СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ. Тема: СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ (110-113-беренелер).

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ.

 

Тема:  СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ.   ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

 (110-113-беренелер).

Максаты: Кыргыз Республикасынын Конституциясын окуу жана урматтоо. Сот бийлигинин укуктары жана эркиндиктерин  таанып билүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  укуктары жана милдеттери жөнүндө окуп үйрөнүү менен мисалдар келтирип талкуулоо. (эскертүү: ар бир беренеге анын пункттарына такай көңүл буруп, ой жүгүртүү  менен өзүңөргө суроо түзгулө)

 

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

110-берене.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

5. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

 

111-берене.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

 

112-берене.

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитет;

3) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча жеңилдиктерди белгилейт;

4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. 

 

113-берене.

1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында – өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу соттук коргоо үчүн кайрылууга укуктуу. 

 

Просмотр содержимого документа
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ. Тема: СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ (110-113-беренелер).»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ.



Тема: СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

(110-113-беренелер).

Максаты: Кыргыз Республикасынын Конституциясын окуу жана урматтоо. Сот бийлигинин укуктары жана эркиндиктерин таанып билүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары жана милдеттери жөнүндө окуп үйрөнүү менен мисалдар келтирип талкуулоо. (эскертүү: ар бир беренеге анын пункттарына такай көңүл буруп, ой жүгүртүү менен өзүңөргө суроо түзгулө)



СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

110-берене.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

5. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

 

111-берене.

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

 

112-берене.

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитет;

3) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча жеңилдиктерди белгилейт;

4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. 

 

113-берене.

1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында – өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу соттук коргоо үчүн кайрылууга укуктуу. 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!