СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кыргыз тили"- жонундо

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Кыргыз тили"- жонундо»











ТАНДОО КУРСУ:

«КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ

ЗООНИМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР»
















ЖОЖдордо фразеологияны окутууну тереңдетүү маселеси эне тилинин сөз байлыгына кызыккан ар бир студент тарабынан колдоого алынып, муктаждыкты туудурса, жогорку аталган темалардын ар бири боюнча окутуучу тарабынан кошумча тандоо курстарын уюштурууга болот. Тандоо курсу окуу планына ылайык ЖОЖдун 5-курсунун студенттерине өтүлсө болот. Анда 6 саат лекция, 6 саат практикалык сабак көлөмүндө төмөнкү материалдар окутулат жана мезгилдин талабына шайкеш келген компьютерлештирип окутууну сунуштайбыз:

ТАНДОО КУРСУ: «ЗООНИМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР»

Лекция, практикалык сабактын темасы

Көлөмү,

метод,ыкмасы

1

Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк:

1. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери;

2. Фразеологиялык ширешме, фразеологиялык бирдик, фразеологиялык тизмек.

2 саат лекция

кайталоо,

мээге чабуул

2

Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика - семантикалык түзүлүшү:

  1. Адамдардын мүнөз, сапат белгилерин билдирүүчү фразеологизмдер;

  2. Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер;

  3. Адамдардын ортосундагы мамилелерди билдирүүчү фразеологизмдер;

  4. Сын-сыпатты туюндуруучу фразеологизмдер;

  5. Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирүүчү фразеологизмдер.

4 саат лекция

талкуу, сынчыл

ойлом

3

Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика - грамматикалык түзүлүшү:

  1. Компоненттеринин сөз түркүмдөрү боюнча бөлүштүрүлүшү;

  2. Сүйлөмдө аткарган синтаксистик кызматына карай бөлүштүрүү.

4 саат практ.

сабак

грамматикалык

талдоо, өз

алдынча

иштөө

4

Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан.

2 саат практ.

сабак

чыгармачыл-изилдөөчүлүк,

сөздүктөр менен иштөө

1- лекция:

Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.

1. Фразеология - тил илиминин бир тармагы, анын изилдөө обьектиси жана изилдениши;

2. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери.

3. Фразеологизмдердин эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал – лакаптардан, сүйлөмдөрдөн айырмасы жана окшоштуктары.

1. Фразеология – тил илиминин бир бөлүмү. Ал өз алдынча лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В.В.Виноградовдун ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган объектиси - фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин «phrazls» - «түрмөк, айкалыш» жана «logos» - «сөз, илим» деген сөздөрүнөн алынган.

Фразеологизмдер - тилибиздин көркөм сөз каражаттары. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге биринчи жолу Ж.Шүкүров илимий жактан изилдөө жүргүзгөн. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкаштар жөнүндө» деген 1956-жылы Кыргыз ССРнин тил жана адабият институтунун жыйнагында жарык көргөн макаласы фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп саналат. Андан бери фразеология боюнча жалпы тил илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды. Натыйжада фразеология тилдеги өзүнчө сөз каражаттары болгон фразеологиялык айкалыштарды изилдей турган тил илиминин бир бөлүмүнө айланды. Изилдей турган объектиси такталды. Бул ишке өз салымдарын кошкон Ж.Шүкүровдон кийин Ж.Осмонова, Ж.Мамытов, Ж.Мукамбаев, Б.Суранчиева, А.Назаров, Ж.Чыманов, Р.Токсоналиева, Р.Эгембердиев, Г.Жамшитова, И.Исабеков ж.б. окумуштуулар болушту. Азыр да тилибиздин бул тармагы илимий теориялык, практикалык, методикалык жактан иликтенүүдө. Мисал катары, 2001-жылы Ж.Осмонова, К.Коңкобаев, Ш.Жапаровдор тарабынан кайрадан толукталып, 7980 фразеологизмдерди камтыган «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» иштелип чыккандыгын атасак болот (Лектор фразеология боюнча корголгон илимий иштер, монографиялык эмгектер, сөздүктөр жөнүндө студентке толук маалымат бериши керек).

2. Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү негизги жана кошумча белгилери бар. Негизги белгилери:

  1. Кепте даяр материал катары колдонулушу;

  2. Компоненттүүлүгү;

  3. Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы;

  4. Өтмө мааниде колдонулушу;

  5. Образдуулугу;

  6. Эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү;

  7. Туруктуулугу;

  8. Сүйлөмдө синтаксистик жактан сүйлөмдүн бир мүчөнүн милдетин аткарышы.

Кошумча белгилери:

  1. Башка тилге сөзмө-сөз которулбастыгы;

  2. Синонимдик эквивалентинин болушу.

Фразеологизмдердин негизги белгилеринин ар бирине өзүнчө токтолсок:

Кепте даяр материал катары колдонулушу - фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан ( тамак ичүү; кызыл алма; жардам берүү, биринчи китеп, ж.б.) илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган. Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такалоо ж.б.

Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер эки, же андан көп компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп туруучу элемент – компонент деп аталат. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оозу ачык, ак тандай, алдына түшүү - 2 компоненттен; ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү – 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компоненттен; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оозунан сары ит кирип, кара ит чыгуу; ооз ачып өпкөн, көз ачып көргөн он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж.б. фразеологизмдер 6-8 компоненттерден турушат .

Маани жактан ширелишип, лексикалык жактан бир бүтүндүккө айланышы. Жогоруда айтылгандай, фразеологизмдердин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай алысташып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн - ынтымактуу; төбөсү көккө жетүү – кубануу; ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж.б. Бирок бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр, же суйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру, ж.б. (фразеологиялык сөздүк боюнча берген маанилери айтылат).

Өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү, образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөн затты же анын белгилерин атоодо, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с. түшүнүктөрдү билдирүүдө айтылуучу ойду элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Маселен, эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапаттарын; адилеттикти, бардыгына тең караган калыстыкты таамай жана таасирлүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган сыяктуу; эпчилдикти, кылдаттыкты, айлакерликти камырдан кыл суургандай; кара суудан каймак алуу; биттин ичегисине кан куйган деген сыяктуу; көрө албастык, ичи тарлык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттарды ичине кара таруу айланбоо; өз көмөчүнө күл тартуу; жумурткадан кыр чыгаруу; кылдан кыйкым табуу, кылдан кыя бастырбоо деген фразеологизмдер аркылуу туюндурсак, же болбосо «Берекелүү күз айы» дебестен, «Ак төөнүн карды жарылган күз айы», «Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел» дебестен, «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел» деп, кебибизде фразеологизмдерди ыктуу колдонсок, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм, ары образдуу да болоору байкалат. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок аздыр-көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси фразеологизмдерди тилибизде көркөм сөз каражат катары колдонулушун шарттайт.

Туруктуулугу. Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн составындагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологиялык жалпы мааниси чыкпай калат. Бирок бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым учурда бузулат. Сөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлар да кездешет. Бул негизинен ыр түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат.

