Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж) // 9 класс, Кыргызстан тарыхы»
Кыргызстандын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж)
Экинчи дүйнөлүк согуш (1 сентябрь 1939 — 2 сентябрь 1945) — эки дүйнөлүк аскердик- саясий коалициялардын ортосундагы куралдуу конфликт жана адамзат тарыхындагы ири согуш болуп эсептелет.
Германиянын Польшага кол салуусу – Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы
Польшаны
басып алуу
1 сентябрь -
6 октябрь
1939 ж.
- Согушка дүйнө жүзүндөгү 73 мамлекеттин 62 си катышкан. Согуштун мөөнөтү - 2195 күн (6 жыл) Согушка катышкан өлкөлөрдүн калкынын саны – 1,7 млрд. Дүйнө калкынын 80% түзгөн. Нейтралдуу өлкөлөр – 6. 40 өлкөнүн аймагында согуштун жалыны тутанган. 22 млн. кв. км аянттагы аймакта согуш аракеттери жүргүзүлгөн. 110 млн. адам согушка мобилизацияланган.
- Согушка дүйнө жүзүндөгү 73 мамлекеттин 62 си катышкан.
- Согуштун мөөнөтү - 2195 күн (6 жыл)
- Согушка катышкан өлкөлөрдүн калкынын саны – 1,7 млрд. Дүйнө калкынын 80% түзгөн.
- Нейтралдуу өлкөлөр – 6.
- 40 өлкөнүн аймагында согуштун жалыны тутанган.
- 22 млн. кв. км аянттагы аймакта согуш аракеттери жүргүзүлгөн.
- 110 млн. адам согушка мобилизацияланган.
Улуу Ата Мекендик согуш 1941-ж.22-июнда Германия СССРге кол салды
- Советтик Кызыл Армиянын жоготуулары 11 944 100 адам
- Анын ичинде курман болгондору 6 885 000 адам
- Дайынсыз жоголуп, туткундалгандар 4 559 000 адам
Жалпысынан алганда Советтер Союзу 26 600 000 жаран жоготууга учураган.
- Согуш жылдарында 34 476 700 советтик аскер согушка катышкан.
СССР деги талкалануулар
- СССРде 1710 шаар 7 0 миңден ашык айыл-кыштак 98 миң колхоздор жана 2890 МТС талап- тонолгон.
- СССРде 1710 шаар
- 7 0 миңден ашык айыл-кыштак
- 98 миң колхоздор жана 2890 МТС талап- тонолгон.
- 10-июль, 1941-жылы Белоруссиядагы Борисово айылын коргоодо кыргызстандык Н. Дмитриев эрдик жасап, биринчилерден болуп Советтер Союзунун Баатыры наамын алган…
Панфиловчулардын эрдиктери
Москваны коргоодо Кыргызстан менен Казакстан тургундарынан түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясы өзгөчөлөндү. Дивизияны республиканын мурдагы аскер комиссары генерал-майор И.В. Панфилов башкарган. Дивизия тарыхта Панфилов дивизиясы катары түбөлүккө калды.
Панфилов дивизиясынын жоокери Дүйшөнкул Шопоков Советтер Союзунун алгачкы кыргыз баатыры болгон.
Чолпонбай Түлөбердиев - 1942-жылдын 6-августунда Дон жээгинде душмандын дзотун денеси менен жапкан.
Дайыр Асанов - артиллерист, Сталинградды коргоого катышкан. 1943-жылдын 23-мартында Харьковдун жанындагы салгылашта 8 танк, 6 бронемашина жана 40 дай душманды жок кылган.
Ысмайылбек Таранчиев - учкуч, 18-март, 1944-жылы Нарванын алдында (Эстония) согуштук тапшырманы аткарып, жалын кучактап турган учагын душмандын танктары жайгашкан эшелонго жөнөткөн.
Ванахун Манзус: 50гө чейин фашистти жок кылып, душманга курал бербей баатырларча каза болду (1943-жыл)
- Улуу Ата Мекендик согуш майданында Кыргызстандан 380 миңдей жоокер кеткен.
- Алардын ичинен 114 миң 833 жоокер каза болгон
- 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамын алышса, 22 кыргызстандык Даңк орденинин толук кавалери болушкан.
1945-жыл 9-май --- ЖЕҢИШ КҮНҮ
Үй тапшырма:
Улуу Ата Мекендик согуш эрдик көрсөткөн кыргызстандыктар жөнүндө фактыларды издөө