СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫна өзгөртүүлөр 2021-жылдын 23-марты № 38

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫна өзгөртүүлөр 2021-жылдын 23-марты № 38

Тема: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2021-жылдын 23-марты № 38

Максаты: Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) киргизилген өзгөртүүлөрдү окуп үйрөнүп колдонуу.

1-берене.

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин биринчи бөлүгүндө:

а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"Жекече окуу планы - конкреттүү окуп жаткандын өзгөчөлүктөрүн жана билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;

Инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн эске алуу менен бардык окуп жаткандар үчүн билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;";

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы кырк биринчи абзац менен толукталсын:

"Билим берүү процессиндеги коштоо - билим берүү муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуп жаткандын инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды түзүү;";

в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы элүү биринчи абзац менен толукталсын:

"Окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формасын жөнгө салуучу документ;";

2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- инклюзивдик билим берүүнү киргизүү;";

3) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуучулар атайын билим берүү, инклюзивдик билим берүү же үйдө билим берүү формаларында билим алууга укуктуу.";

4) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:

"Жогорку окуу жайлары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттер үчүн окуу куралдарына аларды электрондук форматта, аудио алып жүрүүчүлөрдө же Брайлдын рельефтик-чекиттик ариптери менен чыгарылган окуу китептерин берүү жолу менен жеткиликтүүлүктү түзүүгө милдеттүү.";

5) 33-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:

"Дене-бойлук же акыл-эстик өнүгүүсүндө бузулуулар бар балдарды билим берүү процессинде коштоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

Билим берүү уюму окуп жаткандын билим берүү муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, окуу процессин билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жекече окуу планынын негизинде уюштурууга укуктуу.";

6) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүүнү каржылоо бюджеттин же башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Жекече билим берүү уюмдары мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында, же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте инклюзивдик билим берүүнү ишке ашырууга каржылоо ала алышат.".

2-берене.

"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) биринчи абзацы "багууга коюлуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү киргизүү маселелерин камтуучу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи абзацында "Атайын муктаждыгы бар балдар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

г) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бардык окуучулар үчүн мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.";

2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "атайын муктаждыгы бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 7-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "атайын муктаждыктары бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;";

5) 19-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 3-бөлүгүндө "Өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 4-бөлүгүндө "Өзгөчө муктаждыгы бар" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Просмотр содержимого документа
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫна өзгөртүүлөр 2021-жылдын 23-марты № 38»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!