СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Хыргытах этноними

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Хыргытах этноними»

2.4. Кыргыз этнониминин бурят жана якуттардагы варианты: кыргыдай этноними



Кыргыз этнониминин кырку/кыргу уңусунан келип чыкканын далилдеген дагы бир факт – бул якут жана бурят элдеринин тарыхый легендаларындагы кыргыздарды билдирген кыргыдай/хыргытах этноними болушу мүмкүн. Төмөндө аталган этнонимге кеңири токтолуп, анын кыргыз этноними менен болгон байланышын тактоого аракет жасадык.



1. Якуттарда жана буряттарда кыргыдай/хыргытах этноними



Якут фольклорундагы кыргыдай этноними орун алган легенда С.Н. Тимофеев аттуу студенттин 1975-жылы корголгон дипломдук ишинде жазылып калган: Род Кыргыстаах прибыл из Вилюя. Про себя люди этого рода говорили, что они кыргысы-якуты, род Кыргыдай. Жили в Кобяе на горе Кыргыдай Хайата и их звали кыргысы-якуты. Эта гора в настоящее время называется Анньыыхын Хайата (Гора Анисима). От этих людей происходят родичи Кузнеца Кюкюра – Кобяковы. ... Таким образом, предки кобяйцев прибыли из Намцев, Вилюя, а часть – из Усть-Алдана (Иванов, 1980: 65). Бул легенда жазылганга чейин Н.А. Аристов вилюйдук якуттардын курамындагы бир уруунун аты болгон кыргыдай этнонимин кыргыз сөзүнүн бурятча-якутча варианты катары божомолдогон (Аристов, 2003: 156). И. В. Константинов бул божомолго каршы чыгып, далил катары якуттардын курамында кыргыс уруусунун болбогонун көрсөткөн (Константинов, 1975: 158). Бирок М.С. Иванов жогорудагы тарыхый легендада кыргыс жана кыргыдай этнонимдери салыштырылганын жана якутчадагы Кыргыдай топонимдери кыргыздар менен байланыштуу келип чыккандыгын далил катары көргөзүп И. В. Константиновдун бул пикирин четке каккан. Ошону менен бирге ал кыргыздар тууралуу легендаларды Энесай кыргыздарынын чакан бир бөлүгүнүн Якутиянын аймагына көчүп келиши менен байланыштырып, кыргыдай этноними тууралуу мындай деген:

Предание это интересно само по себе, так как в нем говорится о роде Кыргыс, проживавшем в Кобяе. С другой стороны, предание вызывает интерес еще и потому, что в нем сопоставляются этнонимы кыргыс и кыргыдай, о чем писал в свое время Н.А.Аристов, указывая при этом, что этноним кыргыдай есть якутско-бурятская форма имени кыргыз. В этой связи мы не согласны с точкой зрения И.В. Константинова, который пишет, что “это допущение довольно сомнительно”. Мы считаем, что такое допущение вполне возможно. В бурятском языке -дай – уменьшительно-ласкательный суффикс является одним из наиболее распостраненных суффиксов образования личных имен. Например, от нюрган “спина” – нюргадай “спинка” (Иванов, 1980: 65).

Биз дагы М.С. Ивановдун пикирине кошулуп, якут легендаларында кыргыздын бир ысымы катары учураган кыргыдай этноними кыргыз этноними менен байланыштуу деген ишенимдебиз. Якут жер аттарын да өз алдынча эмгекте карап чыккан М.С. Иванов кыргыдай энчилүү атын азыркы якут тилинин негизинде чечмелөө мүмкүн эместигин белгилейт (Иванов, 1980: 66). Биздин оюбузча кыргыдай сөзү жогоруда биз сунуштаган кырку/кыргу сөзү менен байланыштуу. Тагыраак айтканда, кыраан куш, бүркүт деген маани берген кырку/кыргу сөзүнө байыркы монгол тилиндеги атоочтон атооч, өзгөчө, этнонимдерди жасоочу +дай мүчөсүнүн жалганышы менен куралган сөз.

