СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курак жаш психологиясы предмети боюнча лекциялар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адам баласынын иш аракетинин, ишмердигинин татаалданышы жана маалыматтардын тез көбөйүшү бир түрдүү илимдердин дифференцияланып, интеграцияланышына алып келди. Ушундай процесс жалпы психология илиминде да жүрдү. Ошондуктан 19-кылымдын ортосунда жалпы психология илиминен курак жана педагогикалык психология өзүнчө илим катары бөлүнүп чыкты.

Просмотр содержимого документа
«Курак жаш психологиясы предмети боюнча лекциялар»

           Ош мамлекеттик университети  Педагогика жана психология факультети  Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы  55700- “Башталгыч билим билим берүү” адистиктери үчүн  Дисциплина: Курак жаш психологиясы     Даярдаган: п.и.к., доцент Бабаев М.Д.                         

1-тема: Курак жаш психологиясынын предмети жана өнүгүү этаптары  План:  1. Курак жана педагогикалык психологиянын өнүгүш предметтери  2. Курак жана педагогикалык психологиянын үйрөнүлүш себептери  3. Курак психологиянын чет өлкөлөрдө өнүгүшү

1-тема: Курак жаш психологиясынын предмети жана өнүгүү этаптары План: 1. Курак жана педагогикалык психологиянын өнүгүш предметтери 2. Курак жана педагогикалык психологиянын үйрөнүлүш себептери 3. Курак психологиянын чет өлкөлөрдө өнүгүшү

 Адам баласынын иш аракетинин, ишмердигинин татаалданышы жана маалыматтардын тез көбөйүшү бир түрдүү илимдердин дифференцияланып, интеграцияланышына алып келди. Ушундай процесс жалпы психология илиминде да жүрдү. Ошондуктан 19-кылымдын ортосунда жалпы психология илиминен курак жана педагогикалык психология өзүнчө илим катары бөлүнүп чыкты.

Адам баласынын иш аракетинин, ишмердигинин татаалданышы жана маалыматтардын тез көбөйүшү бир түрдүү илимдердин дифференцияланып, интеграцияланышына алып келди. Ушундай процесс жалпы психология илиминде да жүрдү. Ошондуктан 19-кылымдын ортосунда жалпы психология илиминен курак жана педагогикалык психология өзүнчө илим катары бөлүнүп чыкты.

 Жалпы психологиянын бул бөлүктөрү өздөрүнүн ички өзгөчөлүктөрүнө ылайык курак жана педагогикалык психология деген эки чоң илимий тармактан турат, курак психологиясынын өзү да дифференцияланууга дуушар болду. Бул илимдин тармагына мектепке чейин бөбөктөрдүн (Балдар психологиясы), кенже мектеп жашындагы балдардын, өспүрүмдөрдүн, жигиттердин, жетилип жана улгайып калган психологияларын үйрөнүү кирди .

 Бул эки илимий тармак-өздөрүнүн тейлөө сферасына жараша окутуу предметине ээ. Мында белгилей кете турган нерсе курак жана педагогикалык психологиянын башка тармактагы психология илимдеринен айырмасы ал психикалык кубулуштардын өздөрүн үйрөнбөстөн, анын жаштык өзгөрүүсүн, өнүгүүсүн үйрөтөт. Курак психикасы адамдын психикасынын жаштык динамикасын, психикалык процесстердин онтогенесин (индивиддин өнүгүүсү), өнүгүүчү адамдын личностунун психологиялык касиеттерин үйрөтөт. Тагыраак айтканда, курак психологиясы психикалык процесстердин жаштык өзгөчөлүктөрүн маалыматтарды өздөштүрүүдөгү личносттун мүмкүнчүлүгүн, анын калыптануусундагы негизги факторлорду окутуп үйрөтөт.

   Курак жаш психологиянын үйрөнүлүшүнүн биринчи себеби жалпы психологиянын закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү менен эле практикада окуу тарбия иштерин башкаруунун мүмкүн эместигинде. Жалпы психологиядан алынган маалыматтар мектеп практикасында дайым эле оң натыйжа бере бербейт. Окуу, тарбия иштерин башкаруу. мүмкүнчүлүгү чектелүү. Анын эреже, мыйзамдарын мектеп практикасында колдонуу анчалык жемиштүү эмес. Мисалы: М. Вебер менен Фехнердин, Г.Эббингаустун жана башкалардын жалпы психологиялык мыйзамдары белгилүү бир жаш курагына негизделбеген, ошондуктан буларды практикада колдонууга болбойт.

