СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандык ачык билим берүү ресурстарына анализ

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аннотация:

Ар бир эле тармак озүнүн маалымат агымына ээ. Алардын ичинен билим берүү тармагы мамлекеттик жана экономикалык кырдаалга түздөн-түз пропорциялаш. Мектепте, ЖОЖдо билим берүү канчалык кыйынчылык жараткан сайын,ошол тармакта изденүү ошончо күчтү талап кылат.

         В каждой сети свой поток информации. Из них система образования прямо пропорциональна состоянию и экономической ситуации. Чем сложнее учиться в школе или университете, тем больше усилий требуется для поиска в этой области.

         Each network has its own flow of information. Of these, the education system is directly proportional to the state and economic situation. The more difficult it is to study at school or university, the more effort it takes to search in this area.

 

Түйүндүү сөздөр:билим берүү, ЖОЖ, АББР, сайт, китеп кана.

Ключовые слова: Знание, ВУЗ, ОРЗ, сайт, библиотека.

Key word: Education, University, ORE, sait.

 

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандык ачык билим берүү ресурстарына анализ»

Бактыбек кызы Айсулуу

КЫРГЫЗСТАНДЫК АЧЫК БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫНА АНАЛИЗ

УДК

Ош мамлекеттик педагогикалык университети

Kamytova.96@list.ru

Аннотация:

Ар бир эле тармак озүнүн маалымат агымына ээ. Алардын ичинен билим берүү тармагы мамлекеттик жана экономикалык кырдаалга түздөн-түз пропорциялаш. Мектепте,ЖОЖдо билим берүү канчалык кыйынчылык жараткан сайын,ошол тармакта изденүү ошончо күчтү талап кылат.

В каждой сети свой поток информации. Из них система образования прямо пропорциональна состоянию и экономической ситуации. Чем сложнее учиться в школе или университете, тем больше усилий требуется для поиска в этой области.

Each network has its own flow of information. Of these, the education system is directly proportional to the state and economic situation. The more difficult it is to study at school or university, the more effort it takes to search in this area.



Түйүндүү сөздөр:билим берүү,ЖОЖ,АББР,сайт,китеп кана.

Ключовые слова: Знание,ВУЗ,ОРЗ,сайт,библиотека.

Key word: Education,University,ORE,sait.









Бүгүнкү күндө Кыргызстанда төмөнкүдөй ачык билим берүү ресурсттар бар.Алардын ар бирине токтолуп өтөлү.

www.ky.wikipedia.org



www.Literatura.kg



Билим булагы

www.IBilim.kg



Кыргызстандагы АББР

www.okuma.kg





www lib.kg







http://kyrgyztil.taalimforum.kg

www.bilimkeni.kg



www.bizdin.kg






  • https://ky.wikipedia.org - Кыргыз тилиндеги Уикипедия — Жер шаарынын бүткүл тилдериндеги бир бүтүн энциклопедия түзүү максатын көздөгөн көп тилдүү проекттин бир бөлүгү.

Уикипедияда борбордук редакциялык кеңешме дагы, башкы редактор дагы жок. Ал болгону дүйнөнүн туш тарабындагы ыктыярчылар тарабынан колдоого алынып, толукталып жазылып дээрлик толугу менен башкарылып турат.

Уикипедия жүз-миңдеген кайыр кылып берүүчүлөр тарабынан демөөрлөнгөн жеке менчик коммерциялык эмес мекемеге таандык.

Уикипедия жарнамасыз жана акысыз сервис болуп саналат, жана андагы бар маалыматты ким болсо издей алат.

Башка маалыматтар менен катар эле бул сайттан билим берүү багыты боюнча да кыргыз тилиндеги көптөгөн маалыматтарды тапса болот.




  • www.kyrgyzstanvsi.org- виртуалдуу кыргызча илимий китепкана. Ал мугалим, студент, илим изилдөөчү, лаборант, илим-технологиясына ачылыш жасагандарды, илимий жактан камсыз кылып, институт жана университеттерге кызмат кылат.

  • http://lib.kg/ky/ - “Ачык китепкана” – бул эркин пайдаланууга гана эмес, ачык лицензия алдында таратылуучу көптөгөн материалдарды табууга жана ушул материалдарды өзгөртүүгө жана кайра иштеп чыгууга укук берген жер. Силер сайттан мектеп окуу куралдарын, китепканалардын архивинен сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды таба аласыңар. Бардык материалдардын электрондук түрүн жүктөп алууга болот.

