СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химиядан календардык план 8-класс 2022-23

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Химиядан календардык план 8-класс 2022-23»



8-КЛАСС

ОРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ

Бул КАЛЕНДАРДЫК-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАН КББАнын Окумуштуулар кеңешинде жактырылып, 2017-жылда бекитилген “ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ УЮМДАР ҮЧҮН ПРОГРАММА”сы негизинде түзүлдү

(Жумасына 2 саат, бардыгы 68 саат)

2022-2023-окуу жылы

Предметтик компетенттүүлүкнегизги компетенттүүлүккө карата жекече химияга байланыштуу атайын компетенттүүлүк. Ал химиялык билим берүүнүн натыйжаларынын топтому түрүндө аныкталат.

Химиялык компетенттүүлүк - окуучулардын химиялык билимин, билгичтигин, жөндөмүн, турмуштук тажрыйбасын өзүнүн практикалык иш-аракетинде эркин колдоно алуусу.


Темалар

Сааты

Лабораториялык жана практикалык

иштер

Мөөнөтү

Кѳргѳзмѳ куралдар

Үйгө тапшырма

Болжолдуу

Иш жүзүндө

I Глава. НЕГИЗГИ ХИМИЯЛЫК ТҮШҮНҮКТӨР (21 саат)

1

Кириш сөз.

1§ «Химия» деген түшүнүктүн пайда болушу. Химия предмети, анын мааниси.

1




Заттардын үлгүлөрү, сүрөттөр, химиялык көркөм адабияттар

6-бет 1 § окуп келүү

2

2-3§ Жергиликтүү химиялык өнөр жайлары. Молекула жана атомдор.

1




Химиялык заттар коллекциясы

11-бет таблицаны тартуу

3

Химия кабинетинде техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо менен химиялык идиштер жана лабораториялык жабдуулар менен тааныштыруу.

1

1-Практ. иш.



Штатив, спирт лапмасы, электр жылыткыч.

Лабораториялык жабдуулар менен таанышуу

4

4-5§ Химиялык элементтер, алардын белгилери аталыштары жана атомдук массалары. Салыштырмалуу атомдук масса.

1




Карточкалар

Элементтерди жаттоо

5

6§Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы жөнүндө түшүнүк.

1




Мезгилдик таблица

Мезгилдик таблицаны үйрөнүү

6

7§ Таза заттар жана аралашмалар. Аралашмаларды бөлүүнүн ыкмалары: тундуруу, чыпкалоо ж.б.

1




Ар түрдүү заттар

25-бет 8§ үйрѳнүү

7

Булганган кайнатма тузду тазалоо

1

2-Практ. иш



Тамак-аш тузу, қум, суу, стакан,фильтр кагазы ж.б.

Кайталоо

8

9§ Атом-молекулалык окуу жана анын негизги жоболору.

1




Слайддар

9§ эреже жаттоо

9

10§ Жөнөкөй жана татаал заттар. Заттардын агрегаттык абалдары.

1




Темир, жездин бирик-мелери, күкүрт, суу ж.б.

10§ үйрөнүү

10

11§ Валенттүүлүк. Валенттүүлүк боюнча формулаларды түзүү.

1




Маселе чыгаруу китеби, карточкалар

33-бет 3-4-кѳнүгүү

11

Маселелер жана көнүгүүлөрдү иштөө. Валентүүлүгү боюнча заттын химиялык формуласын түзүү жана химиялык формула боюнча валентүүлүктү аныктоо.

1






12

12§ Химиялык формулалар. Салыштырмалуу молекулалык масса.

1




Маселе чыгаруу китеби, карточкалар

37-бет 5-6-кѳнүгүү

13

21-22§ Физикалык жана химиялык кубулуштар (химиялык реакциялар). Химиялык реакциялардын жүрүү шарттары жана белгилери.

1

Лаб.иш №1

Ар түрдүү физикалык касиеттерге ээ болгон заттар менен таанышуу.



түстүү кагаздар, карточкалар

61-63-беттер

14

23§ Химиялык теңдемелер. Химиялык реакциялардын типтери.

2




Таркатма материалдар

Теӊдемелерди чыгаруу

15

16§ Химиядагы сандык катыштар. Моль - заттын саны.

1




түстүү кагаздар, карточкалар

Маселе иштөө

16

17§ Химиялык жөнөкөй стехиометриялык закондор. Заттын курамынын туруктуулук закону.

1




Таркатма материалдар

Закондорду жаттоо

17

18§ Заттын массасынын сакталуу закону.

1




түстүү кагаздар, карточкалар

18§ үйрөнүү

18

19-20§ Газдын молдук көлөмү. Авогадро мыйзамы. Авогадро саны.

1




Таркатма материалдар

59-бет 3-кѳнүгүү. Маселе иштѳѳ

19

Маселелер жана көнүгүүлөрдү иштөө. Химиялык теңдемелер боюнча газдардын көлөмдүк катыштарын эсептөө.

1






20

Текшерүү иши №1

1






II Бѳлүм. ИЛИМИЙ МЕТОДДОР ( 4 саат)

1

13§Байкоо жүргүзүү, баяндап жазуу. Лабораториялык тажрыйбалар, практикалык иштер.

1




Таркатма материалдар

Реферат жазуу

2

14§Натыйжаны прогноздоо, эксперимент аркылуу текшерүү.

1




Шам, күкүрт, шамдын күйүү сүрөтү

49-бет таблица

3

15§Гипотеза, теориялар жана мыйзамдар.

1




Таркатма материалдар

Кайталоо

4

Физикалык касиеттери ар кандай болгон заттарга байкоо жүргүзүү.

1

Лаб.иш №2



Малахит, карбонаттар, темир ж.б.

Окуп үйрөнүү

47-50-беттер

III Бөлүм. Д.И. МЕНДЕЛЕЕВДИН МЕЗГИЛДИК ЗАКОНУ ЖАНА ХИМИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕРДИН МЕЗГИЛДИК СИСТЕМАСЫ ( 6 саат)

1

43§ Химиялык элементтердин классификациясы. Мезгилдик мыйзамдын ачылыш тарыхы.

1




Мезгилдик система, карточкалар

43§ окуп үйрөнүү

2

44§Д.И. Менделеев берген жана учурдагы аныктамалар. Элементтердин мезгилдик системасы.

1




Маселе чыгаруу китеби, карточкалар

Мезгилдик система

3

Мезгилдик системанын алгачкы, кыска жана узун формалары. Группалар жана мезгилдер.

1






4

48§ Мезгилдик закондун мааниси.

1




Мезгилдик система, карточкалар

Үйрөнүп келүү

5

49§Д.И.Менделеевдин өмүрү баяны жана чыгармачылыгы

1




түстүү кагаздар, карточкалар

Реферат жазуу

6

ТЕСТ менен иштѳѳ

1




Таркатма материалдар

Тест түзүү

I V Бөлүм. АТОМДУН ТҮЗҮЛҮШҮ ( 5 саат)

1

45§ Атомдун татаалдыгын далилдөөчү тажрыйбалар. Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялар.

1




Интерактив доска

45§ окуп үйрөнүү

2

46§ Резерфорддун планетардык-динамикалык теориясы. Резерфорддун теориясынын кемчиликтери. Бор теориясынын жетишкендиктери жана кемчиликтери. Квант териясынын негиздери. Кванттык сандар.

1




Таркатма материалдар

Суроо-жооп

3

47§ Атом орбиталдарынын толтурулуш ирети. Паули принциби.

1




Интерактив доска, таркатма материалдар

Көнүгүүлөрдү иштөө

4

Энергиянын азаюу принциби. Клечковский эрежелери. Гунддун эрежеси.

1




түстүү кагаздар, карточкалар

47§ 139-бет

5

Көнүгүүлөр. I, II, III мезгилдеги химиялык элементтердин атомунун түзүлүшүн, электрондук конфигурациясын жазуу жана электрондорду ячейкага толтуруу.

1




Таркатма материалдар

Тест түзүү

  1. Бөлүм. ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ ЖАНА МОЛЕКУЛАЛАРДЫН ТҮЗҮЛҮШҮ. (7) саат)

1

50§ Химиялык элементтердин терс электрлүүлүгү

1






2

51§ Химиялык байланыш жөнүндө түшүнүк. Химиялык байланыш жана анын түрлөрү.