Анткени, жогоруда белгиленгендей, И. В. Константинов, М.С. Иванов, И.Е. Зыков, А.И. Гоголев, Ф.Ф. Васильев ж.б. окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча якуттардын этногенезинде кыргыздар кандайдыр бир роль ойногон .

М.С. Иванов менен С. Багдырыын Саха Республикасындагы Кыргыдай топоними менен куралган жер аттары тууралуу сөз кылып, Кыргыдай сегиз жылдык мектебинин мүдүрү С.А. Чыбыковдун райондук гезитке жазган макаласындагы аңыз-легенданы беришкен. Бул легенда боюнча кыргыс аттуу эл менен жергиликтүү калктын ортосунда согуш болуп, бул согушта жеңилип калган кыргыздар кайгыларынан улам ушул аймактагы көлдөргө Кыргыдай, Жалкылдама деген аттарды ыйгарышкан (Иванов жана Багдырыын, 2004: 36).

Кыргыдай – Саха (Якутия) Республикасынын Вилюйск (якут. Бүлүү улууһа) улусундагы (район) кыштак.

Кыргыдай – Саха (Якутия) Республикасынын Усть-Алданск (якут. Уус-Алдан улууһа) улусундагы (район) Мюрю (якут. Мүрү) көлүндөгү аралча.

Кыргыдай – Саха (Якутия) Республикасынын Усть-Алданск (якут. Уус-Алдан улууһа) улусундагы (район) Мюрю (якут. Мүрү) көлүндөгү аралча.

Кыргыдай – Саха (Якутия) Республикасынын Кобяй (якут. Кэбээйи улууһа) улусундагы (район) көл.

Кыргыдай – Саха (Якутия) Республикасынын Кобяй (якут. Кэбээйи улууһа) улусундагы (район) аймак.

Кыргыдай – Саха (Якутия) Республикасынын Жиган (якут. Эдьигээн улууһа) улусундагы (район) өзөнчө.

Кыргыдай-Тумса – Саха (Якутия) Республикасынын Усть-Алданск (якут. Уус-Алдан улууһа) улусундагы (район) Мюрю (якут. Мүрү) көлүндөгү булуң.

Буряттар менен кыргыздар Түштүк Сибирь аймагында коңшу жашап, саясий жана чарбалык катнашта болушкандыктары үчүн эки элдин ортосунда маданий жана этнографиялык алып-берүүлөр болбой койгон эмес. В.Я. Бутанаев менен Ю.С. Худяков алгачкы кыргыздар Байкал өңүрүнө Кыргыз кагандыгы доорунда келишкенин белгилеп, хыргытах этноними менен белгилүү болушканын жазышат: Более раннее проникновение кыргызов в Прибайкалье было связано с эпохой Кыргызского государства. До сих пор среди бурят сохранились предания о древних жителях "хыргытах", оставивших после себя остатки пашен и оросительные канавы. Вполне возможно, что род "хурхуд", обитающий ныне по р. Ангара и р. Иркута, представляет потомков енисейских кыргызов IX-X вв (Бутанаев, Худяков, 2000: 136-137). Буряттардын этногенезин жана этникалык тарыхын докторлук диссертациясында изилдеп чыккан Д.Д. Нимаев “Худуд ал Аламдагы” кыргыздар менен биргеликте эскерилген фури/хори эли буряттардын этногенезинде чоң роль ойногонун белгилеп, кыргыздар менен буряттардын жакындыгына көңүл бурган (Нимаев, 2000: 24-25). И. Молдобаев 1989-жылы Бурятияда жүргүзгөн фольклордук илимий экспедициясы учурунда Тункин районунун Толтой айылында Проскурин Сырен Рынчынович (1924-жылы туулган) аттуу адамдан бугуну тотем катары эсептеген кыргыз (хырхис) эли тууралуу аңыз укканын белгилейт. Ошону менен бирге буряттарда да хакас, шор легендаларындагыдай аңыз-легенда бар экенин кошумчалайт. Аталган легенда боюнча Бурятиянын белгилүү бир аймактарында хиргис деген эл жашаган. Бул эл жерден өсүп чыккан ак кайыңдардан улам жер которуп кетишкен (Молдобаев, 1995: 132-133). Мына ушул жана башка маалыматтар окумуштуулар тарабынан кыргыз этнониминин якутча-бурятча формасы катары божомолдонгон кыргыдай этнонимин тереңирээк изилдеп, кыргыз этноними менен морфологиялык жана семантикалык өңүттөн салыштырып чыгуу зарыл экендигин көргөзөт.



