СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын климаты

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын климаты»

Кыргыз республикасынын билим беруу жана илим министрлиги.

Ош мамлекеттик университети.

Математика жана информациялык технологиялар факультети



Студенттин өз алдынча иши

ФМОМ(б)-1-20 тайпасы

Предмет:География.

Тема: Кыргызстандын климаты жана ички суулар.

Студент:Топчубай кызы Уулкан.

Текшерген:Сатыбалдиев Байсал.



Ош-2022



План:

1.Кыргызстандын климаты.

2.Кыргызстандагы дарыялар,колдор.

3.Кыргызстандагы суу сактагычтар.

4.Жыйынтыктоо.

5.Колдонулган адабияттар.













































1.Кыргызстандын климаты.

Климат- субэкватордук жантык көп жылдык аба-ырайы режими. Аба ырайы айрым өзгөчөлүктөрүн (температура, нымдуулук, аба басымы) бир заматта абалы болуп саналат. Тар мааниде Климат- локалдык климат-географиялык жайгашкандыгынан улам бул жерди мүнөздөйт. Кеңири мааниде климаттын -глобалдуу климат - ондогон жылдар бою "атмосфера гидросфера -суш - криосфера - биосфера" системасы аркылуу өткөн шарттардын статистикалык ансамблинин мүнөздөйт. Аба-ырайынын климаттык нормадан четтөө климаттын өзгөрүшү, мисалы, абдан суук кыш болуп эч кандай сөз жок, катары каралышы мүмкүн эмес.

Кыргызстандын климаты - Кыргызстандын климаттык шарты эң чоң материк Евразиянын борбордук бөлүгүндө, океан менен деңиздерден алыс болгондугуна жана анын аймагынын деңиз денгээлинен бир кыйла жогору жайгашкандыгына байланыштуу. Мындай абал температуранын кышкы жана жайкы, түнкү жана күндүзгү термелүү айырмачылыгынын чоңдугуна, абанын жалпысынан кургактыгына, күн нурунун молдугуна, атмосфералык жаан-чачындын салыштырмалуу аздыгына жана климаттын кескин континенталдуулугуна шарт түзөт. Кыш мезгилинин бир калыпта болбой өрөөндөрдө сууктун убактылуу жылуулук менен алмашылышы, бийик тоолордо ызгаардуу болуп турушу, жаздын тез чыгып кетиши, бирок сууктун кайра кайталанып жазгы үшүктөрдүн жүрүшү мүнөздүү. Жергиликтүү аймактын бийиктик абалына жараша жаз март, апрель же май айларында келет. Жай мезгили узак, аптаптуу, күзү жылуу, адатта кургак болот. Бийик тоолордун жана тоо арасындагы өрөөндөрдүн бири-бирине карата жана батыштан келген нымдуу абага карата алган орду боюнча климаттык шарттар ар башка аймакта ар түрдүү мүнөздо, ошондой эле бийиктик боюнча климаттын элементтеринин өзгөрүшү климаттык алкактардын пайда болушуна алып келет.



2.Кыргызстандагы дарыялар ,колдор.

Дарыя, дайра, өзөн, суу, жаан-чачын, мөңгү жана булактардан топтолгон суунун өзү калыптандырган нук менен табигый үзгүлтүксүз агымы; чоң өзөн суу.Дарыянын пайда болушу орография жана геоморфология шарттарга байланыштуу. Дарыя алабынын аянты, узундугу, туурасы, нугунун тереңдиги, суусунун деңгээли, ылдамдыгы, чыгымы жана башка менен мүнөздөлөт. Ортоңку кеңдиктерде жаан-чачындын өлчөмү 250 мм, субтропиктерде 500 мм, тропиктерде 700–1000 ммге жеткенде гана дарыя пайда болот. Дарыянын калыптанышы үчүн жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап жана нук өтүүчү жерлердин эңкейиштиги зарыл. Дарыянын башталышы – башат, бүткөн жери - чат деп аталат. Суу агып жаткан сай – нук, кум-таш чайкап калган тайыздык – сайроон, суу ташыганда жайпаган жээктеги түзөң – жайылма, жээктеги жардын үстү – кашат, ага келип кошулган суулар – куйма делет. Дарыянын узундугу бир нече кмден миңдеген кмге, туурасы бир нече мден бир канча кмге, алабынын аянты миң деген км2ге жетет. 



Кыргызстандын колдору.

Көл — бул чанактары, чөйчөктөрү табигый түрдө суу менен толтурулган көлмө. Өлчөмдөрү жана тереңдиги ар кандай. Суусу тунук жана туздуу болот.Кыргызстанда көлдөрдүн саны 500дөн ашык.Колдорду бирден санап отсок:Ысык-Көл, Көл-Төр,Ала-Көл, Беш-Таш,Мецбахер,Кара-Токо,Кылаа-Көл,Жуукучак,Кашка-Суу ,Соң-Көл,Сары-Челек, Жашыл-Көл, Өкүргөн-Көл,Кара-Суу, Сары-Көл, Капка-Таш,Таш-Булак, Чатыр-Көл,Кулун ,Көл-Суу, Ай-Көл.