Мисалы: «Айтканда тилим албасаң,

Бармагыңды бир жерде

Кесе тиштеп каларсың». («Жаныш-Байыш»)

«Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр.» («Карач –Көкүл»баяны)

Бул келтирилген мисалдардагы «бармагын кесе тиштөө», «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» деген фразеологизмдердин бардык компоненттери чогуу болбостон, ортосуна сөздөр кыстырылып колдонулду.

Сүйлөмдө синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы. Фразеологизмдердин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбагандыктан, алардын жалпы суммасы бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албастыгы келип чыгат.

Мисалы : 1. Кара жаак, жез таңдай,

Баары келсин тоюма. («Манас»)

2.Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. (М.Э.)

3. Кара кылды, как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас»)

4. Ачык оозго сөз айтпа,

Сырты коозго көз артпа. («Манас»)

5. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.А.)

Мисалга алынган фразеологизмдер бир гана суроого жооп берип 1- сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; 2- сүйлөмдө баяндооч; 3- сүйлөмдө аныктооч; 4- сүйлөмдө толуктооч; 5- сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарышты.

Фразеологизмдердин жогорку аталган негизги белгилеринин негизинде аныктама чыгарабыз. Демек, тилдеги эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүү, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө грамматикалык жактан бир гана милдет аткарган тилибиздеги көркөм сөз каражаттары фразеологизмдер деп аталат.

Фразеологиялык ширешмелер:

биттин ичегисине кан куйган; битин сыгып канын жалаган; оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу; көзүнөн чаар чымын учуу; кой оозунан чөп албаган; мурдунан эшек курту түшө элек; эшек такалоо; жылын төө кылуу; кой терисин жамынган; беш өрдөгүн учуруу; куркулдайдын уясын табуу; үкүнүн уясын табуу; кырк жылкы; ичине ит өлүү; итке минип калуу; эшектин кулагынан түз ж.б.

Фразеологиялык бирдиктер:

сары ооз балапан; жыландын куйругун басып алуу; жыландын башын кылтыйтуу; жөргөмүштүн торуна чалынуу; бөрү этектен, жоо жакадан алганда;чычкан мурду жөргөлөгүс; мышык сопу; оозуңа жылан уялагыр; элик сүтүн берүү; үкүсү чыгуу; чычканга кебек алдырбаган; үрүп чыгаар ити жок; чычкан мурдун канатпоо; ат кара тил болгондо; түлкү тиштемей; түлкүсү түштө улуу; ит арка; төөнүн куйругу жерге тийгенде; кой үстүнө торгой жумурткалоо ж.б.

Фразеологиялык тизмектер:

чилдей тароо; куландан соо; коёндой окшош; эгиз козудай; тай чабым; сагызган изи; үй күчүк; кутурган ит байласа токтогус; Ат байгелүү болсун!; уй түгүндөй; ийне жеген иттей; жылкы кыял; жылан сыйпагандай; коён жүрөк; уйдун бөйрөгүндөй; уйга килем жапкандай; бөрү тил; атка жеңил, тайга чак; сүткө тойгон күчүктөй; чар көпөлөк айлануу; иттин кара капталындай; төө көрдүңбү – жок, бээ көрдүңбү – жок ж.б.

Фразеология бөлүмү боюнча сунушталып жаткан 2 – лекция ЖОЖдордо калыпка салынган «Фразеологизмдердин негизги типтери» деген лекцияга альтернативдүү вариант катары берилди. Чындыгында 1- тема лингвистикалык жактан татаал, талаш-тартышты туудурган темалардын бири. Орус окумуштуусу В.В.Виноградовдун орус тилиндеги фразеологизмдерди классификациялаганда колдонулган 3 типти азыркы мезгилде башка тилдерде колдонуунун зарылдыгы жана тууралыгы жөнүндө илимий чөйрөдө талаш-тартыштар бар. Ошого карабастан, бул классификация биздин тилде да колдонулуп, ал жөнүндө маалыматта болуусу филолог, педагогдор үчүн программадагы материалдардан. Бул тема мектеп программасында да окутулат. Биздин оюбузча, мындай так изилденбеген материалдарды окутуунун ордуна кыргыз фразеологиясынын соңку изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы болгон биз сунуштап жаткан лекциянын материалдарын окутуу эне тилибиздин байлыгын, таасирдүүлүгүн, көп кырдуулугун далилдөө менен студенттердин сөз байлыгын өстүрүп, кептеринин көркөм, таасирдүү, эмоциялуу болушун шарттап, ата-бабадан калган бул мурастарды сан жагынан да, сапат жагынан да өз кептеринде туура колдонууга түрткү бормокчу.

Бул лекцияны өз практикабызда кеңири колдонуп жүргөн студенттерди жаңы материалды өз алдынча окуп үйрөнүү методу менен уюштурмакчыбыз. Бул методду окутуунун күндүзгү жана сырттан окутуу бөлүмдөрүндө да кеңири пайдаланып жүрөбүз.

Ал үчүн биринчиден, студенттердин ар бири, же экиден бир болуп лекциянын тексти менен, же болбосо колдон келсе атайын бул метод менен жазылган окуу куралдары менен камсыз болуулары зарыл. Студент лекциянын ар бир маселесин өз - өзүнчө, тиешелүү убакыттын ичинде окуп чыгып, конспектилеп, лекциянын аягында берилген текшерүү үчүн суроолорго даярданат. Окутуучу аудиториянын жалпы деңгээлине жана студенттердин жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир маселени өздөштүрүүгө жана конспектилөөгө 15-20 мүнөттөн убакыт берип (3 маселе үчүн 45-60 мин), суроолорго жооп берүү үчүн калган убакытты пайдаланса болот. Мындай метод менен өтүлгөн сабактардын жыйынтыктары жөнүндө иштин 2.3 бөлүмүндө айтылмакчы.

Альтернативдүү вариантта сунушталган лекциянын тексти:

Тема: Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.

Планы:

  1. Фразеологиялык синонимдер жана фразеологиялык варианттар.

  2. Фразеологизмдердин көп маанилүүлүгү жана омонимдери.

  3. Фразеологиялык антонимдер.

  4. Фразеологизмдердин тарыхый жактан куралышы жана стилдик жактан бөлүнүшү.

I. «Кыргыз тилиндеги синонимдердин пайда болушунун бир булагы катары фразеологиялык синонимдер жөнүндө мурунку лекцияларда сөз кылып, төмөндөгүдөй мисалдарды келтирген элек: бат-тез-дароо-ылдам-чапчаң-көз ачып-жумганча - бир заматта - алеки заматта – каш-кабактын ортосунда – айта-буйта дегиче; сүйүнүү - кубануу- маңдайы жарылуу- кубанычы койнуна батпоо - жүрөгү жарылуу - төбөсү көккө жетүү - чечекейи чеч болуу; өкүнүү - бармагын тиштөө - оозун кармануу; калп-жалган - беш өрдөгүн учуруу; кылдан кыйкым табуу - жумурткадан кыр чыгаруу; күлүн көккө сапыруу - ташын талкан кылуу - тополоңун тоз кылуу; эгиз козудай – союп каптап койгондой; ашкан чебер - колунан көөрү төгүлгөн ; таң кулан өөк атканда - таң супа садык чалганда – таң кылайганда ж.б. Кыргыз тилинде фразеологизмдер жөнөкөй сөздөргө синоним болуп түшүү менен бирге эле, мааниси бири-бири менен жакын, бирдей маанини туюнтканы да арбын кездешет.