2. Кыргыдай/хыргытах этнониминин чечмелениши



Жогоруда айтылгандар, кыргыздар менен буряттар жана якуттардын ортосундагы тарыхый байланышты далилдеп, кыргыдай/хыргытах этноними менен кыргыздар берилгенин божомолдоого жана кыргызкыргыдай этнонимдеринин синонимдер экендигин сунуштоого тарыхый-этнографиялык негиз болуп бере алат.

Жогоруда белгиленгендей, кыргыдай этноними кыргы уңгусуна жана +дай мүчөсүнө бөлүнөт. Этнонимдердин негизинде Туштүк Сибирь түрк элдеринин, якуттардын жана буряттардын ортосундагы этникалык байланышты изилдеп чыгышкан Б.З.Нанзатов башында турган окумуштуулар +дай мүчөсү менен куралган игидей этноними тууралуу төмөндөгүдөй жазышкан: В этнониме igidäi достаточно явно вычленяется монгольский аффикс +dAi (

Биздин оюбузча, буряттар менен якуттарда кыргызды билдирген кыргыдай этноними так ушул этноним жасоочу +дай мүчөсү менен жасалган. Кенениреек айтканда, кыргыдай этноними кыргыз сөзүнүн да уңгусун түзгөн кыргы сөзүнө байыркы монгол тилиндеги этноним жасоочу +дай мүчөсүнүн жалганышы менен куралган деп болжолдосок болот. Бул этноним XIII кылымга чейин түзүлгөн болушу ыктымал. Анткени Б.З.Нанзатов башында турган окумуштуулар бурятчадагы онкотой этноними байыркы тывача онкот этнонимине +той мүчөсүнүн жалганышы менен түзүлгөнүн белгилеп жатып, +той мүчөсү бурятчага XIII кылымда кирген болушу мүмкүн деген ойду айтышкан (Нанзатов, Тишин, Содномпилова, 2021: 216).



3. Тарыхый карталарда кыргыдай этноними



Тиешелүү бөлүмдө белгиленгендей, якуттар менен буряттарда кыргыз этнониминин синоними, кыргыздардын бир аты катары кыргыдай сөзү колдонулган . Мунун бир далили катары XVIII кылымдын биринчи жарымында И. Алябев аттуу геодезист тарабынан түзүлгөн карта. Бул картада буга чейинки карталарда кыргыздар жашаган аймак катары көргөзүлгөн Түштүк Сибирь киргидей деген элдин мекени катары белгиленген. Аталган картада орусча киргидеи деп жазылган сөздү кыргыдайлар (киргизи-кыргыздар) деп которсок болот. Биздин оюбузча, каралып жаткан картаны түзгөн И. Алябев кыргыздар тууралуу маалыматты буряттардан алып, картасында аларды буряттарда колдонулган аты менен белгилесе керек. Кандай болгон күндө да, Түштүк Сибирдеги кыргыздардын кыргыдай (киргидей) деп көрсөтүлүшү чоң мааниге ээ.

Толук аты “Ландкарта, сочиненная геодезии прапорщиком Алябьевым, Оренбургской линии от реки Волги и от Каспитцкого моря по реке Самаре, Яику, Ую, Тоболу и Уйского фарпосту, где соединяетца с фарпостами Сибирской губернии, а от того фарпосту чрез реку Ишим до реки Иртыша и тою рекою до Зайсан-озера” болгон бул картаны И. Алябьев 1737-жылдагы падышалык Россиянын толук картасын түзүү жөнүндөгү өкмөттүн буйругуна ылайык В.Н.Татищевдин жетекчилиги астында даярдаган (Татищев, 1950: 14).


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!