  • http://bizdin.kg - Сайт 2009 ж. Аяк Оона айында түптөлүп башталган. Жеке жарандардын демилгеси менен өз каражаттарына уюштурулган. Китепканабыздагы эң биринчи китеп Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы Манас эпосу болгон. Манас эпосунун электрондук вариантын интернетке эң алгач чыгарган биздин китепкана болгондугун сыймыктануу менен айта алабыз.

2010 жай айларында китепкананы жеке сүйөрмандык иштен туруктуу негизде өнүгүүчү долбоорго айландыруу максатында “Биздин Мурас” коомдук фонду түзүлгөн. Андан бери конушту өнүктүрүү иштерин "Биздин Мурас" фонду алып барууда.

Сайттын максаты – кыргыз тилиндеги мазмундардын (китеп, чыгарма, макала ж.б.у.с.) жетиштүүлүгүн арттыруу аркылуу кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу.

Бул сайттан информатикага тиешелүү кыргыз тилиндеги маалыматтарды тапса болот.


  • http://www.bilimkeni.kg/ 2010-2012 жылдары АКШ мамлекеттик департаментинин тапшырыгы боюнча АЙРЕКС уюму тарабынан түзүлгөн. 2012-жылдын ноябрь айынан баштап “Steps to Success” бейөкмөт уюумуна таандык. Билимкени Академиясында кыргыз тилиндеги 700дөн ашык видеосабак жана башка ресурстар камтылган. Мектеп программасынын 12 предмети боюнча даярдалган видео сабактарды камтыйт. Алар: алгебра, геометрия, химия, биология, физика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, астрономия, тарых, география жана экономика предметтери.

  • http://kyrgyztil.taalimforum.kg «Таалим-Форум» коомдук фонду 2006-жылдын май айында, мугалимдердин демилгеси менен түзүлгөн. Фонд билим берүүдөгү новатордук методдорду чет элдик жана аймактык мекемелер менен биргеликте семинарларды, форумдарды, тегерек столдорду, жолугушууларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү аркылуу жайылтууну ишке ашырат. Чет элдик жарандар, мектеп окуучулары (1-класстан, 8-класска чейин) деги эле кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн абдан ыңгайлуу сайт. Ар бир класс үчүн өзүнчө китеп жана ал китепте категориялар, категорияда темалар камтылган. Темалар интерактивдүү диалог, сүрөттөр, видеолор, тексттер, тесттер, боштуктарды толтуруу, туура/ката табуу, кроссворд, уңгу мүчөлөрдү ордуна коюу сыяктуу модулдарды камтыйт. Окулган китептер темалар боюнча статистика жүргүзүлөт.

http://www.okuma.kg – Кыргыз тилиндеги электрондук китепкана.   Мындан информатика багытындагы китептердин электрондук варианттарын тапса болот. okuma.kg сайты М. Мамаюсуповдун жеке демилгеси аркылуу,кыргыз тилиндеги окуу китептердин ачык электрондук китепканасы катарында ачылып, “Агартуу Академиясы” фонду демилгелеген долбоор аркылуу, Сорос – Кыргызстан фондунун «Маалымат» программасынын алкагында бөлгөн каражатына, 2017 – жылдын 20 – майында кеңейтилип түзүлгөн. Электрондук китепканада, орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда КР Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген сабактар боюнча жазылган окуу китептер менен катар, окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү багытында жазылган эркин авторлордун илимий – популярдык жана көркөм адабияттарынын электрондук варианттары жайгаштырылат. Электрондук китепканага коюлган китептердин айрымдары акысыз окулат жана көчүрүлөт. Айрымдары Кыргыз Өкмөтү кабыл алган  «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөгү» токтомунун (5. 08. 2008 – ж., № 197) негизинде акысыз окулганы менен, автордун макулдугусуз көчүрүп алууга жана пайда алуу максатында көбөйтүп сатууга чектөөчү программа менен корголгон. Коомдо талаш – тартыш маселелерди жаратпоо үчүн саясий жана диний багыттагы адабияттар жана макалалар жайгаштырылбайт.

  • www.kyrgyzinfo.ru/- студенттер, окуучулар үчүн кыргызча текст, макал, эпостор, көркөм адабияттар, жөө жомоктор, каада-салттар камтылган.

  • www.Literatura.kg- бул сайт кыргыз жана орус тилдериндеги поэзия, драматург, киножааты, публицистика, философия ж.б адабиятты камтыйт. Көркөм адабиятты электрондук форматта жарыялайт.



 

Билим Булагы” порталы

Билим берүү ресурстары үчүн мультимедиалык комплексти даярдоо боюнча  Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн тендерде Билим берүү демилгелерин колдоо фонду утуп алган. Учурда фонд тарабынан “Билим Булагы” деп аталган порталда 5-9-класстардын окуучулары үчүн кыргыз, орус тилдеринде математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча кошумча электрондук билим берүү ресурстары даярдалууда. Электрондук курстар окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду кайталабайт, тескерисинче аларды толуктайт, иллюстарциялайт, маалымат менен байытат, тигил же бул кубулушту изилдөөдө жаңы кадамдарды сунуштайт.  Фонд бул багыттагы ишин ушул жылдын 1-августунда баштаган. Өткөн жылдын аягында алгачкы кыскаметраждуу видеофильмдерин сунуштап, тийиштүү адистердин талкуусуна койду.

Долбоор жергиликтүү билим берүү тармагынын адситери жана маалымат технологияны мыкты билген адистер тарабынан ишке ашырылууда.



IBilim пилоттук долбоору ишке ашырылды. Тажрыйбалуу мугалимдер менен маалымат технологиясы боюнча адистер биргелешип, мектептердин башталгыч класстарына 7 сабак боюнча электрондук программалык-методикалык комплексти кошумча билим берүү ресурсу катары иштеп чыгышты.

Аталган билим берүү комплексин Кыргыз билим берүү академиясынын эксперттери карап чыгып, КББАнын окумуштуулар кеңешинде бекиткен. Материалдарды көз карандысыз эксперттер карап чыгып, оң баасын беришкен.

Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.

Ресурстарга кирүүнүн жолдору жана тажрыйбадан өткөрүү

Электрондук ресурстардын билим берүү комплекси интернетке кыргыз жана орус тилдеринде коюлган ага www.ibilim.kg.  дареги менен кирүүгө болот. Кирүү акысыз жана каттоону талап кылбайт. Иштелип чыккан материалдар башталгыч класстын мугалимдерине, окуучуларга жана алардын ата-энелерине пайдалуу.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен республикабыздын 60 мектеби тандалып алынып, мультимедиалык китепканалар менен жабдылууда. Бул мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери иштелип чыккан электрондук ресурстарды сабактарда колдонуунун жолдорун бет ачарларга катышып үйрөнүштү. Мектептердин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлдү.

Аталган 60 мектептин мультимедиалык китепканалары интернетке кошулбай эле пайдаланууга боло турган мультимедиалык комплекстин оффлайн версиясын алышат. Мультимедиалык  комплексти мугалимдер компьютер менен ноутбуктарга толук  көчүрүп ала алышат.

Окуу комплексин 60 мектепте тажрыйбадан өткөрүү иши 2018-19-окуу жылында башталат.

Кыргызстандагы аты аталган ачык билим берүү системаларын колдонуу бүгүнкү күндө коомчулукта актуалдуулука ээ болуп жатат десем жаңылышпайм. Себеби, 2019 жылы Кытай Республикасында чыккан COVID-19 корона вирустун пайда болушунан Кыргызстанда гана эмес бүткүл дүйнөдө бардык тармака (билим, илим, маданият жана экономика ) карантин жарыялангандыгы анык кеп. Бирок, карантинде билим берүү тармагында мугалимдердин окуучу-студенттердин окуу ишмердүүлүгү токтоп калган жок. Кыргызстанда дистанттык (аралыктан) билим берүү жогоруда аталган ресурстар аркылуу жүргүзүлдү. Өз убагында дистанттык негизде окутуу менен сабактар үзгүлтүккө учурабастан, кайтарым байланыш ишке ашырылды.Билим АКИpress-билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелде баштала турган дистанттык режимде билим берүү үчүн төмөнкү интернет-ресурстарды сунуштады.

Пайдаланылган адабияттардын тизмеси

  1. Болочок мугалим мектептен даярдалууга тийиш // Кут билим гезити. 15.05.2015. http://kutbilim.kg/2015/05/15/, (Алынган датасы: 30.04.2019).

  2. Д. Султанкулов. Аты аталган макала. Uluslararası Kriz ve Siyaset Araştırmaları Dergisi May 2019 • 3 (1) • 132-165 141

  3. Методикалык сунуштар (Metodikalık sunuştar) // Кут билим коомдук-саясий гезит. №24-25. 18.07.2008. 5-б.

  4. Өлкө келечегине, көзкарандысыздыгына доо кетирген эмне? // Агым. №23. 12.06.09. 10-б. Султанкулов. Д.

  5. 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы. Бишкек 2012








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!