СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты,Алыкул Осмонов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты,Алыкул Осмонов»



5-класс

Сабактын темасы: Алыкул Осмонов . Өмүру , чыгармачылыгы.

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар Алыкул Осмонов жөнүндө маалымат алышат.Акындын өмүр таржымалы, жеке турмушу ырларынын жаралышына негиз болгондугун байкашат, түшүнүшөт. Ырларынын идеялык мазмунун аныкташат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Акындын  поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, кыскалык менен тактыкты, конркреттүүлүктү  далилдүү мисалдар менен талдоого жетишишет.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Алыкул Осмоновдун ырлары да, өмүрү да жаштар үчүн үлгү экендигине ынанышат, тарбиялык маанисин аныкташат. Акындын тирүүлүктөн үмүт үзбөгөн оптимистиги  чындыкты таамай айткан  кеменгерлиги  окуучуларга үлгү.

Сабактын жабдылышы: Акындын портрети.  Алыкул  акындын ыр китептери, слайд, өмүрү, чыгармачылыгы  боюнча түрдүү сүрөттөр, обондуу ырлары жазылган дисктер кластер, буклеттер альбомдор жана  интерактивдүү доска.

Сабактын тиби: Киришүү сабагы

Сабактын формасы:  Ачык сабак

Сабактын методу: Интерактивдүү, көрсөтмөлүү, китеп менен иштөө методдору.

Сабактын жүрүшү:

 Уюштуруу.

Окуучуларды эки топко бөлдүм

Жагымдуу  маанай түзүү: Экрандан кыргыз жеринин кооздугу жөнүндө слайд көргөзүлдү.

Жаңы тема: Интерактивдүү  доска  менен  иштөө жүргүзүлөт. Акындын портрети интерактивдүү доскадан көрсөтүлөт да, акынды  ким  канчалык  билет? — деген суроо окуучуларга узатылат. Окуучулардын жоопторунун негизинде кластер түзүлөт.

Окуучулар  билгендерин  айтышат,  мугалим   же  бир  окуучу  интерактивдүү   доскага  жазып класстер түзөт.

Алыкулдун  өмүрүнө, чыгармачылыгына арналган слайд  көрсөтүлөт.

Мугалимдин сөзү: Ошентип, балдар өзүңөр билгендей бүгүн биз сөз өнөрүн ыйык туткан, ”Танса бардыгынан танган,  бирок ырдан танбаган, ыры жок өмүрүнө канааттанбаган”, жашоо турмушка ыр менен келип, ыр менен кеткен, өмүрү ырга айланган, алп акыныбыз, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмонов жөнүндө сөз кылабыз.

          Мугалим көркөм окуйт:

                        Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар

                        Узак, узак, узак, болсун бул сапар,

                        Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

                        Кайра кайтып жолугушчу күндөр бар –

демекчи, мына бүгүн биз  алп акын Алыкул менен ушул сабакта дагы бир жолу жолугушуп, өзү айткандай “кайра кайтып жолугушчу күндөрдө” кездешип отурабаз.

Эмесе, бүгүнкү сабагыбыз.

                        Түбөлүктүү ыр калтырган акынга

                        Бир сабакта бизден койгон гүл десте – болсун.

                        Мен тансам, жаштан танам ырдан танбайм

                        Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм

                        Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

                        Ырыма бир мертебе калп айта албайм – дейт акын.

        Улуу акын өз өмүрүн ырга гана арнаганын, өмүрүн ырсыз элестете албай турганын мугалим баса белгилейт да, сабактын нугун Алыкул Осмоновдун жеке турмушуна, чыгармачылык менен айкалышкан өмүр жолуна бурат.





  Алар кандай жоготуулар?  Акын ымыркайынан апасынан, үч жашында атасынан ажыраган. Аталаш агасы аны жетим балдар үйүнө өткөрөт. Ал киндик каны тамган туулган жеринен да айрылат, бөтөн жерде, чоочун жерде тарбияланганын окуучулар айтышат, демек

Биринчи жоготуу

Ата-энесинен, туулган жеринен айрылганы акындын жүрөгүндөгү айыкпаган дарты. Бул акындын балалык мезгилдеги жоготуусу эле.

Тарбиячысы Грунья Савельевнага арнаган ыры:

Ырлардан  үзүндүүлөр окулат

                    Далай таттуу даам жедим колуңдан,

                        Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.

