СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көнүгүү иштөө (Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштар).

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Татаал заттар: оксиддер, негиздер, кислоталар жана туздар касиеттерин окуп-үйрөнүү алардын ортосунда байланыш бар экендигин көрсөттү. Бир класстагы заттын экинчисине өтүү реакциясы генетикалык байланыш («генезис» - грек сөзү, «келип чыгуу») деп аталат.

Просмотр содержимого документа
«Көнүгүү иштөө (Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштар).»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Көнүгүү иштөө (Органикалык эмес бирикмелердин ортосундагы генетикалык байланыштар).

Сабактын методу: репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: өз алдынча иштөө сабагы

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланышты окуп үйрөнүшөт

  • Органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш боюнча берилген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышса

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Органикалык эмес заттар: металлдар, металл эместер, оксиддер, негиздер, кислоталар, туздар, органикалык эмес заттардын классификациясы, алынышы, химиялык касиети боюнча түшүнүгү өнүгөт. Өз алдынча иштөөгө, жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

Органикалык эмес заттар:

  • Металлдар;

  • металл эместер;

  • оксиддер;

  • негиздер;

  • кислоталар;

  • туздар;

  • органикалык эмес заттардын классификациясы;

  • алынышы;

  • химиялык касиети боюнча алган билимдерине таянуу менен көнүгүүлөрдү жана тапшырмаларды аткарууда химиялык реакция, химиялык формула, химиялык теӊдемелерди өз алдынча түзө алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыш боюнча берилген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышат;

  • Органикалык эмес заттар:

  • Металлдар;

  • металл эместер;

  • оксиддер;

  • негиздер;

  • кислоталар;

  • туздар;

  • органикалык эмес заттардын классификациясы;

  • алынышы;

  • химиялык касиети боюнча алган билимдерине таянуу менен көнүгүүлөрдү жана тапшырмаларды аткарууда химиялык реакция, химиялык формула, химиялык теӊдемелерди өз алдынча түзө алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Органикалык эмес заттардын ортосундагы генетикалык байланыштар боюнча жалпы маалымат алышат. Органикалык эмес заттар боюнча алган билимдерин бекемдешет жана өнүктүрүшөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Органикалык эмес заттар: металлдар, металл эместер, оксиддер, негиздер, кислоталар, туздар, органикалык эмес заттардын классификациясы, алынышы, химиялык касиети, химиялык формула, химиялык реакция, химиялык теӊдеме боюнча билими бар

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. 1 г кальций гидроксиди бар эритме аркылуу 56 мл (н.ш) көмүр кычкыл газын өткөргөндө бөлүнүп чыккан чөкмөнүн массасын аныктагыла.

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):


Татаал заттар: оксиддер, негиздер, кислоталар жана туздар касиеттерин окуп-үйрөнүү алардын ортосунда байланыш бар экендигин көрсөттү. Бир класстагы заттын экинчисине өтүү реакциясы генетикалык байланыш («генезис» - грек сөзү, «келип чыгуу») деп аталат.

Мисалы, барийди күйгүзгөндө барий оксидин алууга болот, ал эми барий оксиди суу менен өз ара аракеттенишкенде барий гидроксиди алынат. Барий гидроксиди кислота менен реакцияга кирип тузду пайда кылат. Ушул айланыштардын баарын схема түрүндө көрсөтүүгө болот.

Мисалы:

Ва → ВаО → Ва(ОН)2 → ВаSО4

2Ва + О2 = 2ВаО

ВаО + Н2О = Ва(ОН)2

Ва(ОН)2 + Н24 = ВаSО4 + 2Н2О.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:

Na → Na2O → Na(OH) → Na2O → Na2SO4 → Na(OH)


Үйгѳ тапшырма:

1.S→ S O2 → SO3→ H2SO4→ BaSO4→Na2SO4

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!