Маани жагынан өз ара байланыштуу келген эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдүн айкалышынан уюшулуп, түзүлүшү, мааниси жана интонациялык жактан бир бүтүн бирдикти түзүп турган сүйлөмдөр татаал сүйлөм деп аталат. Айтыла турган ойдун структурасына ылайык татаал сүйлөмдөр эки же андан көп жөнөкөй сүйлөмдүн өз ара байланышынан уюшулат. Адатта, анын тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдүн өзүнө тиешелүү грамматикалык ээси жана баяндоочу болот: 1) Макар алга карай жүгүрдү, анын артынан агылып башка жоокерлер да чур-кашты (К.Б.). 2) Бир кездерде ошол дөбөнүн үстүндө мектеп болгон имиш, биз анын ордун да көрбөй калдык, бирок кош теректүү дөбөнүн аталышы эл оозунда мурунку бойдон келе жатат (Ч.А.). 3) Мен түгөнбөйм, мен тарыбаймын, мен кенчмин, мен баарыңарга тегиз же-тем (Ч.А.). |