СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КРнын Мамлекеттик символдору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«КРнын Мамлекеттик символдору»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Э. МААНАЕВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ

КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ ЖАНА ЭТНОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫ


Кол жазма укугунда

«КОРГООГО УРУКСАТ»

«Кыргызстан тарыхы жана этнология»

кафедрасы т.и.д професстор

Самиева Ж.Д

_________________________

«__ »____март _____2021-жыл


Студенттин оз алдынча иши

ТЕМАСЫ: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору

Аткарган:

ТСУББФнын 3-курсунун студенти Абдыраманов Дастан








БИШКЕК-2021

Мазмуну



Киришуу

  1. КРнын Мамлекеттик туусу

  2. КРнын мамлекеттик герби

  3. КРнын мамлекеттик гимни

Колдонулган булактар































Киришуу

Дуйнодо коптогон ар турдуу олколор бар. Ар бир олконун озуно тиешелуу озгочо белгилери болот. Алар мамлекеттин символикасында чагылдырылган. Булар туу, герб жана гимн. Мамлкеттик символика- конституция же атайын мыйзам менен бекитилет. Ар бир коом озунун озгочолонгон белгилери менен сыймыктанып, аны аздектеши, сыйлашы жана коргошу керек. Биздин мекенибиз Кыргызстандын да мамлкеттик символдору бар.

(гр. symbolon – белги) – айкын мамлекеттин улуттук эгемендүүлүгүнүн жана өз алдынчалыгынын жүзүн көрсөтүүчү мыйзамда белгиленген айырмалоо белгилери. Негизги мамлекеттик символдор го төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик туу, мамлекеттик герб, мамлекеттик гимн, мамлекеттик түстөр, мамлекет башчысынын штандарты, мамлекеттик мөөр, мамлекеттик ураан. Кыргыз Республикасында Мамлкеттик символ болуп- КР Мамлекеттик туусу, КР Мамлекеттик герби, КР Мамлекеттик гимни эсептелет.

Эгемендуу Кыргыз Республикасына быйыл 30 жыл толот. Дал ушул чейрек кылымдан ашык мезгилде мамлекеттик символдорду мыктыларыбыз дуйнонун алдында данктаса, айрымдары маани-манызын унутуп, туркойлук менен мамиле кылууда. Бул албетте табигый мыйзам ченемдуулук. Бирок, олкобуздун келечеги кен болуп, туусу дагы нечен эраларда унутулбашы учун кыргыз жарандары болгон аракетибизди кылуубуз кажет. Сапарын байсалдуу болсун кыргыз туусу, кыргыз ыры, кыргыз белгиси!





Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Жогорку Кенештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Эгемен Кыргызстандын алгачкы туусу 1992-жылдын 5-мартында окмот уйунун имаратынын устуно которулгон. Маанилуу мамлекеттик символдун авторлору :Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

С
уротто КРнын мамлкеттик туусунун авторлору солдон онго:Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров, Бекбосун Жайчыбеков,Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков.

Биздин мамлкеттик туу кызыл тустогу кездемеден жасалган. Ормтосундагы кун алтын тустогу тегиз тийген кырк нуру менен чагылдырылган. Кундун алкагында кызыл тус менен кыргыз боз уйунун тундугу тартылган. Туунун кызыл ону- эрдиктин жана кайратуулуктун символу. Туунун кызыл тусу- а йкол Манастын туусунун онундой. Алтын тустогу нурлуу кун- бейкуттуктун жана байлыктын белгиси. Тундук ата конуштун символу, кенири мааниде тынчтыктын символу. Тегерек алкакка бириккен кырк нур байыркы кырк уруу элдин Кыргызстан мамлекетине бириккендигин тушундурот.

