7-класс.Алгебра.
Сабактын темасы : Көп мүчөлөргө көнүгүүлөр иштөө
Сабактын тиби: Билимдерди , билгичтиктерди жана машыгуу
ларды текшерүү жана баалоо сабагы
Колдонулуучу усулдар : Интерактивдүү усул
Баалоо усулдары : Калыптандыруучу баалоо.
Сабактын ыкмасы: Индуктивдүү ыкма; Өз алдынча иштөө ыкмасы;
Сабактын жабдылышы: ноудбук , проектор , интерактивдүү доска , бор , А4 баракчалары , маркер, скотч, таркатма материалдар
Сабактын формасы: Сабак-группалык иштер; Сабак-оюн;
Сабактын максаттары: 1.Билим берүүчүлүк: Бир мүчөлөрдү жана көп мүчөлөрдү стандарттуу түргө келтиришсе,окшош мүчөлөрдү жыйнашса,даражасын аныкташса
2.Өнүктүрүүчүлүк: Бир мүчөлөрдү жана көп мүчөлөрдү
стандарттуу түргө келтирүүгө,
окшош мүчөлөрдү жыйноого,
даражасын аныктоого көнүгүүлөрдү иштей алышса
3.Тарбиялык: Жекече,жуптарда жана топтордо иштей алышса
Көрсөткүчтөрү: Бир мүчөлөр
дү жана көп мүчөлөрдү
стандарттуу түргө келтиришет,
окшош мүчөлөрдү жыйнашат,
даражасын аныкташат жана аларга көнүгүүлөрдү иштей
алышат.Жекече,жуп-
тарда жана топтордо иштей алышат
Күтүлгөн натыйжалар: Натыйжага жете алат, эгерде окуучу: Бир мүчөлөрдү
жана көп мүчөлөрдү
стандарттуу түргө келтирсе,
окшош мүчөлөрдү жыйнаса,
даражасын аныктаса жана аларга көнүгүүлөрдү иштей алса . Жекече , жупта жана топто иштей алса.
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары:
1.Мотивация.Уюштуруу. Шыктандыруу
Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай тартуулоо.
2.Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо: Бүгүнкү темабыз:Көп мүчөлөргө көнүгүүлөр иштөө.Силер бүгүн: Бир мүчөлөрдү
жана көп мүчөлөрдү
стандарттуу түргө келтирүүнү,
окшош мүчөлөрдү жыйноону,
даражасын аныктоону жана аларга көнүгүүлөрдү иштөөнү үйрөнөсүңөр .
3.Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбордук бөлүгү: Окуучулар топторго бөлүнөт:
1-топ.Бир мүчө тобу. 2-топ. Көп мүчө тобу
1.Бир мүчө тобуна суроолор:1.Бир мүчө деген эмне? 2.Бир мүчөнүн даражасын кантип аныктайбыз? 3.Бир мүчөнү кантип стандарттуу түргө келтиребиз? 4. Бир мүчөнүн коэффициентин кантип аныктайбыз?
2.Көп мүчө тобуна суроолор:1.Көп мүчө деп эмнени айтабыз? 2.Бир мүчө менен көп мүчөнүн айырмасын айткыла. 3.Көп мүчөнүн даражасын кантип аныктайбыз ? 4.Көп мүчөнү кантип стандарттуу түргө келтиребиз?
4.Мини текшерүү иши: (10 минута)
1-вариант
1.Көп мүчөнүн даражасын аныкта: 21a5-17a7+1
2.Көп мүчөнү стандарттуу түргө келтир: 4а3+7а+6а3-4а
3.Көп мүчөгө 2 мисал түз
2-вариант
1.Көп мүчөнүн даражасын аныкта: 12a5-19a7+1
2.Көп мүчөнү стандарттуу түргө келтир: 6а3+9а+8а3-5а
3.Көп мүчөгө 2 мисал түз
5.Эстафета оюну: Эстафета оюнунун шартында:Ар бир топтон окуучулар биринин артынан экинчиси чыгып мисалдардын иштелишин презентациялашат
Бир мүчө тобуна : Көп мүчөлөрдү стандарттуу түргө келтиргиле:
1. 20 х + 16 х у -6 х = 2. 18 х – 14 х у – 8 х = 3. 45 а + 30 а2 – 15 а – 18 а 2 =
4. 77 а + 22 а2 – 11 а – 33 а2 = 5. 2 а в + 7 а в + 7 а 2 = 6. 3 а в + 9 а в – 10 а 2 =
Көп мүчө тобуна : Көп мүчөлөрдү стандарттуу түргө келтиргиле:
1. 30 х + 16 х у – 12 х = 2. 28 х – 21 х у – 6 х = 3. 35 а + 25 а 2 – 15 а – 10 а2 =
4. 88 а + 11 а 2 -22 а –44 а2 = 5. 4 а в + 5 а в + 8 а 2 = 6. 2 а в + 7 а в – 11 а 2 =
Өз алдынча иштөө : Макарычев китеби боюнча №518-№519 мисалдар
6. Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу; натыйжаларын баалоо:
1.Теманы бышыктоо үчүн суроолор берилет.
1.Окшош мүчөлөрдү кантип келтиребиз?
2.Бир мүчө менен көп мүчөнүн айырмасын кантип билебиз?
3.Көп мүчөнүн даражасын кантип аныктайбыз?
4.Көп мүчөнү кантип стандарттуу түргө келтиребиз?
2.Талкуу: Эки топтун кайсынысы жеңүүчү болгонун аныктайбыз.
3.Баалоо: Ар бир окуучунун аракетине жараша баа коюлат.
4.Үйгө тапшырма :№520 .
№42 Самат Ашимов атындагы орто мектебинин математика мугалими
Муратова Жыпаргүл