СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көмүртектин IV оксиддин алуу жана анын касиеттерин окуп, үйрөнүү.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Көмүртектин IV оксиддин алуу жана анын касиеттерин окуп, үйрөнүү.»

Сабактын темасы: « Көмүртектин IV оксидин алуу жана анын касиеттерин окуп үйрөнүү». Практикалык иш №5

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: практикалык сабак

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Көмүртектин IV оксидин лабораторияда алуу жана анын касиеттери менен таанышышат.

  • Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин айтып түшүндүрүп бере алышса.

  • Көмүртектин IV оксидин лабораторияда алууну жана анын касиеттери менен таанышыша, алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

зат, заттардын касиеттери, химиялык идиштердин түрлөрү жана аны туура пайдалануу боюнча түшүнүгү өнүгөт. Заттарга туура, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбияланышат.

  • Заттардын адамдын организимине тийгизген таасирин айтып бере алышса.

  • Практикалык же лаборатория иш жасоодо идиштерди туура пайдалана алышса.

  • Заттарды бири-бирине куюштуруудагы коопсуздук эрежелерин айтып бере алышса.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химия кабинетинде иштөөдө техникалык коопсуздук эрежелерин, көмүртектин IV оксидин лабораторияда алуу жана анын касиеттери менен таанышышат аны туура пайдалануу боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): зат, заттардын касиеттери, айрым химиялык идиштер (пробирка, стакан ), кислотанын адамга терс таасири боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Сабактын жүрүшү:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Yйдүн сүрөт толук эмес тартылган барактар тартылат.Бул сүрөттү толуктап тарткыла.Тартылган сүрөттөргө карата мүнөздөмө берилет. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо: 21 жумушчу дептер №19

1моль натрий гидрокарбонатын ысытуу менен ажыратканда канча колом комур кычкыл газы алынат?

Болжолдуу жооп: 11. 2л

Мээ чабуулу:

  • 1. Туссуз, жытсыз, сууда аз эрийт, уулуу газ, молекулалык кычкылтекке караганда туруктуу келет, кычкылтектен мурдараак кандагы гемоглобин менен аракеттенишип, организмде кычкылтек жетишсиз болуп калат...

  • 2.Туссуз, жытсыз, абадан 1,5 эсе оор, сууда салыштырмалуу жакшы эриген газ, (катуу абалда кургак муз деп аталат. Бул газдын аты..

Болжолдуу жооп: Көмүртектин II жана IV оксиди




Жаны тема

Химиялык кабинеттиндеги иштөөнүн техникалык коопсуздук эрежелери

Көпчүлүк химиялык заттар уулуу, жегич келет, күйгүзүп жибериши мүмкүн. Кээ бир заттар оңой от алат же жарылып кетүү коркунучун туудурат.

Ошондуктан заттар менен иштегенде коопсуздук техника эрежесин так сактоо керек. Алар баяндалып жазылгандар тууралуу ар бир химиялык кабинетте бар, кээ бирлери менен кыскача таанышып өтөбүз.

1. Затты кол менен кармап, алардын даамын татып тек-шерүүгө болбойт.

2. Заттын жытын билүүдө идишти бетке жакын алып барбоо керек, буулар жана газдар дем алуу жолдорун дүүлүк-турүшу мүмкүн. Жытты билүү үчүн идиштин оозунан алакан менен бетти көздөй желпүү керек (1.1-сүрөт).

3. Мугалимдин көрсөтмөсү жок өзүңөргө белгисиз заттарды аралаштырбагыла.

4. Тажрыйбаларды аткарууда заттын аз үлүштөрүн алып пайдалангыла. Эгерде лабораториялык иштердин түшүндүр-мөсүндө берилген заттан анча-мынча алуу сунуш этилсе, анда катуу заттан болжол менен чай кашыктын 1/4 бөлүгүн, ал эми суюктуктан 1-2 мл алуу зарыл.

5. Кислоталар жана щелочтор менен иштегенде өзгөчө этият болгула. Алар жегич келишет. Эгерде кокустан кислота же щелочь колго же кийимге тийип калса анда аларды сууну мол агызып дароо жуугула.

6. Кислоталарга сууну кошкондо дайыма төмөндөгү эрежени эсиңерге сактагыла: кислотаны сызылтып, сууга жай куюп, сууну акырын аралаштырып туруу керек, тескерисинче жасоого болбойт (1.2-сүрөт).

7. Дайыма лабораториялык таза идишти жана дистирленген сууну гана пайдалангыла.

8. Ишти аяктагандан кийин электр ысыткычын тармактан сөзсүз чыгарып койгула.

Керектелуучу куралдар:

  • 1. Лабораториялык идиштер: химиялык штатив, пробирка учун штатив, пробирка (8даана), химиялык стакан( 2даана), газ откоруучу тутук,

  • 2. Реактивдер: мрамор, суюлтулган туз кислотасы, акыташ суту, дис. суу, фенолфталеин, натрийдин сульфаты, натрийдин силикаты, цинктин хлориди, натрийдин карбонаты.

. Пробиркага бир нече мрамор буртукчолорун салып, ага 2-3 мл суюлтулган туз кислотасын куйгула. Болунуп чыккан газды газ откоруучу тутук аркылуу:

А) Акиташ суту Ca(OH)2 куюлган экинчи пробирка аркылуу откоргуло, бир нече минутадан кийин токтоткула.

Б)Ошол эле газды таза дистиллирленген суусу бар пробирка аркылуу да откоргуло.

Сабакты бышыктоо:



1. Мраморго туз кислотасын кошкондо кандай газ болунуп чыкты?

2. Эмне учун акиташ суту аркылуу комур кычкыл газын откоруудо биринчи иретте эритме киргилттенип, газ откорууну андан ары улантканда таза эритме турундо келет?

3. Болунуп чыккан комур кычкыл газын таза дистиллирленген суу аркылуу откоруп, кандай чойро пайда болгонун фенолфталеинди тамызып текшергиле.

2. Карбонат ионун CO _ аныктоо.

Торт пробирка, алып ар бирине жана кристаллдарын салып, аларды сууга эритип, кандай аниондор бар экендигин аныктагыла

  • Карбонат ионунун сапаттык реакциясын аныктап, реакциянын молекулалык, толук иондук жана кыскартылган иондук тендемелерин жазгыла.

Иштин жыйынтыгын төмөнкү схема боюнча толтургула.

Иштин берилиши

Химиялык тендемеси

Жыйынтык










Үйгѳ тапшырма: 22-27 параграфка чейин кайталап окуп, жумушчу дептерден 44- беттеги диктантка даярданып келебиз.


Баалоо: “3”, “4”, “5”






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!