 Бул предметти үйрөнүүнүн өзүнчө себеби медицина, илиминин бир тармагы болгон педиатрия жана балдар патопсихологиясы (психикалык же самотикалык оорудан баш мээнин жапа чегиши) илиминин дүркүрөп өсүшү менен байланыштуу. Медициналык кызматкерлер ооруган балдарды туура дарылоо үчүн балдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү менен гана чектелбестен, дени таза балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн да билүүлөрү зарыл.  Практикада физиологиялык оорудан башка да мугалимдин керт башына, анын адистик деңгээлине, окуучулар менен болгон мамилесине, окутуунун туура эмес усулун колдонуусунан улам пайда болгон психикалык (дидаскогендик-мугалимдин окуучуга туура эмес жасаган мамилесинен пайда болгон оору) ооруда болот.  Курак жаш психологиянын окулушунун төртүнчү себеби мектепте окуган балдардын санынын өсүшү менен бирдикте, балдар бакчаларынын жана анда иштеген тарбиячылардын кескин түрдө көбөйүшү аркылуу түшүндүрүлөт. Тарбия жаатында иштегендер бөбөктөрдө жана окуучуларды туура түшүнүү үчүн алардын психикасын жакшы билүүлөрү зарыл.

Бул предметти үйрөнүүнүн өзүнчө себеби медицина, илиминин бир тармагы болгон педиатрия жана балдар патопсихологиясы (психикалык же самотикалык оорудан баш мээнин жапа чегиши) илиминин дүркүрөп өсүшү менен байланыштуу. Медициналык кызматкерлер ооруган балдарды туура дарылоо үчүн балдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү менен гана чектелбестен, дени таза балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн да билүүлөрү зарыл.

Практикада физиологиялык оорудан башка да мугалимдин керт башына, анын адистик деңгээлине, окуучулар менен болгон мамилесине, окутуунун туура эмес усулун колдонуусунан улам пайда болгон психикалык (дидаскогендик-мугалимдин окуучуга туура эмес жасаган мамилесинен пайда болгон оору) ооруда болот.

Курак жаш психологиянын окулушунун төртүнчү себеби мектепте окуган балдардын санынын өсүшү менен бирдикте, балдар бакчаларынын жана анда иштеген тарбиячылардын кескин түрдө көбөйүшү аркылуу түшүндүрүлөт. Тарбия жаатында иштегендер бөбөктөрдө жана окуучуларды туура түшүнүү үчүн алардын психикасын жакшы билүүлөрү зарыл.

                             19-кылымдын башталышында психологдор мектептер. атайын психологиялык  лабораторияларды ача башташкан. Биринчи лаборатория Э.Мейман тарабынан Германияда ачылган. Университеттердин, педагогикалык институттардын алдында психологиялык лабораториялар түзүлгөн. Анда жасалган психологиялык куралдар, методдор мектептеги окуу, тарбия иштерин изилдеп, анын эффективдүүлүгүн көтөрүүгө түрткү берген.

 Курак жаш психологияда ачылган жаңылыктарды, натыйжалуу методдорду топтоп, 1907-жылы Э. Мейман «Лекции по экспериментальной педагогике» деген китебинен. Анда балдарды ар тараптан үйрөнүү маселелерине көңүл бурулган. «Балдардын денесинии кандай деңгээлде экенин билмейинче бир дагы педагогикалык эрежелер тапшырмалар жөнүндө ойлоо мүмкүн эмес», — деп жазган. Бул эмгек ошол учурдагы мугалимдердин педагогикалык түшүнүгүн өстүрүүгө практикалык жардам берген.  1911-жылы немец психологу В. Штерн «интеллект коэффиценти» деген түшүнүктү илимге кийирди. Би­не психология илимине «акыл жаш» түшүнүгүн киргизгсн. Инте­ллект коэффиценти төмөнкүдөй аныкталат:өнүгүүнүн нормал­дуу темпин шарттуу түрдө 100 деп алып, акыл жашын паспорттук (хронологиялык)жашка бөлүп, аны100гө көбөйтөт. Мисалы:4 жашар баланы акыл жашы 5 жаш болсо, анда анынинттеллект коэффициенти (5:4) х 100=125ти түзөт. Экинчи мисал паспорттук жашы 7ге барабар болгон баланын акыл жашы 6га барабар бол­со, акыл коэффициенти(6:7) х100=86 ны түзөт. Бул баланын акыл жактан өнүгүүсү артта калганын билдирет.

 Акыл жаш Бине-Симондун шкаласы боюнча төмөнкүдөй анык­талат: Эгер бала нормалдуу балдарга ылайыкталган тесттердин бардык түрүн чечүүгө күчү жетсе, анда ага өзүнөн биржашка улуу балага эсептелген тести берет, бул тестти да ийгиликтүү чечип, бирок өзүнөн эки жаш улуу балага эсептелген тести берет бирок өзүнөн эки жаш улуу балага негизделген тестти чыгара албаса, анда анын акыл жашы паспорттук жаштан бир жаш жогору экендигин көрсөтөт.

