СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коррупция деген эмне?

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

10-класс  ачык тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Коррупция деген эмне?»

Коррупция деген эмне? Коррупция – бул мамлекеттик органда иштеген адамдардын өз кызматтык ордунан же абалынан пайдаланып, мыйзамсыз акча талап кылуусу же кызматтык ордун өз кызыкчылыктарына пайдалануусу. Коррупция бүгүнкү күндө жашообуздун алга жылышына чоң тоскоол бойдон калууда. Коррупциялык иштер ачык айкын эле жүргүзүлүүдө. Коррупцияга бөгөт коюуу жана жоюу максатында көптөгөн иштер Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүүдө. Бирок, буга карабастан, эч майнап чыккан жок. Эмнеге? Бул суроонун артында да бир чоң сыр, саясат бардыр… Коррупциянын биздин жашоого, биздин мамлекетке, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тийгизген залакасы эбегейсиз чон… Кай жерге барбайлы (мамлекетке тиешелуу жайларга) КОРРУПЦИЯ!!! Азыркы кезде мамлекеттик таза иштеген органдарды табуу кыйын. Бир ишинди бүтүройүн деп канча жерге барасын, көбүнөн коррупциялык иштерди байкоого болот. Башкача айтканда, коррупция күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү болуп калды көрүнөт... Кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланган адамдар ачык эле канча акча бериши керектигин айтышат. Бул биздин коомдо болуп жаткан, ар бирибиз угуп аткан, көрүп аткан көрүнүш. Бул – ачуу чындык… Мындай көрүнүш эмнени айтып турат? Бул, Биздин өзүбүз жашап аткан мамлекетибизди сыйлабагандыгыбызды, мамлекетибиздин мыйзамдарын сыйлабагандыгыбызды айтып турат... Бул паракорчулуктун залакасы, тийгизген зыяндары аябай көп… Биринчиден, Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө. Эмнеге? Себеби, жогорку кызмат орундарын акчасы барлар сатып алса. Ал эми билимдүүлөр чет жерде, чет элде жүрүшөт. Кызмат ордун сатып алган Адам акчасын кайтаруу максатында ал да коррупциялык иштерди кылып, акча талап кыла баштайт, кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып ыплас, мыйзамга каршы иштерди кылат. Мамлекетибиздин өнүкпөй атышынын бирден-бир себептери ушунда болсо керек. Билимдүү жаштар чет жерде, башка мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоп, кызматын аткарып жүрөт. Алар деле өз элине, өз жерине ак ниетинен кызмат кылайын деп кыялданат болуш керек. Бирок, баары кайра эле коррупциялык системага келип такалат. Коррупция укук коргоо органдарында, сот системасында, бийлик башындагыларда (депутат, министр ж.б.) болуп аткандан кийин башка мамлекеттик органдарда жок деп айтуу кыйын. Себеби, ушул эле укук коргоо органдары ошондой адамдар менен күрөшүшү керек эле. Ал эми сот системасындагылар (соттор) акыйкат чечим чыгарып, ошондой адамдарды эркинен ажыратышы керек эле го… Бирок, тилеке каршы бары тескеринче болуп атпайбы. Акча сүйлөп турган жерде, акыйкаттык ыйлап турган мезгил болууда. Үмүттүн шооласы үзүлбөйт дегендей, Биздин келечектен үмүтүбүз чоң… Азыркы кезде мамлекетибизде көптөгөн реформалар жүргүзүлүүдө (башталып жатат). Ал реформалар кудай каалап ишке ашып кетсе, коррупцияга бөгөт коюунун жолдору табылып, коррупциядан акырындык менен арылабыз деп ойлойм. Ошол эле сот системасындагы реформа. Эгерде сот системасындагы реформа ишке ашса, анда бизге чоң жеңиш болуп саналат. Анткени, мыйзамдуулук орносо, акыйкаттуулук да, теңчилик да орнойт. Билим берүү системасындагы реформа толук ишке ашса бул дагы эбегейсиз чон жениш болуп саналат. Анткени, окуу жайды акча менен бүткөн кадрлар эмес, таза, жогорку билимдүү кадрлар бүтсө, мамлекетибиз албетте алга жылат. Биз Жаштар үлгү алып чоңойгон Коррупциялык жашоодон арылып, демократиялык мамлекетти, акыйкаттык өкүм сүргөн мамлекетти курууга келечекте күрөшүүбүз керек. Анткени, биздин келечек мамлекеттин колунда эмес, мамлекеттин келечеги биздин колубузда! *** Мекенибиз өнүкпөстөн токтоп турат, Билимдүү жаштарыбыз сыртка чыгат. Кызмат ордун байлыкка алган мансапкорлор, Эл дүрбүсө чет өлкөгө качып чыгат. Эл ишенген, аты бар баштагылар, Качан ойлоп жакшы ишти баштайсынар. Күч бирдикте, өнүгөлү дебестен, Кызмат ордун талашып атасынар. Жаштар жүрөт эл жеринде эмес, бөтөн жерде, Үй бүлөөсүн багыш үчүн иштешет бөтөн элде. Ар бирин сурасан дипломдуу, Жарайт бекен керегине диплому. Акча сүйлөп турган жерде, акыйкаттык ыйлап турат, Коррупция өлкөбүздү, элибизди кыйнап турат. Коррупцияга каршы бирге туралык, Коррупциянын түп тамырын бирге жулалык.




Скачать

© 2020, 722 3

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!