1980-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» баш сөзүндө Ж.Осмонова: «Фразеологизмдердин варианттары жана синонимдердин ар бири - өз алдынча фразеологизм. Ошондуктан ар бири алфавит тартибине ылайык өз - өз ордунда берилет да, мааниси түшүндүрүлүп, тийиштүү иллюстрациялык материалдар менен жабдылат. Маселен, каны катуу - тили оозуна батпоо; жети өмүрү жерге кирүү - бетинен оту чыгуу - өлбөгөн төрт шыйрагы калуу; тил эмизүү - иттен чыгаруу, иттин кара капталынан - чач этектен; ак эткенден так этүү - ичкен ашын жерге коюу - эки көзү төрт болуу ж.б. фразеологизмдер өз ара синонимдик катышта турат.

Фразеологиялык варианттар - бир эле фразеологизмдердин ар түрдүү өзгөрүлүп айтылган түрлөрү. Алар маанилери жана синтаксистик касиети боюнча айырмаланбастан, лексикалык составы жагынан гана жарым-жартылай айырмаланат, же составындагы сөздөрдүн формасы, алган орду боюнча өзгөчөлөнөт» деп белгилейт. [ 57, 12-б.]

Фразеологиялык варианттардын төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

  1. Лексикалык вариант. Фразеологизмди түзүүчү компонеттеринин бирди - жарымынын башка сөз менен алмаштырылышы аркылуу түзүлгөн варианттары. Мисалы: куркулдайдын уясын табуу - үкүнүн уясын табуу; аарынын уюгуна тийүү - жыландын уюгуна тийүү; ажыдардын куйругун басуу - жыландын куйругун басуу; ай жамалдуу- ай жүздүү - ай чырайлуу; көзү тирүү - эти тирүү; күлүн көккө сапыруу – күлүн асманга сапыруу: жонунан кайыш алуу - жонунан кайыш тилүү; асман айга түйүлүү - асман бою түйүлүү; алчы таасын жеген - алчы таасын мүлжүгөн - алчы таасын кемирген; кекиртегин талга илүү - кекиртегин талга асуу ж.б.

  2. Фонетикалык вариант. Фразеологизмдин курамындагы айрым сөздүн тыбыштык жактан анча-мынча айырмаланышынан түзүлгөн варианттары. Мисалы: ыргыткан ташы өргө кулоо - ыргыткан ташы өйдө кулоо; ыйманы учуу - ыманы учуу; ыйманы ысык - ыманы ысык; жети өмүрү жерге кирүү- жети омуру жерге кирүү ж.б. Фразеологизмдин фонетикалык варианттары сейрек учурайт:

  3. Квантативдик (сандык вариант). Фразеологизмдердин түзүүчү компоненттеринин сан жагынан өзгөртүүгө учурашынан, б.а. толук, же толук эмес колдонулганынан пайда болгон варианттары. Мисалы: Ак жолуң ачылсын! – Жолуң ачылсын!; жүрөгүнүн сары суусун алуу- жүрөгүнүн суусун алуу; бетке кара көө жабуу - бетке көө жабуу; төбө чачы тик туруу - чачы тик туруу; сары изине чөп салуу - изине чөп салуу; жылдызы жерге түшүү - жылдызы түшүү; эки колун мурдуна тыгуу - колун мурдуна тыгуу; кабагын карыш салуу - кабагын салуу; кара жанды карч уруу - жанды карч уруу; канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей - канаттууга кактырбай ж.б.

  4. Грамматикалык вариант. Түзүүчү компоненттеринин грамматикалык формаларынын, же орун тартибинин өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында пайда болгон фразеологизмдердин варианттары грамматикалык вариант деп аталат. Мындай өзгөрүүлөрдөн фразеологизмдин мааниси өзгөрбөйт. Мисалы: Таш боор - боору таш; каны кызуу - кызуу кандуу; бети кара - кара бет; ачык ооз - оозу ачык; бир кишидей бар экен - бир кишиче бар экен; мурду балта кеспөө - мурдун балта кеспөө; ана - мына дегиче – андай - мындай дегиче ж.б.

Фразеологиялык варианттардын аталган түрлөрү ар түрдүүчү алмашылып келүүнүн натыйжасында тилибизде көп варианттуу фразеологизмдердин пайда болгондугун көрөбүз. Мисалы: Акесин таанытуу - акесин көзүнө көрсөтүү - атасын көзүнө көрсөтүү - жети атасын таанытуу - жети атасын көзүнө көрсөтүү - чоң атасын таанытуу - бабасын таанытуу; Ач кенедей асылуу - ач кенедей жабышуу - акидей асылуу – ач кенедей жармашуу - ач күзөндөй асылуу - чап кенедей жармашуу ж.б.

II. Сөз сыяктуу эле фразеологизмдер да бир маанилүү жана көп маанилүү болушат.

Бир маанилүү фразеологизмдерге төмөнкү мисалдарды келтирсек болот: адалдан түгү жок («колунда малы жок, жарды»); ай айланып, жыл тегеренбей («анча көп убакыт өтпөй, тез эле, аз эле убакыттын ичинде»), алты саны аман («дени таза, алдуу, күчтүү»); ат жалына казан асуу («жол жүрүп, ат үстүндө кетип бара жатып, жанына ала жүргөн азык зат менен тамактануу, өзөк жалгоо); беш колундай билүү («жат, бардыгын толук билүү»); бешиктен бели чыга элек («бойго жете элек, эр азамат боло элек, өсүп жетиле элек, жаш»); биттин ичегисине кан куйган («өтө бышык, абдан тың»); күлү бир жерде додо болбоо («бир жерге байыр алып турбоо, турук албай ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү») ж.б.

Фразеологизмдер да көп маанилүү сөздөр сыяктуу бир нече мааниге ээ болот, башкача айтканда, бир нече түшүнүктү туюнтат. Фразеологизмдердин ар башка маанилери сөздүктөрдө араб цифрасы менен номерленип берилет. Мисалы:

Иштен чыгуу

  1. Жараксыз болуу, жарабай калуу, жөндөмдүүлүгүн жоготуу;

  2. Бузулуу, талкалануу, иштебей калуу.

Кол салуу

  1. Бирөөгө катылуу, тийишүү, уруу;

  2. Уруш баштоо, согуш ачуу;

  3. Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн уруксаатсыз өзүнө алуу;

  4. Жеш үчүн умтулуп тиш салуу.

Көз кырын салуу

1) Каралашуу, жардам берүү;

2) Бир нерсени байкоо, көз жүгүртүү, астыртан кароо.

Төрт тарабы кыбыла

1) Телегейи тегиз, иши ордунда, бардыгы оюндагыдай, каалагандай;

  1. Каалаган жагына жол ачык, кайда барса өз эрки, жолу бош ж.б.

Жеке сөздөгү көп маанилүүлүк менен омонимдерди айырмалап карагандай эле, фразеологиялык омонимдерди да, көп маанилүү фразеологизмдерден ажырата билүүбүз керек. Омоним фразеологизмдердин маанилеринин ортосунда эч кандай жакындык, байланыш болбойт. Мисалдар келтирсек:

Боору катуу

  1. Таш боор, бирөөгө жан тартпаган, ырайымсыз;

  2. Аябай күлүү, ыкшып күлкүсүн тыя албоо;

  3. Чоңоюу, бойго жетүү, баралына келүү, толуу.

Каны кызуу

  1. Өзүн - өзү токтото албаган, ачуусу чукул, жеңил мүнөздүү;

  2. Ачуусу келүү, каардануу, жини келүү, кыжырлануу.

Тили катуу

  1. Абдан катуу суусоо, чаңкоо;

  2. Куштардын сайроо мезгили токтоп, сайрай албай калуусу ж.б.

Тилибизде фразеологиялык омонимдер өтө эле сейрек учурайт.

III. Тилибизде лексикалык антонимдер сыяктуу эле карама-каршы мааниде колдонулган фразеологиялык антонимдер да бар. Мисалы: Бал тилдүү («жагымдуу сүйлөгөн, сөзмөр») - уу тилдүү - («жан кейитип жаман сүйлөгөн, ачуу тилдүү); Башы ачык («кудалашкан, сүйлөшкөн жери жок, сөйкө салынбаган») - башы байланган («кудалашкан, сүйлөшкөн жери бар, сөйкө салынган»); Башы бышкан – башы быша элек; Башын ачуу - башын байлоо; Кабагы ачык – кабагы бүркөө; Ак жүрөк – кара жүрөк ; Көккө көтөрүү – жерге уруу ж.б.у.с. бири-бирине карама-каршы маанидеги фразеологизмдердин маанилери чечмеленип, антонимдик белгилери студенттерге түшүндүрүлөт.

Биз жогоруда кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанилик жагына тиешелүү маселелерге кыскача токтолдук.

Фразеологизмдер лексикалык курамына, грамматикалык структурасына, чыгыш тегине, колдонулуш чөйрөсүнө, экспрессивдүү - стилистикалык касиеттерине, активдүү жана пассивдүү колдонулушуна, эскилик жана жаңылыгына карата да кеңири талдоого алынууга тийиш. Маселенин бул жагы боюнча кыргыз тил илиминде кийинки мезгилде гана кеп козголо баштады. Ж.Осмонованын «Кыргыз тилиндеги идиомалар» (1972) деген эмгегинде фразеологизмдерге грамматикалык мүнөздөмө берилсе, А.Сапарбаевдин «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» (1997) жана Ж.Мукамбаевдин «Кыргыз диалектологиясы жана фразеология» (1998) аттуу окуу китептеринде фразеологизмдерди жогоруда аталган аспектилерде изилдөөгө аракеттер жасалган. Албетте, бул аракеттерди маселенин толук чечилиши катары эсептөөгө болбойт. Кыргыз тилинин фразеологиясы теориялык жана практикалык жактан кеңири планда атайын изилдөөгө муктаж» - деп фразеология боюнча пландаштырылган 3-лекцияны студенттерди илимий изилдөөгө шыктандырып, учурдагы тил илиминдеги актуалдуу маселелеринин бирин айтуу менен жыйынтыктайбыз.

Бул лекцияны студенттер өз алдынча окуп чыгышып, дептерлерине конспектилешет. Лекциянын текстинин аягында берилген текшерүү үчүн суроолорго өз беттеринче жооп издешет. Ал суроолор төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:

  1. Синоним, омоним, антоним, бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөргө берилген аныктамаларды эсиңерге түшүргүлө.

  2. Көп маанилүү фразеологизмдер менен фразеологиялык омонимдердин окшоштуктары жана айырмачылыктары эмнеде?

  3. Фразеологиялык варианттар менен фразеологиялык синонимдердин жалпылыктары жана бөтөнчөлүктөрү жөнүндө айтып бергиле.

  4. Фразеологиялык варианттардын кандай түрлөрүн билесиңер? Мисалдар келтиргиле.

  5. Фразеологиялык синонимдердин, омонимдердин, антонимдердин аныктамаларын айтып, өзүңөр да аларга мисалдарды жазгыла.

  6. Төл, кабыл алынган, көчүрмөлөө (калька) жолу менен пайда болгон фразеологизмдерден 10дон мисал келтиргиле.

  7. Стиль аралык бейтарап фразеологизмдер, оозеки сүйлөөгө мүнөздүү фразеологизмдер, китеп фразеологизмдери кайсы белгилери боюнча бири-биринен айырмалангандыгын түшүндүргүлө.

  8. Фразеологияга байланыштуу жазылган кандай эмгектерди билесиңер жана окуп чыктыңар?

Жогоруда айтылгандай, жаңы теманын өздөштүрүлүшүн текшерүү максатында берилген суроолорго студенттер оозеки жооп беришет. Окутуучу аудиториянын өздөштүрүү деңгээлин билген соң, өзү керек деген маалыматтарды берип, тереңдетип, студенттердин берген суроолоруна жооп берет, жалпы фразеология бөлүмүнүн материалдары боюнча студенттердин билимдерин баалоо, текшерүү үчүн атайын түзүлгөн тест алса болот. Тест ыкмасы студенттер ээ болгон билимдерин аз убакытта аныктап алууга окутуучу үчүн эң ыңгайлуу. Ал үчүн окутуучу 10 -15 тапшырмадан турган тест түзөт. Үлгү катары төмөнкүдөй тесттин вариантын беребиз:



Кыргыз тилинин фразеологиясы боюнча тест

  1. Фразеологиялык айкалыштарды тилдин кайсы бөлүмү изилдейт?

А. Семасиология

Б. Синтаксис

В. Фразеология

Г. Фонетика

Д. Этимология

  1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм боло албайт? Эмне үчүн?

А. Ак сүтүн актоо

Б. Ак сүтүн кечүү

В. Эне сүтүнө коюу

Г. Эне тилим - эне сүтүм

Д. Эне сүтүн кечүү

  1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизмдерге кирет? Эмне үчүн?

А. Ак сары башыл

Б. Ак кар

В. Сары булак

Г. Сары санаага батпачы!

Д. Бир карын майды бир кумалак чиритет

  1. Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү белгилери бар. Кайсынысы туура эмес?

А. Составынын туруктуулугу

Б. Синтаксистик жактан өз алдынча талданышы.

В. Сөзмө - сөз которулбастыгы

Г. Образдуулугу

Д. Тилде даяр материал катары колдонулушу

  1. Төмөнкү фразеологизмдердин кайсынысы идиомага кирбейт?

А. Күйбөгөн жери күл болуу

Б. Кекиртегин талга асуу

В. Бөрүнүн көзүн жеген

Г. Ыргыткан ташы өйдө кулоо

Д. Чымыны бар

  1. Антоним фразеологизмдерди катары менен жайгаштыргыла. Кайсынысы ашыкча?

А. Алтын шилекейин чачыратуу

Б. Кой оозунан чөп албаган

В. Ак көрпө жайыл

Г. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу

Д. Биттин ичегисине кан куйган

  1. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы «ичи күйүү» деген фразеологизмдин мааниси менен туура келбейт?