Туунун авторлорунун бири С.Иптаров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинде чагылдырылган символдорго мындай түшүндүрмө берген
Мамлекеттик желек – элибиздин рухий дөөлөттөрүн, тарыхий басып өткөн жолун, эстетикалык татымын ж.б. чагылдырган символ. Желектин үлгүсүн иштеп чыгууда эки маанилүү нерсеге көӊүл бурулган: А. Желектин түсү кандай болуш керек? Б. Желекте кандай белги (символ) чагылдырылышы керек?
Желектин түсүнө токтолууда үч негизги булак чечүүчү ролду ойногон: 1. Элдик санжыра; 2. «Манас» эпосу; 3. Реалдуу тарыхий чындык.
1. Элдик санжыра боюнча кыргыздын ар бир уруусу өз желегин көтөргөн. Ар бир уруунун өз урааны, тамгасы болгон. 14-15 к. үч чоӊ уруу бирикмеси түзүлгөн: Оӊ канат, Сол канат, Ичкилик. Канатка кайсы уруу жетекчилик кылса, туу, ураан, тамга ошого жараша өзгөргөн. Элдик санжырада Оӊ канаттын туусу — көк, Сол канаттыкы — ак, Ичкиликтики – кызыл болгон деп айтылат.
Оӊ канатка (Ак уул) – адигине багыш, моӊгуш, азык бугу, солто, сарыбагыш, моӊолдор, кара чоро, саяк ж.б. уруулары кирген. Урааны – жаӊкороз, туусу – көк асаба болгон. Бул түс Кыргыз ССРинин туусунда камтылган. Т.Сыдыкбеков «Көк асаба» деген роман жазган. Ал санжырачы Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы», окумуштуу Сабыр Аттокуровдун «Кыргыз санжырасы» деген эмгектеринде кеӊири тастыкталат. Бул түс Манастын чоросу Чубакка таандык сыпатталат (минген аты Көгала (Көк+ала). Ал – намыскөй, өжөр, тайманбаган (көк) баатыр.
Сол канатка (Куу уул) — басыз, жетиген, кытай, мундуз, кара багыш, саруу, кушчу, кылыч тамга ж.б. уруулары кирген. Урааны – көмөк, кийин каратал, тамгасы – кашка таман, туусу — ак болгон.
Ичкилик уруу бирикмесине — абат, бостон, жоо кесек, кесек, нойгут, тейит, канды, дөөлөс, найман, кыпчак, оргу ж.б. уруулар кирген. Туусу — кызыл болгон.
2. Манас эпосу. 1856-жылы Ч.Валиханов Ысык-Көлгө келип Көкөтөйдүн ашын жазып алат. Көкөтөй уулу Бокмурунга керез айтат. Манаска Кошойго жаш Айдардан кабар жиберет. «Антын сактап келбесе, журтун журттап келбесе, таарынбасын өзүмө, көрүнбөсүн көзүмө. Айчыгы алтын кызыл туу ордосунда көрсүн де». Манаска келсе ал «алтын танап, ак чатыр, асмандата тигиптир, күмүш танап, көк чатыр көкөлөтө тигиптир, ала байрак, куу найза, жоодураган кырк чоро, он эки таман ордо атып, оюн-күлкү салыптыр». Бул текстте 7-8 жолу кезигет.
С.Орозбаков менен С.Каралаев айткан «Манас» эпосунун варианттарында Манастын туусу ар кандай түстө: «ак», «көк», «кызыл» деп айтылат. Анын ата-бабаларынан мурастап алган уруулук жана хандык туусу бардык варианттарда «айчыктуу кызыл туу» деп айтылат. Айчык – туудагы айдын элесин берген белги. «Айчыгы алтын кызыл туу, Оболотуп аштады, Тойду Жакып баштады», «Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаӊырган ызы-чуу» ж.б.
3. Чыныгы реалдуу тарыхый булак. Биринчи кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев бүт кыргыз санжыраларынын негизинде «Кызыл кыргыз тарыхы» деген китеп жазган. Кыргыздар мамлекеттүүлүккө Октябрь революциясынан кийин ээ болду. А.Орозбеков, Ж.Абдракманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, И.Раззаков ж.б. башында туруп кабыл алынган Кыргыз ССРинин (1936-ж.) туӊгуч мамлекеттик желегинин негизги түсү кызыл болуп, ортосунда көк жана ак тилкелери болгон. Желектин жогорку сол бурчунда сары түстөгү ашташкан орок-балка, андан жогору беш жылдыз тартылган. Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеӊиштин туусу кызыл болгон. Кыргызстан Эгемендүүлүккө ээ болгондо (1992-ж.) Манастын кызыл туусу кабыл алынган.
Ага ааламдын түркүгү — Күндүн, адамдын түркүгү — Түндүктүн элеси түшүрүлгөн. Күндөн чачыраган 40 нур («кырк гуз» — кыргыз) кырк уруудан куралган кыргыз элин билдирген. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун билдирген кыргыз оюму менен берилген.

Жогорудагы Мамлекеттик желектердеги түстөр жана символикалык белгилер төмөндөгүдөй чечмелеген.
Кызыл түс – бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.
Күн – өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүү өлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) – кыргыздын түпкү аталары делет.
Кырк нур – кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.
Түндүк – көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк – Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күнтүндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.
Философиялык мааниде түндүк — «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана – башы-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар – дүйнөнүн төрт тарабын туюнтат.
Ааламдын куту — Күн. Адамдын куту — Түндүк. Аалам адамга түндүк аркылуу кут тартуулайт. Күнтүндүктүн символикасы – Жараткан ар дайым Жарандарга ырайымдуу болуп, нурун төгүп, Жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай жүрсүн деген үмүт-тилектин белгиси.
Желектин туткасынын учуна бекитилүүчү Ай жана кут жылдыз – сулуулуктун, тазалыктын, аруулуктун, жаӊылануунун, кайра жаралуунун, жаштыктын, үмүттүн символу. Ошондой эле ал ислам динине таандык рухий ишенимдин да символу болуп саналат. Жаӊырган ай элибизде ыйык белги катары кабылданып, адамдар ага алкоосун арнап, келечектен күткөн үмүт-тилегине колдоо күтүп, максат-мүдөөсүнүн аткарылышын байланыштырган («Ай көрдүм, аман көрдүм, айдан аман, жылдан эсен бололу»). Айды дайыма кут жылдызы коштоп жүрөт.
Ч.Айтматов жазгандай, кыйыр-чеги жок кеӊ ааламдын койнунда, булуттуу көктүн астында, булаӊгыр жердин үстүндө өзгөрүлбөс, оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, бүлүнбөс эч нерсе жок. Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат. Ай-ааламда түбөлүк турган аз гана нерсе бар.
Төбөдөгү Күн түбөлүктүү. Күндү жандап, күн менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер түбөлүктүү. Күн менен жерди койнуна батырып, алмуздактан аман алып келаткан Көк түбөлүктүү. Ушулардын маани-маӊызына жетип, кадыр-касиетин туя билген — Адам түбөлүктүү. Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган.
Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.
Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.
Ал уруктун, уруунун, канаттын, аймактын эмес, улуттук мамлекеттүүлүктүн символу болгондуктан, андагы ар бир элемент, түс, символ өлкөнүн жарандарын жерине, тегине, динине, тилине, улутуна бөлбөй, бүткүл элди баш коштуруп, аларды ушул өлкөнүн жараны экендигине сыймыктантып турушу керек. Мындай руханий улуу сабак «Манас» дастанында таасын чагылдырылган: ар түрлүү уруулар биригип, бир элди түзөт, ар башка элдин уулдары (Манас менен Алманбет) эмчектеш бир туугандар болот ж.б.
Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл өкмөтүндө, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрацияларда, министрликтер менен ведомстволордо, Парламенттин жана Өкмөт үйүнүн имараттарында көтөрүлүп турат. Ал Өлкөнүн Борбордук аянтында, бардык областтардын жана райондордун борбордук аянттарында көтөрүлүп турат. Өкмөт башчысынын Жардыгы менен атайын Мамлекеттик желектин Күнү белгиленген. ( С.Иптаровдун архивинен алынды)

Учурда мамлекеттик туунун да коптогон турлору жасалып, базарларда ар кандай баа менен сатылууда. Бул туурасында туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков учурда туунун баштапкы үлгүсү Жогорку Кеңеште сакталып турганын айтып, бирок өлкөдө ага окшобогон желектер көп учурап жатканына кейигенин «Азаттык» уналгысына билдирген эле:  

Керек болсо Ала-Тоо аянтында илинип турган башкы туунун түндүгү туура эмес чийилген. Аны баягыда бир айттык эле, ошол боюнча унутуп калышты го. Ал жерде түндүктө ката кеткен. Кимдир бирөө оюна келгендей эле чийип койгон. Ошол аянтта турган туубуз туура эмес жасалып жаткандан кийин башкасы кандай болмок эле? Ал эми мамлекеттик мекемелерге таратылып берген туулардын көбү туура эле. Бирок аларды көптөр түндүгүн төмөн каратып тескери илип алышууда.



Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби

Кыргызстандын биринчи герби 1936-жылы Кыргыз ССРи менен чогуу түзүлгөн.

.Анын автору москвалык сүрөтчү Оксана Павленко болгон. Ал Кыргыз ССРинин гербин иштеп чыгуу боюнча 23 автор катышкан конкурстан жеңип чыгып, 3 миң рубль алган. Аталган акча мезгилинде бир кыйла эле көп сумма эле.

1936-жылы кабыл алынган гербдин варианты үч жолу алмашкан: 1940-жылы латын тамгалары кириллицага алмаштырылган, 1948-жылы гербге кызыл жылдыз кошулган. Ал эми 1956-жылы С.С.Р. аббревиатурасы орфографиялык жаңы эреже боюнча ССР деп оңдолгон. 




Э гемен Олконун атрибуттарынын бир болгон гербди тандоо бир катар баскычтардан турган. Туу менен гимн 1992-жылы кабыл алынган болсо, КРнын Мамлекеттик герби 2 жылдан сон 1994-жылы 14-январдагы ЖКнын токтому менен бекитилген. Анаын авторлору милициянын генерал-майор С.Дубанаев, суротчу А.Абдраев.

Жалпы республика боюнча 2234 эскис тушуп, коммисия гербдин бешоосун тандап алган. Ал эми сынак жарыяланганда А.Абдраев нарындагы сурот мектепте иштеген. С.Дубанаев сынакка чоогу катышууну сунуштап, чоогу иштей башташкан. Алардын «НУР-19» аталышындагы эмгегин легендарлуу парламенттеги 350 депутаттын 286 добуш берген.

Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган?

Гербдин авторлорунун бири –запастагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу борометр.кж сайтына төмөндөгүлөрдү айтып 
берген :

" Көптөгөн жарандардын оюна “Кантип милиционер көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?” деген ой келет. Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен бир убакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмоюн округунун атынан “Легендарлуу парламенттин”  депутаты болчумун. Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, Мамлекеттик гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал буга күмөн ойлорун айтып, “республикада  белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек”-деп жооп берип койгон. Мен болсо өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам. Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен. Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон. Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми гербти талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Республикадан жалпысынан 2 234 гербдин эскизи келген.  Конкурстук тандоо Г. Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде  өтүп,  баардык эскиздер  жалпы сыноо үчүн илинген.Биз А. Абдраев менен геральдика боюнча баардык китептерди окудук, башка 
өлкөлөрдүн символдорун изилдедик. Баардык талкууланган ойлорду сүрөтчү кагазга түшүргөн. Башында негизги көркөм компонент катары бүркүт болчу.  
Колунда найза кармаган бүркүт. Боз үйдүн түндүгүн же көөкөр (кымыз үчүн териден жасалган буюм) кармаган бүркүт.Булардын баары биз тараптан кайра жокко чыгарылып, Ат-Башы жана Кочкор районунун аксакалдары эскиздик долбоорду көрүп, түндүк гербдин композициясынын астыңкы бөлүгүндө  болбошу керектигин байкашып, аны үстүнө жайгаштыруу керектигин билдиришип, эл арасында  “түндүгүң түшкүр” деген урушуу сөзү  бар экендигин, ал эми бүркүт менен найза биздин композицияга агрессияны берээрин айтышкан.Тынчтыкты сүйгөн бүркүттү тартууга аракет кылуу менен биз ак шумкарды 
тартууну чечкенбиз.  Өзүбүз ойлонбостон эле “Легендарлуу Манас атанын Ак-шумкарын” тартканыбызды кийин түшүнгөнбүз. Шумкардын артында улуу тоолорубуз “Ала-Тоо” тартылган, көлдүн жээгинде өскөнүмө байланыштуу сүрөттө Ысык-көлдү тартууну айткам.Сүрөтчү эскизде ар убак “Кыргызстан” жазууну  тарта бергендиктен 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны көрсөтүп, “Кыргыз Республикасы”  жазуусуна өзгөртүүгө Асейин макул болгон.
1992-жылы бир нече олуттуу эскиздердин долбоорлору иштелип чыгып,  “Легендарлуу парламенттин” депутаттарына сыноого алып барган учурда сүрөттө Манастын шумкарын көрүшүп, таң калышкан. Алар бир гана тоолордун үстүндөгү мусулмандардын белгилерин жактырган эмес жана кыргыз гербинде 
биздин жерди жылыта турган тоодон чыгып келе жаткан алтын желелүү күндү көргүлөрү келип, тартылган тоолор менен көл сынга кабылып, тоолор жасалма болгондой көрүнүп калгандыгын жана айсбергге окшоштугун, ал эми көлдүн түсү биздин көлгө окшошпой калдыгын билдиришкен.
Сапардан келген соң менен депутаттардын ой-пикирин айтып, бир эскиздин долбооруна токтолуп, ошол боюнча иштемей болгонбуз. Биз иштелип чыккан 
эскиздерди көп кишилерге көрсөтүп, алардын сын-пикирлерин угуп, идеяларын топтоого аракет кылганбыз. Эскиздер А. Абдраев жетектеген 
сүрөт мектебинин жамаатына, мен башкарган облустук ИИБдин кызматкерлеринин сынына койгонбуз. Мен эскиздерди ИИМдин коллегиясына 
дагы талкууга коюп, ошол учурдагы генералдар Бубель Г.Я. өз сунуштарын беришкен. Эскиздер “Легендарлуу парламенттин” депутаттары дагыбир нече 
жолу талкуулашкан"-деди автор.

