Просмотр содержимого документа
«Көмүртек атомунун түзүлүшү. Изомерия кубулушу. Гомологиялык катар. Номенклатурасы.»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Көмүртек атомунун түзүлүшү. Изомерия кубулушу. Гомологиялык катар. Номенклатурасы.
Сабактын методу: Айтып берүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Органикалык заттардын өзгөчөлүгү, алардын көп түрдүүлүгү менен таанышат, түзүлүшүн окуп үйрөнөт, валенттик абалын жазат. | Органикалык заттардын өзгөчөлүгүн, алардын көп түрдүүлүгү менен таанышып аларды айырмалай алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Көмүртектин валенттик абалдары, гибриддешүүнүн түрлөрү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Sp3,Sp2, Sp- гибриддешүүнүн пайда болушун жазат. Лекцияны угуп, анализдейт, салыштырат, органикалык заттар менен органикалык эмес заттарды айырмалайт, эссе жазат. | Түзүлүшүн жаза алышса, валенттик абалын айырмалай алса, лекцияны угуп, анализдей алышса, салыштыра алса, органикалык заттар менен эмес заттарды айырмалай алса , эссе жазаалышса. Органикалык эмес заттар менен органикалык заттарды салыштыра алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Органикалык заттардын өзгөчөлүгү, алардын көп түрдүүлүгү, түзүлүшүн;
Көмүртектин валенттик абалдары, гибриддешүүнүн түрлөрү Sp3,Sp2, Sp- гибриддешүүнүн пайда болушун билишет.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Көмүртек атомунун түзүлүшү, изомерия кубулушу гомологиялык катар. Номенклатура боюнча түшүнүк алат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими):
Атомдун электрондук түзүлүшү, изомерия кубулушу, органикалык заттардын көп түрдүүлүгү, органикалык заттар менен органикалык эмес заттардын айырмачылыктары жана окшоштуктары боюнча маалыматы бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Окуучулар өздөрүнүн атын чечмелеп атына байланыштуу кылып сүрөт тартып же ыр ж.б аны чечмелеп беришет
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Ар бир жобого (Бутлеровдун) бирден мисал жазылып мисал жобо аркылуу талкууланат.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Органикалык заттардын гомологиясы жана
изомериясы
Чектүү углеводороддордун өтө көп түрү белгилүү. Чектүү углеводороддордун биринчи мүчөсү СН4 - метан. Касиеттери боюнча метан га окшош чектүү углеводороддорду метандын гомологдору деп аташкан (грек сөзү «гомолог» - окшош дегенди билдирет). Метан дан кийинки углеводороддор бири биринен курамы боюнча СН2 тобу менен айырмаланышса СН2 тобу гомологиялык айырмачылык тобу деп аталат. Метандын гомологдору CH4 -метан, С2Н6-этан, С3Н8-пропан, С4Н10 - бутан, С5Н12-пентан, С6Н14-гексан, С7Н16-гептан, С8Н18- октан, С9Н20- нонан, С10Н22- декан болуп саналат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
Бышыктоо: 1.Кандай органикалык заттарды билесиӊер? 2.Эмне үчүн органикалык заттар көп түрдүү | |
Үйгѳ тапшырма: Пентандын жана гександын изомерияларын жазгыла.
Баалоо: