СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коңур-Өлөңдүн кыскача тарыхы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Коңур-Өлөң айылынын кыскача тарыхы

Просмотр содержимого документа
«Коңур-Өлөңдүн кыскача тарыхы»

Коңур –Өлөң айылынын кыскача тарыхы

Коңур –Өлөң деген жердин аталышы Кокон хандыгынын мезгилинде эле айтылган. Бул хандыкка тиешелүү кыргыз тарыхында Коңур –Өлөң чеби болгондугу аныкталган. Коңур –Өлөң деген аттын келип чыгышы жердин географиялык шартына байланыштуу болгон. Себеби калың өлөңдүү кенен саздын болушу бул аттын берилишине шарт түзгөн. 1929 –жылдан кийинки мезгилде Тогуз –Булак, Көл–Төр, Коңур–Өлөң, Дөн –Талаа, Калкагар, Четинди жана Ала –Баш аймактарын бириктирип “Кызыл Бирикме” колхозу түзүлгөн.

1931-жылы Коңур-Өлөң совхозу түзүлүп, алгачкы башкармасы Бегиматов Макмут болгон. Ошол эле жылы Коңур-Өлөң сельсовети түзүлгөн. 1932-жылы өзүнчө Коңур-Өлөң колхозу уюштурулган. 1951-жылы Коңур-Өлөң колхозу жоюлуп, Карл Маркс колхозуна кошулган. 1970-80-жылдар аралыгында Кара-Кол механизациялаштырылган мал өстүрүү станциясы болуп түзүлгөн. Бул мезгилде малчылар Карл Маркс колхозунун карамагында, дыйкандар, механизаторлор МЖСтин жумушчулары болуп калышкан. МЖС Коңур-Өлөңдүктөргө өзүнүн оң да, терс да таасирин тийгизген. Оң жагы көптөгөн адамдар турак жайлуу болушкан, башкача айтканда азыркы Өмүракун Таранчиев жана Жаштык көчөлөрү, гараж, техникаларды тейлөөчү Бокс курулган, ошондой эле көптөгөн айыл чарба шаймандары ошол учурда алынып келинген. Терс жагы 1982-жылы МЖС жоюлуп, анын ордуна Коңур-Өлөң совхозу түзүлгөндө буга чейин Коңур-Өлөңгө таандык Сырт өрөөнүндөгү Шиш-Дөбөдөн Кургак-Сайга чейинки жана Керүү өңдүү жайкы жайытынан кол жууп анын ордуна Сырттан ары дагы үч күнчөлүк алыс Калча жайлоосуна сүрүлүп калган.

Коңур-Өлөңдүн калкынын саны 1000ден 1700гө чейин жетет. Айылда бир Киреше Иманалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, ФАП, Рысбек Күсөков атындагы китепкана, Урмат Иманбаев атындагы маданият үйү, тегирмен, күнөскана калкка кызмат кылып келүүдө.

Коңур-Өлөң айылы: Жаштык, Ө.Таранчиев, О.Дүйшеев, У.Касымакунов, Ч.Дегенбаев, Ы. Туйбаев, Ж.Керимов, А.Султанбаев, А.Үмөталиев, Каракучкач, Т.Кадыров көчөлөрүнөн турат. Көчөгө ысымы берилген адамдар өз кезегинде айылдын түптөлүшүнө, ошол учурдагы чарбанын экономикасынын өсүүсүнө, илимди өнүктүрүүгө, мекенди коргоого, ошондой эле айылдын кийинки мезгилдердеги өнүгүп-өсүүсүнө салымдарын кошкон инсандар. Өмүракун Таранчиевдин кызы, Дүйшеев Орунаалы, Уридин Касымакуновдун үй-бүлөсү, Чороке Дегенбаев мектеп окуучуларына, аз камсыз үй-бүлөлөргө, көчөсүнүн маданиятына көз салышып камкордук көрүп келишет.

Коңур-Өлөң колхозунун экономикалык өнүгүшүнө өз кезегинде салымдарын кошушкан улуу муундун өкүлдөрү Маматбеков Үмөр, Сулайманов Өмүркул өмүр бою жылкычылыкты аркалап, алардын санын көбөйтүү менен кыштын кыраан чилдесинде Сырт өрөөнүндө кыштап келишкен. Ал эми Касымбаев Шарше, Насирдинов Акимаалы чабандык кесибинде эмгектенип бир топ ийгиликтерди жараткан. Өкмөт тарабынан жогорку сыйлыктарга татышпаса да элинин алкыш урматына арзышкан.

Булардан сырткары районубуздун өнүгүшүнө өз салымдарын кошушкан инсандар төмөнкүлөр: Жапаров Бекбай, Жапаров Жылкычы, Касымакунов Урудин, Кирдикабаков Токтосун,Стамбаев Мукаш,Токтоева Бүбүйра, Токтоев Элал,Үмөталиев Асек жана башкалар.








Үсөнакун Кармиев

Коңур-Өлөң малга жайыт жериң кенен,

Биргебиз кайда жүрсөк сени менен.

Көк шибер тулаң чөптүү кең сазыңда,

Кой жайып, уй кайтардык кезүү менен.

Киндик кан тамган жерим Коңур-Өлөң,

Көппү азбы кучагыңда жашап келем.

Өмүргө дем болосуң, бооруңду ачып,

Кантип мен сыймыктанбайм өзүң менен.

Далайды таңданттырып жериң кенен,

Даңазаң алыс кеткен Коңур-Өлөң.

Өсө бер, өркүндөй бер кучак жайып,

Өрнөктүү Каракучкач элиң менен!

Гүлдөй бер, суктанышсын өткөн-кеткен,

Өрүшүң өйдөлөгөн Коңур-Өлөң.

Өстүргүн уул-кыздар, урпактарды,

Улукман ата-эне салты менен.



Кандай адам болбосун киндик кан тамган жерине, өзүнүн аруу арзуусун билдирбей койбойт тура. Ошол сыяктуу Үсөнакун Кармиев, Замирбек Иманалиевде да бул таасирден сыртта калышкан эмес.






Карегимде Коңур-Өлөң бешигим

Мекен – от жаккан очогуңдан

Башталат дешет тоолуктар. . .


Тоолор болуп куруп алган сепилиң,

Тоолор болуп сенин ырыс-кешигиң.

Топ айылдын толтосунда турасың,

Учкан уям Коңур-Өлөң бешигим.


Ак куу учуп Айдың-Көлдүн таңында,

Бака чардайт көбүргөндүү сазында.

Күр-шар этип, күргүштөгөн чоң дайра,

Күн батырат күкүк айтып сайыңда.


Түмөндөтүп төрт түлүгүң батырган,

Төрүң жатат көйнөк кийип жашылдан.

Кара Күңгөй кароол карап отурат,

Капталына кайберенин жашырган.


Кызыл кумун төшөп алып кыяга,

Кыйбасындай карайт сени Думана.

Кырк шейитти аркасына калкалап,

Кызыл аска кабак түйөт муңая.


Жая салып жашыл шибер – төшөгүң,

Жазданасың тоолоруңдун этегин.

Туйгундарың туш тарапка учушат,

Туу кылышып кичинекей мекенин.






Коңур –Өлөң айылынын кыскача тарыхы


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!