Д убанаевдин айтуусунда гербдин алгачкы вариантында канаттары жайылган шумкар чагылдырылып, ал мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Канатын жайган Манас 
атабыздын ак шумкарынын сүрөтүнөн, Ысык-Көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн турат. Ортосунда Ысык-Көл суусу, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына “Кыргыз”, астына “Республикасы” деп жазылган.

Герб 4 негизги элементтен турат-Ала-Тоо, Ысык-көл, Ак-Шумкар жана буудай менен пахтанын сабы менен башынан турат.

Кыргыздарда 7 саны өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, гербдеги Ала-Тоодо жети чоку тартылган. Шумкардын канаттарында жети бөлүк бар.

Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү экендиги менен түшүндүрүлөт. Аталган уюмдун туусу көк түстө.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни

Гимн - программалык мүнөздө жазылган салтанаттуу ыр. Мамлекеттик, революциялык, аскердик, диний, тарыхый окуялар менен баатырларга арналган гимндер белгилүү. Гимн жанры хор, опера жана симфония чыгармаларында да учурайт.

Байыркы Грецияда гимн кудайлардын урматына жазылган. Биздин заманга чейин 7-5 кылымда Алкей, Алкман, Пиндар сыяктуу акындар гимн жазган. Алардан бизге «гимн» деген ат менен эпикалык баяндоо түрүндөгү ыр чыгармалар келип жетти. Улуу француз революциясы жаңы революциячыл гимнди («Марсельеза») революциячыл пролетариат өз гимнин («Интернационал») жаратты.

«Интернационал» 1944-жылдын 1 –январына чейин СССР мамлекеттик гимн болуп келди. СССРдин гимни 1944 ж. жазылган жана 1977 ж. кайрадан редакцияланган (текст С. Михалков менен Г. Эль-Регистандыкы, музыка – А.В. Александровдуку).

Кыргыз Кыргыз ССРдин мамлекеттик гимндин сөзүн Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, М. Токобаев, Кубанычбек Маликов, музыкасы – В. Власов, Абдылас Малдыбаев, В. Фере жазышкан.

1992-жылы 18-декабрда Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши Мамлекеттик гимнди токтом менен бекиткен. Гимндин сөзү Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдин калемине таандык, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. 

Гимн- бул мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Ошондуктан гимндин тексти жана музыкалык ыргагы башка ырлардан өзгөчө айырмаланып турат. Мисалы, туулган жер, ата-эне, мекен, сүйүү ырлар бир маани боюнча аяктаса, гимндин текстинде Ата Мекен,  эл, эмгек, билим, өнүгүү сыяктуу ураан-чакырык бар. Маселен, КРнын гимнинде жогорудагы чакырыктар бар.

Ак мөңгүлүү  аска-зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.

2.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,

Досторуна даяр дилин берүүгө.

Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,

Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.

3.

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,

Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.













\



Колдонулган булактар

1.https://barometr.kg/kg/krnyn-gerbinin-pajda-boluu-taryhy

2.https://youtu.be/5ZP0LRb2hws

3.https://youtu.be/57mAu7rQaTA

4. https://www.wikiwand.com/ky




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!