1




Таркатма матералдар, таяныч сигналы

148-149-беттер

3

52-53§ Коваленттик байланыш. Уюлдуу жана уюлсуз коваленттик байланыштар. Иондук байланыш. Донордук-акцептордук байланыш.

1




Байланыш сүрөттөрү

150-бет 52§

4

54§ Суутектик байланыш. Металлдык байланыш.

1




Таркатма матералдар, таянч сигналы

Суроо-жооп

5

55§ Кристаллдык торчолор жөнүндө түшүнүк.

1




Маселе чыгаруу китеби

158-бет 55§

6

Химиялык байланыштар боюнча көнүгүүлөрдү иштөө.

1




Маселе чыгаруу китеби

Көнүгүү иштөө

7

Текшерүү иши №2

1






VI Бѳлүм. КЫЧКЫЛТЕК. ОКСИДДЕР. КҮЙҮҮ. (6 саат)

1

25-26§ Кычкылтек, жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта кездешүүсү. Кычкылтектин алынышы, физикалык касиеттери

1




Ватман, маркер, скотч, түстүү кагаздар ж.б.

25§ 70-бет

2

27§ Кычкылтек, химиялык касиеттери. Оксиддер.

1

Лаб.иш №3

Оксиддердин үлгүлөрү менен таанышуу



Таркатма материалдар. Таяныч сигналдары

76-бет 1-кѳнүгүү

3

Кычкылтекти калий перманганатынан алуу, жыйноо. Анын физикалык жана химиялык касиеттери менен таанышуу.

1

3-Практ. иш



Калий перманганаты, пахта, пробирка, спирт шамы ж.б

Кайталоо

4

28-29§ Озондун алынышы. Абанын курамы, колдонулушу.

1




Таркатма материалдар. Таяныч сигналдары

28-29§ 78-бет окуу

5

30§ Химиялык реакциялардын жылуулук эффектиси. Термохимиялык теңдемелер. Экзотермиялык жана эндотермиялык реакциялар

1




Таркатма материалдар. Таяныч сигналдары

Маселе иштөө

6

Гесс мыйзамы. Атмосферанын булганышы. Экологияга байланыштуу проблемалар.

1




Маселе чыгаруу китеби, карточкалар

Гипотеза, байкоо салуу, реферат

VI I Бѳлүм. СУУТЕК. КИСЛОТАЛАР. НЕГИЗДЕР. ТУЗДАР. ( 7 саат)

1

32§ Суутек, жалпы мүнөздөмөсү. Суутектин лабораторияда жана өнөр жайда алынышы.

1

Лаб.иш №4

Суутектин алынышы жана касиеттери



Таяныч сигналы, цинк, пробирка, газ өткөр. түтүк ж. башкалар

32§ 87-бет үйрөнүп келүү

2

33§ Суутектин физикалык жана химиялык касиеттери жана колдонулушу.

1

Лаб.иш №5

Суутектин жез (II) оксиди менен өз ара аракетениши.



Жез (II) оксиди, цинк, спиртовка жана б.

Суроо-жооп

3

34§ Жаратылыштагы суу жана аны тазалоонун ыкмалары. Суунун физикалык жана химиялык касиеттери, колдонулушу.

1




Суу. Таркатма материалдар.

Реферат жазуу

4

Суунун щелочтуу металдар жана оксиддери менен өз ара аракеттенүүсү.

1

4-Практ. иш.



Ватман, маркер, скотч, түстүү кагаздар ж.б.

Кайталоо

5

36§ Кислоталар жана негиздер (щелочтор) аталыштары. Кислота калдыктары, алардын валенттүүлүктөрү.

1




негиз,кис-талардын үлгүлөрү

96-99-беттер 36§

6

37§ Туздар

1






7

Индикаторлор.

Кислоталардын негиздердин индикаторлорго таасири.

1

Лаб.иш №6

Кислоталардын индикаторлорго таасири.



Оксиддер, кис-талар, негиздердин үлгүлөрү пробирка жана башкалар

Үйрөнүп келүү

VIII Бѳлүм. ГАЛОГЕНДЕР ( 6 саат)

1

Галогендер, жалпы мүнөздөмөсү. (табигатта кездешүүсү, алынышы жана касиеттери).

