СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ. Тема: Биринчи глава. Жогорку Кеңеш (70-73-беренелер).

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ.

Тема:  Биринчи главаЖогорку Кеңеш  (70-73-беренелер).

Максаты: Кыргыз Республикасынын Конституциясын окуу жана урматтоо. Мыйзам чыгаруу бийлигинин укуктары жана эркиндиктерин  таанып билүү. Жогорку кеңештин  укугу жана милдеттери жөнүндө окуп үйрөнүү менен мисалдар келтирип талкуулоо. (эскертүү: ар бир беренеге анын пункттарына такай көңүл буруп, ой жүгүртүү  менен өзүңөргө суроо түзгулө)

Биринчи глава  

Жогорку Кеңеш

70-берене.

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгуу үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

71-берене.

1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.

3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.

72-берене.

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

3. Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган депутаттын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана чектөөнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордундагы Жогорку Кеңештин депутатынын аталган кызматтан кетүүсү, бошотулушу жана милдеттерин аткарууну токтотушу анын депутаттык ыйгарым укуктарын толук көлөмдө калыбына келтирүүгө алып келет.

73-берене.

1. Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда;

3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) бир сессия ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо;

8) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) депутат каза болгондо.

Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

4. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Просмотр содержимого документа
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ. Тема: Биринчи глава. Жогорку Кеңеш (70-73-беренелер).»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ.

Тема: Биринчи глава. Жогорку Кеңеш (70-73-беренелер).

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!