СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили синоним антоним омоним

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили синоним,  омоним, антоним 

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили синоним антоним омоним»

Сабактын темасы: Синоним,омоним,антоним

Сабактын тиби: Алган билимдерин бышыктоо сабак.

Сабактын формасы: топторго бөлүп иштетүү.

Сабактын максаты:

А) Билим берүү максаты: синоним,омоним,антонимден тереңирээк түшүнүк алышат.

Б) өнүктүрүүчүлүк максаты:маанилери окшош сөздөрдү,көп маанилүү сөздөр менен омонимдердин айырмачылыктарын жана окшоштуктарын ,карама-каршы айтылган антонимдер жөнүндө билесиңер.

В) Тарбия берүүчүлүк: Сүлөө кебиңерде синоним,омоним,антонимдерди ыктуу колдоно аласңар.

Сабактын жабдылышы:окуу куралдары,батман,проектор ж.б

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу учур:

Балдарды сабакка көңүлүн буруу,жагымдуу маанай түзүү....

Окуучуларга конфеттер таратылат ар бир окуучу сабактын темасына жараша жеп жаткан конфеттеринен мисал келтиришет....

Окуучуларды топко бөлүү үчүн үч түрлүү фигура бар ,окуучулар тандашып окшоштору бир топ боло беришер....



2. Үй тапшырмасы: Окуучуларга тапшырма берилген синоним,омоним,антоним сөздөргө мисалдарды жазып өз билгениңерди чагылдырып келесиңер деген тапшырма берилген.

Батманга өз билгендерин сүрөт аркылуу түшүндүрүшөт...(доскада үч алма бак илинген ар бир алма бакка окуучулар өз билимдеринин деңгээлине жараша кызыл,жашыл,сары алмаларды береип алма бактарына иле берем,сабактын аягында сабакты ошол алмалар аркылуу баалайм)



3.Өтүлгөн таманы кайталоо: өтүлгөн сабакты кайталоо үчүн эрэжелерди эске түшүрүп алабыз жана ким канчалык түшүнгөндүгүн текшерүү үчүн кахут тестин пайдаланам...

4.Жаңы тема: сабак бышыктоо сабак болгондуктан мен үч топко бөлүп алып оюн үюштурам,ар бир топко синоним,омоним,антоним деген аттарды коюп ,сабакты андан ары бышыктайбыз...

Синоним-айтылышы ар башка бирок маанилери бирдей сөздөрдү айтабыз

М: асман-көк, кубан-сүйүн,Эндүү-кенен,ылдый-төмөн ж.б

Омонимдер- Тыбыштык түзүлүшү окшош бирок маанилери ар башка сөздөрдү айтабыз

М:үй- зат атооч Бийик үйлөр курулду.

Үй-этиш Сен бүгүн чөптү үй

Антанимдер-карама-каршы мааниде айтылган сөздөрдү айтабыз.

М: ак-кара, узун-кыска,арык-семиз,асман-жер ж.б



Сабакты бышыктоо:

Келгиле балдар эми тобуңардан мыкты деген үч оюнчуну чакырайын ,тапшырма бул жел үйлөнгөн шарикти жерге түшүрбөстөн партадагы берилген сөздөрдү чогултасыңар ,жеңүүчүлөргө упай берилет....

(доскадагы алма багыңарга алмаларды илейли)



Сабакты жыйынтыктоо:

Синоним тобуна-адам,кооз,сүйлө,сүйүн,ылдам,жумуш,даңк,кайгы,курбу,даамдуу...ушул сөздөрдүн синонимин табасыңар...

Антоним тобуна өкүнүч,жаштык,ылдам,эрте,жогору,сыртында,жакшылык,ыраазы,бейтааныш,алдуу...ушул сөздөрдүн карама-каршы маанилерин тапкыла....

Омоним тобуна-ат,көч,май,шак,жемиш,жак,көз,сыр,жеңил,жем...ушул сөздөрдүн эки маанисине сүйлөм түзгүлө....

Үй тапшырма берүү: жалпы баарыңар синоним,антоним,омоним сөздөрдү катыштырып чакан текст түзүп келесиңер....

Баалоо: Үч топтуна алма бактарындагы алмаларды санат,активдүүлүгүнө жараша баалоо....

Жеңижок атындагы орто мектеби









Ачык сабактын иштелмеси

Кыргыз тили сабагы

5а-класс

Тема: Синоним,омоним,антоним









Мугалими:Бортоева Ж.Т

Синоним тобу...

Адам-

Кооз-

Сүйлө-

Сүйүн-

Ылдам-

Жумуш-

Даңк-

Кайгы-

Курбу-

Даамдуу-



Антоним тобуна...

Өкүнүч-

Жаштык-

Ылдам-

эрте-

жогору-

сыртында-

жакшылык-

ыраазы-

бейтааныш-

батыш-





Омоним тобуна...

Ат-

Ат-

Көч-

Көч-

Май-

Май-

Шак-

Шак-

Жемиш-

Жемиш-







Синоним сөздөр Оюн

Ылдый-Төмөн өлчөм-ченем эндүү-кенен бет-жүз кант-сахар шаар-калаа кооз-сулуу тез-бат баатыр-эр жүрөк аалам-жер кайгы-капа кенже-кичүү иш–жумуш теңсел-термел ур-сок шак-бутак адам-киши бөрү-карышкыр арамдык-бузукулук кубат-каруу каарман-кейипкер каала-тиле мээнеттен-иште курска-карын ини-үкө зарыл-керек доор-мезгил жыргал-ыракат жыйна-чогулт жүздөш-беттеш жуу-тазала



Антоним сөздөр

күн-түн адептүү-адепсиз ыймандуу-ыймансыз акылдуу-акылсыз таттуу-ачуу ак-кара асман-жер ылдый-өйдө ач-жап жылмаю-ыйлоо ичинде-сыртында кыш-жай ысык-муздак бай-кедей бар-жок асты-үстү ары-бери нааразы-ыраазы кий-чеч ачык-жабык улуу-кичүү таза-кир баатыр-коркок калп-чын бейкүнөө-күнөлүү алдуу-алсыз бейтааныш-тааныш азай-көбөй азап-жыргал азоо-жоош


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!