А. Өкүнүү, кейүү, кайгыруу

Б. Ардануу, ызалануу

В. Көрө албоо

Г. Ичи тардык кылуу

Д. Өрттөнүү, бузулуу

  1. «Ач кенедей асылуу – ач кенедей жабышуу – акидей асылуу – ач кенедей жармашуу – ач күзөндөй асылуу – чап кенедей жармашуу» деген фразеологизмдерде кандай көрүнүш байкалат?

А. Синоним фразеологизмдер

Б. Омоним фразеологизмдер

В. Фразеологизмдеги варианттуулук

Г. Фразеологизмдеги көп маанилүүлүк

Д. Антоним фразеологизмдер

  1. 2002-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» канча фразеологизмди камтыйт?

А.7980

Б. 4000

В. 8500

Г. 4500

Д. 6730

  1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди алгач изилдеген окумуштуу ким болгон?

А. Осмонова Ж.

Б. Шүкүров Ж.

В. Юдахин К.

Г. Мамытов Ж.

Д. Эгембердиев Р.

2-лекция

«Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика-семантикалык түзүлүшү» деген темада өтүлөт. Жумушчу программада көрсөтүлгөн лекциянын планына ылайык окутуучу студенттерди тиешелүү илимий-теориялык материалдар менен тааныштырат. Бул лекциянын болжолдуу тексти төмөндөгүдөй:

«Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер, алардын ичинен жан-жаныбарларга, канаттуу, курт-кумурскалардын аттарына байланыштуу, б.а. зоонимдер катышкан фразеологиялык айкалыштардын семантикасына токтолсок. Мында мифологиялык, диндик, фольклордук традициялардан, тотемдик көрүнүштөрдөн улам зоонимдерге байланыштуу сөз айкаштары пайда болгондугун байкоого болот. Зоонимдер катышкан фразеологизмдерден адамдардын сырткы, ички туюмдары, мүнөздөрү жана мамилелерин билсек болот.

«Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн» (1980) пайдалануу менен 150дөй зоонимдер катышкан фразеологизмдерди карточкага түшүрдүк. Эгерде бул сөздүккө кыргыз тилиндеги бардык фразеологизмдер камтылбагандыгын эске алсак, зоонимдер катышкан фразеологизмдердин саны мындан да көп экендигине көзүбүз жетет. Колдо болгон фразеологизмдерди семантикалык жактан төмөндөгүдөй бөлүштүрдүк:

I. Адамдын мүнөз, сапат белгилерин билдирүүчү фразеологизмдер.

II. Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер.

III.Адамдардын ортосундагы мамилелерди билдирүүчү фразеологизмдер.

IV. Сын-сыпатты билдирүүчү фразеологизмдер.

V. Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирүүчү фразеологизмдер.

Биз жогоруда айтып кеткендей, фразеологизмдер жөнөкөй сөздөргө караганда эмоционалдуу-экспрессивдүүлүк касиетке ээ. Айрыкча адам мүнөзүн чагылдыруучу фразеологизмдер айтайын деген ойду ары курч, ары таасирдүү, ары образдуу кылып көрсөтө алат. Бул оюбузду төмөндөгү мисалдар менен далилдесек. (Тиркеме 7)

Мындан сырткары тилибизде: Ат байгелүү болсун! Оозуңа жылан уялагыр! сыяктуу каалоо-тилек, каргыш иретинде айтылган; ат токуур, кырк жылкы, бөдөнөнүн сүтү сыяктуу аталыштарды билдирген; каада-салттардын негизинен келип чыккан ит аяк кечирүү, уй мүйүз тартуу, ат жалына казан асуу, элик сүтүн берүү, төөсү ак тууду ж.б. фразеологизмдер кездешет.

Жогорудагыдай элибиздин каада-салты, үрп-адаты, диний ишеними, күнүмдүк жашоо турмушунун тажрыйбасынын негизинде пайда болгон зоонимдер катышкан фразеологизмдердин берген маанисин түшүнүү, пайда болгон тарыхын билүү ары кызыктуу да, ары пайдалуу. Көчмөн элибиз илгертеден эле жан-жаныбарларды турмуш-тиричилигинде кеңири пайдаланып, аларга сыйынуу-табынуу сыяктуу ишенимдерде болгон. Бул жөнүндө ушул фразеологизмдерди изилдөө менен көп нерсеге түшүнүүгө болот. Айрыкча мал жандуу кыргыз эли ат-жылкыга (ат тезегин кургатпоо; ат жалына казан асуу; ат жалын тартуу; атка жеңил тайга чак; ат жабуу болуу; атка мингенде эле көчүгү кыйшык эле; аттын кашкасындай; ат токур; ат үстүнөн; аттын кулагы менен тең ойноо; ат тери кайтпоо; ат салышуу; ат кара тил болгондо; ат соорусун салуу; ат майы; кырк жылкы; жылкыңа карап ышкыр; тай чабым; бээ саам ж.б.); койго (кой үстүнө торгой жумурткалоо; кой маарек тартуу; козулуу кой; кой терисин жамынган; көк ала койдой союу ж.б.); төөгө (төө бастыга алуу; төө көрдүңбү - жок, бээ көрдүңбү - жок; төө кыядан өтүү; төөнүн куйругу жерге тийгенде; төөсү ак тууду; төө чечкендей болуу; жылын төө кылуу; жылаңач төөнү бучкакка чапкандай ж.б.); уйга (уй түгүндөй; уйдун бөйрөгүндөй; уйга килем жапкандай; уй мүйүз тартуу ж.б.); эчкиге (эчкинин жашындай жаш калуу; кара теке сүзүү ж.б.); өгүзгө (өгүз догун карматуу; өгүз өлбөсүн, араба сынбасын ж.б.), эшекке (эшек куртун кагуу; эшек такалоо; эшектин кулагынан түз;эшектин мээсин жеген ж.б.), жырткыч жаныбарларга (карышкырга кой кайтартуу; бөрү тил; бөрү этектен, жоо жакадан алганда; жолборс жүрөк; түлкү тиштемей; ит талаган түлкүдөй болуу; түлкүсү түштө улуу ж.б.); канаттуу куштарга (карга-кузгунга жем болуу, үкүнүн уясын табуу; куркулдайдын уясын табуу; беш өрдөгүн учуруу; үкүсү чыгуу; сагызган из; балапан түгү түшө элек, балапан жүнү бата элек ж.б.), майда жандыктарга (коён жүрөк, коёндун аягын жегендей, коёндун жатагына чейин; коёндой окшош; чычканга кебек алдырбаган; чычкан мурдун канатпоо; чычкан мурду жөргөлөгүс; жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген; жылан сыйпалагандай; жылан чакпай, жылкы теппей; жыландын башын кылтыйтуу; жыландын куйругун басып алуу ж.б.), курт-кумурскаларга (кумурсканын улутунганын билет; чымын учса угула турган; кумурскадай кайноо; аарынын уюгундай; чымыны бар; кыл курт; чымын конгондой да көрбөө; кумурска бел; чар көпөлөк айлануу; аарынын уюгуна тийүү; чымын-куюн болуу; жөргөмүштүн торуна чалынуу; бити-битине батпоо; биттин ичегисине кан куйган; битин сыгып, канын жалаган ж.б.) байланыштуу көптөгөн фразеологизмдерди жаратышкан. Айрыкча мындай сөздөрдүн ичинен итке байланыштуу пайда болгон фразеологизмдер бир кыйла. Алардын берген мааниси, туюндурган түшүнүктөрү да ар түрдүү», - деп окутуучу төмөндөгү мисалдарды келтирүү менен cтуденттерде пайда болгон суроолорго жооп берүү менен сабакты жыйынтыктайт. Мисалы:

Сүткө тойгон күчүктөй

Мантайган, борсойгон, сүймөнчүлүктүү

Сүткө тийген күчүктөй

Күнөөлүдөй четтеп, коомайлап турган

Иттин чүкөсүндөй

Дене бою түз эмес

Иттин арткы шыйрагындай

Кебете-кешпири чүрүшкөн, абдан жаман, өтө начар

Ийне жеген иттей

Абдан арык, илмийген

Үй күчүк

Үйүнөн чыкпаган, элге аралашпаган

Ит жандуу

Жаны бек, чыдамкай

Ит оору

Өнөкөт болгон жаман адат, жүрүш-туруш

Ичине ит өлүү

Бирөөгө астыртан, тымызын кастык кылуу

Иттин мурду өткүс

Абдан калың, жыш

Ит өлгөн жер

Өтө кыйынчылык менен араң жете турган жер

Иттин кара капталындай

Абдан көп, арбын, мол

Ит арка

Ыркы жок, ынтымагы жок

Итке минип калуу

Колдо болгон нерсенин бардыгынан ажырап, эч нерсеси жок томаяк болуп калуу

Ит жебеген бокту жешүү

Колунда эч нерсе жок, өтө жарды

Сокур ит бок жалаганча

Ыплас сөздөр менен урушуу

Иттин үнү угулган жер

Анча алыс эмес жакын эле жер

Ит куйругун түйүштүрүү

Бирин-бирине кайраштыруу

Иттен чыгаруу

Эптеп жөнөтүү, куру жооп айтуу, алдап жолго салуу


3- лекция

Тема: Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика-грамматикалык түзүлүшү.

Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштардын структурасы эки компоненттүү, үч компоненттүү, төрт компоненттүү болуп бөлүштүрүлөт. Бирок, 5,6,7,8 компоненттен турган да сөз айкаштар кездешет. Ал эми зооонимдер катышкан фразеологизмдерди:

  1. 2 компоненттүү;

  2. 3 компоненттүү;

  3. 4 компоненттүү;

  4. 5-6 компоненттүү деп бөлүштүрүүгө болот.

Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштардын составындагы компоненттерди сөз түркүмдөргө ажыратып кароодо:

2 компоненттүүдө: зат атооч+ зат атооч;

зат атооч+ сын атооч;

зат атооч+ этиш;

сын атооч+ зат атооч;

сан атооч + зат атооч;

3 компоненттүүдө: зат атооч+сын атооч+этиш;

зат атооч+ зат атооч+ этиш;

сын атооч+ зат атооч+ этиш;

зат атооч+ этиш (өзгөчө формасы) + этиш;

4 компоненттүүдө: сын атооч+ зат атооч+ зат атооч+этиш;

зат атооч+зат атооч+ кызматчы сөз+этиш;

сан атооч+зат атооч+ сан атооч+зат атооч;

5 компоненттүүдө: зат атооч+ жандооч+ зат атооч+этиш+байламта;

зат атооч+зат атооч+жандооч+зат атооч+этиш;

зат атооч+сын атооч+зат атооч+жандооч+этиш;

ат атооч+зат атооч+жандооч+тактооч+этиш;

сан атооч+зат атооч+сан атооч+зат атооч+этиш;

6 компоненттүүдө: ат атооч+зат атооч+этиш, ат атооч+зат атооч+этиш;

ат атооч+зат атооч+этиш+зат атооч+ат атооч+зат атооч+этиш;

7 компоненттүүдө: зат атооч+ сын атооч+зат атооч+этиш+сын атооч+зат атооч+этиш формалары учурайт.

Ал эми зоонимдер катышкан фразеологизмдер төмөнкүдөй түзүлүшкө ээ:

2 компоненттен турган фразеологизмдер:

  • Зат атооч+зат атооч: мышык сопу, коён жүрөк, жолборс жүрөк, сагызган из, кыл курт, кумурска бел, бөдөнөнүн сүтү, жылкы кыял, тай чабыш, бээ саам, доңуз айбат, үй күчүк, ит оору, ит арка, ит жыгылыш, ит балдак, ит тартыш, ат токуур, ат майы, бөрү тил ж.б.

  • Зат атооч+сын атооч: коёндон окшош, аарынын уюгундай, уйдун бөйрөгүндөй, уй түгүндөй, иттин чүкөсүндөй, ит жандуу ж.б.

  • Зат атооч+тактооч: ат үстүнөн;

  • Сын атооч+зат атооч: кырк жылкы;

  • Зат атооч+этиш: түлкү тиштемей, жылан сыйпагандай, үкүсү чыгуу, чымыны бар, доңуз коп, иттен чыгаруу, ит кылуу, эшек такалоо, ат салышуу, ат коюу, ат арытуу ж.б.

Мында зат атооч+зат атооч структурасында компоненттер бири-бири менен айрым учурларда жөндөмө мүчөлөрүнүн (-нын;-ны;-дан) жалгануусу менен, айрым учурда алардын түшүп калуусу аркылуу байланышат.

3 компоненттен турган фразеологизмдер:

  • Зат атооч+зат +этиш: элик сүтүн берүү, өгүз догун карматуу, коөндун аягын жеген, чычканга кебек алдырбаган, чычкан мурдун канатпоо, чычкан мурду жөргөлөгүс, оозуңа жылан уялагыр, жыландын башын кылтыйтуу, ажыдаардын куйругун басуу, куркулдайдын уясын табуу, үкүнүн уясын табуу, аарынын уюгуна тийүү, чымын-куюн болуу, жөргөмүштүн торуна чалынуу, бити-битине батпоо, кой терисин жамынган, эшектин мээсин жеген, жылын төө кылуу, уй мүйүз тартуу, ат жалын тартуу, ичине ит өлүү, иттин мурду өткүс, ит куйругун түйүштүрүү, ити май жебеген, ит өлүк кылуу, ит аяк кечирүү, эшек куртун кагуу, ат тезегин кургатпоо, ат соорусун салуу, ат тери кайтпоо, төө кыядан өтүү;

  • Сын атооч + зат атооч+этиш: кара теке сүзүү, чар көпөлөк айлануу;

  • Зат атооч + тактооч + этиш: төө чечкендей болуу, түлкүсү түштө улуу;

  • Зат атооч + этиштин өзгөчө формасы +зат атооч: ит өлгөн жер, сүткө тойгон күчүктөй, өгүз өлтүргөн балта.

  • Зат атооч +тактооч+ сын атооч: иттин арткы шыйрагындай;

  • Зат атооч+зат атооч+сын атооч: эшектин кулагынан түз;

  • Зат атооч+ байламта+сын атооч: ит менен мышыктай;

  • Сан атооч+сын атооч+этиш: беш өрдөгүн учуруу;

  • Зат атооч+зат атооч+жандооч: коёндун жатагына чейин;

  • Зат атооч + сын атооч + этиш: төөсү ак тууду, Ат байгелүү болсун!, кой маарек тартуу;

  • Зат атооч+этиштин өзгөчө формасы + этиш: жылкыңа карап ышкыр, ит көрбөгөндү көрүү, итке минип калуу, кумурсканын улутунганын билет, бака маңдабай калуу ж.б.

