл алганы туура эмес. Көбүнчө бул дарттын кабылдоосу өпкөнүн, кулактын, мээнин сезгенүүсүнө алып келип, өлүмгө жеткириши мүмкүн.

Кызамыктын пайда болушу

  • — Вирустун эӊ коркунучтуу  мезгили бул денеге кызыл бүдүр чыкканга чейин 3-4 күн мурда, бүдүр чыккандан кийинки төртүнчү, бешинчи күнгө чейинки убакыт болуп эсептелет. Вирус ооз-мурун көӊдөйлөрүнөн канга өтүп, кан аркылуу бүт денеге таралат. Вирус канга сиӊгенден кийин дененин табы 38-39 градуска  чейин көтөрүлүп, жөтөл, алсыроо, жарыктан чочулоо жана көздөн жаш агуу менен башталат. Дем алуу жолдорунун чел кабыкчасы сезгенет. Оору башталгандан үчүнчү-төртүнчү күндөрү денеге жыш майда кызыл бүдүрчөлөр пайда боло баштайт. Бүдүр алгач кулактын артынан башталып , чачтын түптөрү, моюнга, бетке андан кийин көкүрөккө, кол, бутка этабы менен чыга баштайт. Бүдүрдүн чыгуу убагы 4-5 күнгө чейин созулат. Андан кийин дене табы төмөндөп, бүдүрлөр жоголо баштайт да, ордунда күрөӊ түстөгү тактар калат. Бейтап кабылдоосуз (осложнение) өткөн кызамык оорусунан ушул мезгилден баштап айыга баштайт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Кызамык оорусун кантип алдын алуу керек?

  • — Кызамык оорусун алдын алуу максатында 12 айга толгон балдарга эмдөө жүргүзүлөт.  Ал эми 6 жашта иммунитетти бекемдөө үчүн бала  кайрадан эмделет. Бул оору айрыкча 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын арасында көп кездешет. Ал эми 1 жашка чейинки балдардын бул дартка чалдыгышы энесинин иммунитетинин төмөндүгүнөн улам болот. Иммунитети төмөн балдар эмдөөдөн өткөн болсо да бул ооруга чалдыгуусу мүмкүн, бирок оору жеӊил өтөт. Ал эми эмдөөдөн баш тарткандардын балдары бул дартты оор кабыл алышат. Кичине кезде оорубаса, анда ал адам өмүрүнүн аягына чейин кызамык оорусу менен канча жашта болбосун ооруп калуусу мүмкүн.

  • Кызамык менен кызылчанын айырмасы
  • — Кызамык менен кызылча ооруларынын бейтапка тийгизген таасирлери окшош. Мисалы, кызамыкта да, кызылчада да бейтаптын дене табы көтөрүлөт, жөтөл, мурун бүтүү, мурундан суу агуу пайда болот. Көзү кызарат, тилине, ооз көӊдөйлөрүнө  жана бара-бара бүтүндөй денесине кызыл чекиттер чыгат. Бир өзгөчөлүгү кызамыкта денени кызыл чекит жайылган абалда көбүрөөк капташы мүмкүн.

Кош бойлуу эне кызамыктан сак болуусу керек

  • — Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда наристе тубаса кемтик менен төрөлүшү мүмкүн. Кош бойлуулуктун акыркы айларында бул ооруга чалдыккан болсо анда ичиндеги баланын ички органдары жабыркап, аз кандуулук менен төрөлүшөт. Мындай балдар 18 айга чейин кызамыктын вирусун бөлүп чыгарып, башкаларга оору жуктурушат.

Кызамык чыккан адамга кам көрүү

  •  Ооруга чалдыккан адамга суюктук көп берип, бөлмөнү караӊгылатып коюу керек.

  • Дене табын түшүргөн дарыларды дарыгердин кеӊеши менен берүү туура болот. Канда вирус жүргөндө дарыларды өзү билемдик менен ичүү ар кандай реакциялардын жүрүп кетүүсүн шартташы мүмкүн.

  • Бейтап жаткан бөлмөгө күндүн нуру тийип турса жакшы, себеби күн нуру зыяндуу микробдорду өлтүрөт. Бирок нур бейтаптын көзүнө чагылбашы керек. Бөлмөнү күндө 2-3 ирет тазалап, желдетип, жаткан төшөктөрүн күнгө жайып туруу керек. Баланы өтө тердетпей, кол, тырмактарын таза кармоо зарыл. Анткени кызамык чыккан жайлар кычышып, аны тармаганда тырмактагы микробдор денеге кирип, ал жерге ыйлакчалар пайда болуп, ириӊдеп кетүүсү мүмкүн.

  • Бейтаптын кийимдерин да бат-бат которуп туруу керек. Таза пахтадан болгон кийим кийсе жакшы болот.

  •  Оорулуу диета кармоосу керек. Ачуу, ширин, ачкыл, ышталган, куурулган тамактарды жебейт. Колдон келишинче жеӊил тамактарды — сүт, быштак, атала, жана кыргычтан өткөрүлгөн сабиз же алманын боткосу пайдалуу. Кошумча банан, кургатылган өрүктүн шербетин, мейиз сыяктуу мөмө-жемиштерди берген да пайдалуу.  Ал эми аллергия чакыра турган жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок эти, дан куурай жана башка азыктарды таптакыр бербөөнү сунуштайбыз.

  • Күн жакшы жылыганда баланы жылуу кийинтип таза абага чыгаруу керек. Күнгө канчалык көп кактанса ошончолук бат сакаят.

  • Баланын кызарган жерлерине зеленка сүртүп туруу керек.

  • Биздин райондо кызамык жана кызыла оорусу менен катталган оорулуу жок бирок, башка региондордо катталып жаткандыктан  сак болууга чакырабыз!!!

Сабакты бышыктоо:



Үй тапшырма:Кызамык оорусунун алдын алуу эрежелерин жазып келүү

Үй тапшырма: Кызамык оорусунан сактануу жолдору.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!