СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын калкы жана эмгек ресурстары

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын калкы жана эмгек ресурстары»

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги

Ош мамлекеттик университети

математика жана информациялык технологиялар факультети





СТУДЕНТТИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШИ



Предмет: География

Тема: Кыргызстандын калкы жана эмгек ресурстары

Тайпасы: фмом (б) 1-20

Студент: Эртабылды кызы Даткайым

Текшерген: Сатыбалдиев Байсал



Ош-2022

План:

  1. Кыргызстандын калкы

  2. КРнын эмгек ресурстары

  3. Жыйынтыктоо

  4. Колдонулган адабияттар





































1. Кыргызстандын калкы.

Алгач калк деген түшүнүккө аныктама берип алалы.

Калк – бул жер бетинде же белгилүү бир аймактын чегинде (континент, мамлекет,облус ж.б.) жашаган адамдардын бүтүндөй жыйындысы. Калктын саны – маанилүүсандык көрсөткүч. Бул көрсөткүч аркылуу ар кандай аймакта (шаар, район, өлкө, ириаймак же бүт дүйнө) жашаган калкка мүнөздөмө берүүгө болот.Өлкөнүн аймагында жашаган калктын санын так билүү үчүн эл каттоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Мындай көрсөткүчтүн башкы булагы – эл каттоо болуп эсептелет.

Кыргызстандын калкы 6,6 миллиондон ашат[3]. Бул өлкөдө 1959-жылда (2 065 000), 1970-жылда (2 935 000), 1979-жылда (3 523 000), 1989-жылда (4 258 000), 1999-жылда (4 823 000), 2009-жылда (5 362 793) жашагандардан караганда бир кыйла көбүрөөк. 2015-жылдын 25-ноябрнда Кыргызстандын калкы 6 миллион адамга жетти.

Туруктуу калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары ( 3,4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %), алардын тургундары негизи фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %).

2019-жылы турукту калктын 34 % шаарларда, 66 % айыл аймактарда жашаган.

2021-жылдын башына карата туруктуу калктын 34,6 % эмгекке жөндөмдүү жашка чейинкилер түзгөн, 57 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылар, 8,2 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылардан улуулар[62]. Калктын орточо курагы аз-аздан өсүп жатат, 2020-жылдын башына карата 27,8 жаш түзгөн, эркектер үчүн― 26,8 жаш, аялдар үчүн ― 28,7 жаш

Өлкөнүн калктын негизи — 4,89 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер — 0,98 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет — 0,34 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт.

(кошумча статистикалык маалымат): Кыргызстандын калкы жыл сайын орто эсеп менен 2 пайызга өсүп жатат, мындай маалыматты бүткүл дүйнөлүк калк күнүнө карата Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Адистердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан калктын өсүшүнүн жогорку темптери менен мүнөздөлүп келген (жылына 2-2,1 пайыз), бирок 2020-жылы калктын өсүү темпи 1,7 пайызды түздү.

Калктын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Ош шаарында (3,1 пайыз), Баткен облусунда (2 пайыз) жана Бишкек шаарында (1,9 пайыз) белгиленди, төмөн — Ысык-Көлдө (1,2 пайыз) жана Нарында (0,9 пайыз).

2020-жылы калктын табигый өсүш арымынын төмөндөшүнө, COVID-19 менен байланышкан калктын өлүмүнүн көбөйүшү, ошондой эле төрөттүн төмөндөшү таасир эткен.Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясы жана өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу, өлкөнүн айрым аймактарында, 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин, туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы жөнүндө жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүлгөн эмес.

2. КРнын Эмгек ресурстары.