Мында айрым компоненттер бири-бири менен мүчөлөрдүн, этиш сөздөргө атоочтук мүчөлөрдүн жалганышы менен байланышты.

    1. компоненттүү фразеологизмдер:

  • Зат атооч + зат атооч + зат атооч + этиш: биттин ичегисине кан куйган, кой оозунан чөп албаган, ит терисин башына каптоо, ит-кушка жем болуу, ат жалына казан асуу, төөнүн куйругу жерге тийгенде, карга-кузгунга жем болуу;

  • Зат атооч + зат атооч + этиштин өзгөчө формасы + зат атооч: иттин үнү угулган жер;

  • Зат атооч + этиш + зат атооч + этиш: өгүз өлбөсүн, араба сынбасын; жылан чакпай, жылкы теппей, битин сыгып, канын жалаган; бээ десең, төө дейт;

  • Зат атооч + этиштин өзгөчө формасы + кызматчы сөз + этиш: чымын конгондой да көрбөө;

  • Зат атооч+зат атооч+этиштин өзгөчө формасы+этиш: ат жалын тартып минүү, балапан түгү түшө элек;

  • Сын атооч+зат атооч+зат атооч+этиш: ак төөнүн карды жарылган, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай, cокур ит бок жалаганча;

  • Зат атооч+этиштин өзгөчө формасы+зат атооч+этиш: иттин арткы шыйрагы болуу, кой үстүнө торгой жумурткалоо;

  • Зат атооч+сын атооч+зат атооч+этиш: ат кара тил болгондо;

  • Сын атооч+зат атооч+этиш+этиш: кутурган ит байласа токтогус ж.б.

4 компоненттүү фразеологизмдерде компоненттер бири-бири менен жөндөмө мүчөлөр, таандык мүчөлөр жана кызматчы сөздөр аркылуу байланышат.

5-6 компоненттүү фразеологизмдер аз санда кездешет. Мисалы:

  • Зат атооч + зат атооч+зат атооч+зат атооч+ этиш:

Бөрү этектен, жоо жакадан алганда ж.б.

  • Зат атооч +зат атооч+жандооч+тактооч+этиш:

Аттын кулагы менен тең ойноо ж.б.

Жогоруда айтылган байланышуу жолдорунан айырмаланып, көп компоненттен (6-7) турган фразеологизмдер түзүлүшү жагынан сүйлөм, айрымдары татаал сүйлөмгө да окшошуп, интонация аркылуу да ажыратылат. Айрыкча макал-лакаптарга окшош сыяктуу сезилет. Ошондуктан тил илиминде фразеологизмдердин табияты так такталганга чейин, кээ бир окумуштуулар фразеологизмдерге макал-лакап, учкул сөздөрдү да киргизип келишкен. М: Б.А.Ларин, А.И. Ефимов ж.б.лар. Ж.Осмонова жазгандай: «Фразеологизмдер менен макал, ылакаптардын арасынан айрым жалпылыктар жана олуттуу өзгөчөлүктөрдү да көрдүк. Алардын жалпылыгы экөөнү бир топко кошууга, фразеологизмдерди кең мааниде түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми экөөнүн ортосундагы олуттуу өзгөчөлүктөр алардын коммуникативдик же номинативдик мааниге ээ болушунан, составындагы сөздөрдүн санынан, дидактикалык мүнөзгө ээ болуу же ээ болбоо өзгөчөлүгүнөн, ар бир компоненттин тике маанисин сакташы же сактай албай калышынан, синтаксистик жактан өзүнчө милдет аткарышынан же аткара албастыгынан, бир сөзгө синоним же антоним болуу даражасынан кандайдыр бир сөз түркүмүнө тиешелүү болушу жагынан байкалат. Бир катар окумуштуулардын фразеологизмдерди кең мааниде түшүнүп, ага макал-лакаптарды кошкондугу ушул өзгөчөлүктөрдүн негизинде пайда болуп отурат» [ 84].

Фразеологизмдерге мүнөздүү негизги белгилеринен бири: сүйлөмдүн синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы, анын составындагы компоненттеринин ар бири өзүнүн тике маанисин туюндурбастан, жалпы биригип келип фразеологиялык маанини бергендигинен, б.а. ар бир сөз өз алдынча бүтүн нерсе катары каралбастан (ошондуктан компонент деп аталат), бүтүндү түзүп турган составдуу бөлүктүн кызматын аткарып тургандыгынан келип чыгат.

Фразеологизмдердин сүйлөмдөгү синтаксистин функциясын ажырата билүү үчүн тилибиздеги мындай сөздөрдүн өзүн колдон келишинче көбүрөөк өздөштүрүүнү талап кылат, себеби фразеологизмдер биз жогоруда айткандай, канча компоненттен тургандыгына карабастан, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн кызматын аткарышат. Алар кадимки сөздөр сыяктуу эле, сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрү боло алышат. Мисалы:

Ээнин милдетин аткарышы:

  1. Өңчөй беш өрдөгүн учургандар, битин сыгып канын жалагандар, кой терисин жамынгандар чогулуптур. («Чалкан»)

  2. Ит жыгылыш болду, кайра күрөшкүлө.

  3. Ким төрөлдү? Ат токурбу, же кырк жылкыбы?

  4. «Өгүз өлтүргөн балта мына, алдыңызга койдук, көп күнөөбүздү кечириңиз», - деп кудалар сөз башташты.

  5. Тил албаган ит оорусу бар. Ит оорусу кармады.

Баяндоочтун милдетин аткарышы:

  1. Көрөсүң, кой үстүнө торгой жумурткалайт.

  2. Бурма - жабуулуу кара инген.

  3. Жаңжал башталды. Эки сугатчы ит жебеген бокту жешти.

  4. Эмгиче ушул ишти бүтүрө албай, бул жерде эшек такалап жүрөсүңбү?

  5. Уулунун аскерден келе жатканын угуп, эне байкуш бити – битине батпайт.

Аныктоочтун милдетин аткарышы:

  1. Бир күнү эл чогулат. Ошол желмогуздан качан кутулабыз деп кейишет. Кеңешке кой оозунан чөп албаган момун да келет. Тили менен жер шыпырган шыпыр да, өлүп кетейин деген жалакор да болот. (Жомоктон)

  2. Эми менин сизден суранаарым, кандай болсо да менин иним Хасемжанды ошол битин сыгып, канын жалаган кунасадан эптеп куткарып бериңиз. (М.Абд.)

  3. Алар жарым жолго жетип, кук эткен кузгун, как эткен карга жок бир тоонун арасын келе берген кезде чоң бороон болду. ( К.Б.)

  4. Ушул битин сыгып, канын жалаган чирик бойдок баласы мага күйөө болмок беле, эжеке? (Каимов)

  5. Эр Манастын кырк баатыр,

Кара таңдай калмакты

Кайра айдап сапырды. ( «Манас»)

Толуктоочтун милдетин аткарышы:

  1. Кантейин ичтен чыккан ийри жыланды кыя албадым.

