Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты»
Брейн-ринг форматындагы
«Этно-экологиялык калейдоскоп»
оюну
Оюндун Максаты:
Кыргыздардын салттуу маданияты жана жаратылышы, айлана-чөйрө жөнүндө билимдерди кеңейтүү жана бекемдөө.
Оюндун шарттары:
- Команда түзүү (3 адамдан, командага ат коюу,)
- Калыстар тобу (3 адам)
- Чүчү кулак кармоо:
- Эки команда 5 упай топтогонго чейин ойнойт
- Бир туура жоопко 1 упай
- Суроо үчүн берилген убакыт: 60 секунд
- Биринчи желекчени көтөргөн команда жооп берүү укугуна ээ болот
- Оюн 4 раунддан турат
КАТЕГОРИЯЛАР
Көчмөн маданият
Улуттук кийимдер
Макал жана ылакаптар
Жаратылыш билермандары
Жаратылыш кыргыз адабиятында
1
1
1
1
1
2
2
2
2
2
3
3
3
3
3
Жаратылыштагы эң ичке жип
ЖООБУ
Желе
Бардыгы Кызыл китеп эмне экендигин билет.
Ал эми «Кара тизме» деген эмне?
ЖООБУ
Жер жүзүнөн жоголуп кеткен
түрлөрдүн тизмеси.
Чөлдө эмне алтындан кымбат?
ЖООБУ
Суу
Бул кайсы чыгарма, автору ким?
Бул акындын чыгармачылыгында жаратылыш өзгөчө орунда. Бул ырын 7 күн, 7 түн айткан экен.
ЖООБУ
Жеңижок «Аккан суу».
Кайсы эпос жөнүндө кеп болуп жатат?
Мергенчи ашыкча аңчылык кылгандыгы үчүн каргышка калып, асканын башынан түшө албай өлөт?
ЖООБУ
«Кожожаш» эпосу.
Калыгул акын ырында кайсы жерди сүрөттөгөн?
Күнгөйдөн агат миң булак,
Тескейден агат миң булак,
Аягына агып чыкпайт бир булак!
Тегереги туюк, төбөсү бийик.
ЖООБУ
Ысык-Көл
Саймаланып кооздолгон буюм.
Үйдүн дубалына илинет.
ЖООБУ
Туш кийиз
Жерге салуучу кийизден шырылып жасалган кооз, жылуу буюм.
Бышык болгондуктан
көп жыл бою урунууга болот.
ЖООБУ
Шырдак
Ичи кара жүндөн, бетине түстүү жүндөн оюу түшүрүлөт. Жерге салынат.
ЖООБУ
Ала кийиз
Эркектердин баш кийими.
Ак кийизден жасалат.
Анын тигилишине жараша кийген
ээсинин жашын билүүгө болгон.
ЖООБУ
Калпак
Териден талаасы жок тигилген эркектердин баш кийими.
ЖООБУ
Малакай
Койдун терисинен тигилген узун жеңи бар кышкы кийим. Этек, жеңи жана жакасы көрпөдөн тигилет.
ЖООБУ
Тон
Адам кааласа таштан суу, такырдан … .
ЖООБУ
Гүл чыгарат
Акылдуунун сөзү – кыска, ….
ЖООБУ
айта салса – нуска
Бир тамчы суу кумурскага … .
ЖООБУ
дарыя болуп көрүнөт.