1990-ж. чейин Кыргызстандын калкынын социалдык курамын жумушчу тобун, колхозчу дыйкандар ж-а интеллигенция тузуп келген. Азыркы учурда мурдагы жумушчу, кызматчы ж-а дыйкандардан башка жаны болочок топтордун негизи түзүлө баштады. Аларга ишкана (завод, фабрика), дыйкан чарба ээлери, банкирлер, бизнесмендер ж. б. пайда болуп, кооперативдик, жеке менчик, ар кандай уюмдар, бирикмелер, концерндер, тресттер, корпорациялар, биргелеш кен ишканалар, соода, о. ж., а. ч. тейлөө системаларынын майда ишканалары түзүлүп, аларды ээлеген адамдардын катмары жаралды. 2002-ж. Кыргызстандагы эмгек ресурсу 2826.2 мин адамдын 1813,6 мини иштегендер. 254,5 мини окуучулар, 758,1 мини эмгекке жөндөмдүү, бирок иштебей бош жүргөндөр болгон. Ал эми иштегендердин 20,2%н мамлекеттик ишканалар м-н мекеме леринде. 79.8%н жекече ишканаларда эмгектенишет. 9,3%и акционердик коомдордо, 92 36,9%к коллективдүү-дыйкан чарбаларында, 46,7 %н дыйкан чарбаларында (ез чарба сында жекече эмгек кылгандар м-н кошо), 11,7%н жекече эмгектенүү чөйрөсүндө (өз алдынча жумуш таап алуучулар м-н кошо) болгон. Ал эми өндүрүштө иштегендердин 10,8%н о. ж. м-н курулушта, 52,0%и айыл ж-а токой чарбаларында (дыйкан ж-а өз чарбаларында жекече иштегендери м-н кошо), 3,7%и транспорт м-н байланышта, 11,4%н соода ж-а коомдук тамактануу, материалдык-тех. жабдуу даярдоодо, 44% и сала маттыкты сактоо, физкультура ж-а социалдык камсыздоо, билим берүү, маданият ж-а искусстволо, илимде кызмат өтөгөндөр болгон. Азыркы учурда Кырг-ндын региондорунда геогр. жактан калктын социалдык кура мында чон айырмачылыктар бар. Ири шаарлар жайгашкан ж-а өнөр жайлуу Чүй, облусу Ош, Жалал-Абад облустарынын коп райондорунда калктын социалдык курамы ар түрдүү келип, мында басымдуу көпчүлүгү жумушчулар менен кызматкерлер. Ал эми бийик тоолуу аймактарда - Нарын облусунда. Алай. Тон. Чаткал ж.б райондордо калктын социалдык курамын дыйкандар м-н интеллегенция түзөт.

Кыргызстандын калкынын социалдык-демографиялык түзүлүшүндөгү дагы бир өзгөчөлүк эмгек жашына чейинки балдардын көптүгү, алар 39,7 процентке барабар, калктын 10,1 процентин эмгек жашынан өткөндөр (пенсиядагылар) түзөт. Ал эми эмгекке жарамдуулар 50,2 процентке барабар. КМШнын орточо көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда карылар менен балдардын саны кыйла жогору. Бул республикада балдардын көп төрөлүшү, салыштырмалуу өлүмдүн аздыгы менен түшүндүрүлөт. Кыргызстандын эмгекке жарамдуу адамдары же эмгек ресурстары 2,2 млн адамдан ашык, 90-жж. алар 300 миң кишиге көбөйгөн. 90-жж. республиканын эмгек ресурстары коомдук эмгекте же өз чарбасында жекече эмгек кылышкан. Менчиктештирүүнүн шартында коомдук чарбаларда эмгектенгендердин саны азайган. Азыркы мезгилде (2002-ж.) республиканын эл чарбасындагы эмгек ресурстары 21,4 проценти өнөр жайы менен курулушта, 39 проценти айыл чарбасында жана токой чарбасында, 5 проценти транспорт менен байланышта, 5,6 проценти соода жана коомдук тамак-аш, жабдуу, даярдоодо, 20,2 проценти агартуу, физкультура, социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, илим тармагында эмгектенишет. Республикадагы эмгекке жарамдуулардын 13 проценти көмөкчү жана үй чарбаларында иштешет, алардын көпчүлүгүн көп балалуу аялдар түзөт. Эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, эмгекке жарамдуу адамдарды иш орундары менен камсыз кылуу мамлекеттин эн чоң милдети. Азыркы экономикалык кризис учурунда, көпчүлүк ишканалар жабылып ири шаарларда да жумушчулар жумушсуз калууда. Кыргызстанда жумушсуздук жылдан жылга өсүүдө. Эгерде 1991-ж. республикада 94 киши жумушсуз деп каттоодон өткөн болсо, 1992-ж. 136 киши, 1993-ж. 1796 киши, 1997-ж. 54,5 миң адам жумушсуз деп катталган. 1998-ж. болсо жумушсуз деп катталгандардын саны 63,1 миңден ашкан. Бул официалдуу каттоодон өткөнү. Реалдуу түрдө азыр республикада 150 миңден ашык адам жумушсуз. Алардын 70 процентин 30 жашка чейинки жаштар түзөт. Эмгекке жарамдуулардын 48,7 проценти аялдар, т. а. азыр 1 миллиондон ашык аялдар эмгекке жарамдуу деп эсептелинет. Бирок алардын көпчүлүгү жумушсуз. Алардын арасында жогорку жана атайын орто билимдүүлөрү көп.





























Колдонулган адабияттар:

  1. У. Асанов “Кыргызстандын географиясы” Бишкек, 2010, - 320 б.

  2. Низамиев А.Г. Ахмедов Р.Ш.Низамиев Р.Г . Кыргызстандын географиясы.Ош-2006

  3. Укипедия

  4. Интернет булактары.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!