СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химиялык элементтердин белгилери, символдору жана аталыштары

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химиялык элемент – бул ядро заряды туруктуу, бирдей атомдор тобу. Жер кыртышында 89 химиялык элемент кездешери аныкталган. Бир катар химиялык элементтер жасалма ыкма жана ядролук реакциялардын жардамы менен алынган. Бүгүнкү күндө 110дон ашык химиялык злемент белгилүү. Орустун улуу окумуштуусу Д. И. Менделеев 1869-жылы химиялык элементтердин мезгилдик закожун ачып, алардын мезгилдик системасын түзгөн. Элементтердин жер шарында таралыш иретин геохимия – илими окутат. Орус академиги А. П. Виноградов жер шарынын химиялык курамынын орточо таблицасын түзгөн.

Просмотр содержимого документа
«Химиялык элементтердин белгилери, символдору жана аталыштары»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Химиялык элементтердин белгилери, символдору жана аталыштары.

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык элементтердин белгилери, символдору жана аталыштарын окуп үйрөнүшөт.

  • Химиялык элементтердин белгилерин;

  • Символдорун;

  • Аталыштарын айтып бере алышса.


Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Атом, молекула, зат, заттын курамы, мезгилдик система, атомдун түрлөрү, химиялык элемент боюнча түшүнүгү өнүгөт. Химиялык тилде туура сүйлөөгө, жазууга тарбияланышыт.

  • Атом;

  • Молекула;

  • Зат;

  • заттын курамы;

  • мезгилдик система;

  • атомдун түрлөрү;

  • химиялык элементтерди айтып бере алышса;

  • Химиялык элементтин белгисин жазып, белгини туура окуй алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химиялык элементтердин белгилерин;

  • Символдорун;

  • Аталыштарын айтып бере алышсат;

  • Химиялык элементтин белгисин жазып, белгини туура окуй алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык элементти атап, химиялык элементти туура окууга көнүгүшөт. Атомдун көп түрдүүлүгү боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): атом, химиялык айрым элементтер, молекула, зат боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Каалаган өзүңөргө жаккан жакшы көргөн жаныбарыңарды жазгылачы. Аны чечмелеп берүү:

1.силердин жаныңардагы жакын адамыңар(ата-энеңер бир туугандарыңар жана жакын досуңар) эң биринчи атаган жаныбарыңарга окшоштурат (мүнөзү баскан тургандарын ж.б)

2.Сени сырыңдан(жакшы тааныбаган адам) тааныган адам ошол жаныбарга окшоштурат. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү

3.Сени бир көргөн адам ошол жаныбарга окшоштурат.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Жөнөкөй жана татаал заттарды бөлгүлө:

H2O, Cl2, BaO, O3, H2SO4, H2S, Nа, N2, C, NH3

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Химиялык элемент.

Химиялык элемент – бул ядро заряды туруктуу, бирдей атомдор тобу. Жер кыртышында 89 химиялык элемент кездешери аныкталган. Бир катар химиялык элементтер жасалма ыкма жана ядролук реакциялардын жардамы менен алынган. Бүгүнкү күндө 110дон ашык химиялык злемент белгилүү. Орустун улуу окумуштуусу Д. И. Менделеев 1869-жылы химиялык элементтердин мезгилдик закожун ачып, алардын мезгилдик системасын түзгөн. Элементтердин жер шарында таралыш иретин геохимия – илими окутат. Орус академиги А. П. Виноградов жер шарынын химиялык курамынын орточо таблицасын түзгөн.

Химиялык элемент – бул ядролорунун заряддары менен электрондордун саны бирдей болгон атомдордун тобу. Мезгилдик системада элементтердин химиялык белгилери, катар номерлери, салыштырмалуу атомдук массалары, аталыштары, электрондук катмарлардагы электрондордун сандары көрсөтүлгөн. Химиялык элементтер негизинен металлдар жана металл эместер деп бөлүнөт. Химиялык элементтердин символунун сол жагынын үстүндөгү сан элементтердин массалык санын, ал эми сол жагынын астындагы сан - элементтердин катар номерин же ядросунун зарядын жана ошондой эле ядродогу протондордун санын билдирет.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Химиялык элемент деген эмне?

2.атом деген эмне?

3.азыркы учурда канча химиялык элемент же атомдун түрү белгилүү?

4.Химиялык элемент аталышы кантип же кандайча аталып калган?



Үйгѳ тапшырма:

Таблицада берилген химиялык элементтерди жаттоо:

Кээ бир элементтердин аттары, химиялык белгилери жана

салыштырма атом массалары

Элементтин аты

Белгиси

Окулушу

Салыштыр- малуу атом массасы

Классификациясы,

валенттүүлүгү

Азот

N

Эн

14

металл эмес, Ш, V

Суутек

Н

Аш

1

металл эмес, I

Бор

В

Бор

11

металл эмес, Ш

Көмүртек

C

Це

12

металл эмес, IV

Кычкыдтек

O

О

16

металл эмес, II

Фтор

F

Фтор

19

металл эмес, I

Натрий

Na

Натрий

23

металл, I

Магний

Mg

Магний

24

металл, II

Алюминий

А1

Алюминий

27

металл, III

Кремний

Si

Силициум

28

металл эмес, IV

Фосфор

Р

Пе

31

металл эмес, V

Күкүрт

S

Эс

32

металл эмес, IV, VI

Хлор

Сl

Хлор

35,5

металл эмес, I

Калий

К

Калий

39

металл, I

Кальций

Са

Кальций

40

металл, II

Скандий

Sc

Скандий

45

металл, III

Банадий

V

Ванадий

51

металл, V

Хром

Сг

Хром

52

металл, III, VI

Марганец

Мn

Марганец

55

металл, П, IV, \ГП

Темир

Феррум

56

металл, II, Ш

Жез

Сu

Купрум

64

металл, I, П

Цинк

Zn

Цинк

65

металл, II

Бром

В

Бром

80

металл эмес, I

Күмүш

Аg

Аргентум

108

металл, I, Ш

Калай

Sn

Станнуы

119

металл, II, IV

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!