1




Мезгилдик система, сүрөттөр, карточкалар

Үйрөнүп келүү

2

Хлор, атомунун түзүлүшү жана физикалык жана химиялык касиеттери. Хлордуу суутектин алынышы, физикалык жана химиялык касиеттери, колдонулушу.

1




Карточкалар

Кайталоо

3

Туз кислотасынын туздары хлориддер.

1

Лаб.иш. №7

Туз кислотасын, хлорид, бромид,йодду таанып билүү



Тамак аш тузу, күкүрт кислотасы, газ өткөрүүчү түтүк, пробирка ж.б.

Реакция иштөө

4

Туз кислотасын алуу жана анын туздарынын (хлориддер) сапаттык курамын аныктоо

1

5-Практ. иш.



Таркатма материалдар

Кайталоо

5

56-57§ Элементтердин валенттүүлүгү жана окистенүү даражасы.Окистенүү даражасы. Окистенүү -калыбына келүү реакцияларын теңдөөнүн электрондук баланс методу.

1

Лаб.иш. №8 Окистенүү -калыбына келүү реакциялары боюнча тажрыйбалар: калий иодиди менен хлор суусунун өз ара аракеттениши



Калий йодидинин тузу, хлор суусу, газ өткөрүүчү түтүк, пробирка ж.б.

159-бет 56§

6

«Галогендер» темасы боюнча эксперименттик маселелерди чыгаруу.

1

6-Практ. иш.



Интерактив доска, таркатма материалдар

Кайталоо

IX Бѳлүм ОРГАНИКАЛЫК ЭМЕС БИРИКМЕЛЕРДИН НЕГИЗГИ КЛАССТАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ ГЕНЕТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ (6 саат)

1

38§ Оксиддер. Оксиддердин классификациясы жана касиеттери, колдонулушу.

1



Оксиддердин үлгүлөрү, пробирка, суу, штатив ж.б.

Кластер даярдоо

2

39§ Негиздер классификациясы, касиеттери, колдонулушу.

1

Лаб.иш. №9

Негиздик жана кислоталык оксиддердин суу менен өз ара аракеттенүүсү.



Кислоталардын үлгүлөрү, пробирка, суу, штатив ж.б.

109-бет 39§ окуп үйрөнүү

3

40§ Кислоталар алынышы, классификациясы, касиеттери, колдонулушу.

1




Натрий жана калий металлдары, суу, пробирка

Синквейн даярдоо

4

41§Туздар курамы, алынышы, классификациясы, касиеттери, колдонулушу.

1




Эригичтик жадыбалы

Туздарга мисалдар жазып келүү

5

Эритмелер жөнүндө жалпы түшүнүктөр. Каныккан жана каныкпаган эритмелер.

1





Эритме даярдоо

6

Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстарынын ортосундагы генетикалык байланыш боюнча эксперименттик маселелерди иштөө.

1

7-Практ. иш.



Ватман, маркер, скотч, түстүү кагаздар ж.б.

Кайталоо


Адабияттар:

  1. Рыспаева Б.С., Рысмендеев К.Р., Кудайбергенов Т.Т. Химия.: жалпы билим берүүчү мектеп, 8-кл.үчүн окуу китеби. Инсанат басм. Бишкек-2013.

  2. Исмаилова С.И. Маматкулова, Ж.Т. жана башкалар. Химия.: 8-кл. Бишкек. Билим компьютер 2009.

  3. Кособаева Б.М. Орто мектептин 8-классында химиядан базалык билим берүүнүн методикасы. Бишкек «Педагогика», «Технология» 2011-жыл. Мугалимдер үчүн колдонмо.

  4. Жакышова Б.Ш., Рыспаева Б. «Химияны окутууда педагогикалык технологиянын элементтерин колдонуу» Максат басмасы. Бишкек-2012.

  5. Габриелян О.С. Учебник химия 8 класс М.: 2013 г.

  6. Решебник: Химия 8 класс Рудзитис Г.Е,, Фельдман Ф.Г. 2011 г.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!