СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Для студентов первого курса вузов

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты»

“Кыргыз адабияты”  предмети жаш муундун руханий жан дүйнөсүн, эстетикалык аӊ сезимин, көркөм табитин, адептик-ыймандык жүрүм –турумун  калыптандыруучу предмет катары өзгөчө мааниге ээ. Ушундан улам  кыргыз  адабиятын  окутуунун  сапатын  көтөрүү  алдыда  турган  өтө актуалдуу  маселе.

Программада  адабиятты   үйрөнүү  төрт этапка бөлүнөрүн мугалимдердин эсине салабыз.

Адабияттык окуу курсу (литературное чтение). Тарыхый-адабий курстун элементтерин ичине  алган,  системалык курска жакындатылган адабияттык окуу. Кыргыз адабиятынын системалуу курсу - бул адабияттык окуу. Мында студенттер айрым-айрым чыгармалар, алардын үзүндүлөрү, жомок, макал-ылакап жана башка жеке-жеке жанрлар, ал жанрлардын эреже-жолуна ылайык жазылган, түзүлгөн кээ бир көркөм дөөлөттөр менен таанышат.

Адабият теориясынан да теориялык маалымат алышат. Акын-жазуучулардын өмүр таржымалы, чыгармалары, образдардын жандуу сөзүн добуш чыгарып окуу, үн кубултуп көркөм окуу чоӊ орунду ээлейт. Текстти көркөм окуу жагынан чечендик искусство (оратордук) менен студенттерди жакындан өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүү  керек. Адабий текстти үйрөнүү, көркөм  окуу, тилдик талдоону чыгарманы аналитикалык талдоолор менен  айкалыштыруу максатка ылайыктуу келет. Адабий каарман, көркөм чыгарманын жанрлары, тектери, түрлөрү, алардын айырмасы, сюжет,композиция, троп жана анын түрлөрү жөнүндө келечекте кандай кесиптин ээси болгонуна карабай ар бир студент билүүгө милдеттендирүү.

II этап – бул адабияттын спецификасына, образдар системасына, чыгармалардын мазмунуна тереӊдеп кире турган мезгил. Үн кубултуп көркөм окуу бул этапта да маанисин жоготпойт. Жазуучунун чыгармасын, адабиятты, адабий процессти доор, коомдук-тарыхый мезгил менен байланышта үйрөнүүгө алгачкы чалгын чалынат. Автордун биографиясынан окулуучу чыгармага байланыштуу хронологиялык маалыматка ээ болууга милдеттендирүү.

III этапта  көркөм  чыгармаларды тарыхый-адабий негизде үйрөнүү системалык мүнөзгө өтөт. Искусствонун турмуш менен байланыштуулук принциби жетекчиликке алынат. Класста чыгарманын эстетикалык жана адеп-ахлак проблемаларына көӊүл буруу өзгөчө актуалдашат. Жазуучунун өмүр-баяны доор жана окулуучу чыгармалары менен байланышта каралат. Адабият курсу обзордук жана монографиялык темаларды ичине алат. Адабий обзорлордо ошол мезгилдик тилкенин социалдык тарыхый өзгөчөлүгүн, учурдун коомдук-саясий, рухий эстетикалык таламдарынын адабияттын тематикасына жана проблемасына тийгизген таасири, чыгармалардын, адабий-көркөм процесстин мүнөздүү касиеттери кыска, так сыпатталат. Айрым этаптык мүнөздөгү урунттуу чыгармаларга кыскача токтолуп, алардын жалпы адабий өнүгүштөгү ордун белгилеп көрсөтүү максатка ылайык.

IV этапта адабий процесстеги өсүп өнүгүү. Адабиятты окутуунун кайсы гана этабында болбосун, чыгарманын көркөм образын, эстетикалык сулуулугун  анын идеялык адеп-ахлактык мазмуну менен бирдикте окутуп үйрөтүүгө көӊүл буруу зарыл. Адабий чыгармаларга карата автордук адабий-эстетикалык көз караштардын калыптануусундагы мыйзам ченемдүүлүгү жана алардын көркөм-эстетикалык бийиктиги, профессионал адабият жана жаңы доор жөнүндө анализ жасай билүү. Совет доорунда көркөм чыгарманын аксиологиялык сапатын аныктоону, профессионалдык адабияттын жанданышын анализдөө.

Тыянак.

Көркөм чыгарманы идеялык-тематикалык планда гана талдап, көркөм формасын унутта калтыруу – адабияттын образдык спецификасын унутуу деген сөз. Адабиятты окуп жатып, окуучу сөз даамын татсын, көркөм образдан рахат алсын, жазуучунун тилине тамшансын, сөз байлыгы өссүн, каармандар менен кошо толгонсун, күлсүн, ыйласын жана алар менен бирге азапка кабылсын, турмуштук татаал  суроолорго жооп издесин, адабий табити тарбиялансын, эӊ негизгиси, руху арууланып, инсан катары өссүн, ошол өсүүдө окуган адабий чыгармасы көмөк көрсөтсүн. Бул үчүн окутуунун ийкемдүү формаларын, методдорун, каражаттарын, жаӊы ыкмаларын колдонуу талап кылынат. Лекция, диспут, семинар, сабак-сахна, сабак-конференция, адабий викторина, сабак-тегерек үстөл сыяктуу жана башка салттык жана интерактивдүү формаларды, ыкма-жолдорду активдүү пайдалануу, окуучулардын өз алдынча иштешине, доклад, реферат, билдирүү, рецензия, аннотация, изложение жазышына көбүрөөк көӊүл буруу жакшы натыйжаларды берет.

Адабият боюнча окуучулардын билиминин тереӊдешине жана кеӊейишине техникалык жана көрсөтмө каражаттар, кино, радио жана телеберүүлөр, компьютер, Интернет, видеотасмалар менен иш жүргүзүү чоӊ мааниге ээ болот. Адабият сабагын класстан тышкаркы ийрим иштери, адабий кечелер, диспут, КВН, музейлерге, концерт, кинотеатрларга, адабияттык жайларга экскурсияга баруу, эл арасында китепти пропагандалоо жана кошумча, тандоо сабактарын өткөрүү менен тереӊ айкалыштыруу зарыл.


Байыркы Орхон-Эне-Сай жазма эстеликтери жөнүндө жалпы маалымат (1 саат).

Күл Тегиндин эстелигиндеги ташка чегилген жазуулар (Кичине жазуу, чоӊ жазуу) (1 саат).

Кыргыз элинин оозеки көркөм казынасы, Жалпы обзор, «Манас», «Семетей», «Сейтек», түрк элдеринин орток мурастарынан.

Жусуп Баласагын «Кут алчу билим»,Махмуд Кашкари. «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы»

Уламышка айланган акылман инсандардын мурастарынан

Асан Кайгы, Токтогул, Кетбука. XIX – XX кылымдагы эл, ырчыларынын чыгармачылыгы, Жалпы обзор

Калыгул Бай уулу. «Калыгулдун сөзү», «Санат, насыят, терме ырлары», «Акыр заман», Арстанбек Буйлаш уулу. «Тар заман»

Токтогул Сатылганов, Жеӊижок (Өтө Көкө уулу), Барпы Алыкулов. Чыгыш классикасынан; 

Адабият сабагында талкуулай турган маселелердин болжолдуу тематикалары:

1. Бүгүнкү күндүн  шарттарында  кыргыз адабиятынын  көйгөйлөрү,  милдеттери,  келечеги.

2. Адабиятты окуу аркылуу окурмандык  ишмердүүлүктү   өркүндөтүү            аркылуу      алардын    адабий  жана адептик — маданий  компетенттүүлүктөрүн   калыптандыруу.

3. Адабият  сабагында    билим берүү менен тарбиялоонун  биримдүүлүгүн  камсыз кылуунун актуалдуу милдеттери.

4. Адабият сабагында окуу ишмердүүлүгүн  уюштуруу,   сынчыл ойломун өстүрүү   аркылуу  алардын  компетенттүүлүгүн  калыптандыруу.

5. Кыргыз  адабиятын окутуунун материалдык,  окуу  —  педагогикалык  базасын  чыӊдоо менен  адабий  билимдин сапатына камсыз кылуунун маселелери .

6. Бүгүнкү окурмандардын көркөм чыгармаларды   окуусунун абалы жана алардын окурмандык  активдүүлүгүн  көтөрүүнүн жолдору.

7. Адабиятты окутуунун  технологиясын жаӊылоо жана  модернизациялоо – адабий билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун булагы.

8. Адабиятты окутуунун процессинде окуучулардын адептик–ыймандык жана көркөмдүк-эстетикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу жолдору.

9. Чыгарманы идеялык-тематикалык талдоону көркөмдүк-эстетикалык талдоо менен айкалыштыруу – адабият сабагынын натыйжалуулугун арттыруунун фактору.

10. Көркөм чыгарманы окутуу процессинде оозеки жана жазуу кебин өстүрүүнүн жолдору;

11. Көркөм чыгарманы үйрөнүү процессинде патриоттуулукка, мекенчилдикке, достукка тарбиялоо жолдору;

Кошумча колдонулуучу адабиятар:

1.         “Кыргыз адабиятынын тарыхы”, — (7 томдук ) Бишкек, 2004

2. Кыргыз адабияты ( Анталогия  -10 томдук ). — Бишкек, 2012

3. К.Артыкбаев.  20 кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы.-  Бишкек, 2007

4. “Манас” энциклопедиясы  (2 томдук). —  Бишкек, 1995.

5. Р.З.Кыдырбаева. К.Асаналиев.  Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү. — Бишкек, 2004.

С.Байгазиев




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!