СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химиялык реакциялардын жылуулук эффектиси. Отун жана анын түрлөрү. Отунду күйгүзүү ыкмалары.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

жумуш аткарбаган жана реациянын продуктусунун температурасы баштапкы заттар температурасына барабар болгон шартта, химимялык реакция жүрүшүндө термодинамикалык система бөлүп чыгарган же сиңирген жылуулук. Турактуу көлөмдө Реакциянын жылуулук эффектиси системанын ички энергиясы өзгөрүүсүнө (U), турактуу басымда – энтальпия өзгөрүүсүнө (Н) барабар. Реакция энтальпиясынын температурага көз карандылыгы Кирхгоф теңдемеси менен аныкталат.  

Просмотр содержимого документа
«Химиялык реакциялардын жылуулук эффектиси. Отун жана анын түрлөрү. Отунду күйгүзүү ыкмалары.»


Сабакка чейин

Сабактын темасы: Химиялык реакциялардын жылуулук эффектиси. Отун жана анын түрлөрү. Отунду күйгүзүү ыкмалары.

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык реакциянын жылуулук эффектисин, термохимялык теңдеме түзүүгѳ окуп үйрѳнүшѳт

  • Химиялык реакциянын жылуулук эффектиси боюнча айтып бере алышса;

  • термохимялык теңдемени өз алдынча түзө алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Зат, химиялык реакция,физикалык жана химиялык кубулуштар,химиялык реакциянын типтери,химиялык реакцияны туура теңдѳѳ боюнча түшүнүгү ѳнүгѳт, химиялык реакцияны туура теңдѳѳгѳ, заттарга туура мамиле жасоого, туура колдонууга тарбияланышат.

  • Зат;

  • химиялык реакция;

  • физикалык жана химиялык кубулуштар;

  • химиялык реакциянын типтери;

  • химиялык реакцияны туура теңдѳѳ;

  • заттарга туура мамиле жасоо боюнча айтып бере алышса


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химиялык реакциянын жылуулук эффектиси боюнча айтып бере алышат;

  • термохимялык теңдемени өз алдынча түзө алышат

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык реакциянын жылуулук эффектисин окуп үйрѳнүшѳт. Зат, химиялык реакция, физикалык жана химиялык кубулуштар, химиялык реакциянын типтери боюнча түшүнүгү ѳнүгѳт, заттарга туура мамиле жасоого, туура колдонууга тарбияланышат.


Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Зат,химиялык жана физикалык кубулуштар, химиялык реакциянын типтери, химиялык реакцияны теңдѳѳ боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: Көӊүлдүү сүрөттөр тести


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

  1. 2.1г көмүртектин (IV) оксидинде канча молекула жана канча моль кармалыа жүрөт?

  2. 5 моль кычкылтекте канча молекула кармалып жүрөт?

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Реакция жылуулук эффектиси – берилген система кеңейүү жумушунан башка жумуш аткарбаган жана реациянын продуктусунун температурасы баштапкы заттар температурасына барабар болгон шартта, химимялык реакция жүрүшүндө термодинамикалык система бөлүп чыгарган же сиңирген жылуулук. Турактуу көлөмдө Реакциянын жылуулук эффектиси системанын ички энергиясы өзгөрүүсүнө (U), турактуу басымда – энтальпия өзгөрүүсүнө (Н) барабар. Реакция энтальпиясынын температурага көз карандылыгы Кирхгоф теңдемеси менен аныкталат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Экзотермикалык реакция деген эмне?

2. Эндотермикалык реакция деген эмне?



Үйгѳ тапшырма:

1. H2+Cl2 ↔ 2HCl+184,5кДж берилген реакцияда 1г суутек реакцияга кирсе канча жылуулук бөлүнүп чыгат?

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!