 Бирок баланын акылын мындай математикалык жол менен аныктоого кээ бир окумуштуулар (Л. С. Выготский) макул боло беришпейт.Түшүнүү (баамдоо) таануу Америкалык психолог Стэнли Холл биогенетикалык законно таянып, балдар психологиясынын жана педология илиминин кеңири таралуусуна өбөлгө түздү. Балдардын психикалык өнүгүүсүн негиздөөгө аракет жасаган. С. Холл өзүнүн илимий жоболорун негиздөөдө туура эмес рекапитуляциялык теориянын методологиясын негиз кылып алып, ар бир бала өзүнүн индивидуалдуу өнүгүүсүндө адам уруусунун (родунун) негизги, тарыхый этаптарын (тактаганда онтогенөз 3 филогенездин 4 негизги тепкичтерин кысып кайталоо) кайталайт деген идсясын сунуш кылган. С. Холл бөбөктөр айбандардын өнүгүү фазасын кайталаса, балалык чак байыркы адамдардын негизги иши болгон аң уулоо, балык кармоо дооруна туура келет деп түшүндүргөн.

 С. Холл көп илимий фактыларга таянып, баланы өнүгө турган комплекстүү илимдин тармагын түзүүнү талап кылат. Бул ил­имге «педология» деген ат берилген. Педологиянын составына физиология, психология жана педагогика илимдери кирген.  Педологдор – акыл бул баланын жаңы маселени чечүүдө ылайыкташуусу, адам менен бирге төрөлгөн жөндөмдүүлүктөн бышуусу, мүнөздүн өзгөчөлүктөрү, кызыгуу жана ынтаа аркылуу мүнөздөлөт дешкен. Жөндөмдүүлүк дегенде мүнөздүн белгилеринин атадан балага даяр түрдө берилүүчү феномен деп түшүндүрүшкөн. Мындай ой жүгүртүү ар дайым эле чындыкка жакындай бербейт.

 Балдар психологиясына алгылыктуу салым киргизген окумуштууга немец психологу В.Штерн кирет. Балдар психологиясы жөнүндөгү ой толгоосун «Психология раннего детства до шести­летнего возраста» деген китебинде чагылдырган. Штерндин бул китебине теориялык жоболору жана баланын психологиясын үйрөнүү усулдары кирген. Штерн личносттун калыптануусу тукум куучулук жана чөйрөнүн жарыш өз ара таасир этишинин натыйжасы деген концепциясын сунуш кылган.

1. Биогенетика гр. Ата-тек, жеке адам өзүнүн өнүгүүсүндө ата бабалардын өнүгүүсүндөгү негизги этаптарды кайталайт, инсандык сапат тубаса берилет деген окуу.

              – 2. Рекапитуляция Мурдагыны кыскартып кайталоо. Тактаганда идивидуалдуу өнүгүүдө ата-тектин белгилерин, жогорку органикалык формаларын кайталоо

2. Рекапитуляция

Мурдагыны кыскартып кайталоо. Тактаганда идивидуалдуу өнүгүүдө ата-тектин белгилерин, жогорку органикалык формаларын кайталоо

3. Онтогенез — гр. жеке адамдын туулгандан баштап өлгөнгө чейинки өнүгүүсүндөгүөзгөрүүлөргө дуушар болушу.

4. Филогенөз — гр. элдин, улуттун, уруунун, же жалпы адамзаттын бар-дык органикалык формаларынын жашоо  башталгандан берки өнүгүү этабы.

    Ошентип жалпы, курак жана педагогикалык психология илим деринин концепцияларынын калыптануусуна Л. С. Выготскийдин, баланын психикалык өнүгүүсү анын өзүнүн активдүү иш-аракетинин натыйжасында элдин рухий маданиятында,материалдык буюмдарында такталган, сакталган адам баласынын тарыхый тажрыйбасын өздөштүрүүгө жараша болот деген ой жүгүртүүдө негизги, багыттоочу ролду ойнойт. Л.С.Выготскийдин теориясы окутууну, тарбияны уюштуруунун негизги, борбордук багыттоочу идеясы болуп саналат. Бул теорияга таянып, советтикпсихологдор (Б. Г. Ананьев, Л. И. Божович, П. Я. Гальперин жана В.В.Давыдовдор) окутуунун жана тарбиянын түрдүү теорияларын иштеп чыгышып, аны мектеп практикасына киргизишкен.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!