  2. Бөдөнөнүн сүтүнөн анча мынча жутушту!

  3. Кошчу уюму атка минерлер менен күрөшүп жатат.

  4. Ал баягы жылкы кыялын дагы карматып, басып кетти.

  5. Жаңы салык үрүп чыгар ити жокторго катуу азап салды.

Бышыктоочтун милдетин аткарышы:

  1. Каны качып, ыраңы купкуу, көзү ачууга толуп, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып сүйлөп жатты . ( М.Абд.)

  2. Бул иш төөнүн куйругу жерге тийгенде бүтчүдөй. Петруха бул жердин коён жатагына чейин билет көрүнөт. (Ч.А.)

  3. Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? ( «Чалкан»)

  4. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып жан багуу, сага окшогон адамдардын колунан келет деди. ( А.Т.)

  5. Жамал мени качан келет десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде келет деген. ( Р.Ш.)

Ал эми сөз түркүмдөрү боюнча зоонимдер катышкан фразеологизмдер төмөндөгүчө классификацияланат:

  1. Заттык мааниде колдонулган фразеологизмдер.

  2. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер.

  3. Сан өлчөмдү билдирген фразеологизмдер.

  4. Кыймыл - аракетти, ал - абалды туюндурган фразеологизмдер.

  1. Заттык мааниде колдонулган фразеологизмдер:

Ат токур - эркек бала деген мааниде;

Кырк жылкы - кыз бала деген мааниде;

Ит оору - өнөкөт болгон жаман адат;

Үй күчүк - үйүнөн көп чыкпаган адам;

Өгүз өлтүргөн балта - кандайдыр бир иштин болушуна себепкер – болгон адам.

  1. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер:

Жылкы кыял - урушчаак, мүнөзү терс;

Кумурска бел - бели ичке;

Чымыны бар - өнөрлүү;

Сагызган изи – абдан жука;

Жылан сыйпалагандай - такыр эчтекеси жок;

Жолборс жүрөк – эч нерседен коркпогон;

Коёндой окшош - абдан окшош;

Коён жүрөк – өтө коркок, өтүмү жок;

Козулуу кой – эптеп-септеп, иши кылып;

Бөрү тил - ичкерээк, учтураак;

Ит арка - ынтымагы жок;

Ит жандуу - чыдамкай;

Эшектин кулагынан түз - туптуура;

Уйга килем жапкандай – жарашыксыз, одоно;

Сүткө тойгон күчүктөй - мантайган, сүймөнчүлүктүү;

Сүткө тийген күчүктөй - күнөөлүүдөй;

Чычкан мурду жөргөлөгүс – абдан калың, өтө жыш;

Чычканга кебек алдырбаган – абдан зыкым, сараң;

Кой үстүнө торгой жумурткалоо - жыргалчылык, бейпилчилик;

Ак төөнүн карды жарылган - берекелүү, молчулук;

Атка жеңил, тайга чак - жеңил желпи, эптүү, тил алгыч;

Үрүп чыгар ити жок - абдан кедей;

Балапан түгү түшө элек - өтө жаш;

Чымын учса угула турган - абдан тынч, жымжырт;

Кой оозунан чөп албаган - абдан жоош;

Биттин ичегисине кан куйган - өтө бышык, абдан тың;

Ити май жебеген - чириген бай;

Иттин мурду өткүс - абдан калың, жыш;

Күлгө оонаган күчүктөй - кара ала, тору ала болуп булганган;

  1. Сан - өлчөмдү билдирген фразеологизмдер:

Уй түгүндөй – өтө көп, сансыз;

Иттин кара капталынан - абдан көп, мол;

Кара таандай – абдан көп, сан жеткис;

  1. Кыймыл-аракетти , ал-абалды туюндурган фразеологизмдер:

Үкүсү чыгуу - кебетеси кетүү;

Түлкү тиштемей – түрдүүчө амал менен алдоо;

Ат арытуу - узак жол жүрүү;

Эшек такалоо- эч нерсе кылбай бош жүрүү;

Беш өрдөгүн учуруу - калп айтуу;

Ит кылуу- уят кылуу, жаман абалда калтыруу;

Түлкүсү түштө улуу - бир нерседен жолу болуу;

Төө бастыга калуу- көптөп кетүү;

Ат жалын тартуу – бойго жетүү, чоңоюу;

Жылын төө кылуу – баалануу, бой көтөрүү;

Бити-битине батпоо - аябай сүйүнүү;

Жөргөмүштүн торуна чалынуу - кутула алгыс азапка туш келүү;

Чымын-куюн болуу - өтө катуу жүгүрүү;

Аарынын уюгуна тийүү - ачуусуна тийүү;

Ажыдаардын куйругун басуу - каарына калуу;

Элик сүтүн берүү – өзү төрөбөсө да, өз баласындай багуу;

Иттин арткы шыйрагындай – абдан уят болуу;

Чымын конгондой да көрбөө - тоготпоо, сезип да койбоо;

Көк ала койдой союу - абдан катуу уруу, сабоо;

Ит терисин башына каптоо - аябай ызалап, кыйнап кордук көрсөтүү;

Төө чечкендей болуу - аябай уят болуу, маскарасы чыгуу;

Ат бороюн сыдыруу - ат арытып, узак жол жүрүү;

Ат тери кайтпоо - эмгеги текке кетүү, куру убара болуу;

Ат соорусун салуу - артын карай качуу, чегинүү;

Ат тезегин кургатпоо - көп убакыт өткөрбөй, тез-тез каттап туруу;

Эшек куртун кагуу - көрбөгөндү көрсөтүү, жинин кагуу;

Ит куйругун түйүштүрүү – бири-бирине каршылаштыруу, араздаштыруу;

Ичине ит өлүү – бирөөгө астыртан тымызын кастык кылуу;

Уй мүйүз тартуу - тегерек тартып кырка отуруу.

(Чыгармалардан мисалдар келтирилип, фразеологизмдердин сөз түркүмү катары аткарган кызматы такталат).

Жыйынтыктап айтканда, зоонимдер катышкан фразеологизмдер жалпы эле фразеологизмдер сыяктуу эле морфологиялык түзүлүш жагынан ар кыл моделдерге жана синтаксистик жактан бардык эле сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарууга жөндөмдүү келишет».

Аталган семинардын жыйынтыктоочу лекциясы катары «Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин пайда болушу» деген темада өтүлүүчү сабакта окутуучу студенттерге айрым фразеологизмдердин келип чыгышы тууралуу маалыматтарды берет. Ал үчүн Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген эмгегинде «ат кара тил болгондо», «атка жеңил, тайга чак», «бээ десе, төө деген», «жабуулуу кара инген», «жылын төө кылуу», «ит жатак», «ит менен мышыктай», «ит тартыш», «кара көпөлөк айдоо», «кара теке сүзүү», «кой үстүнө торгой жумурткалоо», «кошоматка кой союу», «көк ала койдой союу», «көк чычканы бар», «үстүнө чымын конбогон», «чар көпөлөк болуу» сыяктуу зооним катышкан фразеологизмдердин этимологиясы жөнүндөгү маалыматтарды пайдаланса болот.







42



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!