Тема: Кыргызстандын физикалык-географиялык
абалы
ФМО(б)-1-22
Аткаруучу:Сатимбоева Сабрина
План:
01
Кыргызстандын географиялык орду жана чек аралары.
02
Географиялык изилдөөлөр
03
Геологиялык түзүлүшү, рельефи
04
Тоолору, чокулары
Кыргызстан ээлеген аймактан
түндүктү карай бийик тоолор жапыздап, Казакстандын бөксө тоолоруна жана
андан ары Батыш Сибирдин түздүгүнө өтөт. Түштүктү карай тоолордун
бийиктиги улам артып, Памир, Гиндикуштун чыгышы, Кара-Корум, Тибет
менен Гималайдын батышы аркылуу Индостан жарым аралынын
түздүктөрүнө өтөт. Кеңдик боюнча Кыргызстан мээлүүн алкактын түштүк
бөлүгүндө жайгашкан.Кыргызстандын эң түндүк чеги Чүй дарыясынын сол жайылмасынын
чегинде Камышановка кыштагынын түндүк жагындагы 43˚,16˚ түндүк
кеңдикте өтөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтары боюнча калктын жашоо
абалы жагынан Кыргызстан 1993-ж. дүйнө жүзүндөгү 173 мамлекеттин
ичинен 82-орунду ээлеген (1992-ж. биздин республика 83-орунда болучу).
Алдыда Канада, Швейцария, Япония, Швеция, Норвегия, Франция,
Австралия, АКШ, Нидерланды сыяктуу өнүккөн өлкөлөр баратат. Ал эми Көз
каранды эместикти жаңы алган өлкөлөрдөн: Литва, Эстония, Латвия-28-30-
орундарда, Россия-34, Казакстан-61, Түркмөнстан-80, Өзбекстан-91,
Тажикстан-97, Ирак-100, Египет-110, Индия-139-орунда турат.
Географиялык
изилдөөлөр
Кыргызстандын табияты менен таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң
байыркы убактан алгачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү
палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр м-н эзелки тургун
жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңир-тоону
байыртадан эле мекендегенинин далили.
Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан
берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын,
климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-
а жапыз өрөөндөр гана эмес, бийик тоолуу аймактарды да (Акчуңкур, Аксай,
Арпа, Саймалыташ ж. б.) пайдалангандыгын айгинелейт.
Геологиялык түзүлүшү, рельефи.
Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү татаал. Ал палеозойдун Урал-
Монгол-Охота жана мезозой-кайнозойдун Жер ортолук деңиздик
геосинклиналдык кырчоолордун тирешкен жеринен орун алган. Палеозойдук
кырчоо түштүккө, ал эми мезозой-кайнозойдук кырчоо түндүккө багытталган
доголор аркылуу сүзүшүп турат.
Көптөгөн катуу жер титирөөлөрдүн
очоктору ушул кырчоолордун тирешкен жеринде жайгашкан. Бул жерден
түштүгүрөөктө байыркы Корей-Кытай платформасынын блоктору орун
алган Теңир-Тоонун дагы бир өзгөчөлүгү – кайра жаралган же
эпиплатформалык тоолорго киргендигинде. Деңиз деңгээлинен 401мден
7439мге чейинки бийиктиктерде жаткан Кыргыз жергесинде бардык
геологиялык замандардын катмарлары кездешет.
Кыргызстан кеңдик багытта созулган 4 геологиялык аймакка бөлүнөт:
Айрым изилдөөчүлөр мындай
Рельефтин ар түрдүү формалары жана типтери жалпысынан:
Түндүк, Ортоңку, Түштук Теңир-Тоо жана Түндук Памир. Түндук жана
структуралар мантияга дейре жетип, жүздөгөн млн жылдар бою кыймыл
тектоника-денудациялык, тектоника-денудация-аккумулятивдик жана
Ортоңку Теңир-Тоону Теңир-Тоонун негизги жаракасы бөлүп турат. Ортоңку
аракетте болуп келген терең тик жаракалар деп эсептешкен.Азыркы күндө
тектоника-аккумулятивдик деген үч генетикалык топторго бөлүнөт. Бул
жана Түштук Теңир-Тоону Чаткал-Нарын-Карасуу, Атбашы-Эңилчек,
Ортоңку жана Түштук Теңир-Тоо түндук-батышка созулган Талас-Фергана
топтордун негизинде Кыргызстандын аймагында рельефтин 12 тиби
Түштук Фергана жаракалары ажыратат.
жылышуусу менен батыш жана чыгыш секторлоруна ажырап турат.
бөлүнгөн.
Суу өрөөндөрүндө түпкү тектердин кашаттары байкалат.
Геологиялык түзүлүшү жана рельефинин калыптануу мезгилине жараша
рельефтин типтерин геоморфологиялык комплекстерге бириктирүүгө болот.
Геоморфологдордун көз караштары боюнча Кыргызстандын аймагы тоо
этегин бойлогон түздүктөр, жапыз тоолор жана адырлар, бийик жана бөксө
тоолордун комплекстери болуп болунот
Башкы орографикалык элементтер — Акшыйрак массиви, Какшаал тоо
кыркасы, Кунгой жана Тескей Ала-Тоосу ж. б. Кыргыз Республикасынын
аймагы батыштан чыгышка карай 925 километрга, ал эми түндүктөн
түштүккө карай 459 километргесозулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң
квадрат километр.
Тоолору, чокулары
Семенов чокусу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы
Сарыжаз кырка тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 5816 метр. Чоку Пётр
Петрович Семёнов-Тян-Шанскийдин атынан аталган.
Жеңиш чокусу
Тамдыкул чокусу
Кыргызстандагы эң бийик чоку. Деңиз деңгээлинен 7439
метр бийиктикте орун алып, Тянь-Шань тоо кыркасында, Ысык-Көлдүн
чыгыш тарабында кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан. Бул чоку мурдагы
СССР аймагындагы 7000 метрден ашкан беш чокунун катарын толуктайт.
Алай кырка тоосундагы чокулардын бири. Деңиз
деңгээлинен 5880 метр бийиктикте орун алган.
Ленин чокусу
Кыргызстан менен Тажикстандын арасындагы Чоң-Алай
кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө орун алган. Бийикти 7134 метрди
түзөт. Бул чоку 1934-жылы багындырылган (1928-жылдан — Кауфман чокусу;
Таджикистанда 2006-жылдан — Абу али ибн Сина чокусу).
Чокулары
жеңиш чокусу
Кен байлыктары
Кыргызстандын аймагы кен байлыктарга бай. Алар негизинен күйүүчү
заттар, металлдар, металл эместер ж-а жер астындагы суулар менен дары
баткактардын кендери болуп бөлүнөт. Куйуучу заттардан көмүр, күйүүчү
сланец, чымкөң, газ жана мунайдын кендери табылган.
Көңүл бурганыңыздар үчүн Рахмат!
Аткаруучу: Сатимбоева Сабрина