Көлдөрдүн пайда болушунун бир канча жолдору жана типтери бар. Маселен, тектоникалык көлдөр, мөңгү көлдөрү, мореналык көлдөр, карстык жана вулкандык көлдөр болуп бөлүнөт. Биздин өлкөдө вулкандык көлдөр кездешпейт. Тектоникалык көлдөр. Буга Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көл кирет. Мындай көлдөр геологиялык фундаменти бар өрөөндүн аймагында пайда болот. Ошол тоолордун капталдарынан агып түшкөн суулар табигый жол менен кудукту толтуруп, андан көл жаралат. Мөңгү түрүндөгү көлдөр. Качандыр бир кезде климат катуу суук болуп жердин бетин мөңгү каптаган. Ар кандай калыңдыкта болуп түндүктөн түштүк тарапты карай жылганда рельефтин бир формасын жасайт. Ошентип климат аз-аздап жылуу боло баштаган. Андан кийин мөңгү жылганын токтотуп, акырындык менен эрий баштаган. Ушундан улам ар кандай чуңкурларга түшүп калган мөңгү муздарынан бара-бара көл пайда болгон. Бөгөт көлдөр. Жер титирөө болгон кезде тоонун капталы урап түшүп, тоодогу өрөөндүн баш жагы болгон дарыяны бөгөп калгандан пайда болот. Сары-Челек, Кулун көлү бөгөт көлдөргө кирет.

Мореналык көлдөр. Байыркы замандарда өрөөндүн башынан ар кандай формадагы таштар, шагыл аралаш ылайланган чоң масса жылган. Ал күч менен келип, ар кандай аралыкка жеткен. Жаратылыштын мындай кубулушунун кооз жерлерин Ысык-Көлдөгү Чок-Тал өрөөнүнөн жана Ак-Суу районунан көрсө болот. Ал жерде чокмороктошуп масса топтолуп, чуңкурчалар пайда болуп, эриген кар, муз жана жамгырдын суусу менен толгон. Булар мореналык типтеги көлдөр деп аталат. Жылып келип, андан нары жылбай топтошуп калган жерин кыргыздар жалпысынан "төө карын" деп атаган. Анын формасы, түзүлүшү төөнүн карынына окшоп турат, өлкөдө мындай жерлер көп. Карст көлдөрү. Жаратылышта карст кубулушу кездешет, башкача айтканда, бул жердин астындагы үңкүрлөр. Булар миң, он миң, жүз миң, миллиондогон жылдарды өзүнө камтыйт. Кыргызстандын аймагында мындай көлдөр аз.

Кыргызстанда эки миңден ашыгыраак көл бар. Мындай суулар 0,1 чарчы чакырымдан тарта көл болуп эсептелет.



4.Кыргызстандагы суу сактагычтар.

Суу сактагыч - дарыя нуктарын же оёң жерлерди бөгөп, суу топтоо үчүн курулган жасалма көлмө.Адатта, суу чарбанын сууга болгон муктаждыктарын камсыздоо жана дарыя агымын жөнгө салуу максатында курулат. Аянты бир нече гектардан бир нече миң км2ге чейин, тереңдиги 100 мге чейин же андан ашык да болот. Жер шарында 30 миңден ашык суу с. бар (1996), алардын суусунун жалпы көлөмү 6 миң км3 ден ашык. Кыргызстанда 200 дөн ашык суу сактагыч бар.Аянты 1 км кв. жогору 11 ири суу сактагыч бар.Суу сактагычтар ГЭС жана сугатка пайдалануу үчүн курулган. Кыргызстанда 33 суу сактагыч бар. Агенттиктин карамагында мамлекеттик сугат фонду бар:

"Анын курамында 5 миң 795 чакырым узундуктагы чарба аралык каналдар, 7 миң 670 гидротехникалык курулма, 3 миң 237 гидропост, 113 насостук станция бар. Андан тышкары коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 187 чакырымдан ашат. Жалпы көлөмү 1 млрд 735 млн куб метр болгон 33 сактагыч бар. Андан тышкары элүү даана суткалык жөнгө салуучу бассейн, он даана 10 күндүк жөнгө салуучу бассейн бар. Жалпысынан мамлекеттик суу чарба объекттеринде 1 миң 11 гидротехникалык курулма, 951 гидрометриялык пост жана 97 насостук станция оңдолгон. Узундугу 440 чакырым болгон чоң каналдарды капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү", - деди ал. Кыргызстандын суу сактагычтары: Ала-Арча, Сокулук,Чат-Базар, Киров, Орто-Токой,Токтогул , Камбар-Ата,Уч- Коргон,Күрпсай,Көгарт,БазарКоргон,Андижан,Араван, Найман,Сох, Папан, Төтркүл. Суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. метр кубга бааланат. Суу жеткирүүдɵгү жоготуулар1.7-2.3 млрд.метр кубга чейин жетет. Биз жогоруда дарыяларды,колдорду жана суу сактагычтарды соз кылдык бирок,баары биригип келип эле сууну тушундурот. Суу бул- жашоонун булун-бурчунда кездешуучу табият ресурсу болуп эсептелет.



5.Колдонулган адабияттар.

1.Кыргызстандын географиясы. Бишкек-2004.

2. Кадыркулов М.К. Кыргызстандын физикалык-географиясы.Бишкек-2012.

3. Низамиев А.Г.Ахмедов;Р.Ш.Низамиев Р.Г. Кыргызстандын географиясы. Ош-2006

4.Wikipedia.

5.Интернет булактары.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!