                        “Начар экен бат оңолсун, бала”- деп,

                        Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан…

 

                        …Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,

                        Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин…

 Кайрылгыс балалыгын Токмокко калтырган Алыкул Фрунзе шаарына келип педтехникумга кирет. 1932-жылы  акын катуу ооруп калат да, окуусун таштап айылга кетет. Бирге окуган  курсташтары педагогикалык окуу жайды бүтүргөнүнө  кубанган акын “Кубанам, бирок айыбым бар” деген ырын аларга арнаган. Бир жылдан кийин “Чабуул” журналынын редакциясына кызматка орношот.

Эң алгачкы чыгарган чыгармасы: “Кызыл жүк”

1932-1950-жылдардын ичинде жарык көргөн китептери.

Таңдагы ырлар” 1935-жылы

Жылдыздуу жаштык” 1937-жылы

Чолпонстан” 1997-ж

Махабат” 1945-ж

Жаш акындарынын ырларынан” 1947-ж

Менин жерим-ырдын жери” 1948-ж

Акын ата-энесинин мээримин көрбөй чоңоюп, эми эле наристелүү болуп ага болгон мээрими ченемсиз болуп турганда 15 күндүк болуп, кызы Жыпардын чарчап калышы Алыкулдун жүрөгүн сыздатып бул чоң жоготууга каңырыгы түтөп кайгырды. Кайрадан үй-бүлөнүн ыркы кетти.

                               Бөбөкө

Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,

Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.

Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө,

Ай,чиркин ай,өмүрүнүн кыскасы ай.

Алтын да бар,асыл да бар элдерде,

Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө.

Ошончолук кымбаттардын ичинен,

Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.



Сулуу тоолор,көркөм көлдүн четинде,

Көп гүлдөр бар,кызыл-жашыл түрлөрдө.

Жер аңкыган ошончо жыт ичинен,

Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.



Түпсүз кубат,чексиз элес болучу,

Сырга чоң сыр,ойго кеңеш болучу.

Энесиндей эссиз эмес болучу,

Атасындай кекчил эмес болучу.



Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон.

Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.

Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,

Бети жок ай,жер уялбайт ошондон.



Кетти бөбөк жанаа гана бар болгон,

Жарык таанып,жаңы гана ойногон.

Түпсүз көрдүн карыш бурчу кеткен жок,

Ары жок ай,көр уялбайт ошондон.



Бар болсо экен картайганда көргөнү,

Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.

Өмүр алда,эртеңкиге тобокел,

Өлбөсө экен, башкалардын бөбөгү.

Ошентип, Алыкул Жыпарынан да, үй-бүлөсүнөн да ажырады, жалгыз калды.

Бул дүйнөдө узак жашай албады,

Заңгыратып бийик үй да салбады.

Таң атканча кирпик какпай отуруп,

Бүт өмүрүн ыр сабына арнады.

Ички сырын толук жазып бүтө албай,

Өмүрүнүн жазын гана жашады.

          Ошентип, Алыкул  35 жыл гана жашады, анын өмүрү ушунчалык кыска болду, ал 1950-жылы 12-декабрда учук оорусунан каза болду.

Мурас кылып, өз элине эң сонун ырлар, поэмалар, пьесалар жана Батыш менен Чыгыштын улуу акындарынын поэзиясынын котормолорун калтырды.

Сабакты бышыктоо максатында: Крассворд түзүштү.

Окуучулар Алыкул Осмонов жөнүндө класстер түзүштү.

Мекен темасы Алыкул Осмоновдун чыгармаларында

Акын Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында жашаган Бишкектеги үйү 2001-жылы мурдагы ээсинен сатылып алынып, шаардын менчигине өткөрүлүп, анда акындын үй-музейи уюштурулган. Учурда бул үйдө акындын урунган буюмдары, тарыхый сүрөттөрү сакталуу. “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси быйыл, 2015-жылы Осмоновдун 100 жылдыгынын алкагында акындын Бишкектеги музейин чоңойтууну жана Чолпон-Атадагы үйүнө жакын жердеги эс алуу паркына анын ысымын берүү сунушутап жатат.

Үйгө тапшырма: “Мен сүйгөн акын” деген темада дил баян жазуу










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!